Жаңылыктар Архив

Тарбия департаменти

ОшМУнун тарбия департаменти

ОшМУнун тарбия департаменти 2008-жылдын 1-мартында түзүлүп, курамына университеттин жаштар комитети, “Үмүт” телестудиясы, “Нур” гезити, таланттар академиясы, студенттик акыйкатчы, жатаканалар боюнча координатору сыяктуу структуралык бөлүмдөр кирген. Студенттердин тарбиялык иштери менен алардын социалдык абалын кошо координациялоо максатында ОшМУнун тарбия департаментинин директору кызмат орду 2016-жылдын 28-ноябрынан тартып социалдык жана тарбия иштери боюнча проректор кызмат ордуна өзгөртүлгөн (Буйруктун номуру №1243. 02.12.2016). Департамент окуу жайдагы жалпы тарбия саясатын жүргүзүү менен катар университеттик деңгээлдеги коомдук маданий-массалык, спорттук, укуктук, маалыматтык иштерди уюштурат жана жетектейт. Университеттин тарбиялык иштери ОшМУнун тарбия иштери боюнча концепциясына ылайык окуу жылына иш-пландар түзүлүп, аларды аткарууга төмөндөгү багыттар боюнча иш-аракеттер жасалат.

Жарандык-мекенчилдик жана саясий-укуктук тарбия багытындагы иштер

Университеттин студенттик тайпаларында «Кыргызстан – биздин мекенибиз» аттуу мекенчилдик, интернационалдык темаларында куратордук-тарбиялык сааттар өтүлүп, факультеттерде “Улуттар аралык ынтымакты бекемдөө”, “Мекенди сүйүү ыймандан”, “Улуттун укугун коргоо”, “Диний көз караштардын ММКларда жарыланышы жана анын жаштарга тийгизген таасири”, “Мамлекет жана жаштар” деген сыяктуу темаларда дебат, дискуссиялар, тегерек столдор өткөрүлүп турат. “ОшМУ - көп улуттуу университет! ОшМУ – дүйнө элдеринин досу” деген ураандын астында «Ырдайлы кыргыз ырларын» фестивалы университеттеги ар улуттун өкүлдөрүнүн ортосунда жыл сайын уюштурулат.

Факультеттердин, колледждердин окуу имараттарында, жатаканаларда коомдук коопсуздукту сактоо максатында окутуучулардан, студенттерден элдик ыктыярдуу топтор түзүлүп, нөөмөт менен күзөттө турушат.

Жыл сайын 23-февраль Ата Мекенди коргоо күнүнө карата «ОшМУ мырзасы» жигиттердин сынагы уюштурулуп, жаштардын мекенчилдик сезимдерин ойготууга зор таасирин тийгизүүдө. Нооруз майрамына карата “Нооруз – жаңылануунун майрамы” аттуу кыргыз элинин каада-салттары боюнча конкурс уюштурулуп, дубал газеталар, улуттук даамдар жасалып, сүмөлөк кайнатылат. Студенттик өзүн-өзү башкарууну демократиялаштыруу жана өнүктүрүү максатында ОшМУнун жаштар комитетинин төрагалык кызмат орду жана студенттик акыйкатчы башчысы шайлоо жолу менен тандалат. Студенттердин укуктарын коргоо максатында ОшМУнун студенттик акыйкатчысы (Омбудсмен) өзгөчө кышкы, жайкы сессия убагында «ОшМУ - таза сессия үчүн!» ураандын алдында ишеним телефонун, сандыкчалар, ректордун электрондук дареги жазылган баракчаларды окуу имараттарына илип, натыйжада студенттер үчүн өз көйгөйлөрүн тартынбастан айтуусуна оптималдуу шарттар түзүлүүдө.

ОшМУнун жаштар комитетинин алдында түзүлгөн аналитикалык борбор жыл сайын университет боюнча миңден ашуун студенттерден сурамжылоо жүргүзүшөт. Анкетада факультеттердеги компьютерлердин, интернет түйүндөрүнүн жетиштүүлүгү, студенттердин билим алуу процессинде интернетти пайдалануу деңгээлдерин аныктоо максатында, китепкана, окутуучулардын сапаттуу билим берүүсү, паракорчулук темаларында түзүлгөн суроолор берилип, буга жооп берген студенттерибиздин көз караштарын, сын пикирлерин, ойлорун жалпылап, университеттин тиешелүү жетекчилерине сунушталып турат.

Интеллектуалдык тарбия багытындагы иштер

Студенттердин бош убактыларын туура жана пайдалуу өткөзүү максатында, алардын акыл көрөңгөсүн, дүйнөгө болгон көз караштарын, ой-жүгүртүүсүн өнүктүрүүчү жана сүйлөө маданиятына тарбиялоочу иш чаралар, ийримдер бар. Алсак, ар бир факультетте дебат, дискуссиялык клубдар түзүлүп, 17-ноябрь студенттердин Эл аралык күнүнө карата факультеттер ортосунда интеллектуалдык “Брэйңн-ринг”, дебат боюнча мелдеш өткөрүлөт. Ал эми педагогика, психология, кыргызстан тарыхы сабактарынан предметтик брэйн-ринг билимдүүлөр таймашы факультеттер арасында уюштурулуп, студенттерди билим алууга шыктандыруу аракеттери көрүлөт.

Гуманизмге тарбиялоо багытындагы иштер

Коомдогу жардамга муктаж адамдарга кайдыгер карабай, боорукердик сезимдери менен жардамга барган студенттерибиздин аракеттерин белгилей кетүү абзел. Студенттерибиз өздөрү демилге көтөрүшүп “Кайрымдуулукту унутпайлы” акциясын, тамак-аш жарманкесин уюштурушуп, шаардагы “Боорукердик” мектеп-интернатына, балдар үйүнө, №12 дүлөйлөр мектебине, Кара-Суудагы “Үмүт” карылар үйүнө концерттик программаларды коюп, кийим, азык-түлүк, акча каражаттарын тапшырып турушат. Акыркы эки жылдан бери «Студенттер - балдарга» деген ураандын астында Ош шаарындагы көзү азиз жана көрүүсү начар мектеп интернаты, ошондой эле «Алтын уя» интернат үйүнүн балдары менен университетибиздин жаштар комитетинин төрагалары жана таланттуу студенттери (жалпы 60 адам) табият коюнундагы эс алуу жайына барышып ар түрдүү спорттук мелдештерди, кызыктуу оюндарды ойношуп, чогуу ырдашып, бийлешип ата-эне мээримин көрбөй өсүп келе жаткан балдарга студенттерибиз аз да болсо агалык-эжелик мээримдерин көрсөтүп келишүүдө. Бул иш-чара өз кезегинде студенттерибиздин аео сезимдерин ойготуп, коомубуздагы аянычтуу тагдырга туш болгон бейкүнөө балдардын жашоо образы аларды ойго салып, тарбиялык таасир калтырат. Мындан башка студенттердин жан дүйнөсүн байытып, адептүүлүккө үндөгөн “Нике жана үй-бүлө” , “Ата-эненин балага, баланын ата-энеге карата милдеттери” деген темаларда талкуулар болуп, Ош улуттук дарама театрында коюлган “Жүрөлүчү жүрөк оорутпай”, “Илек-Илек”, “Абайла” ж.б.у.с. спектаклдерге студенттер барып турушат.


Маданий-эстетикалык тарбия багытындагы иш-чаралар

ОшМУда студенттер үчүн маданий-эстетикалык иш-чаралар байма-бай өткөзүлүп, көркөмдүк деңгээли жылдан жылга жакшырган сайын күйөрмандары көбөйүп, студенттер бош убактыларын маданий көңүл ачуучу кароо-сынактарга активдүү катышуу менен өткөрүшүүдө. • Жыл сайын 10-ноябрь Бүткүл дүйнөлүк жаштар күнүнө карата ОшМУнун факультеттер аралык “Тамашоу” таймашы уюштурулат; • 17-ноябрь Эл аралык студенттер күнүнө карата «ОшМУнун стилдүү студенти” жигиттер, кыздар үчүн саркечтер сынагы уюштурулуп, анда күзгү-кышкы кийимдердин классикалык, эркин, кечки стилдеги үлгүлөрү көрсөтүлөт; • Жаңы жылдык майрамга карата «Көгүлтүр от» ректордук балл оюн-зоок кечеси студенттер арасында чоң кызыгуу жаратуу менен жогорку деңгээлде өткөрүлөт; • «ОшМУ периси» сулуулар сынагы студенттер күтүп көргөн конкурска айланган. Сыйлыктары да баалуу, мисалы, сынакка катышкан 11 сулуунун ар бирине Ысык-Көлгө жолдомо берилет;

Дене тарбия багытындагы иш-чаралар

Жыл сайын студенттерибиз менен окутуучуларыбыздын ден соолугун чыңдоо жана ар кандай оорулардын алдын алуу максатында флюорографиядан өткөзүлүп, текшерүүнүн натыйжасында бронхит, туберкулез, богок оорусу, жүрөк оорусу менен катталгандар областтык кургак учук оорусуна каршы күрөшүү диспансерине жана башка дарылануу мекемелерине жөнөтүлүп турат. Мындан башка ар бир оору менен катталган студентке, окутуучуга дарыгерлер тарабынан кеңештер, жардамдар берилет. СПИДге, наркоманияга, алкоголизмге каршы күрөшүү максатында алдын ала профилактикалык иштер ОшМУнун бардык факультеттеринде Ош облустук СПИД борборунун адистеринин катышуусу менен лекциялар уюштурулуп, алар тарабынан даярдалган медициналык түшүндүрүү баракчалары таркатылат. Студенттердин ден-соолугун чыңдоо жана аларды спортко кызыктыруу максатында ОшМУнун «Жаштык» спорт клубунда спорттун 14 түрүнөн секция иштеп, анда 350 дөн ашык студенттер спорт менен машыгат. Спорттук секциялар үчүн 2 спорт зал, 8 волейбол, 7 баскетбол, 2 кичи футбол аянтчалары иштейт. Университеттин курама командаларына мыкты спортсмендерди тандоо факультеттер аралык жана 1-курстардын спартакиадасында жыл сайын тандалып, улам жаңы күчтөр кошулуп толукталып турат. Спорттук секциялардын иши бир гана ОшМУнун спорттук аянттарында, залдарында өтүлбөстөн, шаардык стадиондо, «Алыш» спорттук комплекстеринде да өтүлөт. Спорттук секциялардын ишин факультеттер аралык дене тарбия кафедрасы менен спорттун теориясы жана усулияты кафедрасы алып барышат. Университеттин курама командалары волейбол, баскетбол, футбол, күрөш, жеңил атлетика боюнча спорт кийимдери (формасы) менен камсыз болуп турат.

Ар бир окуу жылында университетте бир топ спорттук мелдештер уюштурулат: 1. Сентябрь айында дене тарбиячылардын күнүнө карата педагогика жана дене тарбия факультети волейбол боюнча турнир өткөрөт; 2. 10-ноябрь Бүткүл дүйнөлүк жаштар күнүнө карата ОшМУнун жатаканалары ортосунда кол күрөш, аркан тартыш, шахмат, шашки оюндары боюнча мелдеш болот; 3. «Алыш» спорт комплексинде эркин күрөш жана улуттук күрөш боюнча факультеттер аралык мелдеш өтөт; 4. «Нооруз» майрамына карата улуттук оюндар: ордо, кол күрөш, аркан тартыш, таш көтөрүү университеттик деңгээлде уюштурулат; 5. ОшМУнун профессордук-окутуучулук курамынын факультеттер аралык спартакиадасы спорттун 5 түрү боюнча болот; 6. Университеттин жалпы студенттеринин факультеттер арасындагы спартакиадасы спорттун 8 түрүнөн өтөт; 7. Университеттик 1-курстардын спартакиадасы спорттун 10 түрүнөн жыл сайын уюштурулат. Университеттин спортчулары шаардык, облустук, аймактык, республикалык спартакиадаларга, универсиадаларга үзгүлтүксүз активдүү катышып турушат.

Студенттерди моралдык жана материалдык жактан колдоо багытындагы иш-аракеттер

Студенттерди терең билим алууга кызыктыруу жана аларды университеттин коомдук-маданий турмушуна активдүү катыштыруу максатында «Эң мыкты студент», «Эң мыкты жаштар комитети», «Эң мыкты студенттик тайпа», «Жылдын мыкты куратору», «Эң жакшы тарбия иштерин жүргүзгөн декандын орун басары» сынактары уюштурулуп, жеңүүчүүлөргө Ысык-Көл, Сары-Челек, Арстанбап эс алуу жайына жолдомолор, акчалай сыйлыктар, дипломдор салтанаттуу түрдө тапшырылат. Мындан сырткары ОшМУнун Окумуштуулар Кеңешинин стипендиясы факультеттердин жетекчилери тарабынан сунушталган 20 студенттин ар бирине 3000 сомдон жыл сайын берилип турат. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин «Күндүзгү бөлүмдөгү студенттерге жеңилдик берүү жөнүндөгү» сунушуна ылайык социалдык жактан турмуш шарты оор студенттердин арыздарын атайын түзүлгөн комиссия карап чыгып, ар жылы 200-300 студентке 2 млн сомдун чегинде келишимден жеңилдиктер берилет. 3-декабрь Эл аралык майыптар күнүнө карата ОшМУнун мүмкүнчүлүгү чектелген студенттерге 500 сомдон социалдык стипендия берилет.


Студенттик өзүн-өзү башкаруу

Ош мамлекеттик университетинин студент жаштарынын өзүн-өзү башкаруу структурасы – жаштар комитети болуп саналат. Ал Кыргыз Республикасынын Президентинин «Мамлекеттик жаштар саясатын өнүктүрүү» жөнүндөгү жарлыгынын негизинде түзүлүп, Кыргыз Республикасынын «Билим берүү жөнүндөгү», «Мамлекеттик жаштар саясатынын негиздери жөнүндөгү» мыйзамдарына, ОшМУнун уставына, тарбия концепциясына жана башка нормативдик укуктук актыларга таянып иш жүргүзөт. ОшМУнун жаштар комитети мамлекеттик жаштар саясатын өз компетенциясынын чегинде жүзөгө ашыруучу окуу жайдагы структуралык түзүм болуп эсептелет. Азыркы учурда жаштар комитети студенттер менен жетекчилердин ортосун тыгыз байланыштырган миссияны аркалап, студенттердин кадыр-барктуу уюму катары иш алып барууда. Комитет окуу жайдын 14 жаштан 28 жашка чейинки студенттеринин, окутуучуларынын, аспиранттарынын жана магистранттарынын курамында түзүлөт. Комитет республикалык аткаруу жана жергиликтүү башкаруу органдары, коомдук жана өкмөттүк эмес жаштар уюмдары менен тыгыз байланышта иш алып барат.

Унуверситеттин жаштар комитети тарабынан төмөнкүдөй иш-чаралар жыл сайын ырааттуу өткөрүлүп келүүдө 1. Эң мыкты окуган студенттердин «Ардак тактасын» уюштуруу, жаңылоо; 2. «Билим – мезгил талабы» ОшМУнун отличник студенттеринин слетун өткөрүү, эң мыкты баага окуган студенттерге Окумуштуулар Кеңешинин стипендиясын ыйгаруу; 3. Поэзия кечелери; 4. Жардамга муктаж майып студенттерге социалдык жардам көрсөтүү; 5. ОшМУда жана шаарда ишембиликтерди өткөрүү; 6. Даталуу күндөргө карата белгилүү илим, искусство ишмерлери, ардагерлер менен студенттердин жолугушууларын уюштуруу; 7. Дебаттык командаларды түзүү жана тренингдерди уюштуруу; 8. Мамлекеттик тил күнүнө карата «Кыргыз тили кылымдарды карыткан, эч ким аны өчүрө албайт тарыхтан» аттуу талкууларды уюштуруу; 9. ОшМУнун факультеттер аралык дебаттык таймаштарын өткөрүү; 10. ОшМУнун факультеттер арасында «Брэйн-Ринг» интеллектуалдык таймаштарын өткөрүү; 11. Нооруз майрамына карата «ОшМУ жазы» таланттуу студенттердин фестивалы; 12. «Акыркы коңгуроо» бүтүрүүчүлөр үчүн майрамдык кечелер; 13. ОшМУнун эң мыкты спортчуларынын «Ардак тактасын» уюштуруу; 14. 1-декабрь СПИДге каршы күрөшүү күнүнө карата «Биз каршыбыз» аттуу спорттук иш-чараларды, дискуссия жана жолугушууларды уюштуруу.


ОшМУнун жатаканалары

ОшМУнун 9 жатаканасында жалпы 1870 орун бар. Ош мамлекеттик университетинин жатаканалары негизинен окуу имараттарына жакын жайгашкан. №1,2,3 жатаканаларында медициналык пункт, “Кечки серенада” студенттик радиосунун студиясы, Интернет түйүнү иштейт. Бош убакытта студенттер үчүн эс алуу каанасы, спорттук каана жана окуу залы уюштурулган. Ар бир кабатында экиден газ менен камсыз болгон ашкана, анын ичине нан бышыруучу духовка, гигиена сактоо үчүн атайын бөлмөлөр жана душ бар. №4 “А” жана №4 “Б” жатаканалардын ортосунда 150 орундуу окуу залы, 300 миңден ашуун китеп фонду бар китепкана жана 400 орундуу актылык зал жайгашкан. №6 жатаканада стол теннистик залы уюштурулган. №7, 8 жатаканаларда студенттик ашкана, окуу залдары, эс алуучу бөлмөлөр бар. Жатаканаларда өрт кырсыгы жана өзгөчө кырдаал учурларында пайдалануу үчүн керектүү шаймандар менен толук камсыз болгон. Өрт коопсуздугуна ылайык чаралар көрүлгөн.

Бардык жатаканалардын алдында ден соолукту чындоо үчүн спорттук аянтчалар бар. Аларда волейбол, баскетбол, футбол оюндары боюнча машыгуу жана ойноо үчүн бардык шарттары каралган. Жатаканаларда жашаган студенттердин турмушун жакшыртуу максатында ОшМУнун тарбия департаменти тарабынан атайын иш планы бекитилип, анын негизинде маданий-массалык, спорттук, профилактикалык, коомдук-саясий иш чаралар өткөрүлүп турат. ОшМУнун жатаканаларында жашаган студенттер менен окутуучулардын иш алып баруусу да жакшы жолго коюлган. Ар бир факультетте окутуучуларга жатаканадагы бөлмөлөр бөлүнүп берилген жана окутуучулардын жатаканага нөөмөткө туруу графиги бекитилген. График боюнча окутуучулардын нөөмөткө туруусу үзгүлтүксүз көзөмөлдөнөт. Жатаканалардагы коопсуздукту камсыз кылуу максатында ар бир жатаканада студенттик ыктыярдуу элдик кошуундар уюштурулган. Алар жашоочулардын коопсуздугун камсыз кылуу үчүн ар күнү нөөмөттө турушат. Ар бир жатаканада студенттер үчүн акысыз Wi-Fi иштейт.


ОшМУнун массалык маалымат каражаттары

ОшМУнун “Үмүт” телестудиясы 1999-жылдын 6-майынан тартып эфирге чыгып келе жатат жана окуу жайдын маалыматтарын аудиовидео жазуу түрүндө сактоо (архивдөө) менен алектенип келет. Кыргыз Республикасынын юстиция министрлигинин № 57 күбөлүгүнүн негизинде каттоодон өткөн. Ошол убактан тарта телестудия ОшМУнун бирден-бир маалымат таркатуучу жана болуп өткөн иш чаралардын архивин сактоочу борборуна айланган. Университеттин журналистика бөлүмүнүн студенттери жана башка факультеттердин таланттуу жаштары “Үмүт” телестудиясынан такшалып, тажырыйба топтоп көптөгөн теле алып баруучулар, ишмерлер чыгышкан. Учурда телестудияда штаттык негизде 3 адам иштеп жатат. Журналистика адистигинин студенттери сабактан кийинки бош убактыларын телестудияда материал даярдоо иштери менен алек болушат. Телестудия университетте болгон ар кандай жаңылыктарды, иш чараларды ЭлТР, ОшТВ, Ынтымак, Prime TV телевидениелери аркылуу үзгүлтүксүз чагылдырып турушат. Жумасына чыккан жарым сааттык эфирде «Жаңылыктар», «Дил маек», «Студенттик пикир» дебаттык стилиндеги көрсөтүүлөр даярдалып, анда негизинен болуп өткөн иш чараларда активдүү катышкан студенттер же окутуучулар менен маектерди алып барып турушат. Андан сырткары социалдык роликтер тартылап, YouTube «Ош МУ Үмүт ТВ” каналына жүктөлүүдө. Ал эми университеттин студенттик “Нур” гезити 1992-жылдан бери айына бир жолудан чыгып келе жатат. Анда студенттерге керектүү маалыматтар, пайдалуу макалалар “Нурпресс”, “Акыйкатчы бурчу”, “Биздин поэзия”, “Кыздар кеңеши” сыяктуу рубрикалары бар. Бүгүнкү күндө гезит 3350 нуска менен чыгып, студенттерге, окутуучуларга бекер таратылат.


Ош МУнун тарбия департаменти