НББП

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН БИЛИМ БЕРҮҮ ЖАНА ИЛИМ МИНИСТРЛИГИ

ОШ МАМЛЕКЕТТИК УНИВЕРСИТЕТИ

«Бекитемин»

ОшМУнун ректору___________ Кожобеков К. Г.

«____»_________20___-ж.

ЖОГОРКУ КЕСИПТИК БИЛИМ БЕРҮҮНҮН НЕГИЗГИ БИЛИМ БЕРҮҮ ПРОГРАММАСЫ

Багыты: 531600 Теология

Профиль: Теология

Академиялык даражасы: магистр

201 9 -20 20 -окуу жылы

Окутуу формасы

Күндүзгү, дистанттык технологияларды колдонуу менен

Ош-201 9


НЕГИЗГИ БИЛИМ БЕРҮҮ ПРОГРАММАСЫ

Даярдоо багыты: 531600 Теология

Профиль: Теология

Бүтүрүүчүнүн квалификациялык даражасы: магистр

1. Жалпы жоболор

1.1. 531600 ТЕОЛОГИЯ багыты боюнча жогорку кесиптик билим берүүнүн негизги билим берүү программасы Кыргыз Республикасынын «Билим берүү жөнүндөгү» мыйзамдарына жана башка нормативдик укуктук актыларына ылайык Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан бекитилген убактылуу мамлекеттик талаптардын негизинде иштелип чыкты.

1.2. Бул негизги билим берүү программасында Кыргыз Республикасынын «Билим берүү жөнүндөгү» мыйзамына жана жогорку кесиптик билим берүү сферасындагы Кыргыз Республикасы тарабынан кабыл алынган эл аралык документтерге ылайык төмөнкүдөй терминдер жана аныктамалар колдонулат:

негизги билим берүү программасы - даярдоонун тийиштүү багыты боюнча билим берүү процессин ишке ашырууну уюштурууну, максатын, күтүлүүчү натыйжаларын, мазмунун көрсөтүүчү окуу-методикалык документациялардын жыйындысы;

даярдоонун багыты – түрдүү профилдеги жогорку кесиптик билими бар (адис, бакалавр, магистр) кадрларды даярдоо үчүн билим берүү программаларынын жыйындысы;

профиль – кесиптик ишмердүүлүктүн объектиси жана (же) конкреттүү көрүнүшкө ББПнын багытталышы;

дисциплиналар циклы – тарбиялоонун, окутуунун натыйжаларына жана максатына жетүү үчүн аныкталган логикалык бүтүмгө ээ болгон билим берүү программасынын бөлүгү же окуу дисциплиналарынын жыйындысы ;

модуль – коюлган максатка жана окутуунун, тарбиялоонун натыйжаларына жетүү үчүн аныкталган логикалык бүтүмгө ээ болгон окуу дисциплинасынын бөлүгү;

компетенция – тиешелүү тармакта кесиптик ишмердүүлүк менен алектенүү үчүн зарыл болгон өздүк сапаттардын, билим, билгичтик жана көндүмдөрдүн динамикалык комбинациясы;

бакалавр – окуу мөөнөтү 4 жылдан кем эмес жогорку кесиптик билим берүүнүн негизги билим берүү программасын ийгиликтүү өздөштүргөн жактарга аттестациянын жыйынтыгы менен ыйгарылуучу академиялык даража, бул даражага ээ болгон бүтүрүүчү кесиптик ишмердүүлүгү менен алектене алат же тийиштүү багыт боюнча «магистр» даражасын алуу үчүн окуусун уланта алат;

магистр – окуу мөөнөтү 2 жылдан кем эмес жогорку кесиптик билим берүүнүн негизги билим берүү программасын ийгиликтүү өздөштүргөн бакалавр академиялык даражасына ээ болгон жактарга аттестациянын жыйынтыгы менен ыйгарылуучу академиялык даража, бул даражага ээ болгондор кесиптик ишмердүүлүгү менен алектене алат;

кредит (зачеттук бирдик) – негизги кесиптик билим берүү программасынын эмгек көлөмүнүн шарттуу чени;

окутуунун натыйжалары – негизги билим берүү программасы боюнча окутуунун натыйжасында иштелип чыккан компетенциялар.

1.3. Бул билим берүү программасында төмөнкүдөй кыскартуулар жана белгилер колдонулат:

ЖКББ – жогорку кесиптик билим берүү;

НББП – негизги билим берүү программасы;

ОУБ - окуу-усулдук бирикме;

НББПнын ДЦ – негизги билим берүү программасынын дисциплиналар циклы;

ЖК – жалпы компетенциялар;

ИК - инструменталдык компетенциялар;

КК – кесиптик компетенциялар;

СИМК - социалдык-инсандык жана маданий компетенциялар.

2. ББПнын максаты, окутуунун натыйжалары жана күтүлүүчү натыйжалар. НББПны өздөштүрүүгө талаптар

2.1. 531600 ТЕОЛОГИЯ багыты боюнча ЖКББнүн НББПнын максаты.

М-1. Кесиптик ишмердүүлүктү ишке ашыруу үчүн теология багыты боюнча тереңдетилген академиялык жогорку билими бар кадрларды даярдоо.

М-2. Динге байланыштуу маселелерди илимий негизде изилдеген, анализдеген жана өзүнүн илимий тыянактарын системалуу түрдө сунуштай алган кадрларды даярдоо.

2.2. ББПнын чегинде окутуунун натыйжалары

ОН-1: ЖК-6+СИМК-1+СИМК-3+КК-8+КК-7+КК-2:

Кесиптик чөйрөдө эксперттик ишмердүүлүк жүргүзүү менен маданияттар ортосундагы айырмачылыктардан келип чыккан проблемаларды этикалык жана улуттук нормалардын негизинде чечүүгө жана ортомчулук функцияны аткарууга, теологиялык маалыматтарды академиялык сын көз менен баалоо аркылуу теологиялык проблемаларды чечүү жөндөмүнө ээ болот.

ОН-2: ЖК-1+ЖК-3+ЖК-4+ИК-1+КК-3+КК-1:

Теологиялык изилдөөлөрдүн усулдарын терең өздөштүрүп, теологиянын фундаменталдык билимдерин колдонуу менен илимий изилдөөлөрдү жүргүзүү жана анын натыйжасын баалоого, теологиялык изилдөөлөрдө өз алдынча жаңы (инновациялык) подход иштеп чыгууга даяр.

ОН-3: КК-9+КК-8+ИК-6+СИМК-5+КК-6

Динге байланыштуу долбоорлорду даярдоого жана уюштурууга, башкарууга байланыштуу өз алдынча чечимдерди кабыл алууга, коммерциялык эмес жана кайрымдуулук уюмдардын ишмердүүлүгүнүн формаларын жана усулдарын иштеп чыгууга даяр.

ОН-4: ЖК-2+ЖК-5+КК-4+КК-5

Кесиптик чөйрөдө агартуу жана педагогикалык ишмердүүлүк кылууда теология багытындагы дисциплиналарды окутуу усулдарын билет, бакалаврдын квалификациялык иштерине жетекчилик кылуу жөндөмүнө ээ болот жана коомдук-экономикалык, маданий өзгөчөлүктөрдү эске алуу менен изилдөөнүн ылайыктуу методдорун сунуштайт жана иштеп чыгат.

ОН-5: СИМК-2+СИМК-4+ИК-2+ИК-3+ИК-4+ИК-5

Илимий изилдөөлөрдү жүргүзүүдө жана презентациялоодо чет тилдеги адабияттарды жана атайын программалык камсыздоону колдоно алат, маалымат алмашуу процессиндеги коммуникативдик маселелерди чеч алат, коомдук жана кесипктик ишмердүүлүктө коомго жана жаратылышты коргоого пайдалуу нормаларды сунуштайт.

Максат менен окутуунун натыйжаларынын дал келүүчүлүк матрицасы:

М-1

М-2

ОН-1

+

ОН-2

+

+

ОН-3

+

ОН-4

+

+

ОН-5

+

+

Калыптандыруучу компетенциялар

Окутуунун натыйжасы

ЖК-6+СИМК-1+СИМК-3+КК-7+КК-2

ОН-1

ЖК-1+ЖК-3+ЖК-4+ИК-1+КК-3+КК-1

ОН-2

КК-9+КК-8+ИК-6+СИМК-5+КК-6

ОН-3

ЖК-2+ЖК-5+КК-4+КК-5

ОН-4

СИМК-2+СИМК-4+ИК-2+ИК-3+ИК-4+ИК-5

ОН-5

2.3. Магистрлерди даярдоодогу НББПны өздөштүрүүнүн натыйжаларына талаптар.

531600 ТЕОЛОГИЯ багыты боюнча «магистр» академиялык даражасына ээ болуучу бүтүрүүчү төмөнкүдөй компетенцияларга ээ болушу зарыл:

Жалпы компетенциялар:

ЖК-1: Изилдөөнүн натыйжаларын, методдорун, теориясын терең түшүнүүгө, сын көз менен баалоого жөндөмдүү, жаңы билимдерди алуу үчүн илимдин жетишкендиктерин интеграциялоого жөндөмдүү.

ЖК-2: Өздөштүрүлгөн теорияларды жана концепцияларды интеграциялоо, баалоо, жыйноо. Изилдөөнүн керектүү методдорун тандоо, конкреттүү изилдөөгө таянып жаңы методдорду иштеп чыгуу.

ЖК-3: Жаңы билимдерди, көндүмдөрдү калыптандыруу, тийиштүү багытта прикладдык мүнөздөгү жаңы билимдерди түзүүгө жөндөмдүү.

ЖК-4: Изилдөөнүн жаңы методдорун жана техникаларын пайдаланып, илимий издөө жүргүзүү, прикладдык жана илимий долбоорлорду изилдөөгө, пландаштырууга, реализациялоого, адаптациялоого жөндөмдүү.

ЖК-5: Профессионалдык сферадагы, илимдеги, техникадагы социалдык-экономикалык жана маданий таасирлерди эске алуу менен жана идеяларды түзүү жана өркүндөтүү.

ЖК-6: Профессионалдык чөйрөдө ишмердүүлүктү эксперттик баалоого жөндөмдүү.

Инструменталдык компетенциялар:

ИК-1: Өз алдынча билим жана көндүмдөрдү иштеп чыгуу жана пайдаланууга жөндөмдүү.

ИК-2: Илимий изилдөөлөрдү тааныштырууда оозеки жана кептик речтин өнүккөн көндүмдөрүнө ээ.

ИК-3: Чет тилин профессионалдык баарлашуунун деңгээлинде билет.

ИК-4: Ар түрдүү коммуникативдик чөйрөдө маалыматтык алмашуу процессин башкаруу, баарлашуунун бардык сфераларында коммуникативдик маселелерди коюу жана чечүүгө жөндөмдүү.

ИК-5: Заманбап эсептөө каражаттарын колдоно алат, илим – изилдөөдө атайын программалык камсыздоону колдоно алат.

ИК-6: Уюштуруу – башкаруу чечимдерин кабыл алуу.

Социалдык-инсандык жана маданий компетенциялар:

СИМК-1: Профессионалдык жана социалдык ишмердүүлүктө этикалык жана улуттук нормаларды трансляциялоого жөндөмдүү, социалдык жана маданияттар ортосундагы айырмачылыктардан келип чыккан проблемаларды чечүүгө жөндөмдүү.

СИМК-2: Профессионалдык жана социалдык ишмердүүлүктө жалпы максатты трансляциялоо, аныктоо, баалоого жөндөмдүү.

СИМК-3: Атуулдук демократиялык коомдун баалуулуктарынын өнүгүшүнө багытталган инициативаларды көтөрүп чыгуу жана өнүктүрүү.

СИМК-4: Сергек жашоо образынын, жаратылышты коргоо жана рационалдуу пайдалуу нормаларын трансляциялоо.

СИМК-5: Коллективди башкарууга жөндөмдүү.

Кесиптик компетенциялар:

КК-1: Илим-изилдөөдө теология бөлүмүнүн фундаменталдык билимдерин пайдаланууга даяр.

КК-2: Стандарттык эмес теологиялык проблемаларды чечүүдө жалпы методдорду колдонуу жана адаптациялоого жөндөмдүү.

КК-3: Теология жаатында татаал изилдөөлөрдө өз алдынча инновациялык (подход) иштеп чыгуу.

КК-4: Теологияны окутуунун усулдарын колдонууга, жөндөмдүү сабактарын ар түрдүү формаларын, практикалык түрлөрүн, сабактан сырткары мероприятиелерди өткөрүүгө жана иштеп чыгууга даяр, өз алдынча агартуу жана педагогикалык ишмердүүлүккө даяр.

КК-5: Бакалаврлардын квалификациялык иштерине жетекчилик кылууга даяр.

КК-6: Теологдун профессионалдык ишмердүүлүгүндө коммерциялык эмес жана кайрымдуулук уюмдарынын социалдык адаптациялоо жана реаблитациялоону уюштурууда социалдык-практикалык ишмердүүлүгүнүн формаларын жана жаңы методдорун иштеп чыгууга даяр.

КК-7: Теологиялык маселелерде маалыматтарды сын көз менен баалоого даяр, теологиялык проблематика менен байланышкан маселелерди өз алдынча эксперттөө ишмердүүлүгүнө даяр.

КК-8: Теологдун профессионалдык ишмердүүлүгүндө ортомчулук функцияны ишке ашырууга, координациялык структуралардын ишин жетектөөгө жана уюштурууга даяр.

КК-9: Жекече жана группада долбоорлордун ишин уюштуруу, профессионалдык ишмердүүлүктүн түрүнө карата коллектив менен башкарууга даяр.

2.4. Абитуриенттин даярдык деңгээлине талаптар

2.4.1. «Магистр» академиялык даражасын алууга – теология жана дин таануу менен араб тили жана араб таануу багытында «бакалавр» академиялык даражага ээ жогорку кесиптик билими бар, же тектеш адистик боюнча «адис» квалификацияга ээ жогорку кесиптик билими бар абитуриенттер тапшыра алат.

2.4.2. Абитуриент теология жана дин таануу багытында «бакалавр» академиялык даражага ээ жогорку кесиптик билими жөнүндө мамлекеттик үлгүдөгү диплому же тектеш адистик боюнча «адис» квалификацияга ээ жогорку кесиптик билими жөнүндөгү мамлекеттик үлгүдөгү диплому бар болуш керек.

2.5. Бүтүрүүчүлөрдүн кесиптик ишмердүүлүгүнүн мейкини жана обьектилери

531600 - Теология багыты боюнча бүтүрүүчүлөрдүн кесиптик ишмердүүлүгүнүн мейкини жана обьектилери төмөнкүлөрдү камтыйт:

-Орто жана жогорку окуу жайларда теология жана дин таануу багытындагы предметтерден сабак бере алышат.

-Мамлекеттик коопсуздук мекемелеринде экстремисттик секталардын ишмердүүлүгүнүн алдын алуу боюнча аналитикалык иштерди алып баруучу адис катары иштей алышат. ММК жана коомдук уюмда иштеген еологдор, дин маселелери боюнча көз карандысыз эксперттик баа жана консультация бере алат. Мечит же чиркөөдө кызмат кылган теологко жаштар клубунда секция жана кружокторду, ошондой эле балдар жана чоңдорго эс алууну уюштуруу милдети жүктөлөт. Социалдык адаптация жана реабилитация мекемелериндеги пациенттер менен маектешүү жүргүзөт.

-Коомдук уюмдарда жана массалык-маалымат каражаттарында динге байланышкан маселелерде эксперттик баа жана консультация берүүчү адис катары иштей алышат.

-Илим-изилдөө мекемелеринде, китеп басмаканаларында, массалык маалымат каражаттарында диний тексттерге редактор, котормочу болуп иштей алышат.

-Динге байланыштуу мамлекеттик жана коомдук структураларда (дин комиссиясы, муфтият, казыят ж.б.) иштей алышат.

-Шарияттын негизинде иш алып барган банктарда жана кредиттик мекемелерде консультант адис катары иштей алышат.

2.6. Бүтүрүүчүлөрдүн кесиптик ишмердүүлүгүнүн түрлөрү:

Илим-изилдөө;

Окуу-тарбиялык жана агартуучулук;

социалдык-практикалык;

эксперттик-консультативдик;

өкүлчүлүк-далдалчылык;

уюштуруучулук-башкаруучулук.

2.7. Бүтүрүүчүлөрдүн кесиптик ишмердүүлүк милдеттери:

а) илим-изилдөө ишмердүүлүк жаатында:

-өз алдынча илим-изилдөө иштерин өткөрүү жана теологиялык билимдер багытында илимий маселелерди чечүү;

-теологиялык маселелерди чечүүдө илимий долбоорлорду иштеп чыгуу;

-Илимдин жана эсептөө техникаларынын заманбап жетишкендиктерин пайдалануу менен илим-изилдөө иштеринин жыйынтыктарын жалпылоо жана анализдөө;

-Заманбап берилгендердин базасы менен иштөө, теологиялык билимдердин бардык тармактары боюнча булак таануучулук изилдөөлөрдү жүргүзүү;

-Жаңы илимий методдорду жана подходдорду иштеп чыгуу;

-Семинарларды, илимий конференцияларды даярдоо жана өткөрүү, илимий публикацияларды даярдоо жана редактирлөө;

б) Окуу-тарбиялык жана агартуучулук ишмердүүлүктө:

-Билим берүү мекемелеринде сабак берүү;

-Өз алдынча окуу курстарын иштеп чыгуу;

-Окутуунун жаңы методдорун, методикалык материалдарды, колдонмолорду иштеп чыгуу, теологиялык жана гуманитардык илимдердин заманбап жетишкендиктерин окуу процессине кийирүү;

-Теологиялык жана дин таануу предметтерин кийрүүдө мугалимдерди кайра даярдоого катышуу;

-Студенттердин илим-изилдөө иштерине жетекчилик кылуу;

-Факультеттик жана жогорку окуу жайлык деңгээлде тарбия иштерин уюштуруу;

в) социалдык-практикалык ишмердүүлүктө:

-Теологдун кесиптик ишмердүүлүгүндө социалдык-практикалык иштердин жаңы формаларын жана методдорун иштеп чыгуу;

-Социалдык адаптация, коргоо, жардам жана реабилитация группаларынын ишин уюштуруу жана жетектөө;

-Коомдун салттуу баалуулуктарын сактоо боюнча кайрымдуулук жана коммерциялык эмес уюмдардын ишин уюштуруу жана жетектөө;

г) эксперттик-консультативдик ишмердүүлүктө:

-Теологдун кесиптик ишмердүүлүгүнүн бардык тармактарында эксперттик комиссияны жетектөө;

-Теологдун кесиптик ишмердүүлүгүнүн бардык тармактарында консультативдик группаны жетектөө;

-Теологиялык проблематикасы бар маселелер боюнча өз алдынча экспертиза өткөрүү;

-Өз алдынча консультативдик ишмердүүлүктү ишке ашыруу;

д) өкүлчүлүк-далдалчылык ишмердүүлүктө:

-Диний уюмдардын катышуусу менен координациялоочу структуралардын ишин уюштуруу жана жетектөө;

-Теологдун кесиптик ишмердүүлүгүндө өкүлчүлүк-далдалчылык функцияны уюштуруу жана ишке ашыруу;

-Искусство жана маданият мекемелеринин, коммуникация жана ММКдын ишмердүүлүгүн уюштуруу;

е) уюштуруу-башкаруучулук ишмердүүлүктө:

-Мекеме-уюмдарда административдик-башкаруу персоналынын ишин аткаруу;

-ар түрдүү иш чараларды өткөрүү жана анын кесиптик ишмердүүлүктөгү эффективдүүлүгүн аныктоо;

-кесиптик ишмердүүлүктө группа менен же өз алдынча долбоорлор менен иштөөнү уюштуруу.

3. «Теология» багыты боюнча

ЖУМУШЧУ ОКУУ ПЛАНЫ

Квалификациялык академиялык даражасы: “магистр”

Нормативдик окуу мөөнөтү: 2 жыл

Дисциплина

Баары ауд

Лк.

Пр

Сем

МӨАИ

Инд

баары

Кред.

3-семестр

270

136

0

134

270

360

900

30

1

МК

ЖИЦ

Заманбап илимдеги жана билим берүүдөгү информациялык технологиялар

48

24

24

72

120

4

2

МК

ПЦ

Теологиянын тарыхы жана методологиясы

36

18

18

54

90

3

3

МК

ПЦ

Курандын аналитикалык комментарийи

36

18

18

54

90

3

4

ЖК

ПЦ

Орто Азия элдеринин исламдашуу тарыхы

24

12

12

36

60

2

5

ТК

ПЦ

Ислам укугунун теориясы жана методологиясы

24

12

12

36

60

2

6

ТК

ПЦ

Диний коомдук- изилдөөнүн методдору жана технологиясы

48

24

24

72

120

4

7

Илимий-изилдөө практикасы

0

360

360

12

4-семестр

165

83

0

82

165

570

900

30

1

ЖК

ПЦ

Араб тили жана адабияты

36

18

18

54

90

3

2

ЖК

ПЦ

Дүйнөлүк диндердин теологиясы

48

24

24

72

120

4

3

ТК

ПЦ

Диний билим берүүнүн проблемалары

48

24

24

72

120

4

4

Адистик боюнча мамлекеттик аттестация

0

150

150

5

5

Магистрдик диссертацияны коргоо

0

150

150

5

6

Илимий изилдөө практикасы

0

270

270

9

Баары

1200

557

90

553

1470

930

3600

120

4. “Теология” багыты боюнча билим берүү программасынын компетенциялар картасы

Блоктор боюнча дисциплиналардын аталышы

Мамлекеттик стандартта талап кылынган компетенциялар

ЖК1

ЖК2

ЖК3

ЖК4

ЖК5

ЖК6

ИК1

ИК2

ИК3

ИК4

ИК5

ИК6

СИМК1

СИМК2

СИМК3

СИМК4

СИМК5

КК1

КК2

КК3

КК4

КК5

КК6

КК7

КК8

КК9

Теологиянын тарыхы жана методологиясы

+

+

+

+

Заманбап илимдеги жана билим берүүдөгү информациялык технологиялар

+

+

+

+

Курандын аналитикалык комментарийи

+

+

+

+

Орто Азия элдеринин исламдашуу тарыхы

+

+

Ислам укугунун теориясы жана методологиясы

+

+

+

Коомдуу-диний изилдөөнүн методдору жана технологиясы

+

+

+

+

Араб тили жана адабияты

+

+

+

+

Дүйнөлүк диндердин теологиясы

+

+

+

Диний билим берүүнүн проблемалары

+

+

+

Илимий-педагогикалык практика

+

+

+

+

+

+

+

+

+

+

+

Илимий-изилдөө практикасы

+

+

+

+

+

+

+

+

+

+

+

+

+

5. Окуу планындагы базалык дисциплиналардын программасына аннотация

Заманбап билим берүүдөгү жана илимдеги информациялык технологиялар

1. Заманбап билим берүүдөгү жана илимдеги информациялык технологиялар предметин өздөштүрүүнүн максаты: Профессионалдык ишмердүүлүктө заманбап технологияларды уюштурунун негиздери жана колдонууну магистранттардын үйрөнүүсү. Атайын информациялык системаларды киргизүү, колдонуу жана негизги түзүлүш принциптерин билүү. Информациялык коомдун түзүлүү процесси жалпы маалыматка магистранттын ээ болуусу. Ошондой эле компьютердик жана маалыматтык чөйрөдө билүү жана аткара алууну магистранттарга калыптандыруу. Заманбап маалыматтык технологияларды профессионалдык ишмердүүлүгүнүн практикасында ийгиликтүү колдонууну үйрөтүү.

2. НББПдагы орду: ЖИЦ циклындагы базалык бөлүккө кирет, 4 кредит – 120 саат. Аудиториялык 60 саат, анын ичинен 30 саат лекция, 30 саат практика. МӨАИ 60 саат.

3. Күтүлүүчү натыйжалар: ЖК1+ЖК2+ИК1+СИМК3.

4. Кыскача мазмуну: Заманбап офис программалары (Тексттик процессорлор, электрондук таблицалар, маалыматтар базасы). Компьютердик түйүндүн аппараттык компоненттери. Компьютердик түйүндү түзүүдө негизги принциптер. Локалдык түйүндүн технологиясы. Түйүндө адрестөө. Коммутация пакеттери менен компьютердик глобалдык түйүн. HTML гипертексттин белгилөө тили. Visual Basic for Application программалоо тили.

Курандын аналитикалык комментарийи

1. Курандын аналитикалык комментарийи предметин өздөштүрүүнүн максаты: Куран аяттарын чечмелеп түшүндүрүү жана аяттардан чыгарылган түшүнүктөрдүн айланасында ой жүргүзүүнү, Курандын жол көрөсөтүүчүлүгү билүү менен коомдогу ыймандык жана адеп-ахлактык нормаларды өздөштүрүү. Ошондой эле Куранды чечмелөөдөгү негизги милдет, башка дүйнөлүк илимдер менен интеграциялык жааттагы өзөгөчөлүктөрүн үйрөнүү. Бул негизге ылайык алгач теологиялык илимдердин классификациясы, исламий илимдердин түрлөрү, алардын ар биринде колдонулган методдор илимий изилдөө ыкмалары жөнүндө маалымат берилет.

2. НББПдагы орду: ПЦ циклындагы вариативдик бөлүккө кирет (ЖК), 3 кредит – 90 саат.

3. Күтүлүүчү натыйжалар: ЖК-1, КК-2, КК-3.

4. Кыскача мазмуну: Курандын аналитикалык комментарийи предмети, Ислам илиминде маанилүү орунга ээ болгон түшүндүрүү жана чечмелөөгө негизделген илимий багыт. Андыктан ислам дүйнөсүнүн ар тараптуу билимдүү, илимдүү адамдары кайсыл мезгил болбосун Куранды жакындан таанып билүүгө, анын аяттарын туура түшүндүрүп чечмелөөгө аракеттенишкен. Бул үчүн атайын усулдук эрежелерди иштеп чыгышкан. Курандын аналитикалык сабагында дисциплинасында аятты аят менен чечмелөө, аны өзүнүн ички бүтүндүгү алкагында талдап бирдиктүү мазмунда түшүндүрүү ыкмасы, аятты хадистер менен чечмелөө, аны хадистердин жардамы менен мааниси жагынан ачык айкындакка алып чыгуу жана ошондой эле Кураний илимдер деп айтылган Курандагы атооч сөздөрдүн иликтенүүсү, омоним жана синоним сөздөрдүн талдануусу, аяттардын түшүү себептери, мааниси ачык айкын жана ачык айкын болбогон аяттар, мааниси жагынан окурманга карама каршы көрүнгөн аяттардын бириктирилүүсү жана башка ушулар сыяктуу тематикалык изилденген илимдерди пайдалануу каралган. Курандын аналитикалык коммнтарийи предметинде аяттарды тафсирлөөдө хадис, калам, фикх, тасаввуф, ахлак, дин философиясы сыяктуу диний илимдер менен болгон алканы көрө билүү жолго коюлган. Ошондой эле табият илимдеринен, логикалык илимдерден, социалдык-психологиялык илимдерден пайдалануу назарга алынган. Натыйжда, тафсир үйрөнүүнү максат кылган студент жогоруда айтылган багыттарды колдонуу менен Куранды чечмелөөдөгү тафсир тексттерин аңдап түшүнүүдө анын түшүрүүчүсү болгон Жаратуучунун инсандарга айтууну каалаган максатын табууга аракеттенет.

Теологиянын тарыхы жана методологиясы

1. Теологиянын методологиясы жана тарыхы предметин өздөштүрүүнүн максаты: Дисциплинанын бирден бир эң негизги максаты, түрдүү теологиялык түшүнүктөрдү туура жана так талдоо болуп эсептелет. Анткени, бул жөнүндө кеңири маалыматка ээ болуу, ар бир адамга туура багыт бермекчи. Бул негизге ылайык, алгач теологиянын тарыхы, жашоодогу орду жана ролу, тематикалары, методдору, максат жана милдеттери жөнүндө кеңири маалымат берилет. Ошол эле учурда ислам дүйнөсүндө талаш маселелер жөнүндө да кеп козголуп, алардын теологиялык анализи жасалат.

2. НББПдагы орду: ПЦ циклындагы базалык бөлүккө кирет (МК), 6 кредит – 180 саат.

3. Күтүлүүчү натыйжалар: КК-2, КК-5, КК-8.

4. Кыскача мазмуну: Негизги кесипке таандык предмет катары теологиянын тарыхы жана методологиясы ислам дининин теологиялык дүйнө таанымын билүүдө, теологиялык мазмундагы маселелерди чечүүдө, кесиптик ишмердүүлүккө байланыштуу материалдарды топтоодо жана анализдөөдө өзгөчө мааниге ээ. Ошол эле учурда айрым дүйнө диндеринин ишенимдерине да теологиялык анализдердин жасалышы бул сабактын ордун так жана таамай көрсөтүп турат. Ошондуктан бул предметтин 2 жана 3-семестрлерде окутулуусу пландаштырылган. Теологиянын тарыхы жана методологиясы предмети, ислам тарыхынын алгачкы доорунан баштап күнүбүзгө чейин уланып келген түрдүү теологиялык түшүнүктөр жана алардын методологиялары жөнүндө кеңири кеп козгойт. Өзгөчө ишеним маселесинде жаралган түрдүү суроолорго жооп берүүдө түрдүү жолдорду тандаган агымдардын айрымдары бир гана диний тексттерди колдонуу менен чектелишсе, мутазила агымы менен бирге акылга да басым жасала баштаган. Орто Азияда калыптанган матуридилик болсо, накыл (диний тексттер) менен акылды чогуу колдонуп, жаралган теологиялык маселелерге рационалдуу жоопторду берүүгө аракет кылган. Демек, ишеним маселелерин жана аларга берилген жооптордун каерде, качан, кантип, кандай социалдык жана саясий негиздерге барып такаларын аныктоо жана алардын дин эмес диний түшүнүктөр экендигин аңдоо, бул предметти жакшы өздөштүрүү менен тыгыз байланыштуу.

Дүйнөлүк диндердин теологиясы

1. Дүйнөлүк диндердин теологиясы предметин өздөштүрүүнүн максаты: Дисциплинанын максаты, дүйнөлүк диндердин тарыхын, ишенимдерин, өзгөчөлүктөрүн, башка диндегилерге карата көз караштарын жана мамилелерин үйрөтүү болуп саналат.

2. НББПдагы орду: ПЦ циклындагы вариативдик бөлүккө кирет (ЖК), 4 кредит – 120 саат.

3. Күтүлүүчү натыйжалар: СИМК-2, СИМК-3, КК-8

4. Кыскача мазмуну: «Дүйнөлүк диндердин теологиясы» дисциплинасы эң керектүү кесиптик предметтердин катарын толуктайт. Кыргыз Республикасынын диний чөйрөдөгү саясатында белгиленгендей, диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясаттын максаттарынын бири, конфессиялар ортосундагы диалогду, ар кандай ишенимдерге жана дүйнө таанымдарга сый мамиле кылуу, толеранттуулук жана диний сабырдуулук принциптерин бекемдөөгө багытталган чараларды көрүү болуп саналат. Мына ушул багытта бул предметте иудаизм, христианчылык, ислам сыяктуу дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүндө таралган негизги диндердин тарыхы, диний ишенимдери, башка диндерге карата көз караштары жана өз ара мамилелери терең окутулат.

Диний билим берүүнүн проблемалары

5. Диний билим берүүнүн проблемалары предметин өздөштүрүүнүн максаты: Дисциплинанын максаты, магистранттарга диний билим берүүнүн проблемалары жана аны чечүү жолдорун жеткиликтүү үйрөтүү болуп саналат.

6. НББПдагы орду: ПЦ циклындагы вариативдик бөлүккө кирет (ЖК), 4 кредит – 120 саат.

7. Күтүлүүчү натыйжалар: СИМК-2, СИМК-3, КК-8

8. Кыскача мазмуну: Кыргызстан эгемендүүлүккө ээ болгондон тартып коомчулукта диний билим алууга кызыгуу күчөй баштаган. Бирдиктүү диний билим берүү программасынын жок болгондугу, бул жаатта көптөгөн көгөйлөрдүн жаралуусуна жол ачты. Айрыкча ааламдашуу жараяны жана плюрализмдин диний билим берүүгө болгон таасири эң көп талкууланган темалардын катарын толуктап калды. Бул предметте диний билим берүүдөгү көйгөйлөрдүн келип чыгуу себептери, коомчулуктагы таасирлери жана аларды чечүү жолдору кеңири талкууланып, терең окутулат.

Диний-коомдук изилдөөлөрдүн методу жана технологиялары

9. Диний-коомдук изилдөөлөрдүн методу жана технологиялары предметин өздөштүрүүнүн максаты: Магистранттарга өз алдынча илимий изилдөө ишин жүргүзүү үчүн технологиясын үйрөтүү. Өзүнүн адистигине байланыштуу илимий изилдөө ишин жүргүзүп, илимий ишин жазууну аткара алган жөндөмдү калыптандыруу.

10. НББПдагы орду: ПЦ циклындагы вариативдик бөлүккө кирет (МК), 3 кредит – 90 саат.

11. Күтүлүүчү натыйжалар: ЖК-1, ЖК-4, КК-1, КК-3.

12. Кыскача мазмуну: «Коомдук- диний изилдөөлөрдүн методдору жана технологиясы» предмети “магистр” академиялык даражасын алуу багытында окуган магистранттарга илим изилдөө ишин жүргүзүү тууралуу эң керектүү болгон маалыматтар жана технологиялары жөнүндө билимди калыптандырат. Ошондой эле илимий гипотеза жана теориялар тууралуу аныктамаларды так билүү жана илим жана билимдердин багыттарынын квалификациясы үйрөтүлөт. Магистранттарга илимий изилдөө ишинин баштоодон мурда изилдөөнүн темасын, гипотезасын жана изилдөө суроолорун так аныктап алуулары, илимий изилдөө жүргүзүп материалдарды топтогондон кийин илимий отчетун жазууну терең үйрөтөт.

Орто Азия элдеринин исламдашуу тарыхы

1. Орто Азия элдеринин исламдашуу тарыхы предметин өздөштүрүүнүн максаты: Дисциплинаны окутуунун негизги максаты Орто Азияда жашаган элдерде анын ичинде кыргыздардын арасында кандай жолдор менен жайылгандыгын туура жана так үйрөтүү эсептелет. Себеби бул предметти өздөштүрүү менен байыркы жана ортоңку доорлорго таандык тарыхыбызды, өзгөчө арап жана перси тилдеринде жазылган булактарды таанып билүүбүзгө шарт түзөт. Предмет магистрлерде ортоңку доорлордогу Орто Азиянын жана Кыргызстандын тарыхын билүүгө чакырат жана милдеттендирет.

2. НББПдагы орду: ПЦ циклындагы вариативдик бөлүккө кирет (ЖК), 2 кредит – 60 саат.

3. Күтүлүүчү натыйжалар: КК-6, КК-8.

4. Кыскача мазмуну: Орто Азия элдеринин исламдашуу тарыхы предметинде ислам дининин алгаякы учурлардагы жайылуу факторлору, Мухаммед пайгамбардын динди жаюу ыкмалары жана дипломатиялык ишмердүүлүгү боюнча жалпы маалыматтар берилет. Ошондой эле ислам дини келгенге чейинки Борбор Азиянын жалпы жана диний абалы, аймакта таралган башка диндер окутулат. Борбордук Азияда исламдын жайылуусундагы саясий, маданий, социяалдык, экономикалык жана диний факторго кеңири токтолот. Аббасиддер, Саманиддер, Караханиддер, Чагатай хандыгы, Моголистан мамлекети жана Кокон хандыгы доорлорунда ислам дининин жайылуусу боюнча терең маалымат берилет. Муну менен бирге аталган доорлордогу диний билим берүүнүн абалы, ислам дининин кыргыз маданиятына тийгизген таасирлери окутулат.

Араб тили жана адабияты

1. Араб тили жана адабияты предметин өздөштүрүүнүн максаты: Эл аралык маселелерде, айрыкча эл аралык мамилелерде магистранттардын компетенттүүлүгүн өстүрүү, предметти өздөштүрүүдө пайда болгон компетенцияларды жана көндүмдөрдү практикада пайдалануу жана илимий изилдөөлөрдө араб тилиндеги адабияттарды колдонууну үйрөтүү.

2. НББПдагы орду: ПЦ циклындагы вариативдик бөлүккө кирет (ТК), 3 кредит – 90 саат.

3. Күтүлүүчү натыйжалар: ЖК-6, ИК-3, КК-2, КК-8.

4. Кыскача мазмуну: Документтер менен иштөө үчүн жазуу, эл алдында чыгып сүйлөө, монолог айтуу, илим-изилдөө иштериндеги көндүмдөрүн өстүрүү жана арап тилиндеги булактарды пайдалануу, эл аралык уюмдарда, кыргызстандык жана чет элдик компанияларда иштей ала турган эрудициялуу, компетенттүү, жогорку квалификациялуу адистерди даярдоо

Ислам укугунун методологиясы жана теориясы

1. Ислам укугунун методологиясы жана теориясы предметин өздөштүрүүнүн максаты: Дисциплинанын негизги максаты, диний чөйрөдөгү укуктук маселелерди чечүүнүн усулдарын, алардын келип чыгуусун жана практикада колдонулуусун үйрөтүү болуп саналат.

2. НББПдагы орду: ПЦ циклындагы тандоо курсуна кирет (ТК), 2 кредит – 60 саат.

3. Күтүлүүчү натыйжалар: ИК-1, КК-2, КК-8.

4. Кыскача мазмуну: Негизги кесипке таандык предмет катары ислам укугунун теориясы жана усулу ислам дининин теологиялык дүйнө таанымын билүүдө өзгөчө мааниге ээ. Ислам пайгамбары Аз. Мухаммед дүйнөдөн кайткан учурдан тартып эле мусулмандардын арасында ибадат жана коомдук мамилелердин диний негиздери боюнча талаш-маселелер жарала баштаган. Убакыттын өтүүсү менен ббул маселелерди чечүү жолдору сунушталып, кээ бир учурларда бири-биринен айырмаланган көз караштар да пайда боло баштаган. Мына ушулардын негизинде ислам укугунун методологиясы калыптанган. Буга окшогон көйгөйлөр учурда да жок эмес. Ислам укугунун методологиясы жана теориясы предмети диний чөйрөдөгү укуктук маселелерди чечүүнүн усулдары, алардын келип чыгуусу жана практикада колдонулуусу терең үйрөтүлөт.

6. Практикалардын программасына аннотация

Илим-изилдөө, илимий-педагогикалык практикалардын программасына аннотация

6.1. Илим-изилдөө иши (ИИИ)

6.1.1 Илим-изилдөө ишинин максаты: Магистранттарда өз алдынча илим-изилдөө ишинин милдетин аныктоо көндүмүн (навык) калыптандыруу, теология боюнча ИИ милдеттерин ишке ашырууда өз алдынча изилдөөлөрдү жүргүзүү, заманбап илимий деңгээлде ИИИни пландаштыруу, уюштуруу жана өткөрүү, өз алдынча илим изилдөө жана илимий коллективде иштөө, изилдөөнүн жаңы методдорун жана технологияларын үйрөнүү.

6.1.2. НББПдагы орду: М.3 Практикалар блогуна кирет (М.3.2),– 21 кредит, 630 саат.

6.1.3. Күтүлүүчү натыйжалар: а) Окуу процессинде төмөндөгү компетенциялар өздөштүрүлөт: ЖК-1, ЖК-2, ЖК-3, ЖК-4, ЖК-5, ЖК-6, ИК-2, ИК-5, КК-1, КК-2, КК-3, КК-4, КК-8

6.1.4. Кыскача мазмуну: ИИИни пландаштыруу, магистрантты теология багытындагы изилдөө иштеринин тематикалары менен тааныштыруу, теманы тандоо, ИИИ өткөрүү – пландарды талкуулоо, оңдоо, ИИИ боюнча отчет түзүү, ИИИни коргоо. Магистранттын кесиптик дүйнө таанымына жана маданий деңгээлинин калыптанышына байланышкан компетенцияларды баалоо.

6.2. Илимий-педагогикалык практика

6.2.1. Илимий-педагогикалык практика максаты: ЖОЖдордун педагогикалык жана окуу-методикалык иштеринен тажрыйба алуу, сабактардын ар түрдүү формаларын өтүү боюнча педагогикалык көндүмдөргө ээ болуу, билим берүүнүн жана рыноктун талаптарына жооп бере турган жалпы маданий, инсандык, кесиптик компетенцияларды өркүндөтүү.

6.2.2. НББПдагы орду: М.3 Практикалар блогуна кирет (М.3.1),– 9 кредит, 270 саат.

6.2.3. Күтүлүүчү натыйжалар: а) Окуу процессинде төмөндөгү компетенциялар өздөштүрүлөт: ЖК-1, ЖК-3, ЖК-4, ИК-1, ИК-6, КК-1, КК-2, КК-3, КК-5, КК-6, КК-9

6.2.4 . Кыскача мазмуну: Окуу процессинин методикалык камсыздалышы, кафедранын материалдык-техникалык базасы менен таанышуу, окуу иштерин пландаштыруу жана уюштуруу иштери менен таанышуу, бакалавр-теологдорго лекциялык, семинардык сабактарга даярдануу жана сабак өтүү, атайын илимий-методикалык адабияттар менен иштөө, инновациялык билим берүү технологиялары менен таанышуу, аны окуу процессинде колдонуу, сабак өтүүнүн инновациялык формаларын иштеп чыгуу, студенттерге педагогикалык-психологиялык изилдөөлөрдү жүргүзүү.

7. Жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестацияга карата талаптар

7.1. Жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестация магистрдик диссертацияны коргоо жана адистик боюнча мамлекеттик сынакты камтыйт.

Жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестация бүтүрүүчүнүн кесиптик деңгээлинин даярдыгын аныктоого багытталган.

Бүтүрүүчүнүн жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестациясына кирген аттестациялык сыноолор ал окуп өздөштүргөн жогорку кесиптик билим берүүнүн негизги билим берүү программасына толугу менен дал келүүсү керек.

7.2. Магистрдик диссертацияга талаптар.

Магистрдик диссертация практикаларды өтөө мезгилинде илим-изилдөө иштерин аткаруунун жыйынтыгында магистр даярданып жаткан ишмердүүлүктүн (илим-изилдөө, педагогикалык, уюштуруу-башкаруу) маселелерин чечүүгө байланышкан өз алдынча жана логикалык бүтүндүктү туюнткан бүтүрүү квалификалоо иши болуп эсептелет.

Бүтүрүү квалификациялоо иштеринин тематикасы кесиптик маселелерди чечүүгө багытталган болушу керек:

-Теологиялык маселелерди чечүүдө илимий проекттерди иштеп чыгуу;

-Теологиялык билимдердин бардык багыттары боюнча адабий булак таануучулук изилдөөлөрдү жүргүзүү;

-Жаңы илимий методдорду жана жолдорду (подход) иштеп чыгуу;

-Теологдун кесиптик ишмердүүлүгүндөгү социалдык-практикалык иштердин жаңы формаларын жана методдорун иштеп чыгуу;

-Изилдөөнү долбоорлоо жана өткөрүү, алынган маалыматты заманбап технологиянын жардамында анализдөө.

-Бүтүрүү квалификациялоо ишин даярдоодо магистранттар терең билимине, калыптанган жалпы маданий жана кесиптик компетенцияларга таянып, өзүнүн жөндөмүн көрсөтүүгө тийиш, кесиптик маселелерди заманбап деңгээлде өз алдынча чечүүгө, атайын маалыматты профессионалдык деңгээлде айтып берүүгө, өзүнүн оюн илимий негизде аргументтөөгө жана коргоого тийиш.

-Бүтүрүү ишинин мазмунуна, көлөмүнө жана структурасына болгон талаптар «Магистрдик диссертация жөнүндө жобонун (№29 бюллетень)», ББж-аИ министрлиги тарабынан бекитилген Жогорку окуу жайлардын бүтүрүүчүлөрүн жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестациялоо жөнүндөгү жобонун негизинде, 531600 Теология багыты боюнча мамлекеттик билим берүү стандартынын жана Теология багыты боюнча ОМБ (УМО)нын методикалык сунуштарынын негизинде аныкталат.

-Магистрдик диссертациянын бакалаврдын квалификациялык ишинен айырмасы илимий маселени өз алдынча чечүүнү туюндурган концептуалдык илимий изилдөө болуп эсептелет.

7.3. Адистик боюнча мамлекеттик сынакка талаптар.

531600 Теология багыты боюнча мамлекеттик сынактын программасы жана өтүү тартиби Теология багыты боюнча ОУБ тарабынанан иштелип чыккан методикалык сунуштардын жана тийиштүү болжолдуу программалардын, ББж-аИ министрлиги тарабынан бекитилген Жогорку окуу жайлардын бүтүрүүчүлөрүн жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестациялоо жөнүндөгү жобонун, 531600 Теология багыты боюнча мамлекеттик билим берүү стандартынын негизинде ЖОЖ тарабынан аныкталат.

Адистик боюнча мамлекеттик сынак магистранттын кесиптик маселелерди чечүүгө даярдыгын текшерет.

Магистранттын даярдыгынын мазмунуна жана деңгээлине коюлган талаптарды текшерүү үчүн теология боюнча комплекстик экзамен өткөрүлөт.

Магистратурадагы жыйынтыктоочу сынактын максаты - бүтүрүүчүнүн кесиптик ишмердүүлүгүн ишке ашыруунун теориялык жана практикалык даярдыгын текшерүү.

Бүтүрүүчүнүн компетенцияларын обьективдүү баалоо үчүн экзамендик суроолордун тематикасы комплекстүү жана конкреттүү компетенцияларды калыптандыруучу ар түрдүү окуу циклинин тандалган бөлүмдөрүнө шайкеш келиши керек.

Адистик боюнча мамлекеттик сынак магистрант тарабынан алынган билимдерди мамлекеттик аттестациялык комиссиянын Кеңешмесинде оозеки экзамен тапшыруу түрүндө ишке ашат.

8. Баалоо каражаттарынын фонду

Ташырмалар

Окутуудан күтүлүүчү натыйжалар

ОН-1

1

Имам Газалинин ислам теологиясындагы орду жана мааниси жөнүндө кеңири маалымат берип, ислам философторун сынга алууда Имам Газалини туура деп эсептейсиңби? Маселени анализдеп, өз оюңду ачыктап бер.

ОН-1: Кесиптик чөйрөдө эксперттик ишмердүүлүк жүргүзүү менен маданияттар ортосундагы айырмачылыктардан келип чыккан проблемаларды этикалык жана улуттук нормалардын негизинде чечүүгө жана ортомчулук функцияны аткарууга, теологиялык маалыматтарды академиялык сын көз менен баалоо аркылуу теологиялык проблемаларды чечүү жөндөмүнө ээ болот.

2

Акыйда (теология) тармагында Кыргызстанда окутулган негизги адабияттар, алардын өзгөчөлүктөрүн жана аларды окутуунун жетиштүүлүгүн, же эместигин Кыргызтсандын шарттарын эске алып айтып бергиле жана теологиялык маселелерди чечүүдө кайсыл адабияттарды колдонууну сунуштайсың? Эмне үчүн? Өз оюңарды бөлүшкүлө.

3

Исламга чейин Орто Азияда кандай диндер өкүм сүргөн? Алардын ичинен экөөнүн жайылган аймактары тууралуу картадан көрсөтүү менен маалымат берип, азыркы учурда канчалык деңгээлде таасирдүү экендиктерин мисалдардын негизинде ачыктап бериңиз?

4

ал-Каида уюмунун идеологиялык көз караштарын тарыхый жана теологиялык далилдердин негизинде ачыктап айтып бер?

5

“Аалымдардын ар айтканы туура боло бербегендей, агымдардын да айтканы ар дайым туура боло бербейт”. Бул принципти эске алганда, матуридия менен мутазиланы хак жана бидат деп эсептөө канчалык деңгээлде туура? Бул суроого аналитикалык баа бергиле

6

“Махди бул – Куран” деген сөз акыйкатка жакынбы? Курандын махдийлиги маселеси сенин дүйнө таанымыңа туура келеби? Негизинен бул маселеде өзүңдүн көз карашыңды мисалдарды берүү менен кантип далилдеп бере аласың?

7

Ыймандын мазмуну маселесинде теологиялык агымдардын көз караштарын салыштырып кеңири ачыктагыла жана такфир маселесин чечүүдө кайсыл агымдын түшүнүктөрү негизги критерий катары каралышы керек, же эмес? Учурдагы шарттары негиз алып, маселени талдагыла

8

Ал-Каида уюмунун идеологиялык көз караштарын ачыктап айтып бериңиз?

9

Таблиг жамаатын этикад жагынан илимий негизде анализдеп бериңиз?

10

Салафизм, Салафу-Салихийн, Неосалафизм жана Ваххабизм терминдеринин байланыштары жана айырмачылыктарын так көрсөтүп, өзгөчөлүктөрүн слайддын жардамы менен талдагыла.

11

Курандагы айрым мубхам аяттард тууралуу аяттар алкагында анализдеп айтып бергиле.

12

Ислам радикализминин социомаданий-тарыхый негиздери эмнелер жана алардын өзгөчөлүктөрүн айтып бергиле.

13

Куранды аңдап түшүнүүдөгү радикалдуу айтууларда колдонулган аяттардын тематикалык бөлүнүшүнө анализ жүргүзгүлө.

14

Мусулман араптар менен Орто Азия калктарынын ортосундагы маданий байланыштардын тыгыз, же солгун жүргөндүгүн кандай мисалдар менен далилдеп бере аласың?

15

Диндердин классификациясы тууралуу айтылган көз караштарды түшүндүрүп, илимий түрдө маселени талдагыла.

16

Вахабилердин акыркы убакта Кыргызстан аймагында жайылуусун кандай баалайсыз?

ОН-2

17

Алгачкы уруулук диндерде тотем жана шаман түшүнүгү боюнча маалымат берип, азыркы мезгилде бул түшүнүктөрдү кайсыл эл же уруулардан көрүүгө болорун мисалдардын негизинде ачыктап бериңиз?

ОН-2: Теологиялык изилдөөлөрдүн усулдарын терең өздөштүрүп, теологиянын фундаменталдык билимдерин колдонуу менен илимий изилдөөлөрдү жүргүзүү жана анын натыйжасын баалоого, теологиялык изилдөөлөрдө өз алдынча жаңы (инновациялык) подход иштеп чыгууга даяр.

18

Муташаабих аяттарды чечмелөө жөнүндө Салафи Саалихииндер менен Халаф аалымдарынын көз караштарындагы айырмачылыктырын айтып бериңиз

19

Диряат тафсирлеринин баштоочулары кимдер болгон жана мындай тафсирлердин өзгөчөлүгү эмнеде экенин анализдегиле.

20

Синкретикалык диндердин негизги өзгөчөлүктөрүнө токтолуп, бул диндердин экөөнө салыштырмалуу анализ жасагыла.

21

Саясий ислам, исламизм жана радикализмдин теориялык жана терминологиялык байланыштарынын концептерине анализ жасап, түшүндүргүлө.

22

Ислам радикализминин негизги өзгөчөлүктөрү жана классификацияларын түшүндүрүп, анализдеп бергиле.

23

Саясий ислам менен неосалафизмдин байланыштарын, өзгөчөлүктөрүн жана айырмачылыктарын мисалдардын негизинде салыштырып анализдегиле.

24

Ихванул муслимин уюмунун Азия аймагында кандай таасирлери бар деп ойлойсуз? Анализдеп айтып бериңиз.

25

Ага Хан кайсы шия агымына таандык жана бул уюмдун Кыргызстандын аймагында жүргүзгөн ишмердүүлүгүнө кандай баа бересиз? Илимий негизде ачыктап бериңиз.

26

Алгачкы теологиялык проблемалардын пайда болуу себептерин анализдеп, илимий негизде баа бергиле.

27

Өкүмдөрдү анализдөөдө иллет менен хикматтын айырмачылыктарын мисалдар менен ачыктап бергиле.

28

Генетикалык аныктоодогу уруу жана түр түшүнүктөрүн аныктап, мыйзам ченемдүүлүгүн ачып берүүнүн илимий изилдөөдө ээлеген ордун кандайча кабылдоого болот.

29

Абстракциялык түшүнүктөрдүн илимдеги орду жана көйгөйлөрү жөнүндөгү ой пикирди талкуула.

30

Диний символдордун мазмун жана көлөмдөрүн ачуудан келип чыккан проблемалардын илимий чөйрөдөгү таасирлерин кандай негиздөөгө болот.

31

Универсалдык (дүйнөлүк) диндердин негизги өзгөчөлүктөрүнө токтолуп, бул диндерден экөөнү мисалдардын негизинде салыштыргыла.

32

Түшүнүктүн түзүлүшүндөгү логикалык негизги жолдор жана илимдеги мисалдарын ачып көрсөткүлө.

33

Лингвистика жана логикалык аргументациянын илимий метод катарында колдонулуусу жөнүндөгү карама-каршы ой жүгүртүүлөрдүн анализин өз ара салыштыргыла.

ОН-3

34

Орто Азия элдеринин исламдашуусунда социалдык фактордун ролу тууралуу маалымат бергиле. Силердин оюңар боюнча, социалдык фактор башка факторлордон эмнеси менен айырмаланып турат?

ОН-3: Динге байланыштуу долбоорлорду даярдоого жана уюштурууга, башкарууга байланыштуу өз алдынча чечимдерди кабыл алууга, коммерциялык эмес жана кайрымдуулук уюмдардын ишмердүүлүгүнүн формаларын жана усулдарын иштеп чыгууга даяр.

35

Орто Азия элдеринин исламдашуусунда тасаввуфтун ролу кандай? Кыргыздардын дүйнө таанымында анын орду канчалык деңгээлде терең, аны кантип тастыктай аласыңар жана азыркы учурда тасаввуфтун диний аң-сезимге багыт берерин, же бере албастыгын кантип далилдейсиңер?

36

Орто Азия элдеринин исламдашуусунда экономикалык фактордун орду кандай болгон? Мисалдарды берүү менен анализдеп айтып бергиле.

37

Кыргызстандын диний чөйрөсүндөгү теологиялык проблемаларга мисал келтирип, алардын келип чыгуу себептерин жана аларды чечүү жолдоруна баа бергиле.

38

Өкүмдөрдүн негизинде булак катары Куран менен сүннөттүн айырмачылыктары жана аларга амал кылуунун критерийлерин белгилегиле. Кайсыл критерийдин талапка ылайыктуу экенин талдагыла.

39

Дүйнөлүк диндердин ишеним догмаларында колдонулган түшүнүктөрдүн айырмачылыктарына салыштырмалуу анализ жасагыла.

40

Ишенүү, үмүттөнүү, каалоо, нийет кылуу сыяктуу түшүнүктөрдүн логикалык статусун аныктоодогу проблемаларды анализдегиле.

41

Билүү жана ишенүү түшүнүктөрдүн мазмун жана көлөмдөрүн ачып, информация жана объектин айырмаларына токтолуу менен жалпы белгилерин аныктагыла.

42

Диний илимдер менен философиянын байланышындагы рационалдык жана эпистемологиялык маселелердин чечмелениши жөнүндөгү ой пикирлерди кандайча чечмелөөгө болот.

ОН-4

43

Улуттук диндердин негизги өзгөчөлүктөрүнө токтолуп, бул диндерден экөөнү салыштырып, айкалышкан жана айырмаланган өзгөчөлүктөрүн слайддын жардамы менен так-даана көрсөтүп бергиле.

ОН-4: Кесиптик чөйрөдө агартуу жана педагогикалык ишмердүүлүк кылууда теология багытындагы дисциплиналарды окутуу усулдарын билет, бакалаврдын квалификациялык иштерине жетекчилик кылуу жөндөмүнө ээ болот жана коомдук-экономикалык, маданий өзгөчөлүктөрдү эске алуу менен изилдөөнүн ылайыктуу методдорун сунуштайт жана иштеп чыгат.

44

Куранды аңдап-түшүнүү жана чечмелөөдөгү методикалык көйгөйлөргө анализ жүрүгүзгүлө?

45

Наасих жана мансух терминдерин жана экөөнүн ортосундагы айырманы мисалдардын негизинде ачыктагыла.

46

Салыштыруу методу катары кыястын шарттарын конкреттүү мисалдар менен анализдеп айтып бергиле.

47

Факих менен усулчунун айырмачылыктарын күнүбүздөгү мусулмандардын жашоосун эске алып, мисалдардын негизинде анализдегиле.

48

Классикалык хадис усулу адабияттарында сахих хадистин беш шартынын бар экени белгиленген. Силердин оюңар боюнча, бул беш шарт жетиштүүбү? Бул беш шарттын санад жана текст менен болгон байланышы кандай? Мисалдарды берүү менен ачыктагыла.

49

Укуктук булак катары үрп-адаттын маанилүүлүгүн Кыргызстандын шарттарын эске алып, мисалдар менен талдагыла.

50

Азыркы учурдагы диний чөйрөдөгү көйгөйлөргө мисал берүү менен аларды чечүүнүн жолдорун сунуштагыла.

51

Түшүнүктүн түзүлүшүндөгү логикалык негизги жолдор жана илимдеги мисалдарын ачып көрсөткүлө.

52

Диндердин «дүйнөлүк» деп аталып калуусунун себептерине токтолуу менен өз маданияттарына тийгизген өзгөчөлүктөрүн салыштыргыла.

ОН-5

53

Сахабалардын тафсиринен бир мисал келтирип, эмне үчүн алардын тафсирлеринин көлөмдөрүнүн аз болгондугунун себептерин анализдегиле.

ОН-5: Илимий изилдөөлөрдү жүргүзүүдө жана презентациялоодо чет тилдеги адабияттарды жана атайын программалык камсыздоону колдоно алат, маалымат алмашуу процессиндеги коммуникативдик маселелерди чече алат, коомдук жана кесиптик ишмердүүлүктө коомго пайдалуу нормаларды сунуштайт.

54

Куран илимдеринин ичинен мухкам жана муташабих аяттарды мисалдар менен түшүндүрүп бергиле.

55

Куранды Куран менен тафсирлөө методун Фахруддин ар-Разинин тафсири мисалында чечмелеп айтып бергиле.

56

Классикалык диний тексттерди которууда араб тилиндеги фразеологизм, метофора жана метонимияларды билүүнүн ордун мисалдардын негизинде ачыктап бергиле.

57

Теология багытында илимий изилдөөлөрдө котормо жана түпкү булактарды колдонуунун маанисин жана айырмасын анализдеп айтып бергиле.

58

Интернет ааламында экстремисттик маанайдагы диний топтордун иш-аракеттерин жана таасирлерин мисалдарды берүү менен анализдегиле.

59

Мазхаб жана фыркаларга байланыштуу мусулман автолорго таандык классикалык булактарды объективдүүлүк/субъективдүүлүк жагынан анализдегиле жана илимий изилдөөдө колдонууда көңүл бурула турган маселелерди ачыктагыла.

9. НББПны иштеп чыккандар

Аты-жөнү

Кызмат орду

1.

Ажимаматов З.

Факультеттин деканы

2.

Козукулов Т.

Дин таануу жана гуманитардык предметтер кафедрасынын доценти

3.

Кадыров М.

Дин таануу жана гуманитардык предметтер кафедрасынын улук окутуучусу