Студенттердин жетишкендиктери

"Кыргызстандын мыкты студенти – 2023” сынагы студенттер арасында өтүп, ага республиканын жети облусунан студенттер катышты. Алардын ичинен ПОВ(б)-1-21 тайпасынын студенти Абдувалиев Мунарбек “Кыргызстандын мыкты студенти деген наамга ээ болуп, 1-даражадагы диплом менен сыйланды.




МИТ факультетинин ИСТ багытынын ИСТ(6)-1-20 тайпасынын студенти Аппозова Зулайка Ырысбаевна Ташкент шаарында өткөрүлгөн Эл аралык "Лучшая научная статья 2023" сынагына катышып, сертификат, диплом төш белги менен сыйланды. Ал эми илимий жетекчиси 3.Ж. Мурзакматовага ыраазычылык кат берилди.




ОшМУда «АТУУЛДУК СТИПЕНДИЯ-2023» конкурсу болуп, жыйынтыгында ОшМУнун эң алдыңкы 10 студенти академиялык жетишүүсү жана илимий, коомдук-маданий ар тараптуу жетишкендиктери боюнча тандалып алынды. Бул конкурска МИТ факультетинин информациялык системалар жана технологиялар адистигинин ИСТ(6)-1-20 тайпасынын студенти Аппозова Зулайка Ырысбаевна катышып, жеңүүчү деп табылып жогорудагы 10 стипендианттардын катарына кирди. 29-ноябрь күнү атуулдук стипендиянын 10 жылдыгына арналган салтанатта ОшМУ тарабынан куттуктоо аземи болуп, Аппазова Зулайка сертификатка ээ болду. Аппозова бир жыл бою ай сайын 10000 сом өлчөмүндө профессор С. Каримов агайдын стипендиясын алат.






МИТ факультетинин төмөнкү алты студенти 2022-2023-окуу жылынын жыйынтыгы менен академиялык жетишүүсү боюнча ОшМУнун эң алдыңкы ТОП 20 студенттердин катарына киришти. ОшМУ тарабынан куттуктоо аземи болуп, төмөнкү студенттер 10 000 сом өлчөмүндөгү сертификаттар менен сыйланышты. ИСТ адистиги ИСТ(б)-1-20 тайпасы:
1. Өмүрзак кызы Канышай
2. Аппозова Зулайка Ырысбаевна
3. Айдарбекова Нурайым Айдарбековна
4. Маматбакыт уулу Кадырбек
5. Нурлан кызы Диана
ИЭТ адистиги АС(б)-1-20 тайпасы:
1. Жунусова Гүлзина Бердалиевна