Мевлана

Мевлана Алмашуу Программасы

Мевлана алмашуу программасынын максаты бир өлкөнүн ичинде билим берген жогорку окуу жайлары менен чет өлкөдө билим берген жогорку окуу жайлары арасында студенттерди жана окутуучулардын алмашуусун ишке ашыруу. 2011-жылы 23-августта 28034 номерлүү Расмий Газетада жарыяланган жобого ылайык чет өлкөдөгү жана Туркиядагы жогорку окуу жайлары арасында студент жана окутуучуларды алмашуу программасы башталган.

Алмашуу программасына катышууну каалаган студенттер эң аз бир, эң көп эки семестр; ал эми окутуучулар эң аз 1 жума, эң көп 3 айлык мөөнөткө дүйнөдөгү жогорку окуу жайларында сабак берип, программадан пайдалана алышат. Ошол эле мезгилде дүйнөнүн түрдүү булуң бурчтарынан студент жана окутуучулар программанын алкагында Туркиядагы жогорку окуу жайларга келишип, билим алуу жана билим берүү иш-аракеттерине катыша алышат.

Мевлана алмашуу программасынын алкагында протоколго кол коюлган университеттер

Мевлана

Программага аты берилген Мевлананын чыныгы аты-жөнү Мухаммед Желаледдин. Мевлана, азыркы Афганистанга караштуу Хорасан аймагынын Балх шаарында 1207-жылы туулган. Султан Велед, Шемс-и Тебризи жана жакшы көргөн кишилер Мевлана атын колдонушкан, ошондуктан бул ысым аны сыпаттаган универсалдуу символго айланган. Ал эми батыштагылар Мевлананы Руми деп таанышат.

XIII кылымда жашаган, эмгектери менен бүгүнкү күнгө чейин эскерилген суфист Мевлананын “Кел, эмне болсоң бол, кел” саптарында чагылдырылгандай ал кишилердин арасында эч кандай айырма жоктугун жактаган. Мевлана боорукер, кайтарымсыз жана чексиз инсан сүйүүсү менен бирге көлдөй толеранттуулугу аркылуу бир гана ислам дүйнөсүн эле эмес, бүткүл адамзатты таң калтырган. Ал жашоого жана инсандарга көз карашы менен айырмаланган ойчул катары бүткүл дүйнөдө таанылат. ЮНЕСКО Мевлананын туулган күнүнүн 800 жылдыгынын мааракесине карата 2007 жылды Мевлана жана Толеранттуулук Жылы деп жарыялаган.

Мевлана өмүрүндө окуучу жана илимпоз катары өз доорунун түрдүү өлкө жана шаарларындагы жогорку окуу жайлары менен таанышып чыккан. Мевлананын жашоосунда жана философиясында “алмашуу” зор мааниге ээ. Мевлана Месневи , Диван-ы Кебир, Фихи Мафих, Мектубат жана Межалис-и Себа сыяктуу эмгектердин да автору болуп саналат.

Мевлана алмашуу программасы деген эмне ?

Мевлана алмашуу программасы , ө лкө ичинде билим берген жогорку окуу жайлары менен өлкө сыртында билим берген жогорку окуу жайлары арасында окутуучу жана студенттердин алмашуусуна мүмкүнчүлүк берген программа болуп саналат.

2011-жылы 23-августта 28034 номерлүү Расмий Газетада жарыяланган жобого ылайык чет өлкөдөгү жогорку окуу жайлары менен бирге өлкөдөгү жогорку окуу жайлары арасында студенттер жана окутуучулардын алмашуу программасы ишке ашырыла баштаган.

Мевлана программасынын башка программалардан айырмасы белгилүү бир географиялык аймак боюнча иш жүргүзбөйт, тескерисинче программага дүйнөдөг ү баардык жогорку окуу жайлары катыша алат.

Алмашуу программасына катышууну каалаган студенттер минимум бир, максимум эки семестр билим алуу, ал эми окутуучулар минимум 1 жума, максимум 3 айлык мөөнөткө дүйнөдөгү жогорку окуу жайларында сабак берүү укугунан пайдалана алышат. Ошол эле мезгилде дүйнөнүн түрдүү аймактарындагы жогорку окуу жайларындагы студент жана окутуучулар да Туркиядагы каалаган жогорку окуу жайларына келе алышат.

Мевлана алмашуу программасына кимдер катыша алат ?

Мевлана алмашуу программасы протоколуна кол койгон жогорку окуу жайларындагы бакалаврга чейинки, бакалавр, магистратура жана докторантура программаларына расмий түрдө катталган студенттер Мевлана алмашуу программасынан пайдалана алышат.

Ошондой эле Мевлана алмашуу программасы протоколуна кол койгон өлкө ичиндеги жана өлкө сыртындагы жогорку окуу жайларында иштеген баардык окутуучулар Мевлана алмашуу программасына тапшыра алышат.

Программанын алкагындагы мугалимдердин бир жумадагы академиялык иш-аракеттери алты сааттан кем болбошу талап кылынат. Мугалим тарабынан жүргүзүлүүчү иш-аракеттерди саатына карап эсептөөдө сабактар негиз алынат. Өтүлгөн сабактар бир жумада 6 саатты толтурбаган мезгилде семинар, панел жана конференциялар сыяктуу академиялык иш-аракеттерди да сабак менен бирдей баалоого болот. Мугалимдин мобилдүү жеке планында сабак берүү иш-аракети камтылбаса анда Мевлана алмашуу программасынын алкагында бааланбайт жана алмашуу үчүн кабыл алынбайт.

Мевлана алмашуу программасына тапшыруу шарттары

Мевлана алмашуу программасынын студенти болуу үчүн төмөндөгү негизги критерийлерге ээ болуу керек :

- Жогорку окуу жайлардагы даярдоо, бакалавр, магистратура жана докторантура программаларына расмий түрдө катталган студент болуу,

-Бакалаврга чейинки жана бакалаврда окуган студенттердин жалпы академиялык баасынын орточо көрсөткүчү 4 ( төрттүк ) эсептөөдө минимум 2,5 ( эки жарым ) болушу ,

- Магистратура жана докторантура студенттеринин жалпы академиялык баасынын орточо көрсөткүчү 4 ( төрттүк ) эсептөөдө минимум 3 ( үч ) болушу ,

- 50 % тилди билгендиги тууралуу балл + 50% жалпы бааларынын орточо көрсөткүчү

Бакалаврга чейинки жана бакалавр программаларынын даярдоо курсу жана биринчи курсунда окуган студенттер ошондой эле даярдоо курсу жана илимий даярдык этабында билим алып жаткан магистратура жана докторантурадагы студенттер окуп баштаган алгачкы эки жарым жылдык мезгилде Мевлана программасынан пайдалана алышпайт.

Мевлана алмашуу программасынын шарттарын орундаткан киши программага кантип тапшыра алат ?

Студенттер, https://mevlana.yok.gov.tr интернет адресиндеги керектүү формаларды толтуруп, өздөрү окуган жогорку окуу жайдын Мевлана алмашуу программасы координаторлугуна тапшырышат.

Mevlana Değişim Programı Protokolü imzalayan yükseköğretim kurumlarında görev yapan tüm öğretim elemanları da aynı şekilde ilgili Mevlana Değişim Programı kurum koordinasyon ofisine başvurularını yapabilirler.

Мевлана алмашуу программасына кол койгон жогорку окуу жайларында иштеген окутуучулар да студенттер сыяктуу эле жогорку окуу жайдын Мевлана алмашуу программасы координаторлугуна керектүү документтерди тапшыра алышат.

Канча жолу жана канча м өө н ө тк ө Мевлана алмашуу программасынан пайдаланууга болот ?

Студенттер Мевлана алмашуу программасынан минимум бир, максимум эки семестр мөөнөткө пайдалана алышат. Жарым жылдык эсептөө, билим берүү системасы эске алынып саналат жана анда айырма болсо да алмашуу мөөнөтү бир окуу жылынан көп болбойт.

Окутуучулардын Мевлана алмашуу программасынын мобилдүү мөөнөтү, бир окуу жылы ичинде бир жолу жана минимум бир жумадан максимум 3 айга чейин мүмкүн.

Мевлана алмашуу программасынан пайдаланууну каалаган студент бара турган окуу жайына окуу акысы т ө л ө йб ү ?

Студенттер Мевлана алмашуу программасы студенти болгон мезгилде өздөрү катталган жогорку окуу жайларына милдетүү түрдөгү төлөмдүн тиешелүү бөлүгүн же окуу акысын төлөөнү улантышат. Ал эми алмашуу программасынын алкагында бара турган жогорку окуу жайына өзүнчө окуу акысын төлөшпөйт.

Мевлана программасына катышкан студент семестр жоготобу ?

Мевлана алмашуу программасына катышып, башка өлкөдө билим алган студенттин башка окуу жайында алган сабактары окуу протоколунда кайсы сабактарга туура келээри ачык көрсөтүлгөндүгүнөн улам студент өз өлкөсүнө кайтып келгенден кийин эч кандай семестр жоготпойт.

Мевлана алмашуу программасынын стипендиялары : Студенттер тууралуу жагдайлар

Мевлана алмашуу программасына катышкан студент, программадан пайдаланып жаткан мезгилде алган стипендиялары жана кредиттери улантылат. Ошондой эле өзүнүн жогорку окуу жайына каттоосун жасатып, төлөөгө милдеттенген төлөмдүн тиешелүү бөлүгүн / окуу акысын өзүнүн окуу жайына төлөөнү улантат жана бара турган жогорку окуу жайына өзүнчө окуу акысын төлөбөйт.

Студенттерге алмашуу программасына катышкан мезгилде төлөнө турган стипендиянын өлчөмү, студент билим алуу үчүн бара турган өлкөнүн экономикалык жашоо стандартына карата айырмаланат. Мевлана алмашуу программасы алкагында Мевлана алмашуу программасынын студентине 5102 номерлүү жогорку билим алган студенттерге стипендия, кредит берүү тууралуу мыйзамга ылайык бакалаврда билим алган студенттерге төлөнө турган айлык стипендия өлчөмүнүн 3 эсесине чейин Туркия Республикасынын Жогорку Билим Берүү Комиссиясынын Аткаруу Кеңеши тарабынан белгиленген өлчөмдө стипендия төлөнөт.

Алмашуу программасынын алкагында дүйнөнүн ар жериндеги аймактардан башка жактагы жогорку окуу жайларына келген студенттерге Туркия Республикасынын Жогорку Билим Берүү Комиссиясынын Аткаруу Кеңеши тарабынан белгиленген өлчөмдө стипендия төлөнөт.

Студенттерге бериле турган төлөмдөрдө, стипендиянын 70%ы ай сайын төлөнөт. Студенттин калган стипендиясы төлөнүп берилип жатканда студенттин жетишкендик менен окуган милдетүү сабактары жана ал сабактардын жалпы кредитинин милдетүү түрдө алышы керек болгон жалпы сабактардын жалпы кредитине пропорциясы эске алынат.

Мевлана алмашуу программасынын стипендиялары : Окутуучулар тууралуу жагдайлар

Мевлана алмашуу программасынын алкагында чет өлкөгө чыга турган окутуучуларга 6245 номерлүү эмгек акы мыйзамынын талаптарына жараша , ал эми чет өлкөдөн келе турган окутуучуларга 6245 номерлүү мыйзамга ылайык акы жана 2547 номерлүү мыйзамдын 10-пункту боюнча кошумча сабак акысы төлөнөт. Кошумча сабак акысынын өлчөмүн өлкөлөргө жана окутуучулардын статусуна карата Туркия Республикасынын Жогорку Билим Берүү Комиссиясынын Аткаруу Кеңеши аныктайт.