Музей
2012-жылы 27-февралда ОшМУнун ректору К.А. Исаковдун демилгеси менен окуу жайдын башкы имаратында университеттин тарыхый музейи ачылган. Музей заманбап жасалгалоо ыкмаларында жасалып, университеттин 1939-жылдан берки басып өткөн бай тарыхы, Ош шаарында университеттин факультеттеринин жайгашуусуy көрсөткөн шаардын картасы да камтылган.
Ошондой эле ОшМУнун окуу имараттарын көрсөткөн макеттер, факультеттер жана эл аралык байланыштары жөнүндөгү маалыматтар, окуу жайдын окумуштууларынын илимий эмгектери, ректор К.Исаковго чет өлкөлүктөрдөн берилген эстелик белектер да жайгаштырылган.
ОшМУнун музейинде улуттук нарк-насилди көрсөтүү, мекенчил сезимди күчөтүү максатында Кыргызстандын эң кооз, ыйык жерлери, саясий жана маданий лидерлер жөнүндөгү маалыматтар да бар.
Музейдин электрондук мониторлорунан окуу жайдын окумуштуулары, сыймыктуу бүтүрүүчүлөрү, мамлекеттик сыйлык ээлери жөнүндөгү маалыматтар берилип турат. ОшМУнун студенттеринин спорттун түрлөрү боюнча дүйнөлүк аренага алып чыгып жеңишке жетишкендигин тастыктаган грамота, медал жана кубоктор бар.
“Өмүр бизден өтүп кетсе, эл эмгектен эскерсин” демекчи Ош мамлекеттик университетине өмүрүн арнап, салым кошкон окумуштуу-аалымдардын, кызматкерлердин жасаган эмгектери, иштери сүрөттөр аркылуу берилген. Учурда музей жаңы экспонаттар менен толукталып келет.