Новости Архив

иш-чаралар

“3 айга 3 китеп” аталышындагы китеп окуу конкурсунун жобосу

I.                  Сынакты уюштуруунун максаты жана милдети:

Ø Студент жаштарды илим-билимге шыктандыруу;

Ø Адамдык мамилелерди өркүндөтүү;

Ø Жаштарды китеп окууга үндөө жана өркүндөтүү.

 

II. Сынакты өткөрүү убактысы жана жайы:

Таймаш 2021-жылдын 10-сентябрь күнү ОшМУнун жыйындар залында өткөрүлөт.

 

III.  Сынакты өткөрүү тартиби жана эрежеси:

 

Сынак төмөндөгү 3 китеп боюнча уюштурулат. Сынак   Махатхир Мохамаддын “Бир өлкөнүн өнүгүү сырлары” китептери боюнча тесттик суроолор түзүлөт.

Ø Сынак Kahoot программасы аркылуу уюштурулат;

Ø Каттоо уюштуруу тобу тарабынан жүргүзүлөт;

Ø Сынак массалык маалымат каражаттары тарабынан коомчулукка чагылдырылат;

Ø Баалуу белектер жана номинациялар уюштуруу тобу тарабынан бекитилет;

Ø Сынакка катышуучулар 1-июлга чейин уюштуруу тобуна кайрылуусу керек.

 

                       

VI. Уюштуруу тобунун милдеттери жана укуктары:

Ä Иш-чараны сынактын жадыбалы боюнча  уюштуруу;

Ä Белгиленген  китептер боюнча тесттик суроолорду түзүү;

Ä Сынактын шарттарына  кайдыгер караган жана тиешелүү талаптарды канааттандырбаган катышуучуларды сынактан четтетүү;

Ä Зарыл учурда сынактын жобосуна өзгөртүүлөрдү  киргизүү.

 

VII. Жеңүүчүлөрдү сыйлоо

Сынактын жыйынтыгы боюнча жеңүүчү деп табылган студенттерге төмөндөгүдөй белектер жана грамоталар ыйгарылат.

1-    орун: Ноутбук

2-    орун: Планшет

3-    орун: Велосипед

 

 

 

 

 

 

Эскертүү:

 

Жыйынтык талкууга алынбайт жана өзгөртүлбөйт

 

 

          Уюштуруу тобу:

Ош МУнун жаштар кеңеши

 

Дареги:

Ош МУнун башкы имараты.

Тел.: +996700 04 53 53.

 


14-октябрда Жаштар кеңешинин сайты түзүлдү.

10-ноябрда “ОшМУдан кат” теледолбоору ишке кирди.

12-ноябрда онлайн тест уюштурулду. Биринчи орунду Асылбек кызы Ханзаада, экинчи орунду Темур кызы Акылай МИТ факультетинин студенттери ээлешти. Үчүнчү орунду ДТжМ факультетинин колледжинин студенти Исабаева Айгерим камсыздады. Жеңүүчүлөр баалуу белектер, сертификат жана дипломдор менен сыйланышты.

17-ноябрда “Студентттер күнүнө” карата “ОшМУдан кат” теледолбоорунун биринчи чыгарылышы тартылды. Конокто ЧТжТ факультетинин 4-курсунун студенти Заидов Азирет жана анын ата-энеси болушту.

20-ноябрь күнү ОшМУнун жалпы биринчи курстарына ОшМУ жөнүндө маалымат берүү үчүн онлайн конференция уюштурулду. 600гө жакын студенттер катышып, суроолоруна жооп ала алышты.

2-Декбарь күнү “ОшМУ студенттерге” аталышындагы долбоорубуз ишке ашты.

15-декабрда “Жаш илимпоз” аталышындагы долбоорубуз ишке кирди.

3-февраль күнү ОшМУнун жаштар кеңешинин окуу ачылгандан кийинки биринчи жыйыны болуп өттү. 2020-2021-окуу жылына карата иш пландарды, жаңы долбоорлорду жана сайтты талкууладык.

9-февраль күнү “ОшМУ студенттерге” аталышындагы долбоорубуздун негизинде КФжЖ факультети, Орус филологиясы факультети, ЧТжТ факультети, Кыргыз-Европа факультетинин студенттери студенттик профилакторияга путевка алышты.

9-февраль күнү Ош шаардык жаштар иштери боюнча комитетинин алдында уюштурулган 5 долбоордун биринчисин ОшМУнун жаштар кеңеши долбоор жазып утуп алды.

11- февраль күнү “ОшМУдан кат” теледолбоорубуздун 2-чыгарылышы тартылып. Бул чыгарылышка КФжЖ факультетинин студенти Абиев Кадыр жана анын ата-энесин конокко чакырылды.

19-февраль күнү ОшМУнун факультет, колледждер арасында акыл таймаш уюштурулду. Жеңүүчүлөр дипломдор менен сыйланышты. Биринчи орунду Турдубаева Мадина, экинчи орунду Абсамат уулу Исхак, үчүнчү орунду Кеңешбек кызы Уулкан камсыздашты. Ош шаардык жаштар иштери боюнча комитети тарабынан жеңүүчүлөргө: биринчи орун 3000, экинчи орун 2000, үчүнчү орунга 1000 сом акчалай сыйлактар тапшырылды.

23-февраль күнү Ош шаарындагы ЖОЖдор арасында спорттун 7 түрү боюнча мелдеш уюштурулду. Жеңүүчүлөр кулакчын, кол саат, китеп жана диплом, медалдар менен сыйланышты.

25-февраль күнү КРдин Өкмөтүнүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдураимов Жарасул Осмоналиевич жана Ош мамлекеттик университетинин ректору Кожобеков Кудайберди Гапаралиевичтин студенттер менен жолугушуусу болуп өттү.

1-мартта ОшМУнун сыймыктуу бүтүрүүчүсү, КРдин билим берүүсүнүн мыктысы, "Кыргыз тили" мамлекеттик төш белгисинин ээси, Казакстандагы Назарбаев университетинин профессору ШАМАТОВ ДYЙШӨН АЛИЕВИЧ менен "ЗАМАНБАП ПЕДАГОГ: КЕЧЭЭ, БYГYН ЖАНА ЭРТЕҢ" аттуу теманын негизинде он-лайн семинар уюштурулду.

10-мартта ОшМУнун факультет, колледждери арасында “Шайыр тапкычтар оюну” ректордун кубогу уюштурулду. Биринчи орунду Кыргыз-Түрк факультетинин командасы, экинчи орунду МИТ факультетинин командасы, үчүнчү орунду ИПКнын командасы камсыздады. Биринчи орунга 15000 сом, экинчи орунга 12000 сом , үчүну орунга 9000 сом акчалай сыйлыктар тапшырылды.

12-мартта "ЗАМАНБАП ПЕДАГОГ: КЕЧЭЭ, БYГYН жана ЭРТЕҢ"* аталышындагы КРдин билим берүүсүнүн мыктысы, педагогика илимдеринин кандидаты, доцент БАЙТИКОВА БАКТЫГYЛ БАТЫРБЕКОВНАНЫН илимий-методикалык семинары болуп өттү. Семинар онлайн зуум программасында уюштурулду.

16-март күнү ОшМУнун ректору менен жаштар кеңешинин жалпы мүчөлөрүнүн жолугушуусу болду. Ага бардык факультет, колледждердеги жаштар кеңеишинин өкүлдөрү катышышты.

8-апрель күнү факультет, колледждер арасында ай сайын өтүүчү акыл таймаш уюштурулду.

19-апрель күнү алгачкы жолу жаштар кеңеши тарабынан “Жаштар жана руханий – интеллектуалдык өнүгүү” аталышындагы илимий конференция уюштурулду. Бул иш-чара онлайн жана офлайн форматтарында болуп, бир жумага уланды. Ага көрүнүктүү илимпоз агай-эжекелерибиз катышып, жаштарга кеп-кеңешин беришти.

7-май күнү ОшМУнун мектеп-гимназиялары арасында аскерге чейинки даярдык сабагы боюнча мелдеш уюштурулду. Катышуучулар баалуу белектер, грамота жана ыраазычылык баракчалары менен сыйланышты.

15-май күнү “Ачык эшиктер” күнү уюштурулду. Уюштуруу иштеринде жаштар кеңешинин активдүү студенттери жардам көрсөтүштү.

17-май “Эн мыкты студенттик долбоор” аталышындагы сынактын жобосу иштелип чыкты.

20-май күнү 2020-2021-окуу жылында окууда жана коомдук, маданий уюштуруу иштеринде, түрдүү конкурстарда алдыңкы көрсөтүчтөрдү багындырган студенттердин мектептерине ыраазычылык баракчалар жиберилди.

28-май күнү Ош шаардык жаштар иштери боюнча комитети менен биргеликте “Адеп сабагы” болуп өттү.

Быйылкы окуу жылында жаштардын ар тараптуу өнүгүүсү үчүн мамлекеттик, жеке жана коммерциялык ишкерлер ошондой эле эл аралык уюмдар менен биргеликте социалдык программалар, долбоорлор иштелип чыкты. Долбоорлордун жалпы жалпы фонду 800,000 сомдон ашык акча каражатын камтып, долбоорлор студенттерди илимий макала жазууга, өзгөчө идеяларды ишке ашырууга, китеп окууга кызыктыруу максатын көздөйт.

Факультеттер арасында, окуу жайлар арасында конкурс, илимий-практикалык конференциялар, акыл таймаштар, жолугушуулар, лекциялар, китеп окуу конкурстары, маданий-массалык жана спорттук иш-чаралар ырааттуу түрдө уюштурулду. Ушул эле иш-чаралар ар бир факультет, колледждерде жаштар кеңешинин өкүлдөрү тарабынан тынымсыз өткөрүлүп жатты. Билгилей кетчү нерсе, ай сайын өткөрүлүп туруучу акылтаймаштын жеңүүчүлөрү Ош облустук билим, илим кызматкерлеринин профсоюз комитети тарабынан эс алуу жайларына жолдомолор менен сыйланышты.


"ОШМУдан кат" теле долбоорубуздун кезектеги чыгарылышында КФЖЖ фаукльтетинин сыймыктуу студенти Абиев Кадырбек ата-энеси менен конок болду. Кийинки эфирибиздин коногу Сиз жана сиздин ата-энеңиз болушу мүмкүн. Андыктан, чамдаңыздар!