Жаңылыктар Архив

Алгебра жана геометрия
Бакалавриат


       2022-жылдын 30-май күнү ОшМУнун Математика жана информациялык технологиялар факультетинде “Канча тил билсен-ошончо адамсын” деген аталыштагы студенттер үчүн мотивациялык жолугушуу өткөрүлдү.
Жолугушуунун коногу алгебра жана геометрия кафедрасынын профессору, КРдин УИАнын корреспондент-мүчөсү, ф.-м.и.д, профессор Гулбадан Матиева жана ИСП кафедрасынын профессору ф.-м.и.д, профессор Адахимжан Сопуевдер болушту. r> Жолугушууга окуу жайдын студенттик коомчулук менен иштөө боюнча проректору Жылдыз Артыкова, Математика жана информациялык технологиялар факультетинин профессордук-окутуучулук жамааты, студенттер катышты.
Профессор Гулбадан Матиева: “Эгерде сен өз эне тилиңди мыкты билсең, башка тилди да ошол деңгээлге жеткиресин. Эң алгач өз эне тилиңерди, каада-салт, үрп-адатыңарды билгиле, анан башка тилди үйрөнгүлө. Бир саат мурунку сен менен бир саат кийинки сенин айырмасы болуш керек. Дайыма умтулуп, жаңы билимдерди алгыла”, -деген кеңештерин айтып, студенттерди билимдүү, илимдүү, тарбиялуу болууга чакырды.
Ал эми профессор Адахимжан Сопуев тил билүү бул ийгиликтин ачкычы экендигин белгиледи.
Студенттер конокторго суроолорун узатып, жоопторду алышты.
Жолугушуунун алкагында "Жигер" чыгарамчылык жаштар борборунун сахналык көрүнүшү көрсөтүлүп, музыкалык чыгармалар жаңырды.
Иш-чара факультеттин деканын эл аралык байланыштар боюнча орун басары Гулмира Шамшиева тарабынан демилгеленип уюштурулду.                   


2022-жылдын 26-майында алгебра жана геометрия кафедрасынын демилгеси менен МИТ факультетинин кафедралары Кара-Суу районунун Шабы Жумаев атындагы мектептин бүтүрүүчүлөрүнө кесипке багыттоо боюнча иштерин өткөрүп, факультеттин бардык адистиктери боюнча кеңири маалыматтарды беришти. Окуучуларга факультеттин компьютердик борбору, ОшМУнуну музейи менен тааныштырды. Андан сырткары ОшМУнун индусталдык-педагогикалык колледжинин дирекциясы менен дагы жолугушууну уюштуруп берди.


Кафедранын доценти Т.М. Папиева, эл аралык медицина факультетинин профессорлору Р.К. Калматов, Ж.К. Муратов, доценттери А.А. Момунова, Ж.Б. Иметовалар менен биргеликте 2022-жылдын 8-14-май күндөрү Литва Республикасынын Гедеминас атындагы Вильнюс техникалык университетинде жана 16-22-май күндөрү Германия мамлекетинин Гамбург прикладдык илимдер университетинде ERASMUS+ DERECKA эл аралык долбоорду ишке ашыруу алкагында, PhD докторантураны өнүктүрүү этаптарын жана алдыдагы максаттары талкуулоо максатында жумуш иш-сапарына барып келишти. Семинар-тренингдерде PhD докторантураны өнүктүрүү боюнча маселелер каралып, бир нече пайдалуу маалыматтар алынды.


2019-жылдын 5-декабрдында саат 14:00до кафедранын профессору, физика-математика илимдеринин доктору, профессор Г. Матиева алгебра жана геометрия кафедрасынын “Чыгармачыл өнөрканасынын” мүчөлөрүнө жана “Математика” магистрдик программасынын магистранттарына “Системалык ой жүгүртүү жана Блумдун таксономиясы” аттуу cеминар-тренинг өтүлдү.

Баарыңыздар катышууңуздар абзел!


Жашоо эки нерсе:

математиканы үйрөнүү жана аны окутуу менен көркүнө чыгат

(Симеон Дени Пуассон )