Кафедранын кызматы, максаттары жана милдеттери

Кафедранын стратегиялык багыттары:

Окуу усулдук багыты:

Билим берүү ишинде инновациялык билим берүү программаларын жана жаңы технологияларды колдонуу; билим берүү кызматтарынын жана эмгек рыногунун мониторингин түзүү; маданий­агартуу жана билим берүү иш­чараларын уюштуруу; чет элдик студенттердин жана адистердин чакыруусу боюнча кафедрада негизги жана кошумча билим берүү программаларында билим алуу үчүн жигердүү иштөө; корпоративдик билим берүү борборлорун уюштуруу.

Илимий багыты:

«Колдонмо математика жана информатиканын актуалдуу проблемалары».

Аталган иш колдонмо математика жана информатиканы окутуунун теориялык, усулдук маселелерине жана актуалдуу проблемаларын изилдөөгө арналган. Бул маселелерди чечүү үчун окутуунун оптималдуу, заманбап усулдарын колдонуунун натыйжаларын илимий негизде жалпылоо жана өндүрүшкө сунуштоо, окуу китептерин, окуу куралдарын, усулдук колдонмолорду, сөздүктөрдү иштеп чыгуу.

Төмөнкүлөр изилденет:

а) Өндүрүштүн маселелеринин математикалык моделдери;
б) Заманбап математикалык моделдерди изилдөө;
в) Математикалык моделдердин компьютердик моделдерин түзүү.

Рыноктук багыты:

Кафедра негизги жана кошумча билим берүү программаларын ишке ашырууда сапаттын деңгээлин көтөрүүгө умтулат, бул билим берүү кызматтарынын рыногунда биринчи орунду ээлөөгө мүмкүнчүлүк берет. Бул үчүн кафедранын жана университеттин атаандаштык артыкчылыктарын сактап калууга жана жаратууга багытталган иш­чаралар активдүү жүргүзүлөт.

Маркетингдик багыты:

Студенттерди кафедра тарабынан ишке ашырылып жаткан программаларга тартуу үчүн билим берүү кызматтары рыногунда жигердүү саясат жүргүзүүнү карайт. Буга жетишүү үчүн, кафедра компьютердик жаңы техникалык жабдууларын жаңыртып турууну, билим берүүнүн акыркы технологияларын киргизүүнү, кызматкерлердин квалификациясын дайыма жогорулатууну, аймактарда жигердүү жарнактарды жүргүзүүнү ишке ашырат. Бул бакалаврлар, магистранттар жана аспиранттар үчүн кадрларды даярдоонун сапатын жогорулатууга жана университеттер арасында атаандаштыктын өсүшүндө студенттердин курамын сактап калууга мүмкүндүк берет.

Финансылык багыты:

Бөлүмдүн финансылык максаты бюджеттен тышкаркы каржылоо булактарын издөө: акы төлөнүүчү билим берүү жана консультациялык кызматтарды көрсөтүү; ири бизнес ишканаларынын буюртмалары боюнча келишимдик жумуштарды аткаруу; билим берүү жана илимди өнүктүрүүнүн гранттык конкурстарына ж.б. программаларга катышуу.

Информациялык / имидждик багыты:

Кафедра:

регионалдык жана бүткүл Кыргыз Республикасынын мейкиндигинде өзүнүн кыска тарыхый мезгилинде позитивдүү имиджин чыңдоо; КМИ жана Графикалык дизайн адистиктеринин жогорку кесиптик статусун сактоо. Кафедранын маалыматтык стратегиясы төмөнкүлөрдү камтыйт: Кафедранын кызматкерлери тарабынан даярдалган окуу китептерди, окуу куралдарды жана монографияларды басып чыгаруу; Кафедранын кызматкерлеринин макалаларын рецензияланган жана борбордук илимий журналдарда жигердүү жарыялоо; Интернеттеги сайтта кафедранын ишинин бардык сегменттери боюнча маалыматтын көлөмүн кеңейтүү; бүтүрүүчүлөрү аркылуу бөлүмдүн таасирин жайылтуу.