Анализ анкет стейкхолдероми (результаты опроса)

Ош мамлекеттик университетинин “550200 физика-математикалык билим берүү” профиль “физика” программасы боюнча бүтүрүүчүлөрдүн тизмеси

Ф.А.А.

иштеген жери жана кызматы

телефон номери

1

Жабагыев Алик

аэропорт

0778028885

бүтүрүүчү

2

Карабаев М.

Савай мектеби

0553531141

бүтүрүүчү

3

Кошиев Абжамил

БатМУ

0773276063

бүтүрүүчү

4

Кылычова Нурия

ОшТУ

5

Максутов Замир

Кызыл-Кыя пед инст. БатМУ

0779060048

бүтүрүүчү

6

Матисаков Жумакадыр

ОшТУ проректор

0557070279

бүтүрүүчү

7

Өмүрбекова Гулзат

ОшКӨУ, декан

0772178461

0559420674

бүтүрүүчү

8

Рысбаева Анара

Гулчө

0773929020

бүтүрүүчү

9

Токтаев Базарбай

№40Б.Азизов орто мектеби, Кара-Суу рай

0553889167

бүтүрүүчү

10

Базарбай уулу Үсөн

Ош аэропорту

0555131415

бүтүрүүчү

11

Матисаков Жоомарт Кубатбаевич

ОшТУ, улук окутуучу

0772843842

бүтүрүүчү

12

Момункулов Үсөн

№12 Турусбек атындагы орто мектеби, Токтогул рай, Жалал-Абад обл

0500475262

бүтүрүүчү

13

Турдумаматов Кутбидин

К. Абдылакимов атындагы орто мектеби, Ноокат рай, Ош обл

0779366610

бүтүрүүчү


1-тиркеме

ОшМУ, физика-техника факультети

2019-жылдын ноябрь айы

АНКЕТИРЛӨӨ

“550200-физика-математикалык билим берүү” багытынын “физика” профили боюнча адис даярдоого катышып жатышкан профессор-окутуучулар жана көмөкчү кызматкерлер курамынын өздүк баалоосу

Ош мамлекеттик университетинде “550200-физика-математикалык билим берүү” багыты боюнча адис даярдоо (бакалавр жана магистр) учурда физика-техникалык (“физика” профили) жана математика жана информациялык технологиялар (“математика” жана “информатика” профилдери) факультеттеринде ишке ашырылып келүүдө. Бул адистиктерди даярдоого аталган эки факультеттин жамаатынан сырткары башка факультеттердин жана жалпы университеттик кафедралардын тиешелүү окутуучулары да катышат. Даярдалган адистин сапаттык деңгээли окуу жайда түзүлгөн шарттан, окуу процессинин ар бир катышуучусунун, анын ичинде студенттин да, натыйжалуу жана бирдиктүү өз ара шайкеш иш-аракетинен көз каранды болору белгилүү. Ошондуктан мындан ары анкетада “жамаат” деп адистикти даярдоого катышуучу бардык профессор-окутуучуларды, жетекчи жана көмөкчү кызматкерлерди жалпылап атайбыз. “Физика-математикалык билим берүү” программасынын (мындан ары кыскача – НББПнын) жетекчилиги бул жамааттын жана студенттердин ар биринин иш-аракетин бир максатка багыттап уюштуруп, тынымсыз көзөмөлдөп жана баалап туруусу абзел.

НББПны ишке ашырууда учурда түзүлгөн жагдайга карата Сиздин берген бааңыз жетекчилик тарабынан талданып, жамааттын мындан аркы иш-аракеттерине тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүү үчүн пайдаланылат. Ошондуктан ар бир суроого болушунча калыс баа берүүгө аракеттенип, “жакшы” жана “эң жакшы” бааланган иш-аракеттерди конкреттүү фактылар менен бекемдөөгө даяр болушуңуздарды өтүнөбүз.

Анкетанын ар бир суроосу боюнча өз пикириңизди “эң жакшы-5”, “жакшы -4”, “канааттандырарлык -3” же “канааттандырарлык эмес же билбеймин-2” деген графалардын биринин тушуна белги коюу аркылуу билдириңиз. Өздүк баалоого байланышкан кошумча сунуш-пикирлериңизди барактын аягына кол менен жазып, кошуп койсоңуз болот.

Кызматташкандыгыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.

Аты-жөнүңүз________________________________________________________

7. “Стратегиялык өнүгүү жана сапат кепилдиги” стандарты

5

4

3

2

орт

7.1

НББП боюнча эмгектенген жамааттын учурдагы миссиясын жана өнүгүү стратегиясын кандайча баалайсыз?

7.2

НББПны ишке ашырууга багытталган жамааттын иш пландарынын жана алардын аткарылышын көзөмөлдөө системасынын сапатына Сиздин бааңыз

7.3

Жамааттын ишмердүүлүгү Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим тармагындагы учурдагы мыйзамдарына, анын ичинде мамлекеттик стандарттарына, канчалык деңгээлде туура келет деп эсептейсиз?

4

7.4

Окуу жайдын миссиясын жана стратегиясын иштеп чыгуу жана өркүндөтүү механизмдери менен таанышкансызбы?

7.5

Миссия жана стратегия тууралуу маалымат ресурстары жана аларды таркатуу процесстери баарына жеткиликтүүбү?

7.6

Миссияны аткарууга жамааттын маалыматтык жана материалдык-техникалык базасы жетиштүүбү?

7.7

Миссияда жана стратегияда бардык кызыкдар тараптардын муктаждыктарын канааттандыруу маселеси канчалык деңгээлде эсепке алынган?

7.8

Жамааттын сапатты кепилдөө саясатына Сиздин бааңыз?

7.9

Жамааттын сапатты кепилдөө саясатын турмушка ашырууга багытталган документтери менен канчалык таанышсыз?

7.10

Сапатты кепилдөө саясаты жамааттын илим изилдөө, сабак берүү жана окутуу ишмердүүлүктөрүн канчалык чагылдырат?

8. “Жетекчилик жана менеджмент” стандарты

8.1

ОшМУнун Физика-Техника факультетинин жетекчилигинин кесиптик квалификациялары жана кызматтык милдеттердин бөлүштүрүлүшүнүн талаптарга туура келишине бааңыз?

8.2

“Физика-математикалык билим берүү” багытындагы математика, информатика жана физика профилдери боюнча адис даярдоо эки башка факультетте жүргүзүлүшүнө Сиздин мамилеңиз

8.3

Жетекчиликтин иштин жүрүшүндөгү кемчиликтерди, тобокелчиликтерди аныктап, аларды азайтууга же четтетүүгө жасаган аракеттерине Сиздин бааңыз

8.4

Билим берүү программасын башкаруу, анын натыйжалуулугун баалоо Сизди канчалык деңгээлде канааттандырат?

8.5

Жамааттын инновациялык процесстерге катышуусу, инновациялык сунуштарды иштеп чыгуусу жана колдонуусу кандай деңгээлде?

8.6

Жамааттын эл аралык, улуттук жана регионалдык кесиптик альянстарга, ассоциацияларга ж.б. катышуу аракетин кандай баалайсыз?

8.7

Жамааттын жетекчилигинин билим берүүнүн менеджменти программалары боюнча окуудан өтүшүнө канчалык шарт үзүлгөн?

9. “Маалыматты башкаруу жана отчеттуулук” стандарты

9.1

ОшМУнун Физика-Техника факультетинде түзүлгөн маалыматты топтоо, талдоо жана башкаруу үчүн колдонулуп жаткан заманбап информациялык-коммуникациялык технологиялар жана программалык каражаттар менен канчалык деңгээлде таанышсыз?

9.2

Информацияны топтоо, талдоо жана алардын негизинде чечим кабыл алуу процесстерине окуучулардын, кызматкерлердин жана окутуучу-профессордук курамдын тартылыш деңгээли кандай?

9.3

Физика-математикалык билим берүү багыты боюнча физика мугалимдерин даярдоонун сапатын жогорулатуу боюнча профессордук-окутуучулук курамдын, персоналдын жана окуучулардын муктаждыктарынын канааттандырылышын өлчөй алабы, байкалган кемчиликтердин жоюлушун көрсөтө алабы?

9.4

ОшМУнун Физика-Техника факультети сапаттуу адис даярдоонун бардык маселелерин канчалык толук камтыйт деп эсептейсиз?

9.5

ОшМУнун Физика-Техника факультети илимдин тиешелүү тармактарын бардык зарыл маалыматтар менен камсыздоого канчалык аракет кылууда деп эсептейсиз?

9.6

Окуучулардын, кызматкерлердин жана профессордук-окутуучулук курамдын өздүк (жекече) маалыматтарынын алардын жазуу жүзүндөгү макулдугу жок эле пайдаланылышын кандайча баалайсыз?

9.7

ОшМУнун, ФТФнын жергиликтүү коомчулуктун коомдук турмушундагы ролун кандай баалайсыз?

9.8

ФТФнын физика адистигин бүтүргөн бүтүрүүчүлөр методикалык, инсандык жана маалыматтык жактан компотенттүүбү?

9.9

ОшМУнун ФТФнын физика адистигинин ишмердүүлүгү массалык маалымат каражаттарында (СМИ) чагылтылабы?

10. “Негизги билим берүү программаларын иштеп чыгуу жана бекитүү” стандарты

10.1

Физика математикалык билим берүү багыты боюнча НББПны иштеп чыгуу жана аны бекитүү процедураларынын абалын кандайча баалайсыз?

10.2

НББПда окуучулардын жекече окуу траекториясын түзүү мүмкүнчүлүгү, алардын жеке муктаждыктары жана мүмкүнчүлүктөрү канчалык деңгээлде эсепке алынган?

10.3

Сиздер иштеп чыккан НББП коюлган максаттарга, анын ичинде окутуунун күтүлүүчү натыйжаларына канчалык деңгээлде дал келет деп эсептейсиз?

10.4

НББПда окуучуларды кесиптик сертификациялоого даярдоо мүмкүнчүлүгү канчалык деңгээлде эсепке алынган?

10.5

НББПны иштеп чыгууга, анын сапатын камсыздоого окуучулар, ПОК жана башка стейкхолдерлер кандай катышат?

10.6

Сиз иштеген ишканада окуу дисциплиналарынын мазмуну жана окутуунун натыйжалары окутуунун деңгээлине канчалык дал келет?

10.7

НББПнын структурасында окутуунун натыйжаларына шайкеш келүүчү иш аракеттердин ар кандай түрлөрүнүн камтылышы кандай деңгээлде?

10.8

Чет элдик билим берүү уюмдары менен биргеликте түзүлгөн НББП барбы, буга жасаган аракетиңиздерге баа бериңиз?

11. “Негизги билим берүү программаларына туруктуу мониторинг жана мезгили менен баалоо жүргүзүү” стандарты

11.1

НББПнын максаттарына жетүүгө, окутуунун күтүлүүчү натыйжаларын толук калыптандырууга багытталган иш чараларга профессордук-окутуучулук курам жана көмөкчү кызматкерлер канчалык жигердүү катышат?

11.2

Жумуш берүүчүлөрдүн түрдүү топторунун муктаждыктарын аныктоо жана канааттандыруу багытында физика-техника факультетинин колдоо кызматынын иш-аракетин кандай баалайсыз?

11.3

НББПны аткарууну жөнгө салуучу ички нормативдик документтерди, окуу пландарын, тандоо курстарынын каталогун, окуучулардын жекече пландарын талдоого жана баалоого Сиз кандай катышасыз?

11.4

Окуучулардын, жумуш берүүчүлөрдүн жана башка стейкхолдерлердин НББПны өркүндөтүүгө кызыгуусунун жана иш-аракетинин учурдагы деңгээлин баалаңыз.

11.5

Илимдин акыркы жетишкендиктери, коомдун жана профессионалдык чөйрөнүн муктаждыктарынын өзгөрүүсү, окуучуларды баалоо процедураларынын эффективдүүлүгү окуу программаларынын мазмунунда канчалык эсепке алынат?

12. “Студентке багытталган окутуу, сабак берүү жана жетишүүнү баалоо” стандарты

12.1

Сиз иштеген ишканда окуучулардын түрдүү топторунун муктаждыктарына жана кызыкчылыктарына көнүл буруу, сыйлоо жана аларга окуунун ийкемдүү траектория түзүп берүүнүн абалын кандай баалайсыз?

12.2

НББПны аткарууну жөнгө салуучу ички нормативдик документтерде, окуу пландарында, тандоо курстарын сунуштоодо, сабактардын расписаниесин түзүүдө, окуучулардын жекече окуу пландарын түзүүдө студенттин кызыкчылыктары канчалык деңгээлде эсепке алынган?

12.3

Окутуунун усулдарын тандоодо, студенттердин өз алдынча иштерин уюштурууда окуучулардын кызыкчылыктары канчалык эсепке алынат?

12.4

Окутуунун натыйжаларын баалоо үчүн колдонулуучу усулдарды жана технологияларды тандоодо студенттин кызыкчылыктары канчалык эсепке алынган?

12.5

Физика-математикалык билим берүү багыты боюнча келечек ишине компотенттүү физика мугалимдерин даярдоонун сапатын жогорулатуу багытында иштелип чыккан окутуунун натыйжалары кесиптик стандарттарга жана сапаттын улуттук стандарттарынын тиешелүү деңгээлдерине канчалык дал келет?

12.6

Бөлүнгөң дисциплиналарды окутуунун методикасы жана аны окутуунун натыйжаларын баалоо боюнча Сиз жүргүзүп жаткан атайын илимий изилдөөлөрүңүздүн деңгээли кандай?

12.7

Окутуунун натыйжаларын баалоонун заманбап усулдарына ээ болуу үчүн квалификацияңызды жогорулатууга болгон аракетиңизди баалаңыз.

13. “Окуучулар” стандарты

13.1

Физика- техника факультетинде окуучу ага кабыл алынгандан аны толук аяктаганга чейинки “ишмердүүлүгүн” жөнгө салуучу процедуралары Сизди канчалык канааттандырат?

13.2

Окууга жаңы тапшырган жана чет өлкөлүк студенттерди адаптациялоого жана колдоого арналган факультеттин атайын программалары канчалык натыйжалуу иштөөдө?

13.3

Таануу тууралуу Лиссабон конвенциясы менен канчалык таанышсыз?

13.4

Квалификацияларды өз ара таанууну камсыздоо максатында окуу жайдын башка билим берүү уюмдары жана улуттук борборлор (мисалы, ENIC/NARIC) менен кызматташууларынан кабарыңыз кандай?

13.5

Физика- техника факультетинде колдонулуп жаткан окуучулардын академиялык мобилдүүлүгүнүн натыйжаларын, ошондой эле кошумча, формалдуу жана формалдуу эмес билим алууларынын натыйжаларын таануу механизмдери Сизди канчалык канааттандырат?

13.6

ОшМУнун Физика-техника факультетинде студенттердин ички жана сырткы мобилдүүлүгүн камсыздоого түзүлгөн шарттарга, ошондой эле окуу үчүн сырттан грант алууга көмөктөшүү аракетине Сиздин бааңыз?

13.7

ОшМУнун Физика-техника факультети иш берүүчүлөрдүн сунуш талаптарын бүтүрүүчүлөрдүн ишке жайгашуусуна жана профессионалдык ишмердүүлүгүнө мониторинг жасоо аракетине Сиз кандай баа бересиз?

13.8

ОшМУнун Физика-Техника факультетинин бүтүрүүчүлөрүнүн ассоциациясынын учурдагы ишмердүүлүгүнө Сиздин бааңыз?

13.9

Сиз иштеген ишкананын (мектептин) физика мугалимдери тарабынан таланттуу окуучуларды колдоо механизми иштелип чыкканбы? Сиздин бааңыз?

14. “Профессордук-окутуучулук курам” стандарты

14.1

ОшМУнун Физика-техника факультетинде кадр саясатынын ачыктыгына жана объективдүүлүгүнө Сиздин бааңыз?

14.2

Профессордук-окутуучулук курамдын кадрдык потенциалы окуу жайдын өнүгүү стратегиясына жана НББПнын спецификасына канчалык туура келет?

14.3

Студентке багытталган окутууга өтүүгө байланыштуу окутуучулардын ролунун өзгөрүүсүн көрө алдыңызбы?

14.4

Окуу жайда ПОКдын профессионалдык өнүгүүсүнө жана карьералык өсүүсүнө түзүлгөн шарттарга Сиздин бааңыз?

14.5

Адис даярдоого тиешелүү тармактын (мисалы, мектептин) практиктери канчалык деңгээлде тартылат?

14.6

ОшМУнун Физика -техника факультетинде окутуучуларды профессионалдык жана инсандык өсүп-өнүгүүгө мотивациялоонун деңгээли кандай?

14.7

ПОК тарабынан билим берүү процессинде информациялык-коммуникациялык технологияларды колдонуунун деңгээли кандай?

14.8

Окутуучулардын академиялык мобилдүүлүгү, чет өлкөлүк жана ата-мекендик мыкты окутуучуларды ишке тартуунун абалы кандай?

14.9

ПОКдын коомдун турмушуна (агартуучулук иштери, илимди жана регионду өнүктүрүү, маданий чөйрө түзүү, көргөзмөлөргө, конкурстарга жана кайрымдуулук иштерине катышуу ж.б.) таасири жана пайдасы кандай?

14.10

ФТФнын физика мугалимин даярдоочу профессордук-окутуучулардын деңгээлин кандай деп баалайсыз?

15. “Илимий-изилдөө иштери” стандарты

15.1

Сиз алектенген илимий-изилдөөлөр билим берүү, илим жана инновациялык өнүгүү жаатындагы улуттук саясатка канчалык туура келет?

15.2

Жамааттын илимий-изилдөө ишмердүүлүгү окуу жайдын миссиясына жана стратегиясына канчалык туура келет?

15.3

Окуучуларды илимий-изилдөө иштерине тартуунун абалына бааңыз?

15.4

Окуу жайда илимий изилдөөлөрдүн натыйжаларын практикада колдонуунун, анын ичинде консалтинг жана коммерциялаштыруунун абалына Сиздин бааңыз?

15.5

Окуу жайда илимий изилдөо иштеринин натыйжаларын таанытууга, анын ичинде илимий долбоорлорду каттатуу, патент жана автордук күболүктөрдү алууга көмөктөшүүнүн абалы кандай?

15.6

Чет элдик окуу жайлары менен биргеликте илимий изилдөөлөрдү жүргүзүүгө жасаган аракеттерге бааңыз?

15.7

Илим-изилдөө ишмердүүлүгүн каржылоо формаларын диверсификациялоого багытталган окуу жайдын аракетин кандайча баалайсыз?

15.8

Мотивациялоонун түрдүү формаларын колдонуу менен илим-изилдөө ишмердүүлүгүн стимулдаштырууга окуу жайдын жасаган аракетин кандай баалайсыз?

16. “Каржы” стандарты

16.1

Окуу жайдын өнүгүү сценарии менен канчалык таанышсыз?

16.2

Окуу жайдын бюджетин операциондук жана стратегиялык пландоонун айкындуулугу Сизди канчалык канааттандырат?

16.3

Окуу жайда иштелип чыккан финансылык менеджмент, финансылык отчеттуулук саясатын кандай баалайсыз?

16.4

Окуу жайдын ички аудит системасына Сиздин бааңыз?

16.5

Окуу жайдын сырткы көз карандысыз аудит жүргүзүү аракетине Сиздин мамилеңиз?

16.6

Окуу жайдагы анын ар кандай ишмердүүлүктөрүн, алардын арасында окуу жайды өнүктүрүү стратегиясын, НББПны, илимий долбоорлорду өнүктүрүүнү финансылык камсыздоонун жетиштүүлүгүң баалоонун механизмин кандай баалайсыз?

17. “Билим берүү ресурстары жана студенттерди колдоо системалары” стандарты

17.1

ОшМУнун физика- техника факультетинин материалдык-техникалык ресурстарынын жана инфраструктураларынын жетиштүүлүгүн кандайча баалайсыз?

17.2

Физика- техника факультетинде окуучулардын ар кандай топторун колдоо процедураларынын абалын баалаңыз

17.3

Физика- техника факультетиндеги маалыматтык ресурстардын НББПнын спецификасына дал келишин баалаңыз

17.4

Окуучуларды жана ПОКту НББПга ылайык технологиялык колдоонун (мисалы, он-лайн окуу, моделдештирүү, маалыматтар базасы ж.б.) абалы кандай?

17.5

Китепкана ресурстары, анын ичинде бардык дисциплиналар боюнча окуу, усулдук жана илимий адабияттардын фонду, мезгилдүү басылмалар, маалыматтардын илимий базасынын жеткиликтүүлүгү кандай деңгээлде?

17.6

ИИИнин, бүтүрүүчүлөрдүн иштеринин, диссертациялардын натыйжаларынын плагиатка текшерилиши кандай деңгээлде?

17.7

Билим берүүчү Интернет-ресурстарынын жеткиликтүүлүгү кандай?

17.8

Окуу жайдын аймагында WI-FI дын иштөө сапаты кандай?

17.9

Физика-техника факультетинде НББПны өздөштүрүү үчүн колдонулуп жаткан окуу куралдары жана программалык каражаттар тиешелүү тармактарда (мектептерде) колдонулуп жаткандарга канчалык жакын (окшош)?

17.10

Сиз иштеген ишканада (мектепте) коопсуздуктун талаптары канчалык камсыздалган?

17.11

ОшМУнун Физика-техника факультетинде окуучулардын ар кандай топторунун (улгайгандардын, иштеп жаткандардын, чет өлкөлүктөрдүн, мүмкүнчүлүгү чектелгендердин) муктаждыктары канчалык эсепке алынган?

18. “Коомчулукту маалымдоо” стандарты

18.1

Аткарылып жаткан НББП, андан күтүлүүчү натыйжалар жана ыйгарылуучу квалификациялар тууралуу жарыяланган маалыматтар канчалык так, объективдүү жана актуалдуу?

18.2

ОшМУнун Физика-техника факультетинде сабактардын өтүлүшү, окуу процесси жана билимди баалоо процедуралары тууралуу маалыматтар канчалык жеткиликтүү?

18.3

Бүтүрүүчүлөрдү ишке жайгаштыруунун мүмкүнчүлүктөрү тууралуу жарыяланган маалыматтар канчалык актуалдуу?

18.4

Коомчулуктун кеңири катмарын жана кызыкдар тараптарды маалымдоо үчүн факультеттин жетекчилиги маалымат таратуунун ар түрдүү жолдорун кандай деңгээлде колдонот?

18.5

Өлкөдөгү билим берүү саясатын коомчулукка жеткирүүгө арналган маалыматтардын мазмуну Сизди канчалык канааттандырат?

18.6

Окуу жайдын сайтында текшерилген финансылык отчет жарыяланып турушуна Сиздин мамилеңиз?

18.7

ОшМУнун Физика-техника факультетинин веб-ресурстарында жалпы университет жана “физика-математикалык билим берүү” НББПсы тууралуу жарыяланган маалыматтардын сапатына Сиздин бааңыз?

18.8

Жалпы профессордук-окутуучулук курам жана анын ар бир мүчөсү тууралуу жарыяланган маалыматтар канчалык так, толук жана объективдүү деп эсептейсиз?

18.9

Окуу жайдын өнөктөштөр менен, алардын ичинде илимий-консалтингдик уюмдар, бизнес өнөктөштөр, социалдык өнөктөштөр жана билим берүү мекемелери менен мамилелери жана өз ара кызматташтыктары жөнүндөгү маалыматтар канчалык жеткиликтүү деп эсептейсиз?

18.10

Окуу жай сырткы баалоонун процедураларынын натыйжалары боюнча маалыматтарды жана сырткы ресурстарга шилтемени канчалык оперативдүү жана так чагылдырып турат?

Кошумча сунуш-пикирлер: __________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________