Жаңылыктар Архив

409 18:47 09-03-2020

goga loh

Жаңылыктар

Жаштар комитети тарабынан өткөрүлгөн иш чаралар .

1. 23-сентябр “кыргыз тили” майрамына карата Физика-техника факультетинин студенттери жана кыргыз тил мугалимдери менен биргеликте “Эне тилинин билбеген элин сүйүп жарытпайт” аттуу темада жогорку деңгээлде иш-чара болуп өттү.

2. Октябрь айынын биринчи жумасында дүйнөлүк карылар күнүнө карата ФТФ,МИТ жана Кыргыз Европа факультеттеринин жаштар комитеттери ,студенттер менен биргеликте Ош шаарындагы “Боорукерлик “ карыялар үйүнө көптөгөн белек-бечкектер менен,концерттик программалар менен барып,баарынын маанайларын көтөрүп,кызуу куттуктап .ак баталарын алып келишти.

3. Октябрь айынын бешинчи күнү мугалимдердин кесиптик майрамы менен ФТФнин жаштар комитети тарабынан уюштурулуп ,студенттер баары биргеликте мугалимдерди эртең менен дарбаза астында ырдап, белектер менен мугалимдерди кызуу куттуктап маанайларын көтөрүп тосуп алышты.

4 .Ноябрь айынын онунда бүткүл дүйнөлүк жаштар күнүнө карата 17 ноябрь студенттердин майрамына карата ОшМУнун тарбия департаменти жана жаштар комитети тарабынан уюштурулган факультеттер аралык студенттик шайыр тапкычтар клубунун ШТК(КВН) таймашына факультетибизден чыккан мыкты делген командалар өз өнөрлөрүн көрсөтүштү.

5. Ноябрь айынын он үчүндө факультетибиздин ичинде студенттерди илим билимге үндөө максатында брейн-ринг оюну болуп өтүү. Ошол учурда эң алдынкы оюн көрсөткөн эки команданы тандап, Ош МУнун факультеттери арасында брейн-ринг оюунуна жолдомо алышты .

6. Ноябрь айынын он төртүндө ОшМУнун факультеттери арасында брейн-ринг оюну болуп өттү. Физика- техника факультетинен чыккан ЭСб-1-16 командасы алдыңкы орундарга жетишип, кийинки боло турган финалдык беттешке жолдонмо алышты .

7. Ноябрь айынын жыйырма биринде физика-техника факультетинде 1-курстун студенттерин студентикке кабыл алуу аземи болуп өттү.Кабыл алуу аземи учурунда студенттерибизге, бүтүүрүчү курстун студенттери өздөрүнүн каалоо-тилектерин айтышып зачеттук китепчелери тапшырылды.

8. 3-декабрь ФТФда ден-соолугу чектелген студенттерге кайрымдуулук акциясы болуп отту.

9. Физика-техника факультетинде 22-декабрь КМШ өлкөлөрүндө энергетика күнү белгиленди.Энергетика күнүнө карата чакан майрамдык кече студенттер тарабынан уюштурулду.Ошол эле учурда Ош шаарындагы электр тармагында иштеген жетекчилер келип студенттерди кызуу куттуктап өздөрүнүн ардак грамоталарын тапшырып , концерттик программаларга күбө болуп кетишти.

10. Физика-техника факультетинде ден-соолугу чектелген адамдарга кайрымдуулук акциясы болуп өттү.

11. Физика-техника факультетинде корупсияга каршы тегерек стол болуп өттү.Жыйынга RAM уюмунун өкүлдөрү, жаштар комитети жана акыйкатчы апараттын төрагасы ,профсоюздун төрайымы , структура жамааты старосталар жана активистер келип катышып беришти .

12. 28-декабрь Ош шаарынын мэриясы тарабынан уюштурулган жаңы жылдык кечеде ФТФнын студенти Ражапов Замирбек жылдын “Жаш ойлоп табуучусу” номинациясына ээ болду.

13. ФТФда 5-февраль күнү коомчулук ортосунда студенттерди окуууга кызыгуусун арттыруу максатында дебат оюну болуп өттү.

14. ФТФ да 5-март Ак калпак күнү жогорку денгээлде белгиленип, чоң масштабдагы студенттердин катышуусунда “Ак калпагыбызды”, окуган окуу жайыбызды даназалаган видео ролик тартылды.

15. 8- март “Айымдардын эл аралык” майрамы менен ФТФнын студенттери эжекелерди сабак өтүп жаткан аудиторияларына кирип,студент кыздарды кошо айымдарга арналган гулдор, жана куттуктоо баракчаларын берип, маанайларын көтөрүп кызуу куттуктап чыгышты.

16. 17-мартта физика-техника факультетинде “Брейн-ринг» болуп өттү.

17. ФТФда 1-курстар арасында достукту чыңдоо максатында фудбол оюну болуп өттү. Жыйынтыгында 1-орунду алган команда факультеттер аралык боло турган оюнга жолдомо алышты.

19. 21-март күнү Ош Мамлекеттик университетинде “Нооруз” майрамына карата ар түрдүү улуттук оюн-зооктор уюштурулуп, ФТФнын студенттери активдүү катышышты.

20. 8-апрель күнү ФТФда шаарды көртөндүрүү максатында ишенбилик күнү болуп өттү.

21. 17-апрель күнү Кыргызстандын залкар жазуучусу Чыңгыз Төрөкулович Айтматовдун 90 жылдыгына карата ФТФда “Брейн-ринг” болуп өттү.

22. ФТФда 1 курстан 4- курска чейинки студенттердин ортосунда достукту чыңдоо, беемдөө максатында балдар арасында фудбол оюуну болуп өттү.

23. 9-май Улуу ата-мекендик жеңиш күнү Ош шаарындагы борбордук аянтта ФТФнын студенттери “Ардагерлерди” эскерип жөө жүрүштөн өттүү.

24. ФТФда 22-май күнү окууда жана коомдук, маданий-массалык иштерде активдүү катышкан студенттерди балоо максатында “Жыл жыйынтыгы” жана “Бүтүрүүчүлөр кечеси” уюштурулду.