Тарыхы

Ар жылы биринчи курстун студенттеринин жаңы мууну Кыргызстандын түштүгүндөгү эң популярдуу университетинде билим менен илимий ачылыштардын таңдандырган дүйнөсүнө болгон өз сапарын башташат. Кайсы студент болбосун, ал тургай биринчи курстун студенти дагы ОшМУнун илимпоздорунун командасына кошулуп, жождун перспективалуу илимий изилдөөлөрүнө, демек, коомдун өнүгүшүнө өз салымын кошо алат. Акыркысы ошол эле учурда гуманитардуу илимдердин күчтүү өнүгүүсүнөн көз каранды.

Адамдардын чексиз чөйрөсүнө түрдүү маалыматты алууга, аны өзүнүн жеке максатында пайдаланууга мүмкүнчүлүк берүү менен, массалык коммуникация азыркы күндө коомдо олуттуу роль ойнойт. Буга байланыштуу популярдуу болуп жаткан журналисттин, котормочунун, жарнама жана PR боюнча адистин кесиби эле эмес, адамдар менен интенсивдүү бааарлашкан: блогер, психолог, саясий ишмер, социалдык кызматкер ж.б. бардык кесиптер олуттуу филологиялык даярдыкты талап кылат. Андыктан филологиялык билим берүүнүн, анын үстүнө бирин бири өз ара толуктаган, студент тарабынан бир нече ишмердүүлүк багыттарын өздөштүрүүнү өзүнө камтыган интеграцияланган билим берүүнүн ролу олуттуу күчөйт.

Азыркы учурда ОшМУнун орус филологиясы студенттерди эки багытта даярдап жатат:

550300 “Филологиялык билим берүү (орус тили жана адабияты)”

531100 “Лингвистика (чет тилдердин жана маданияттардын теориясы жана окутуу методикасы)”

Бирок жаңы мезгил жаңы чечимдерди талап кылууда. Андыктан жаңы окуу жылында биз окутуунун бир катар кошумча профилдерине кабыл алууну жарыялоону чечтик:

Орус тили жана адабияты + англис тили

Орус тили жана адабияты + казак тили

Орус тили жана адабияты + өзбек тили

Биздин студенттердин маданий жана кесиптик тажрыйбасын толуктоо, чет тилдерин окуп үйрөнүүгө кошумча мотивациялоо мобилдүүлүк программаларына катышуу аркылуу жүзөгө ашырылат. Жыл сайын биздин студенттер эл аралык академиялык программаларга катышып, Россияда, Казакстанда, Өзбекстанда билим алышат.

ОшМУнун россиялык (ТУрМУ), казакстандык (ЕУУ), өзбекстандык жождор менен биргелешкен бир катар билим берүү программаларын жүзөгө ашыруу дагы жана кош диплом алуу биздин адистерге эмгек рыногунда чоң атаандаштык артыкчылыгын берет.

Окуу акысы дагы жагымдуу бонус болуп саналат. 2023-2024 окуу жылында окутуунун күндүзгү формасы үчүн окуу акысы бар болгону 27860, сырттан окуу - 26369 сомду түзөт. Кабыл алуунун эрежелери жөнүндөгү толук маалымат төмөнкү шилтеме аркылуу жеткиликтүү: https://www.oshsu.kg/ru/page/54

Биздин факультетти тандоо менен бирге сиздер көбүнесе өз келечегиңерди аныктайсыңар! Сиздерди бир гана ишенимдүү келечек менен мыкты карьера эмес, көңүлдүү студенттик күндөр күтүп жатат!

Сиздерди төмөндөгү даректе күтөбүз: Кыргыз Республикасы, Ош шаары, А.Масалиев кең көчөсү, 91а.

Маалыматты ошондой эле төмөндөгү телефон аркылуу тактап алууга болот:+9963222 8-74-46 жана e-mail: gmadmarova@oshsu.kg

Сиздерди кызыктыруучу билим, кызыктуу келечек күтүп турат!

ОФФ проморолиги https://priem.oshsu.kg/