Факультет жөнүндө

      ОшМУнун теология факультети 1993-жылы ОшМУ жана Туркиянын «Дианет» фондунун ортосундагы келишимдин (22.09.1993-ж.) негизинде ачылган. Теология факультети Борбордук Азия мамлекеттеринде эң алгачкы ачылган факультет болуп эсептелет.
      Факультеттин миссиясы – учурдун талабына ылайык республикабыздын диний агартуу жаатында адистерди жана жогорку билимдүү кадрларды даярдоо, окутуунун жаңы технологияларын пайдаланып, билимдин сапатын жакшыртып, диндин жалпы адамзаттык баалуулуктарын эл арасына тура жайылтууга, адамдардын рухий дүйнөсүн байытууга салым кошотурган татыктуу адистерди даярдоо.

      Анкара университети менен өз ара кызматташуу жөнүндө түзүлгөн келишимдин негизинде «дин таануу жана гуманитардык предметтер» кафедрасында факультеттин өзгөчөлүгүнө ылайыкталган диний предметтер жана Кыргызстандын мамлекеттик стандартында көрсөтүлгөн предметтер окутулат. Факультеттин окутуучу-профессордук курамынТуркиянын жогорку окуу жайларынан кызматташтык келишимдин негизинде келген жана ОшМУнун тажрыйбалуу окумуштуу-адистери түзөт. Факультетте дин таануу жана гуманитардык предметтер кафедрасы ишалып барат. Учурда кафедрада 14 окутуучу эмгектенет. Кафедранын окутуучу-профессордук курамы 4 доцент, 5 ага окутуучу жана 5 окутуучудан турат. Алардын ичинен: 9 окутуучу– илимдин доктору(PhD) жана 2 окутуучу - илимдин кандидаты.

       Факультет 2012-2013-окуу жылынан тартып эки баскычтуу билим берүүнүн негизинде «теология» адистиги боюнча кадрларды даярдайт. Окуу мөөнөтү - 4 жыл. Факультетте диндердин тарыхы, анын маңыздуу өзгөчөлүгү боюнча маалымат берүүчү предметтер жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик стандартында көрсөтүлгөн бардык предметтер окутулат. Тагыраак айтканда, студенттер диндер тарыхы, хадис таануу, ислам теологиясы (куран таануу), ислам укугу, дин философиясы, дин психологиясы, араб тили, дин педагогикасы, ислам агымдар тарыхы сыяктуу профессионалдык багыттагы предметтерди окушат. Теология факультетинин бүтүрүүчүлөрү «жогорку «бакалавр»» билим деңгээлине жана квалификациясына ээ болушат.

Теология факультетинин бүтүрүүчүлөрү илим-изилдөө, окуу-тарбиялык, эксперттик-консультанттык багыттарда иштей алышат

• Теологдор орто мектептерде адеп, дин таануу сыяктуу предметтерден сабак бере алышат.
• Орто жана жогорку окуу жайларда дин таануу, диндер тарыхы, дин психология сысыяктуу предметтерден сабак бере алышат.
• Мамлекеттик коопсуздук мекемелеринде экстремисттик секталардын ишмердүүлүгүнүн алдын алуу боюнча аналитикалык иштерди алып баруучу адис катары иштей алышат.
• Коомдук уюмдарда жана массалык-маалымат каражаттарында динге байланышкан маселелерде эксперттик баа жана консультация берүүчү болуп иштей алышат.
• Илим-изилдөө мекемелеринде, китеп басмаканаларында, массалык маалымат каражаттарында диний тексттерге редактор, котормочу болуп иштей алышат.
• Динге байланыштуу мамлекеттик жана коомдук структураларда (дин комиссиясы, муфтият, казыят ж.б.) иштей алышат.
• Окууну ийгиликтүү аяктаган бүтүрүүчүлөр магистратура жана докторантурада билимдерин өркүндөтүшүп, диссертацияларын жактоо менен теология адистиги боюнча илимий даражага ээ болушат.
      Теология факультетинин студенттери Анкара университетинде жана ОшМУда билим алышат. Студенттердин окуусуна (контракттык төлөм), жатаканасына, тамак-ашына кеткен чыгымдарТуркия мамлекетинин Дианет фонду тарабынан каржыланат.
      Факультеттин студенттери коомдук жана маданий-массалык иштерге активдүү катышат. Жаштар комитети студенттер арасында маданий массалык ишалып баруу менен факультеттин социалдык турмушун жандандырып турат. Студенттер жалпы жогорку окуу жайлар аралык, университеттеги факультеттер аралык КВН, диспут, конкурс, билим таймаштарында (брейн-ринг) жана студенттик конференцияларда активдүүлүгүн көрсөтүп келишет.
      Факультеттин студенттери 100 орундуу бардык шарты бар жатакана менен камсыз болушкан. Жатаканада ашкана, эс алуу жана тейлөө бөлмөлөрү, телевизор көрүүчү зал, сабактарга даярдануу үчүн атайын залдар жайгашкан. Студенттер үчүн 3 маал акысыз ысык тамак уюштурулган. Студенттердин бош убактыларын өткөрүү жана денсоолуктарын чыңдоо үчүн спорт аянтчасы жайланышкан. о.э. жатакананын жанында 350 орундуу Туркиянын архитектуралык усулунда курулган мечит жайгашкан.

Факультеттеги аудиториялар, лекциялык залдар, китепкана, окуу залы жана окутуучулардын атайын кабинеттери учурдун талабына жооп берүүчү эмеректер менен жабдылган.

531600 «Теология» багыты боюнча бакалаврларды даярдоо үчүн теология факультети төмөнкүдөй материалдык-техникалык базага ээ:

• Компьютердик класс.

• Интерактивдүү доска менен жабдылган конференция залы.

Ошондой эле 4 лекциялык залдар, 8 окуу аудиторялары, окуу залы жана китепкана бар. Акыркы муундагы 32 компьютер, 2 ксерокс, 6 принтер, 3 проектор, 1 сканер жана ар бир аудитория интерактивдүү(акылдуу) доскалар менен камсыз болгон, анын ичинен 15 компьютер компьютердик класста жайгашкан. Андан сырткары студенттер ОшМУнун башка окуу корпустарынын материалдык базаларынан (окуу залдары, китепкана, спорт аянтчалары ж.б.) колдоно алышат. Студенттердин илим-изилдөө иштеринде дүйнөлүк илимдин өнүгүү тенденцияларына ылайык маалыматтарды алуу максатында кафедра жана компьютердик класстар бүткүл дүйнөлүк Интернет түйүнүнө уланган. Компьютердик класста студенттер рефераттардын, курстук жана дипломдук иштердин үстүнөн иштешет. Интернет түйүнү кызматтары менен акысыз пайдаланышат. 2015-2016-окуу жылында факультеттин ар бир аудиториясына, конференция залына атайын интерактивдүү доска (акылдуу доска) алынып келинди. Бул окуу процессин сапаттуу уюштурууда чоң роль ойноодо. Жыл сайын факультетке 60тан студент кабыл алынат, учурда факультет 500дөн ашуун бүтүрүүчүлөрүн чыгарды.


Факультетти таанытуу видеосу