Магистратура (510100 Математика)
План реализации ОП магистратуры"510100 Математика" по реком. НААР (2020-2025) План рекомендации НААР (2018)
План развития 2016-2021
Стратегический план
Лицензия
Государственный образовательный стандарт
План развития 2021-2025


жогорку кесиптик билим берүүнүн
негизги билим берүү программасы
БАГЫТЫ: 510100 –Физика-математикалык илимдер жана фундаменталдык информатика

ПРОФИЛИ: МАТЕМАТИКА

Академиялык даражасы: Магистр
1) Окуу планы;
2) Жумушчу окуу планы;
3) Компетенциялар картасы;
4) Окуу планындагы базалык дисциплиналардын программаларынын аннотациялары;
5) Окуу планындагы ЖОЖ компонентинин жана элективдүү курстардын программаларынын аннотациялары;
6) Педагогикалык практикалардын программаларынын аннотациялары;
7)Жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестацияга карата талаптар.

Даярдоонун багытынын жалпы мүнөздөмөсү
Кыргыз Республикасында 510100 – “Физика-математикалык илимдер жана фундаменталдык информатика” магистрдик багытынын “Математика” профилинин багытында магистрлерди даярдоо тѳмѳнкүдѳй түрдө иш жүзүнѳ ашырылат:
- жождун магистрлерди даярдоонун жогорку кесиптик билим берүүнүн негизги билим берүү программасын толук өздөштүргөн жана көрсөтүлгөн тартиптеги мамлекеттик жыйынтыктоочу аттестациядан ийгиликтүү өткөн бүтүрүүчүлөрүнө жогорку билими тууралуу “магистр” академиялык даражасын ыйгаруучу диплом берилет.

510100 “Физика-математикалык илимдер жана фундаменталдык информатика” багытынын “Математика” профили боюнча магистрди даярдоодогу НББПнын максаттары:
1-максат:
Заманбап идеяларга жана методдорго ээ болуп, аларды өз ишмердүүлүгүндө натыйжалуу пайдалана алган жогорку квалификациялуу адистерди даярдоо;
2-максат: Заманбап идеяларга жана методдорго ээ болуп, аларды өз ишмердүүлүгүндө натыйжалуу пайдалана алган жогорку квалификациялуу адистерди даярдоо;
3-максат: Өзүнүн алган билимдеринин негизинде мамлекеттин ар тараптан өнүгүшүнө салым кошо ала турган жогорку интеллектеги, адептүү инсандарды окутуп жана тарбиялай турган педагогдорду даярдоо;

Окутуунун натыйжалары

Окутуунун натыйжалар Н)

Айтылышы

Компетенциялар

ОН-1

Дисциплиналар аралык командада, эл аралык чөйрөдө түрдүү тармактагы адистер менен иштей алат

ОК-1, ОК-2, ОК-3

ОН-2

Өз алдынча иштөө менен ийгиликтерге жетишет, жаңы идеяларды жарата алат

ОК-5, ОК-6

ОН-3

Илимий-изилдөө жана илимий-өндүрүштүк иштерди пландаштырып, уюштура алат. Инициативдүүлүгү менен коллективди башкара алат

ОК-7, ОК-8, ОК-9,ПК-3, ПК-13

ОН-4

Өзүнүн жана кесиптештеринин иш-аракетинин натыйжасына баа берүүдө укуктук жана этикалык нормаларды терең билет

ОК-4

ОН-5

Өзүнүн кесиптик иш-аракетине тиешелүү билимдерди алуу үчүн маалыматтарды ар түрдүү булактардан бир нече тилде чогултуп, анализдей алат

ОК-10, ПК-16, КК-1

ОН-6

Фундаменталдык математикалык дисциплиналарды жана компьютердик илимдерди билүү менен экономикалык жана социалдык процесстердин, актуардык математиканын маселелерин, табият-таануунун проблемаларын анализдөөдө, чечүүдө математикалык жана алгоритмдик моделдештирүү методдорун колдоно алат.

ПК-1, ПК-2, ПК-11

ОН-7

Математикалык жана гуманитардык маселелердин физикалык жана колдонмо жактарын көрүп, анализдей алат. Жаңы алынган жыйынтыктарды эл алдында көрсөтүп бере алат

ПК-4, ПК-5, ПК-8, ПК-14

ОН-8

Илим-изилдөө проблемаларын чечүүдө, математикалык маселелерди чыгаруунун методдорун билет жана заманбап компьютердик программалардын жардамында чече алат

ПК-7, ПК-9, КК-4

ОН-9

Дисциплинанын бүтүндөй картинасын, ошондой эле дисциплиналар аралык байланышты, айырмачылыкты өз алдынча түзө алат

ПК-6, ПК-10

ОН- 10

Аудиториянын деңгээлин ар тараптан эске алуу менен жалпы билим берүүчү мекемелерде, башталгыч кесиптик билим берүүчү мекемелерде, орто кесиптик жана жогорку кесиптик билим берүүчү мекемелерде физика-математикалык жана информатикалык дисциплиналарды окутуп, тарбиялык иштерди уюштура алат.

ПК-12, ПК-15, КК-4

Дисциплинанын аталышы

Кредиттер

М-1

Жалпы илимий цикл

26

Базалык бөлүк

15

1.1

Философия жана илимий билимдин методологиясы

2

1.2

Табигый-илимий мазмундагы курстар (Математиканын учурдагы проблемалары)

4

1.3

Математиканын тарыхы жана методологиясы

3

1.4

Кесиптик ишмердүүлүктөгү чет тили

2

1.5

Жогорку мектептин педагогикасы жана психологиясы

4

Вариативдик бөлүгү

11

ЖОЖ компонент

7

1.6

Колдонмо информатикада жана билим берүүдө компьютердик технологиялар

4

1.7

Илимий изилдөөлөрдүн методологиясы жана техникасы

3

Тандоо курстары

4

1.8

ТК-1 Системалык ой жүгүртүүнүн элементтери

2

1.9

ТК-2 Жогорку мектепте математикалык дисциплиналарды окутуудагы сынчыл ойломдун стратегиялары

2

М-2

Кесиптик цикл

44

Базалык бөлүк

20

2.1

Фукционалдык анализ

4

2.2

Е3 мейкиндигиндеги сызыктар жана беттер

6

2.3

Дифференциалдык теңдемелер теориясынын актуалдуу проблемалары

6

2.4

Математикалык моделдештирүү

4

Вариативдик бөлүк

2 4

ЖОЖ компонент

1 8

2.5

Дифференциалдык геометриянын жана топологиянын негиздери

4

2.6

Геометриялык өзгөртүп түзүүлөр жана матрицалар

5

2.7

Комплекстик анализ

2

2.8

Вектордук жана тензордук анализдин негиздери

2

2.9

Илим- изилдөө ишинин негиздери

5

Тандоо курстары

6

2.10

ТК-3 Интермаданияттуу билим берүүнүн негиздери

3

2.11

ТК-4 Геометриянын негизделиши /

3

М-3

Практикалар жана илим – изилдөө иши

30

3.1

Илимий-изилдөө практикасы;

10

3.2

Өндүрүштүк практика

10

3.3

Илимий-педагогикалык практика

10

М-4

Жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестация

20

4.1

Адистик боюнча мамлекеттик аттестациялык экзамен

10

4.2

Магистрдик диссертацияны даярдоо жанаи коргоо

10

Жалпы:

120

Окуу планындагы практикалардын программасына аннотация

9.1. Илим - изилдөө практикасы

Аннотациясы: Практика – магистранттардын илим изилдөө иштериндеги көндүмдөрдү калыбына келтирүү жана теориялык билимдерди жыйынтыктоо максатында жүргүзүлөт. Магистранттардын кесиптик билимдерин системалаштыруу, кеңейтүү жана жыйынтыктоо, аларды өз алдынча илим – изилдөө иштерин жүргүзүү, изилдөө жана эксперимент жүргүзүү көндүмдөрү калыптандырылат.

Максаты: а ктуалдуу илимий проблеманы изилдөөдө магистранттардын тажрыйбага ээ болуусу, ошондой эле магистрдик диссертацияны аткаруу үчүн керектүү материалдарды топтоо болуп эсептелет.

НББПдагы орду: Практикалар жана илимий-изилдөө иши бөлүгүнө кирет, 9 кредит.

Кыскача мазмуну: Илимий–изилдөө практикасы магистранттын бекитилген магистрдик диссертациясынын темасынын алкагында изилдөө жүргүзүү түрүндө ишке ашырылат.

Изилдөө темасы бүтүрүүчү кафедралардын илимий багыттарынын алкагында илимий – изилдөө иштеринин өз алдынча иштөө бөлүгү катары аныкталат.

КР ББ жана ИМдин негизинде магистрдик программанын жетекчиси тарабынан практиканын мазмуну аныкталат жана илимий – изилдөө практикага индивидуалдык тапшырмалар берилет.

Практика учурунда магистранттын жумушу магистрдик диссертациянын үстүнөн иштөө катары уюштурулат: теманы тандоо, изилдөө проблемасын, обьектин жана предметин аныктоо; изилдөөнүн максатын жана маселелерин формулировкалоо; проблема боюнча адабияттардын жана изилдөөлөрдүн тоериялык анализи, тема боюнча керектүү булактарды топтоо; библиографияны түзүү; жумуш гипотезасын формулиркалоо; изилдөө жүргүзүү базасын тандоо; изилдөө методдорунун комплексин аныктоо; экспримент жүргүзүү; эксприменталдык берилгендерге анализ берүү: изилдөөнүн жыйынтыктарын жазуу. Магистранттар алгачкы булактар, монографиялар, авторефераттар жана диссертациялык изилдөөлөр менен иш алып барышат, илимий жетекчилеринен жана окутуучулардан консультация алышат.

Практика мезгилинде магистрант магистрдик диссертациясынын изилдөө багыты боюнча жөнгө салып, темасын ачып жазат жана программа жетекчиси менен макулдашат керек.

Илимий – изилдөө практикасынын мазмунунун негизги түзүүчүсү болуп - материалдарды жана статистикалык берилгендерди топтоо жана изилдөө, темага туура келүүчү маалыматтарды анализдөө; алынган жыйынтыктарды апробациялоо эсептелинет.

Практикада магистранттын ишмердүүлүгү төмөнкү этаптар боюнча жүргүзүлөт:

I этабы – магистрдик даярдоо программасынын алкагында теориялык проблемаларды изилдөө:

- изилдөө темасын тандоо жана негиздөө;

- изилдөөнү аткаруунун календардык планын түзүү;

- изилдөө жүргүзүү (максаттын жана конкреттүү маселелердин коюлушу, жумушчу гипотезаны формулировкалоо, изилдөө темасы боюнча ата–мекендик жана чет өлкөлүк эмгектерге анализ жасоо жана жалпылоо);

- илимий – изилдөө жумуштун темасы боюнча библиографияны түзүү;

- мекеме, уюмдун структурасын үйрөнүү.

Календардык план изилдөө схемасынан жана пландаштырылган изилдөөнүн алкагында түзүлгөн жумуштардын тизмесинен турат.

Календардык план практиканын (магистрдик диссертациянын) жетекчинин жетектөөсү менен магистрант тарабынан түзүлөт.

II этабы магистрдик диссертациянын темасына туура келүүчү мекеме жана уюмдун ишмердүүлүгүнүн практикасын изилдөө:

- Изилдөөнүн обьектисин жана предметин аныктоо;

- Изилдөө предмети боюнча маалыматтарды топтоо жана чечмелөө;

- Каралуучу проблеманын айрым аспектерин окуп үйрөнүү;

- Маалыматты статистикалык жана математикалык жактан кайра иштеп чыгуу;

- Маалыматка жетүүнүн түрдүү методикасын (китепканаларга баруу, интернетте иштөө) пайдалануу менен илимий адабияттарга анализ жасоо;

- Тиешелүү информациялык системаларды кийирүү;

- Иштелип чыгылган системаларды реалдуу берилгендер менен толтуруу;

- Чыгуучу формаларды түзүү;

- Жүргүзүлгөн изилдөөнүн жыйынтыктарын жасалгалоо жана аны магистрдик диссертациянын жетекчиси менен макулдашуу.

III этабы – жыйынтыктоочу этап.

Бул этап практиканын эң акыркы этабы болуп саналат жана мында магистрант практиканын программасына ылайык топтолгон материалдардын жалпылайт; анын жетиштүүлүгүн жана ишмердүүлүгүн аныктайт.

Практикадан төмөндөгүдөй күтүлүүчү натыйжалар алынат:

- Изилдөөнүн методологиясынын негизги жоболорун билүү жана аны тандалган магистрдик диссертациянын темасынын үстүндө иштөөдө пайдалана билүү;

- Илимий информацияны топтоо, анализдөө жана иштеп чыгуунун заманбап усулдарын пайдалана алуу.

Практика боюнча отчету жетекчинин колу коюлуу менен магистрдик программанын жетекчисине тапшырылат.

Илимий - изилдөө практика учурунда магистрант:

Магистрдик диссертацияны аткарууда пайдалануу үчүн темага байланыштуу патенттик жана адабий булактарды;

- Экстрименталдык жумушту жүргүзүү жана изилдөө усулдары;

- Изилдөө каражаттарын эксплуатациялоо эрежелерин;

- Эксперименталдык берилгендерди анализдөө жана иштетүү методдорун;

- Изилдөөчү обьектке тиешелүү болгон кубулуштардын жана процесстерин физикалык жана математикалык моделдерин түзүүнү;

- Кесиптик тармакка тиешелүү болгон программалык каражаттарды, илимий изилдөөлөрдө информациялык технологияларын;

- Компьютердик тармактарды жана информациялык системаларды уюштуруу принциптерин;

- Илимий - техникалык документтерди даярдоонун талаптарын окуп үйрөнүүсү керек;

Төмөндөгүлөрдү аткаруусу керек:

- Изилдөө темасы боюнча илимий-техникалык маалыматтарды анализдөө, системалаштыруу жана жалпылоо;

- Коюлган маселенин алкагында теориялык же эксперименталдык изилдөөлөрдү жүргүзүү;

- Алынган жыйынтыктарын ишенимдүүлүгүнө анализ;

- Изилдөө жыйынтыктарын өздүк жана чет өлкөлүк аналогдор менен салыштыруу;

- Жүргүзүлгөн изилдөөлөрүн илимий жана практикалык маанилүүлүгүнө анализ жасоо.

- Илимий – изилдөө практика учурунда магистрант магистрдик диссертациянын темасын ачып, максатка ылайык негиздеп, керектүү материалдарды конспектилеп, мисал – маселелерди чыгаруу.

Компетенциялар: ЖК -1 , ЖК 2 , ЖК -3 , ЖК -5 , ЖК -6 , ЖК -7 , ЖК -8 , ЖК -9 , ЖК -10 , ПК-1 , ПК-3 .

9.2. Өндүрүштүк практика

Аннотациясы: Практика магистранттардын практикалык көндүмдөрүн калыбына келтирүү жана теориялык билимдерди жыйынтыктоо максатында жүргүзүлөт. Практика учурунда магистранттар теориялык алган билимдерин бышыктайт жана тереңдетет, окуу жайдын шартында информациялык, башкаруучулук жана методикалык маселелерди өз алдынча чечүүгө керек болгон билим, билгичтик жана көндүмдөрүн калыптандырышат.

Максаты: өндүрүш ишмердүүлүгү менен байланышта болгон технологиялык билгичтерди жана адамдардын карым – катнашын чагылтуучу коммуникативдик билгичтерди магистранттарды калыптандыруу болуп саналат.

НББПдагы орду: Практикалар жана илимий-изилдөө иши бөлүгүнө кирет, 9 кредит.

Кыскача мазмуну: Магистранттын өндүрүштүк практикасы бекитилген магистрдик диссертациясынын темасынын алкагында практика жүргүзүлгөн мекеменин кызыкчылыктарын жана мүмкүнчүлүктөрүн эске алуу менен информациялык системаларды проектирлөө формасында ишке ашырылат.

Изилдөө темасы бүрүүчү кафедранын илимий багытынын алкагында илимий – изилдөө иштеринин өз алдынча бөлүгү катары аныкталат. КР ББ жана ИМдин негизинде магистрдик программанын жетекчиси тарабынан практиканын мазмуну аныкталат жана өндүрүштүк практикага жекече тапшырмалар берилет.

Практика учурунда магистранттын жумушу магистрдик диссертациянын үстүнөн иштөө катары уюштурулат: теманы тандоо, изилдөө проблемасын, обьектин жана предметин аныктоо; изилдөөнүн максатын жана маселелерин формулировкалоо; проблема боюнча адабияттардын жана изилдөөлөрдүн тоериялык анализи, тема боюнча керектүү булактарды топтоо; библиографияны түзүү; жумуш гипотезасын формулировкалоо; изилдөө жүргүзүү базасын тандоо; изилдөө методдорунун комплексин аныктоо; экспримент жүргүзүү; эксприменталдык берилгендерге анализ; изилдөөнүн жыйынтыктарын жазуу.

Магистранттар алгачкы булактар, монографиялар, стандарттар жана информациялык системалардын сүрөттөлүшү менен иш алып барышат, илимий жетекчилери жана окутуучулардан консультация алышат.

Практика өтүү мезгилинде магистранттын ишмердүүлүгү стратегиялык ой жүгүртүүнүн пайда болуусу жана өнүктүрүүсү, ситуациялык кырдаалдан чыгуу жана адамдардын топторун башкаруу жөндөмдүүлүктөрүн калыптандыруусу менен мүнөздөлөт. Андан сырткары практика магистранттын инсандык социализациялануучу процессине көмөктөшүп, жаңы – өндүрүштүк ишмердүүлүктү, коомдук нормаларды, кесиптин баалуулуктарын өздөштүрүүнү, ошондой эле болочок магистрлердин жекече ишмердик маданиятын калыптандырат.

Илимий – изилдөө темасына туура келген материалдарды жана статистикалык берилгендерди топтоо жана изилдөө, маалыматтарды анализдөө, алынган жыйынтыктарды апробациялоо өндүрүштүк практиканын мазмунундагы негизги түзүүчүсү болуп эсептелет.

Практикада магистранттын ишмердүүлүгү төмөнкү этаптар боюнча жүргүзүлөт:

I этабы – магистрдик даярдоо программасынын алкагында теориялык проблемаларды изилдөө:

- Изилдөө темасын тандоо жана негиздөө;

- Практиканын календардык планын түзүү;

- Максаттын жана конкреттүү маселелердин коюлушу, жумушчу гипотезаны формулировкалоо, магистрдик изилдөө темасы боюнча ата – мекендик жана чет өлкөлүк эмгектерге критикалык анализ жасоо жана жалпылоо;

- Тиешелүү информациялык системаларды түзүп чыгуу.

Календардык план изилдөө схемасынан жана пландаштырылган изилдөөнүн алкагында түзүлгөн жумуштардын тизмесинен турат.

Календардык план практиканын (магистрдик диссертациянын) жетекчинин жетектөөсү менен магистрант тарабынан түзүлөт:

II этабы – магистрдик диссертациянын темасына туура келүүчү мекеме жана уюмдун ишмердүүлүгүнүн практикасын изилдөө:

- Изилдөөнүн объектин жана предметин аныктоо;

- Изилдөө предмети боюнча информацияларды топтоо жана анализдөө;

- Каралуучу проблеманын айрым аспектерин окуп үйрөнүү;

- Информацияны статистикалык жана математикалык жактан кайра иштеп чыгуу;

- Информацияга жетүүнүн түрдүү методикасын библиотекаларга баруу, интернетте иштөө, пайдалануу менен илимий адабияттарга анализ жасоо;

- Тиешелүү информациялык системаларды кийирүү;

- Иштелип чыгылган системаларды реалдуу берилгендер менен толтуруу;

- Чыгуучу формаларды түзүү;

- Жүргүзүлгөн изилдөөнүн жыйынтыктарын жасалгалоо жана аны магистрдик диссертациянын жетекчиси менен макулдашуу.

III этабы – жыйынтыктоочу этап.

Бул этап практиканын эң акыркы этабы болуп саналат жана мында магистрант практиканын программасына ылайык топтолгон материалдардын жалпылайт; анын жетиштүүлүгүн жана ишмердүүлүгүн аныктайт.

Өндүрүштүк практикадан төмөндөгүдөй күтүлүүчү натыйжалар алынат:

- Изилдөөнүн методологиясынын негизги жоболорун билүү жана аны тандалган магистрдик диссертациянын темасынын үстүндө иштөөдө пайдалана билүү;

- Илимий информацияны топтоо, анализдөө жана иштеп чыгуунун заманбап усулдарын пайдалана алуу.

Практика боюнча отчету жетекчинин колу коюлуп, магистрдик программанын жетекчисине тапшырылат.

Өндүрүштүк практика учурунда магистрант төмөнкүдөй көндүмдөргө ээ болуусу керек:

- Келечектеги кесиптик ишмердүүлүгүнүн маселелерин ийгиликтүү чечүүгө негизги шарт боло турган информациялык коммуникативдик маданиятты өнүктүрүү;

- Конкреттүү маселелерди чечүү үчүн өз алдынча иштөө көндүмдөрүн өнүктүрүү максатында түрдүү мекеме жана уюмдардын информациялык кызматтарды көрсөтүүдө уюштуруучулук, информациялык – коммуникативдик, укуктук жана психологиялык жумуштар боюнча тажрыйба алуу;

- Билим берүү мекеменин информатизациялануусу менен байланышкан маселелерди коюуга жана аны практикада информациялык технологиялар жана системаларды пайдалануу менен чечүүгө үйрөтүү;

- IT технологиялар областындагы стандарттардын талаптарына туура келүүчү реалдуу маселелерди чыгаруунун практикалык билгичтерин калыптандыруу;

- Магистрант тарабынан конкреттүү билим берүү системасындагы мекеменин шартында уюштуруучулук, башкаруучулук же илимий ишмердүүлүк маселелерин чечүү үчүн конкреттүү информациялык технологияларды жана информациялык камсыздоо системаларды түзүү жана колдонуу тажрыйбасын алуу;

- Бүтүрүүчү квалификациялык жумушу болгон – магистердик диссертациясын даярдоо үчүн керектүү материалдарды топтоо.

Практикадан өтүү мезгилинде магистрант теориялык билимдерин бышыктап,практикалык көндүмдөргө ээ болуп, магистрдик диссертацияны жазуу үчүн керек болгон маалыматтарды даярдоосу керек.

Компетенциялар: ЖК -1 , ЖК 2 , ЖК -3 , ЖК -5 , ЖК -6 , ЖК -7 , ЖК -8 , ЖК -9 , ЖК -10 , ПК-1 , ПК-3 .

9.3. Илимий – педагогикалык практика

Аннотациясы: Илимий-педагогикалык практика – магистранттын окуу процессинин негизги бөлүгүнүн бири болуп эсептелет. Практиканын бул түрү магистранттын ЖОЖдо окутуу ишмердүүлүгүнө жалпы кесиптик даярдоо функциясын аткарат.

Максаттары: Жогорку кесиптик билим берүүнүн билим берүү стандартына жооп берүүчү кесиптик билим берүү программасын жана окуу пландарын жетишээрлик деңгээлде ишке ашыруу;

- Окутуу менен байланышкан типтүү иш – чараларды проектирлөө, иштеп чыгуу жана өткөрүү;

- Билим берүү процессинин чыгармачыл атмосферасын түзүү;

- Жогорку мектепте илимий – изилдөө жана окуу процесинин байланышын аныктоо;

- Билим берүү процессинин каражаты катары өздүк илимий жумушту пайдалануу:

- Магистрантты жарандуулукка тарбиялоо, чеберчилик ой жүгүртүүсүн, баалуулук, маанилүүлүк жана мотивациялык көндүмдөрүн системасын өнүктүрүү.

Магистранттын илимий – педагогикалык практикасынын негизги маселелери болуп төмөндөгүлөр эсептелет:

- Магистрдик программанын дисциплиналарын окуп үйрөнүүдө магистрдик алган билим, билгичтик жана көндүмдөрүн бышыктоо;

- Сабак өтүүнүн түрдүү формаларына жана методикаларына ээ болуу;

- Сабактарга анализ берүү методикасына ээ болуу;

- Заманбап билим берүү информациялык технологиялар боюнча билимдерди калыптандыруу;

- Магистранттардын илимий – педагогикалык ишмердүүлүгүн активдештирүү үчүн өз алдынча билим алуу жана өз билимин өркүндөтүү көндүмдөрүн өнүктөрүү.

НББПдагы орду: Практикалар жана илимий-изилдөө иши бөлүгүнө кирет, 9 кредит.

Кыскача мазмуну: Практиканын мазмуну бүтүрүүчү кафедранын кызыкчылыгын жана мүмкүнчүлүгүн эске алуу менен ЖКББ НББПсынын талаптарын толугу менен канааттандырат. Илимий – педагогикалык практиканын программасы ар бир магистрант үчүн аткаруучу жумушунун спецификасына жана мүнөзүнө жараша конкреттештирип, толукталып турат жана магистрдин инвидуалдык планында чагылдырылат.

Илимий – педагогикалык практика төмөндөгү иш чаралардан турат:

- Жогорку билим берүү мекемедеги билим берүү процессинин структурасы жана окутуучулар тарабынан отчетук документацияларды жүргүзүү эрежелери менен тааныштыруу;

- Окутулуучу курстун программасы жана мазмуну менен тааныштыруу;

- Сабактардын бардык формаларын уюштуруу жана ишке ашыруулары менен тааныштыруу;

- Окутулуучу дисциплиналар боюнча пландарды жана конспекттерди өз алдынча даярдоо;

- Сабактардын темасы жана максатына туура келүүчү негизги жана кошумча адабияттарды тандоо жана анализдөө;

- Окуу материалынын мазмунун заманбап илимий – матодикалык деңгээлде иштеп чыгуу;

- Түрдүү сабактарды (лекциялык, практиканын, семинардык жана лабораториялык) методикалык жактан туура өтүү;

- Өтүлгөн сабактарга илимий – методикалык анализ жүргүзүү.

Практика учурунда магистранттар ЖОЖдун факультеттеринин, ошондой эле кафедранын түрдүү илимий – педагогикалык жана уюштуруучулук иш – чараларына катыша алат.

Илимий – педагогикалык практиканын мазмуну магистранттын илимий жетекчиси тарабынан пландаштырылып, магистрди даярдоо программасынын жетекчиси менен макулдашылат жана магистранттын отчетунда жана индивидуалдык планында чагылдырылат.

Компетенциялар: ЖК -1 , ЖК 2 , ЖК -3 , ЖК -5 , ЖК -6 , ЖК -7 , ЖК -8 , ЖК -9 , ЖК -10 , ПК-1 , ПК-3 .

10. Мамлекеттик жыйынтыктоочу аттестацияга карата талаптар

Жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестациянын максаты болуп – магистранттын багытка карата түзүлгөн ЖКББнын НББПсын ийгиликтүү өздөштүрүүсүн аныктоо болуп саналат.

Жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестацияга академиялык карызы жок жана ЖКББнын НББПсынын окуу планын толук өздөштүргөн магистранттар киргизилет.

Мамлекеттик жыйынтыктоочу аттестациядан ийгиликтүү өткөн бүтүрүүчүлөргө жогорку билими тууралуу “магистр” академиялык даражасын ыйгаруучу диплом берилет.

ЖКББнын НББПнын мамлекеттик аттестациялык сыноолоруна төмөнкүлөр кирет:

- мамлекеттик экзамен;

- магистрдик диссертацияны коргоо.

10.1. Жыйынтыктоочу мамлекеттик экзаменге НББПдагы жоболор

Мамлекеттик экзамен бул магистранттын ЖКББнын НББПда көрсөтүлгөн компетенцияларга ээ болгондугун аныктоочу системалуу, дисциплиналар аралык комплекстүү экзамен болуп саналат. Ошондой эле комплекстик экзамен кесиптик окуу программасын өздөштүрүү кезинде алган теориялык жана практикалык билимдердин деңгээлин аныктоого мүмкүндүк берет. Анда бүтүрүүчүдө окутуунун күтүлүүчү натыйжаларынын калыптангандыгын аныктоо максатында 2 тапшырмадан турган билеттер түзүлөт.

Комплекстик экзаменде алган бааны жогорулатуу максатында экзаменди кайра тапшырууга уруксат берилбейт.

Жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестациялык комиссия каралып жаткан программага тиешелүү илимий даражасы бар беш кишиден кем эмес курамда түзүлөт.

МАКтын төрагасына ОшМУнун кызматкери болбогон каралып жаткан программанын багытындагы илимдин доктору дайындалат.

10.2 Магистрдик диссертация

Магистердик диссертация – актуалдуу маселенин чыгарылышы менен байланышкан, конкреттүү магистрдик багыт боюнча даярдоонун өзгөчөлүктөрү менен аныкталган, кол жазма түрүндө даярдалган, толук жазылып бүткөн теориялык жана эксперименталдык илимий-изилдөө жумуш болуп эсептелинет.

Магистрдик диссертация магистранттын илимий потенциалын ачат, анын өз алдынча изилдөө жүргүзүүдөгү жана уюштуруудагы, изилдөө областында маселени чечүү үчүн заманбап усулдары колдонуудагы, изилдөөнүн жыйынтыгын алып, аргументтештирүүдөгү жана негизделген сунуштарды талдоодогу өзгөчөлүктөрүн көрсөтөт.

Магистрдик диссертация тандалган тема боюнча өз алдынча изилдөө жумушу болот жана ал кылдаттык менен изилдеген илимий булактардын, топтолуп жана иштелип чыккан материалдардын негизинде жазылат. Адабияттардан алынган материал тема менен байланышкан болуп, кайрадан иштеп чыгып; тема конкреттүү берилгендер, график, таблицалар, салыштыруулар менен ачылып, жазылат.

Магистрдик диссертация илимий жетекчинин жетектөөсүнүн алдында жүргүзүлгөн илимий-изилдөөнүн негизинде магистрант тарабынан аткарылган бүтүрүү квалификациялык жумуш болуп эсептелет.

Магистрдик диссертация жогорку квалификациялык адистердин (илимдин докторлору жана кандидаттары) жетектөөсү алдында аткарат. Конкреттүү магистрдик багыттын профили боюнча жогорку квалификациялык ишмерлер да жетектей алат.

Илимий жетекчи магистрге изилдөө проблемасы боюнча консультация берет, жекече пландын аткарылышын көзөмөлдөйт.

Максаты: магистранттын жөндөмдүүлүгүн жана өзүнүн кесиптик ишмердүүлүгүнүн маселесин заманбап деңгээлде өз алдынча чечүүгө даярдыгын, атайын маалыматтарды профессионалдык изилдөөсүн, ага “магистр” квалификациясын (академиялык даражасын) ыйгарууга негиз болгон өзүнүн көз карашын аргументтештирип, коргой алышын аныктоо болуп саналат.

НББПдагы орду: Практикалар жана илимий-изилдөө иши бөлүгүнө кирет, 12 кредит.

Кыскача мазмуну: Магистрдик диссертацияны жазуунун максатына жетүү үчүн магистрант төмөндөгүлөрдү аткаруусу керек:

- Жумушту аткаруу проблемасынын негиздөөсү жана окуп үйрөнүүчү кубулуштар, процесстер боюнча теориялык изилдөөлөрдү жүргүзүү;

- Изилдөөнүн методун жана методикасын негиздөө, окуп үйрөнүүчү кубулуш же процессти анализдөө, конкреттүү берилгендердин негизинде өсүүчү бул процесстердин тенденциясын жана закон ченемдүүлүгүн аныктоо;

- Эгерде мүмкүн болсо, изилдөөчү кубулуш же процесстин өсүшү жана өркүндөшү боюнча конкретиүү маалыматтарды иштеп чыгуу.

- Магистрдик диссертацияны коргоо ачык МАКда жүргүзүлөт.

- Диссертацияны коргоо илимий дискуссия мүнөздө болуп, жогорку талап коюлуу менен, илимий этиканын принциптерин сакташы керек.

- Коргоо учурунда магистрдик даражанын изилденүүчүсү аткарылган изилдөөнүн мазмунун так, даана жана өзүнө ишенүү менен айтып берүүсү керек, ошондой эле суроолорго аргументтүү жооп берип, илимий дискуссия жүргүзүшү керек.

- Компетенциялар: ЖК -1, ЖК 2, ЖК -3, ЖК -5, ЖК -6, ЖК -7, ЖК -8, ЖК -9, ЖК -10, ПК-1, ПК-3.