Жаңылыктар Архив

Кыргыз-Түрк факультети

Факультте жумалыктын жыйынтыгында

Ч. Айтматовдун тасмасы көрсөтүлдү

ОшМУнун Кыргыз-Түрк факультетиндеги Чыңгыз Айтматов жумалыгын жалпы студенттер жана мугалимдер жамааты биргеликте жазуучунун чыгармаларынын негизинде тартылган көркөм фильмдерди көрүү менен жыйынтыктадык. "Жамила" тасмасы түрк тилинде, ал эми "Махабат дастаны" кыргыз тилинде тартууланды.


Факультте Автордук сабак

Кыргыз-Түрк факультетинде залкар жазуучу Чыңгыз Айтматов жумалыгын кыргыз тили предметинин окутуучусу ф.и.к. Курманжан Нармырзаева "Айтматов ааламы чексиз" аталышындагы автордук сабагы менен улады. Журналистика жана экономика адистиктеринин студенттеринин ортосунда жазуучунун чыгармалары, каармандары тууралуу пикир алышуу болду.

Курманжан Нармырзаева эжеке, сизге алкыш!


Факультте дебат өттү

ОшМУнун Кыргыз-Түрк факультетинде 11-декабрь күнү адистиктер 1- курстар ортосунда (журналистика, экономика, туризм жана компьютердик инженерия) "Студенттин милдеттери жана укуктары" деген темадагы дебат болуп өттү.
Билим, анын сапаты, жаштардын келечеги тууралуу кызуу талкуу болду.Бул детаттын сериясы уланмакчы. Алып баруучулар журналистика адистигинин студенти Айзирек жана ТКТ тайпасынан Арзыкан.


Факультте акыл таймаш интеллектуалдык таймаш башталды

Залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун туулган күнүнө карата Кыргыз-Түрк факультетинин адистиктер арасында уюштурулган "Аалам жана Айтматов" аталышындагы акыл таймаш интеллектуалдык оюуну. 1-орунду Журналистика(ЖКТ-1-19) адистиги, 2- орун Экономика (ЭКТ-1-18)адистиги, Программалык инженерия (ПИКТ-1-19), 3-орунду Туризм (ТКТ-1-19)адистиктери багындырышты.
Акыл таймаштын уюштуруучусу Орозгул Анарбай кызы ЖКТ-1-18 тайпасынын студенти.


Кыргыз-Түрк факультетинин жумалыгы башталды

Бул жума Кыргыз-Түрк факультетинде чыгаан жазуучу Чыңгыз Айтматовдун жумалыгы. Жумалык аптанын аягына чейин Айтматовдун бейнесин ачкан түрдүү иш чаралар менен коштолуп барат.
Бүгүн журналистика адистигинин 1-курсу жазуучунун чыгармаларынан көркөм окушту, сахналык көрүнүш аткарышты, ыр ырдашты. Айтор сонун болду! Калганын сүрөттөрдө берилди


Кыргыз-Түрк факульте ти радио телевидение күнүн белгиледи

Кыргыз-Түрк факультетинин журналистика адистигинин 1 жана 2-курстары даярдаган концерттик көрүнүштөн кадрлар. 8-декабрь Радио жана телевидение кызматкерлеринин күнүнө карата уюштурулду. Салтанаттын өтүшүндө 1-курстун студенттери Жумагүл жана Жумабек, 2-курстун студенттери Орозгүл менен Айзоткыздын, ошондой эле факультеттин тарбия иштери боюнча декандын орун басары Максатбек Орозовдун салымы чоң.


Факультет тайпалар аралык футбол оюну болуп өттү

ОшМУнун Кыргыз-Турк факультетинде университеттин 80 жылдык мааракесине карата факультеттин футбол боюнча биринчилиги өттү.Аталган биринчиликке факультеттеги тайпадардан 6 команда жана мугадимдерден бир команда катышты.Бул спорттук иш чара студенттерди дени сак болууга үндөө, тайпалар ортосунда ынтымакты чындоо максатында уюштурулду.


<

КЫРГЫЗ-Т ҮРК ФАКУЛЬТЕТИНИН

ОКУТУУЧУЛАРЫ НУР-СУЛТАНДА

Бир эмес эки конференцияга катышып келген факультетибиздин тарбия иштери боюнча декандын орун басары

Максатбек Орозовго кол чабуулар жана куттуктоолор! 16-17-октябрь Казакстандын Нур-Султан шаарындагы, Л.Н.Гумилев атындагы Евразия улуттук университетинде, 18-октябрь Бишкекте Кыргыз Улуттук университетинде баяндама жасап, тажрыйба алмашып келди. Кыргыз-Түрк факультетинин ийгиликтери арта берсин


КЫРГЫЗ-Т ҮРК ФАКУЛЬТЕТИНДЕ ЖАКШЫ СААМАЛЫК

Кыргыз-Түрк факультетинин студенти Самандар Бурхонидинов Бишкекте өткөн футбол боюнча Кыргызстандын кубогунда медаль тагынып, экинчи орунга ээ болду. Самандар Кызыл-Кыянын "Шахтёр" командасынын оюнчусу. Декан баштаган факультеттин жамааты Самандардын кийинки оюндарда да ийгилик жарата беришин кааладык, куттуктадык, сүйүндүк.


Факульттетте мугалимдердин майрамы белгиленди

Бүгүн билим берүү кызматкерлеринин кесиптик майрамы. Кесиптештер, майрамыңыздар менен!
Майрамдык маанайды уюштурган факультеттин тарбия иштери боюнча декандын орун басары Максатбек Орозов жана Кыргыз-Түрк факультетинин журналистика адистигинин студенттери!


Акыл таймаш

18-февраль күнү Кыргыз филологиясы жана журналистика менен Кыргыз-түрк факультеттеринин арасында өткөрүлгөн “Брейн-Ринг” акыл таймашында Кыргыз-түрк факультетинин ТКТ(б)-1-18 тайпасынын студенти Темурова Зарина Мыкты оюнчу номинациясына ээ болду.