Илимий ийримдер
2021-жылдын февраль айынан баштап АССТ кафедрасынын окутуучулары тарабынан АСОИУ, ПОВТАС, ПИ, ССИБИ адистиктериндеги окууган студенттер үчүн "Web-программалоо", "Delphiде программалоо" жана "Робототехника жана автоматташтыруу" аталышындагы ийримдер уюштурулду. Бул ийримге студенттер активдүү катышып жатышат. Каалоочулар келип катышса болот. Ийрим 203-аудиторияда төмөндөгү таблицадагы график боюнча өткөрүлүп жатат.

Ийримдин аталышы

Мугалимдин аты-жөнү

Өтүлүүчү жай

Өтүлгөн убактысы

1

Delphiде программалоо

Молдояров У. Д.

203-каана

Бейшемби

15:00-17:00

2

Web-программалоо

Молдояров У. Д.

203-каана

Дүйшөмбү, Шаршемби, Жума

15:00-17:00

3

Робототехника жана автоматташтыруу

Сүйүнбек уулу А.

203-каана

Шейшемби

15:00-17:00


2017-2018 - окуу жылынын жыл башынан баштап ОшМУнун МИТ факультетинин ИТАС кафедрасынын окутуучулары тарабынан факультеттин студенттери үчүн "Web программалоо" боюнча жуманын шейшемби, бейшемби күндөрү саат 12:20 да, ишемби күндөрү саат 8:00 дө кружок өткөрүлүп жатат. Каалоочулар үчүн эшик ачык.


Байланыш телефондору: (03222) 2-11-85. (996)778263363.



Erasmus+ KyrMedu проектисинин алкагында, И.Разаков атындагы КМТУнун Телематика кафедрасынын (каф. башчысы т.и.к., доцент Б.Кошоева) улук окутуучусу Лайлиев Ахмед Алысбекович, окутуучусу Мамбетисаев Санжар Нурланович 2018-жылдын 7-октябрынан 11-октябрына чейин ОшМУнун МИТ факультетинин ИТАС кафедрасынын “ИЗ”(Саламатттыкты сактоодогу информатика жана биомедициналык инженерия), “АСОИУ” (Информацияларды иштетүүнүн жана башкаруунун автоматташтырылган системалары), "ПОВТАС" (Эсептөө техникаларынын автоматташтырылган системаларын программалык камсыздоо) адистиктеринде окуп жаткан студенттерине «Роботтук техника жана өндүрүштү автоматташтыруу» боюнча практикалык, көргөзмөлүү сабактарды өтүштү. Сабактарга факультеттин окутуучулары жана кызыккан студенттер катышышты. Студенттердин суроолоруна жооптор берилип, практикада аткарылууга шарттар түзүлдү. Кесипке шыктанткан (мотивация) сабактар студенттердин кызыгууларын, суроолорун эске алуу менен ИТАС кафедрасы жана Телематика кафедрасынын келишиминин негизинде уланат.