Отчет

https://youtu.be/vLmvScTI1iw

Ош мамлекеттик университети

Жаштар кеңеши

ОшМУнун жаштар кеңешинин 2020-2021-окуу жылынын сентябрь айынан баштап Бектурсун Орозали уулу жетектеп келүүдө.

Төраганын жетектөөсүндө жаштар кеңешине жүктөлгөн милдеттердин жана тапшырмалардын аткарылышы жоболорго ылайык координацияланып, иштелип чыккан функцияналдык милдеттер жана укуктар жөнүндөгү жобонун негизинде иш алып барылды.

Университеттин факультеттердеги, колледждердеги жаштар кеңешинин өкүлдөрүн, актив-мүчөлөрүн (орун басары жана сектор башчыларын) кызматка дайындап, окуу жылына карата пландалган иш пландарын бекитти.

14-октябрда Жаштар кеңешинин сайты түзүлдү.

10-ноябрда “ОшМУдан кат” теледолбоору ишке кирди.

12-ноябрда онлайн тест уюштурулду. Биринчи орунду Асылбек кызы Ханзаада, экинчи орунду Темур кызы Акылай МИТ факультетинин студенттери ээлешти. Үчүнчү орунду ДТжМ факультетинин колледжинин студенти Исабаева Айгерим камсыздады. Жеңүүчүлөр баалуу белектер, сертификат жана дипломдор менен сыйланышты.

17-ноябрда “Студентттер күнүнө” карата “ОшМУдан кат” теледолбоорунун биринчи чыгарылышы тартылды. Конокто ЧТжТ факультетинин 4-курсунун студенти Заидов Азирет жана анын ата-энеси болушту.

20-ноябрь күнү ОшМУнун жалпы биринчи курстарына ОшМУ жөнүндө маалымат берүү үчүн онлайн конференция уюштурулду. 600гө жакын студенттер катышып, суроолоруна жооп ала алышты.

2-Декбарь күнү “ОшМУ студенттерге” аталышындагы долбоорубуз ишке ашты.

15-декабрда “Жаш илимпоз” аталышындагы долбоорубуз ишке кирди.

3-февраль күнү ОшМУнун жаштар кеңешинин окуу ачылгандан кийинки биринчи жыйыны болуп өттү. 2020-2021-окуу жылына карата иш пландарды, жаңы долбоорлорду жана сайтты талкууладык.

9-февраль күнү “ОшМУ студенттерге” аталышындагы долбоорубуздун негизинде КФжЖ факультети, Орус филологиясы факультети, ЧТжТ факультети, Кыргыз-Европа факультетинин студенттери студенттик профилакторияга путевка алышты.

9-февраль күнү Ош шаардык жаштар иштери боюнча комитетинин алдында уюштурулган 5 долбоордун биринчисин ОшМУнун жаштар кеңеши долбоор жазып утуп алды.

11- февраль күнү “ОшМУдан кат” теледолбоорубуздун 2-чыгарылышы тартылып. Бул чыгарылышка КФжЖ факультетинин студенти Абиев Кадыр жана анын ата-энесин конокко чакырылды.

19-февраль күнү ОшМУнун факультет, колледждер арасында акыл таймаш уюштурулду. Жеңүүчүлөр дипломдор менен сыйланышты. Биринчи орунду Турдубаева Мадина, экинчи орунду Абсамат уулу Исхак, үчүнчү орунду Кеңешбек кызы Уулкан камсыздашты. Ош шаардык жаштар иштери боюнча комитети тарабынан жеңүүчүлөргө: биринчи орун 3000, экинчи орун 2000, үчүнчү орунга 1000 сом акчалай сыйлактар тапшырылды.

23-февраль күнү Ош шаарындагы ЖОЖдор арасында спорттун 7 түрү боюнча мелдеш уюштурулду. Жеңүүчүлөр кулакчын, кол саат, китеп жана диплом, медалдар менен сыйланышты.

25-февраль күнү КРдин Өкмөтүнүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдураимов Жарасул Осмоналиевич жана Ош мамлекеттик университетинин ректору Кожобеков Кудайберди Гапаралиевичтин студенттер менен жолугушуусу болуп өттү.

1-мартта ОшМУнун сыймыктуу бүтүрүүчүсү, КРдин билим берүүсүнүн мыктысы, "Кыргыз тили" мамлекеттик төш белгисинин ээси, Казакстандагы Назарбаев университетинин профессору ШАМАТОВ ДYЙШӨН АЛИЕВИЧ менен "ЗАМАНБАП ПЕДАГОГ: КЕЧЭЭ, БYГYН ЖАНА ЭРТЕҢ" аттуу теманын негизинде он-лайн семинар уюштурулду.

10-мартта ОшМУнун факультет, колледждери арасында “Шайыр тапкычтар оюну” ректордун кубогу уюштурулду. Биринчи орунду Кыргыз-Түрк факультетинин командасы, экинчи орунду МИТ факультетинин командасы, үчүнчү орунду ИПКнын командасы камсыздады. Биринчи орунга 15000 сом, экинчи орунга 12000 сом , үчүну орунга 9000 сом акчалай сыйлыктар тапшырылды.

12-мартта "ЗАМАНБАП ПЕДАГОГ: КЕЧЭЭ, БYГYН жана ЭРТЕҢ"* аталышындагы КРдин билим берүүсүнүн мыктысы, педагогика илимдеринин кандидаты, доцент БАЙТИКОВА БАКТЫГYЛ БАТЫРБЕКОВНАНЫН илимий-методикалык семинары болуп өттү. Семинар онлайн зуум программасында уюштурулду.

16-март күнү ОшМУнун ректору менен жаштар кеңешинин жалпы мүчөлөрүнүн жолугушуусу болду. Ага бардык факультет, колледждердеги жаштар кеңеишинин өкүлдөрү катышышты.

8-апрель күнү факультет, колледждер арасында ай сайын өтүүчү акыл таймаш уюштурулду.

19-апрель күнү алгачкы жолу жаштар кеңеши тарабынан “Жаштар жана руханий – интеллектуалдык өнүгүү” аталышындагы илимий конференция уюштурулду. Бул иш-чара онлайн жана офлайн форматтарында болуп, бир жумага уланды. Ага көрүнүктүү илимпоз агай-эжекелерибиз катышып, жаштарга кеп-кеңешин беришти.

7-май күнү ОшМУнун мектеп-гимназиялары арасында аскерге чейинки даярдык сабагы боюнча мелдеш уюштурулду. Катышуучулар баалуу белектер, грамота жана ыраазычылык баракчалары менен сыйланышты.

15-май күнү “Ачык эшиктер” күнү уюштурулду. Уюштуруу иштеринде жаштар кеңешинин активдүү студенттери жардам көрсөтүштү.

17-май “Эн мыкты студенттик долбоор” аталышындагы сынактын жобосу иштелип чыкты.

20-май күнү 2020-2021-окуу жылында окууда жана коомдук, маданий уюштуруу иштеринде, түрдүү конкурстарда алдыңкы көрсөтүчтөрдү багындырган студенттердин мектептерине ыраазычылык баракчалар жиберилди.

28-май күнү Ош шаардык жаштар иштери боюнча комитети менен биргеликте “Адеп сабагы” болуп өттү.

31-май күнү факультет, колледждердеги эң алдыңкы студенттерине Окумуштуулар кеңешинин стипендиясы тапшырылды.

Быйылкы окуу жылында жаштардын ар тараптуу өнүгүүсү үчүн мамлекеттик, жеке жана коммерциялык ишкерлер ошондой эле эл аралык уюмдар менен биргеликте социалдык программалар, долбоорлор иштелип чыкты. Долбоорлордун жалпы жалпы фонду 800,000 сомдон ашык акча каражатын камтып, долбоорлор студенттерди илимий макала жазууга, өзгөчө идеяларды ишке ашырууга, китеп окууга кызыктыруу максатын көздөйт.

Факультеттер арасында, окуу жайлар арасында конкурс, илимий-практикалык конференциялар, акыл таймаштар, жолугушуулар, лекциялар, китеп окуу конкурстары, маданий-массалык жана спорттук иш-чаралар ырааттуу түрдө уюштурулду. Ушул эле иш-чаралар ар бир факультет, колледждерде жаштар кеңешинин өкүлдөрү тарабынан тынымсыз өткөрүлүп жатты. Билгилей кетчү нерсе, ай сайын өткөрүлүп туруучу акылтаймаштын жеңүүчүлөрү Ош облустук билим, илим кызматкерлеринин профсоюз комитети тарабынан эс алуу жайларына жолдомолор менен сыйланышты.

№1 долбоор

“ОшМУдан кат” теледолбоору

Ø Долбоордун максаты:

Ø Ийгиликтуу студенттерди коомчулукка тааныштыруу;

Ø Мектеп жашынан баштап эле активдүү студент жашоо образына калыптандыруу;

Ø Ийгиликтуу студенттердин эли-жерине, ата-энесине жана бир тууган, досторуна болгон мамилесин, сүйүүсүн, о.э., ийгиликке жеткен студенттин ата-энесинин кубанычын, эне мээримин жана кубанычтан жаралган ыйды, бактылуу үй-бүлө аурасын, ичтеги ыраазычылыкты жана жүрөк толкундаткан кубанычты телестудияда жалпы окуучу, студенттер менен бөлүшүү:

Ø Кимдер катыша алат?

Негизинен ОшМУнун бардык ийгиликтүү студенттери («Президенттик» стипендиянын, «Атуулдук» стипендиянын жана «Окумуштуулар кенешинин» стипендиясын багындырган студенттер. О.Э., түрдүү конкурс, олимпиадалардын женүүчүлөрү) катыша алат. Долбоордун иштөө мүмкүнчүлүгүнө карап, шаардык деңгээлге чейин чыга алат.

№2 долбоор

“ОшМУ студенттерге” долбоору

«ОшМУ студенттерге»

“ОшМУ студенттерге” аталышындагы долбоорубуз жалпы окуу жайыбыздын студенттерин мыкты кесипкөйлүүлүккө үндөп, аларды билим алууга шыктандырып, студенттер арасында досукту бекемдөө максатынтарын көздөйт. Бул долбоордун иштөөсү менен окуу жылы ичинде 80 студентибиз окуудагы жетишкендиги, коомдук иштердеги аракети үчүн студенттик профилакторияга акысыз 20 күндүк жолдомого ээ боло алат.

№3 долбоор

“Жаш илимпоз” сынагы

“Жаш илимпоз” сынагы

“Жаш илимпоз” аталышындагы долбоор-сынак ОшМУнун күндүзгү окуу бөлүмүндө окуган студенттери арасында жүргүзүлөт. Мезгилдик басылмалардан жарык көргөн илимий жана публицистикалык макалалары менен илимий-изилдөө иштерине жигердүү катышкан студенттер бул конкурска катыша алат.

* Сынактын максаттары:

ü Курстук долбоорлорду, реферат, квалификациялык жумуштарды жана илимий-публицистикалык макалаларды жогорку деңгээлде жазууну студентер арасында жайылтуу;

ü Студенттерди тандаган кесибине жана ошол тармак боюнча илимий изилдөөлөргө кызыктыруу;

ü Илимий изилдөө жүргүзүп, макалалары публикацияланган студенттерди коомчулукка даңазалоо, университеттик жана мамлекеттик сыйлыктарга сунуштоо үчүн тандап алуу.

Эскертүү: Бул сынакка катышуу үчүн тапшырылган макалалар студенттин жеке өзүнө гана тиешелүү болуусу керек жана талаштуу учурларда макала жарык көргөн журналдардын индексациясы (рейтинги) эске алынат.

* Сынактын финансылык каржылоосу

Бул долбоорго Ош мамлекеттик университети тарабынан 100, 000 (жүз миң) сом өлчөмүндө акча каражаты бөлүнүп, долбоордун ишке ашырылуусу максат кылынат. Бөлүнгөн акча каражаты жеңүүчү деп табылган 10 студентке сыйлык катары ыйгарылат. Ушул эле долбоорубуз Ош шаардык жаштар иштери боюнча комитети менен биргеликте ишке ашырылууда.

№4 долбоор

“Жылдын эң мыкты долбоору ” сынагы

Жылдын эң мыкты долбоору аталышындагы сынак ОшМУнун студенттер арасында жүргүзүлөт. Сынак студенттик идеяларды колдоого алып, студенттер үчүн керектүү деп эсептелген долбоорлорду ишке ашырууну максат кылат. Сунушталган долбоорлор төмөндөгү үч багытта болуусу зарыл:

ü Студенттердин илимий потенциалын жогорулатуу багыты;

ü Студенттердин социалдык маселелерин чечүү багыты;

ü Студенттердин маданий эстетикалык жана спорттук эс алуусун уюштуруу багыты.

* Катышуучуларга коюлуучу талаптар

ü Долбоорлордун күтүлүүчү натыйжасы туура жана так көрсөтүлүшү керек.

ü Долбоор жогоруда көрсөтүлгөн багыттар боюнча болуусу керек.

ü Долбоордун идеясы авторго тиешелүү болуусу зарыл.

* Сынактын финансылык каржылоосу

Бул долбоорго Ош мамлекеттик университети тарабынан сом өлчөмүндө акча каражаты бөлүнүп, эң мыкты деп табылган долбоорду ишке ашырылуусун камсыздайт. Бөлүнгөн акча каражаты жеңүүчү деп табылган 10 студенттик долбоордун ишке ашуусуна жумшалат.

№5 долбоор

“Акыл капчыгы” долбоору

“Акыл капчыгы” аталышындагы долбоор Ош шаарында окуган студенттер үчүн даярдалып, мобилдик тиркеме аркылуу онлайн акыл таймаш ойноо мүмкүнчүлүгүн жаратат. Тиркемеде оюнга катышуунун жол-жоболору, катышуучуга коюлуучу талаптар, долбоордун кепилдиги боюнча малыматтар жана атайы даярдалган логикалык, факталогиялык жана кругозордук суроолор көрсөтүлөт.

Тиркемеде болжол менен 1500 миңден ашуун суроолор болуп, оюнга катышуучу акыл дареметинин жетишинче коп суроого жооп берүү мумкунчулугунө ээ болот. Белгиленген убакытка чейин катышуучулардын ичинен эң көп упай топтогон катышуучуларга демоорчулор тарабынан колдоого алынган белектер, жолдомолор, акчалай сыйлыктар тапшырылат.

Таймашка кирүү үчүн ар бир катышуучу тарабынан терминал, же balance.kg тиркемеси аркылуу 100 сом акча каражаты төлөнөт. Катышуучулардын топтогон баллы тиркемеде качан гана 50 суроого туура жооп бергенде, же андан ашкан учурда сакталат.

Катышуучулар тарабынан которулган акча каражаты долбоордун бюджетине топтолот. Топтолгон сумма келишим түзүлгөн банкта сакталат. Бул акчанын эсептелинген суммасы келишим түзүлгөн банктын, balance.kgнин кызматы жана кошумча белектер үчүн сарпталат

№6 долбоор

“Ким жеңет?” акыл сынагы

I. Сынакты уюштуруунун максаты жана милдети:

Ø Студенттерин интеллектуалдык потенциалын жогорулатуу;

Ø Адамдык мамилелерди өркүндөтүү;

Ø Жаштарды мекенчилдикке тарбиялоо;

Ø Жаштардын ынтымагын чыңдоо;

Ø Жаштарды китеп окууга үндөө.

Оюндун эрежеси:

Таймашка катышуучу үчүн студент, окуучулар “Cahoot” программасы боюнча тандап алыны, кыска убакыттын ичинде туура жана так жооп берген студент-окуучу оюнга катышуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болот. Сынакта жалпысынан ар бир оюнчуга 20 суроо берилип, ар бироого акчалай сыйлыктар коюлат. Оюндун байгеси 5000 сомду түзөт. Сынактын суроолору ар кайсы тармактан (логикалык, кругозордук, предметтик жана фактологиялык ж.б.у.с.) түзүлөт. Катышуучу кепилдиктүү суммага жеткен учурда оюнду өз каалоосу менен токтотуп, уткан акчасын алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ.

Бул долбоор Ош облустук билим, илим кызматкерлеринин профсоюз комитети тарабы менен биргеликте ашырылып келе жатат.