Окуу- усулдук иши
      Кафедрада окуу-методикалык иштерди уюштурууну, кафедрада окуп жаткандар үчүн дисциплиналар боюнча типтүү жана окуу программаларын белгиленген тартипте иштеп чыгуу, жаңыртуу жана бекитүү, окуу жана окуу-методикалык колдонмолорду басып чыгарууну пландаштыруу жана даярдоо, лекциялык курстун мазмунун иштеп чыгуу жана жаңылоо, практикалык сабактарга методикалык көрсөтмөлөрдү өркүндөтүү, билимди контролдоо формаларын, студенттердин өз алдынча ишин уюштуруу жана активдештирүү, кафедранын профессордук-окутуучулук курамынын педагогикалык чеберчилигин жогорулатууну болжолдойт.
  
         Кафедранын окуу иштери дисциплиналардын окуу программаларына, кафедранын иш планына, окутуучулардын жекече иш пландарына ылайык жүргүзүлөт. Окуу иштери окутуунун бардык түрлөрүн жана формаларын жүргүзүү менен жүзгө ашырылат. Лекцияларды окуу жана практикалык сабактарды окутуудагы колдонулган усулдарын жана техникалык каражаттарын дайыма өркүндөтүү менен заманбап маалыматтык технологияларды колдонуу менен жүргүзүлөт      

      Кафедра студенттердин өз алдынча ишин уюштуруунун башкарылуучу системасын колдонот. Мугалим менен студенттин биргелешкен ишинин натыйжалуулугу мугалимдин педагогикалык чеберчилигине гана эмес, студенттин сабакка даярдыгынын деңгээлине да көз каранды.

      Кафедранын окутуучулары иште билимди контролдоо үчүн ар кандай формаларын колдонушат. Баштапкы билим деңгээлин аныктоо үчүн тесттик көзөмөл, жазуу жүзүндөгү сынактар, оозеки сурамжылоо. Кафедра студенттердин окуу сапатын жогорулатууга өзгөчө көңүл бурат. Кафедранын отурумдарында, усулдук семинарларда окутуунун мазмунун жана структурасын андан ары өркүндөтүү, окутуунун электрондук усулдарын киргизүү жана окуу процессине контролдоо маселелери үзгүлтүксүз талкууланып турат. Бул студенттер менен иш алып баруу ыкмаларын жакшыртуу жана учурдагы мониторинг уюштуруу, жаңы программалар менен билим берүү жараянын камсыз кылуу, студенттердин класстык жана өз алдынча иш айкалыштыруу маселеси чечилет.      

      Жыл сайын окутуучулардын курамы квалификацияны жогорулатуу курстарынан өтөт.
1. Кафедранын окутуучулары Камбаралиева Дж.О., Осмоналиева А.Ч., Муканова Э.Т., Пусурова С.Т., Самидинова Ф.А. – ДААД тарабынан уюштурулган 2022 жылдын 7-11-ноябрь күндөрү Бишкекте “Fachsprachkompetenzen” аттуу семинарында.



                                                                                     

       2. Гете –Институт тарабынан уюштурулган онлайн форматында ар жекшемби күнү өтүлүүчү вебинарларга кафедранын жалпы курамы активдүү катышат.



      3. Жыл бою кафедранын окутуучулары график боюнча ачык сабактарды өтүштү.













       4. 2022-2023 окуу жылынын январь айында немис тили кафредрасынын окутуучулары тарабынан ар турдуу илимий-усулдук семинарлар өтүлдү.
“Илимий макала жазуунун усулдары” – ф.и.к., доцент Кайкыбашева А.К.
“Alles gemischt”- Осмоналиева А.
“Hören und schreiben” – Бердибекова А., Султанбекова Т.
“Spiele im Deutschunterricht” – Осмоналиева А., Рысбаева М., Фаттахова Н.
“Landeskunde”- Жарматова Э., Жусупалиев К.
“Lesen und schreiben” – Камбаралиева Дж., Муканова Э., Самидинова Ф., Пусурова C.