Эл аралык билим берүү программалар колледжинин тарыхы

И сто р и я



2020-жылдын 28-февраль айында ОшМУнун Окумуштуулар Кеңешинин №7 протоколунун чечими менен “ Университеттин курамындагы структуралык түзүмдөрдүн, факультеттердин жана колледждердин ишинин эффективдүүлүгүн жогорулатуу жана учурдун талабына шайкеш келтирүү максатында аларды оптималдаштыруу ” деген №3 маселе боюнча төмөндөгү кабыл алынган чечим бекитилип, ОшМУнун курамында 12-июнь 2020-жылдан баштап орто кесиптик билим берүүчү жаңы “ Эл аралык билим берүү программалары колледжи” түзүлгөн. Колледждин курамына дүйнөлүк тилдер жана маданият, чыгыш таануу жана тарых, орус филологиясы факультеттеринин орто кесиптик билим берүү колледждери кошулган. Колледжге директор болуп ДТжМ факультетинин окутуучусу филология илимдеринин кандидаты, доцент Зулпукарова Аида Капаровна дайындалган, колледжде “Чет тили” жана “Котормо иши” 2 бөлүм түзүлгөн.

2021-жылдын 15-июнунан тартып № 1944-ФХД/21 буйругунун негизинде КРдин Өкмөтүнүн 2004-жыл 3-февралындагы №53 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын орто кесиптик билим берүү мекемелери жөнүндөгү” жобого ылайык ОшМУнун колледждеринин структураларына төмөндөгүдөй өзгөртүүлөр киргизилип: Индустриалдык-педагогикалык жана Финансы-юридикалык колледждеринин курамындагы тилдер предметтерин (кыргыз тили жана адабияты, манас таануу, орус тили жана адабияты, чет тилдер) тейлеген предметтик циклдык комиссиясы (Финансы-юридикалык колледжининин Жалпы билим берүү дисциплиналар жана тилдер циклдык комиссиясы, индустриалдык-педагогикалык колледжинин Тилдик дисциплиналар циклдык комиссиясына) Эл аралык билим берүү колледжинине өткөрүлүп, анда өз алдынча 3 (колледждер аралык кыргыз тили жана манас таануу, орус тили жана адабияты, чет тилдер) предметтик-циклдык комиссиясы түзүлүп сунушталды. Бул структуралар төрт колледжинин (Финансы-юридикалык колледжинин, ОшМУнун “STEM” инновациялык колледжинин, Индустриалдык-педагогикалык колледжинин, Эл аралык билим берүү программалары колледжинин) тилдер предметтери тейлеп келүүдө. Ушундай чечимдин негизинде эл аралык билим берүү программалары колледжинде “Коомдук дисциплиналар” бөлүмү түзүлүп, анын ичинде “Кыргыз тили жана адабияты, манас таануу”, “Орус тили жана адабияты”, “ Англис тили” жана “Кытай тили” предметтик циклдык комиссия түзүлдү. 2020-2021-окуу жылында колледжде 56 окутуучу-профессордук курам иштесе жаңы бөлүмдүн ачылуусу менен (ИПК, ФЮК, Стем иновациялык) колледждеринин тилдер предметтеринин окутуучулары келип ПОКдын саны 109 га жетти. Ушул эле жылдын 8-июлунда №2331-ФХД/21 буйругу менен ОшМУнун кыргыз-кытай факультетинин орто кесиптик билим берүү колледжи жокко чыгарылып окутуучу жана студенттери эл аралык билим берүү программалары колледжинин курамына кошулду.

2022-2023-окуу жылында ЭАББПКнын “Котормо иши” адистиги көз карандысыз аккредитациядан өтөөрүнө байланыштуу төмөнкүдөй структуралык өзгөртүүлөр киргизилип: ОшМУнун ректорунун 2021-жылдын 8-июлундагы №2331-ФХД/21 буйругу менен түзүлгөн “Коомдук дисциплиналар” бөлүмү жоюлуп жана карамагындагы предметтикциклдык комиссиялары (кызматкерлери штаттык бирдиктери менен) түздөн-түз дирекциянын башкаруусуна өткөрүлду: Кыргыз тили жана адабияты, Манас таануу – 16 кызматкер , Орус тили жана адабияты- 17 кызматкер, Англис тили – 13 кызматкер. Жоюлган бөлүмдөгү (коомдук дисциплиналар) бүтүрүүчү ПЦК болгон кытай тили ПЦКсы “Котормо иши: чыгыш тилдери” бөлүмүнүн кошулду. №3435-ФХД/22 07.09.2022 буйругу менен өндүрүштүккө зарылчылыкка байланыштуу, медициналык колледжинин мамлекеттик тил жана тилдер ПЦКларынын окутуучулары окуткан предметтерине ылайык эл аралык билим берүү программалары колледжинин “Кыргыз тили жана адабияты, Манас таануу”, “Орус тили жана адабияты”, “Англис тили” предметтик циклдарына 21 окутуучу которулуп келишти. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 18-июлундагы №243 “Кыргыз Республикасынын жогорку кесиптик билим берүүсүнүн билим берүү уюмдарынын потенциалын жана атаандаштыкка жөнндөмдүүлүгүн жогорулатуу боюнча чаралар жөнүндө” Жарлыгын аткаруу үчүн, Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 92-94-статьяларына, “Кыргыз Республикасынын Министрлери кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасыныны Конституциялык Мыйзамынын 13,17-беренелерине жана “Ош мамлекеттик университети” мекемесин кайра куруу жана уюштуруу маселелери жөнүндө КР Министрлер кабинетинин 2022-жылдын 29-июлундагы №415 токтомуна ылайык Ош МЮИнун юридика колледжинин Мамлекеттик тил жана тилдер кафедрасынын окутуучуларын окуткан предметине карай Эл аралык билим берүү программалары колледжинин “Кыргыз тили жана адабияты, манастаануу”, “Орус тили жана адабияты”, “Англис тили” предметтик циклдарына 13 окутуучу кошулду. Азыркы учурда эл аралык билим берүү программалары колледжинде 3 бөлүм: “Чет тили”, “ Котормо иши:англис тили”, “Котормо иши:чыгыш тилдери” жана “Кыргыз тили жана адабияты, манастаануу”, “Орус тили жана адабияты”, “Англис тили” ПЦК лары 145 профессордук-окутуучулук курам эмгектенүүдө.