Илим
 

Описание: тугол1 ФИЗИКА-ТЕХНИКА ФАКУЛЬТЕТИНИН

МАГИСТРАТУРА БӨЛҮМҮ

ФТФнын магистратура бөлүмүнүн башчысы, техника илимдеринин к андидаты Матисаков Т ү г ө лбай Кубатбаевич

Магистратура – бул жогорку профессионалдык билим берүүнүн бакалаврдан кийинки окулуучу экинчи деңгээли болуп эсептелет. магистратурада билим алуу адистешкен багыт боюнча профессионалдык терең билим алып, илим изилдөөгө шарт түзмөкчү. Магистратураны аяктагандан кийин магистрантар «Магистр» академиялык даражасына ээ болот.

Бүгүнкү күндө физика-техника факультеттинде негизинен эки багыт боюнча магистрлер даярдалат 510400 физика багытынын программа жетекчиси физика-математика илимдеринин доктору, профессор Арапов Байыш Арапович жана 550200 физика-математикалык билим берүү (физика) багытын педагогика илимдеринин кандидаты Оморалиева Зумират Исмаилова иш алып барып келүүдө.

Магистратурада окуунун артыкчылыктары:

- физика жана физика-математикалык билим берүү багытында тереңдетилген билим алууга;

- физика багытында илимий-изилдөөчүлүк иши менен алектенүү мүмкүнчүлүгү;

- магистрдик диссертация жазуу келечекте PhD докторантурада окууга негизги база боло алат;

-магистрдик диплом – бул илимий карьеранын башаты гана эмес, жетекчилик кызматтарга жана престиждүү жумушка орношуу.


Магистрдик окуунун мөөнөтү: Магистр даражасын алуу программасынын нормативдик мөөнөтү – 2 жыл (күндүзгү формада жана окутуунун дистантык технологиясын колдонуу менен ишке ашырылат). Магистратурага тапшыруу үчүн абитуриент тиешелүү багыт боюнча бакалавр академиялык даражасы же тектеш адистик боюнча адис квалификациясы ыйгарылган жогорку кесиптик билимге ээ болуусу зарыл.

 
    Факультеттин профессордук-окутуучулук курамы төмөндөгүдөй багыттар боюнча илим-изилдөө иштерин жүргүзүшөт.
      Жалпы физика жана физиканы окутуунун усулу кафедрасында эки багытта илим изилдөө иши жүргүзүлөт. Орто мектептердин физика жана университеттердин жалпы физика курстарынын мазмунун, структурасын жана аларды окуп үйрөнүүнүн усулдарын өркүндөтүү багытында. Аткаруучулар: доценттер З.И.Оморалиева, Р.Н. Халиуллин, М.П.Папиев, М.М.Жуманова, ага окутуучулар М.Курбаналиев, А.Эгемназарова, аспиранттар, изденүүчүлөр.
      ЭТФ кафедрасында илим-изилдөө иштери 2 багытта жүргүзүлөт. «Кыргызстандын минералдык-сырьелук ресурстарынын негизинде наноструктуралык жана радиацияга туруктуу материалдарды жаратуу» аттуу тема министрлик тарабынан каржыланат. Илимий жетекчиси ф.-м.и.д., профессор Б.Арапов. Аткаруучулар: доценттер Ж.Эгембердиев, А.С.Усаров, М.Осконбаев, К.Д.Ташкулов ж.б. Проф. Б.Араповдун жетекчилиги менен докторлук (Осмоналиев К.-1999, Таиров М.-2001, Ташполотов Ы.-2004, Кенжаев И.Г.-2009) жана кандидаттык (Өскөнбаев М.-1996, Авилов А.-2000, Алтымышов А.-2003, Арапов Т.-2004, Кадыров К.-2005, Өмүрбекова Г.К.-2008, Садырова М.М.-2009, Кошуев А.-2011, Ташкулов К.-2011, Каденова Б.-2014) диссертациялар корголду. Илимий лабораториянын базасында 4 эл аралык илимий конференция өткөрүлүп, изилдөө иштеринин жыйынтыктары эл аралык союздук, республикалык жана регионалдык илимий конференцияларда талкууланып, чет өлкөлүк жана республикалык илимий журналдарда 350 дөн ашуун илимий макалалар, 8 илимий монография жарыкка чыгып, 3 патент 5 автордук күбөлүк алынган. “Жаратылыш ресурстарынын негизинде электромагниттик жана радиациялык нурлардан экрандоочу наноструктуралык композициялык материалдардын илимий-технологиялык негиздерин түзүү” темасынын илимий жетекчиси ф-м.и.д., профессор Ы.Ташполотов. Аткаруучулар: доценттер Э.Садыков, Т. Матисаков.
             Энергетика жана Автоунаа кафедрасынын кызматкерлери биргеликте «Жаңыланып туруучу энергиянын жана энергияны үнөмдөөчү технологиялардын негизинде иштөөчү автономдук энергетикалык түзүлүштөр». Илимий жетекчиси: т.и.д. профессор И. Кенжаев. Аткаруучулар: доценттер З.Ш.Айдарбеков, Ж.Ж.Турсунбаев, С.К.Султанов ж.б. Азыркы учурда доцент З.Ш.Айдарбеков окутуучулар жана студенттер менен ПРООНдун “Чакан ГЭСтерди өнүктүрүү”, Европалык реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын (ЕБРР) “Бизнес кеңеш кызматтары (БАС)” программаларынын алкагында күн, биогаз орнотмолору, микроГЭСтер жана энергия үнөмдөөчү технологиялары боюнча илимий-изилдөө иштерин жүргүзүп, Кыргызстандын 5 областынын айыл жерлеринде жана тоолуу аймактарында аларды өндүрүшкө киргизип жатышат.

Мамбетакунов Эсенбек Мамбетакунович – педагогика илимдеринин доктору (13.00.01: 13.00.02) 204- окуу лабороториясында өзүнүн окумуштуу изденүүчүлөрү менен.





Физика – техника факультети Ош областтык мугалимдердин билимин өркүндөтүү институтуна келген мугалимдери менен тыгыз байланышта.






Физика – техника факультети Ош областтык мугалимдердин билимин өркүндөтүү институтуна келген мугалимдери менен тыгыз байланышта.