Жаңылыктар Архив

КАФЕДРА ЖӨНҮНДӨ

«Табигый илимдер жана математика» кафедрасы


1. Кафедранын тарыхы


2015-жылдын 29-августунда ОшМУнун Окумуштуулар Кеңешинин чечими менен Эл аралык медицина факультети ачылган.
Факультеттин курамында «Фундаменталдык теориялык дисциплиналар жана клиникалык дисциплиналар» кафедралары түзүлгөн. «Фундаменталдык жана теориялык дисциплиналар» кафедрасынын башчысы болуп химия илимдеринин кандидаты, доцент Нишанов Абдумалик Алимович дайындалган.
«Фундаменталдык жана теориялык дисциплиналар» кафедрасында профессордук-окумуштуулук курамында 6 профессор, 10дон ашык илимдин кандидаты, 40тан ашык улук окутуучу, 35 окутуучу, 10 ассистент окутуучу, 1 улук лаборант, 1 лаборант жалпы 98 окутуучу эмгектенет.
Кафедрада химия, физика, математика жана информатика, биохимия, анатомия, гистология, микробиология, биология, нормалдуу физиология, оперативдүү хирургия жана башка медициналык дисциплиналар окутулган. Кафедрада окутуунун жаңы технологиясы кеңири колдонулуп, циклдик окуу, компьютердик усулдагы окутуу, тестирлөө болуп эсептелет. Кафедрада илимий чыгармачылык иштерди жүргүзүүгө чоң мүнкүнчүлүктөр түзүлгөн.
Ошол мезгилде студентердин илимий-изилдөө иштерин жүргүзгөнгө жаңы лабораториялар түзүлгөн. Өндүрүштүк практикалар Ош шаарындагы ооруканалардын базасында өтүп келген. Чет элдик жогорку окуу жайлары менен эл аралык байланыштарды жүргүзүүгө, тажрыйба алмашууга мүнкүнчүлүктөр түзүлгөн.
Бир жылдан кийин кафедра экиге «Табигый-гуманитардык дисциплиналар» жана «Морфологиялык дисциплиналар» болуп бөлүнгөн. 2017-жылдын июль айында ОшМУнун Окумуштуулар кеңешинин чечими менен Эл аралык медицина факультетинин табигый-гумантардык дисциплиналар кафедрасы эки кафедра болуп бөлүнгөндүгүнө байланыштуу «Табигый илимдер жана математика» кафедрасы түзүлгөн. (6-июль, 2017-жыл, №8 протокол). 2017-жылдын август айында кафедра башчысынын милдетин аткаруучу кызматына химия илимдеринин кандидаты, доцент Нишанов А.А. дайындалган.
Ал эми 2018-жылдын июнь айынан тартып конкурстук шайлоонун негизинде кафедра башчысы болуп физика-математика илимдеринин доктору, профессор Курбаналиев Абдикерим Ырысбаевич шайланган. Учурда кафедраны жетектеп келүүдө.

2. Кафедранын миссиясы:


ОшМУнун миссиясынын негизинде заманбап билим берүүнү камсыздоо менен компетенттүүлүктү жогорулатуу, студенттерде адептик, илимий жана маданий баалуулуктарды калыптандыруу;

3. Кафедранын структурасы


Азыркы учурда Табигый илимдер жана математика кафедрасынын профессордук-окутуучулук курамында 14 кызматкер эмгектенет; 1 профессор, 4 илимдин кандидаты, 6 окутуучу, 2 улук лаборант жана 1 лаборант. Кафедрада окуу-процессин комплекстүү жүргүзүү максатында биохимия, химия, биология жана физика дисциплиналары боюнча лабораториялар түзүлгөн. Окутулуучу предметтер боюнча илимий кружоктор уюштурулган.

4. Учурдагы негизги ишмердүүлүк багыттары


Табигый илимдер жана математика кафедрасы базалык б.а. математика жана табигый, профессионалдык циклдеги дисциплиналар боюнча студенттерге заманбап билим берүү менен сапаттык кепилдигин камсыздайт.
2017-2018-окуу жылында кафедра жалпы жана клиникалык биохимия, жалпы химия, физика, биология, медицинада колдонуучу аспаптарды окутуу дисциплиналар окутууну тейлейт.
Ал эми 2018-2019-окуу жылынан тартып факультет окуу мөөнөтү 5 жылдыкка өткөндүгүнө байланыштуу кээ бир дисциплиналар студенттердин тандоосу менен тандалып, талапка ылайык медициналык аппараттарды окуп үйрөнүү дисциплинасы окутулууда.

5. Кафедранын максаттары:


-Инновациялык методдордун негизинде сабаттуу лекция, практика, лабораториялык жана семинардык сабактарды өтүү;
-Студенттер менен биргеликте факультеттин, университеттин денгээлинде коомдук, тарбиялык иштерге активдүү катышуу;
-Окуу процессин сапатын көтөрүү максатында техникалык окуу каражаттарды, электрондук китептер менен камсыз кылуу;
-Жаш окутуучулардын арасында тажрыйбалуу окутуучулардын илимий педагогикалык чеберчилигин жайылтуу;
-Заманбап илимий изилдөө лабораторияларын түзүү менен актуалдуу илимий техникалык маселерди чечүү.