Директордун блогу

ДИРЕКТОРДУН КАЙРЫЛУУСУ!
Урматтуу окутуучулар жана студенттер!
Бүгүнкү күндө заманбап билим берүү технологиясы өнүгүп, адамзаттын жашоосунда чоң өзгөрүүнү талап кылып турган учурда, “Эл аралык билим берүү программалары колледжи” дагы Ош Мамлекеттик Университетинин башка жогорку жана орто окуу жайлары сыяктуу өлкөбүздүн компетенттүү келечек муундарын тарбиялоого салымын кошуп жатат. Билим алууга умтулган жаштардын талабын камсыз кылуу, чет тилдерин жана үйрөнүп жаткан тилдин маданиятын, каада-салтын үйрөнүү, эл аралык баарлашууну мыкты өздөштүрүү, заманбап адистерди даярдоо, коомчулуктун алдында өз жоопкерчилигин сезе билген инсанды тарбиялап чыгаруу миссиясынын үстүндө, эмгек рыногунун керектөөлөрүн эске алуу жана Кыргыз Республикасынын экономикасынын керектөөлөрүн канааттандыруу менен сапаттуу билим алуу үчүн билим берүү шарттарын түзүү жана колдоо максатын ишке ашыруу үчүн окутуучулар менен биргеликте студенттерге билим берүүнүн аракетиндебиз. “Эл аралык билим берүү программалары колледжи” 2020-жылдын 28-февраль айында ОшМУнун Окумуштуулар Кеңешинин №7 протоколунун чечими менен “Университеттин курамындагы структуралык түзүмдөрдүн, факультеттердин жана колледждердин ишинин эффективдүүлүгүн жогорулатуу жана учурдун талабына шайкеш келтирүү максатында аларды оптималдаштыруу” деген №3 маселе боюнча төмөндөгү чечим бекитилип, ОшМУнун курамында 12-июнь 2020-жылдан баштап орто кесиптик билим берүүчү окуу жай болуп түзүлгөн жана учурда төмөндөгү бөлүмдөр жана ПЦКалар бар:
- Чет тили;
- Котормо иши;
- Чыгыш тилдери;
- Кыргыз тили жана адабияты ПЦКасы;
- Орус тили жана адабияты ПЦКасы;
- Англис тили ПЦКасы.
Колледж кыска мөөнөттүн ичинде көптөгөн ийгиликтерди багындыруу максатында бир нече пландарды коюп жатат:
- Жаңы инновацияларды киргизүү менен окутуудагы академиялык эркиндик деңгээлин жогорулатуунун негизинде билим сапатын жакшыртуу;
- Эл аралык байланыштарды чыңдоо;
- Долбоорлор аркылуу инвестицияларды тартуу;
- Окуу имаратынын ремонтун оңдоп кароо жана заманбап жасалгалоо;
- Заман талабына ылайык сайт жана соц.тармактарын алып баруу;
- Башка окуу жайлар менен тажрыйба алмашуу;
- Колледждин материалдык-техникалык базасын чыңдоо;
- Спортчуларды колдоо, стимул жаратуу жана айрым социалдык абалы оор студенттерге жеңилдиктерди берүүнү кароо.
Урматтуу окутуучулар жана студенттер! Жогорудагы максаттарды жана алдыга коюлган пландарды Сиздер менен биргеликте ишке ашыруу сыймык жана ошол эле учурда чоң жоопкерчилик! Андыктан, чоң-чоң ийгиликтерди Сиздер менен биргеликте багындырабыз!
Кумарбек Рамашов,
Эл аралык билим берүү программалары колледжинин директору