Деятельность с заинтересованными сторонами
ОшМУнун МИТ факультетинин төмөнкү окутуучулары: 1. Култаева Д. Ч. - МИОТжана ББМ кафедрасынын доценти 2. Акматалиев Ж. - АССТ кафедрасынын окутуучусу 3. Мустапакулова Ч. А. - АжГ кафедрасынын окутуучусу 4. Рашид к. Б. - КИжИК кафедрасынын окутуучусу 2022-жылдын 27-январында (Б. №6. 24.01.2022-ж.) 550200 “Физика-математикалык билим берүү” багыты боюнча “Кыргыз Республикасында көп тилдүү билим берүү (CLIL)” программасын ишке ашыруунун алкагында о.э. НББПнын максаттары ЖКББнын мамлекеттик билим берүү стандартынын (Государственный образовательный стандарт высшего профессионального образования по направлению “Педагогическое образование” – бакалавриат. – Бишкек, 2015) жана кызыктар тараптардын талаптарын эске алып, Кара-Кулжа районунун Б. Эшмамбетов атындагы орус тилдүү гимназия мектебине профориентация жүргүзүп, математика, информатика жана физика адистигинен студенттерди практикага жөнөтүү боюнча макулдашуу жүргүзүп келишти.


Математика жана информациялык технологиялар факультетинде (МИТФ) студенттерди компетенттүүлүк мамиледе даярдоонун сапатын жогорулатуу, окутуучулар менен студенттердин ортосундагы мамилени чыңдоо, студенттердин окутуу процессинин жүрүшүнө карата «канааттануу деңгээлин» аныктоо максатында жүргүзүлүгөн сурамжылоонун жыйынтыгы


23.11.2016 Ата-энелер жана бүтүрүүчүлөр менен болгон тегерек столдун №1-токтому


2016-жылдын 23-ноябрында Математика жана информациялык технологиялар факультетинде билим берүүнүн сапаты, окуу процессинин уюштурулушу, адистерди даярдоодогу жана бүтүрүүчүлөрдүн ишке орношуудагы негизги көйгөйлөрү тууралуу маектешүү жана пикир алышуу үчүн уюштурулган тегерек столго факультеттин студенттеринин ата-энелери жана бүтүрүүчүлөрү катышышты.

Жолугушуу учурунда ата-энелер жана бүтүрүүчүлөр кредиттик технологиялар, билим берүүнүн баскычтары, негизги билим берүүнүн программалары, ОшМУнун сайты, AVN информациялык системасы ж.б. маалыматтар менен тааныштырылды. Ата-энелер жана бүтүрүүчүлөр тарабынан окуу процессине тиешелүү болгон түрдүү сунуштары, ой-пикирлери, ошондой эле мындай иш-чаранын уюштурулушуна карата ыраазычылыктары айтылды.

Факультеттин ата-энелер жана бүтүрүүчүлөр менен болгон байланышты чыңдоо максатында МИТ факультетинин ата-энелер жана бүтүрүүчүлөр ассоциацияларынын башкаруу кеңешинин курамдары түзүлүп, бекитилди. Жолугушуунун жыйынтыгында резолюция кабыл алынып, мындай жолугушуулар регулярдуу түрдө уюштурулушу чечилди.


Математика жана информациялык технологиялар факультетинде иш берүүчүлөр менен тегерек стол өткөрүлдү

2016-жылдын 24-июнунда Математика жана информациялык технологиялар факультетинде иш берүүчүлөр менен тегерек стол өткөрүлдү. Тегерек столго бүтүрүүчүлөрдүн ишке орношуудагы негизги көйгөйлөрү тууралуу маектешүү жана пикир алышуу үчүн Ош шаардык башкаруунун социалдык фонду, ОПВЭС, мэриянын ИЖС департаменти, КРнын Өкмөтүнүн Ош облусундагы өкүлчүлүгү, Ош шаардык салык инспекциясы, Ош шаардык мамлекеттик каттоо башкармалыгы, “Элкат”, “ДОК”, “Нуртелеком”, “Капитал” жана “Формат” жеке ишканалары, “О!” уюлдук оператору ж.б. ишканалардын директорлору, бөлүм башчылары, жетектөөчү адистери, ошондой эле Ош шаарындагы №38, №24, Ноокат райондук Б.Атишев ж.б. орто мектептеринин, ”Билим” лицейинин директорлору, математика мугалимдери катышышты.
Тегерек столдо иш берүүчүлөргө университетибиздин жана факультетибиздин өнүгүүсүндөгү жаңылыктары жана жетишкендиктери жөнүндө маалымат берилди. Андан соң негизги билим берүүнүн программалары, окуу пландары жана жумушчу окуу пландары менен программа жетекчилери тааныштырып өтүшкөндөн кийин иш берүүчүлөр тарабынан бир катар пайдалуу сунуштар айтылып өттү. Педагогикалык жана педагогикалык эмес багыттарындагы бүтүрүүчүлөрдүн компетенцияларын туура калыптандыруу, б.а. тажрыйба менен айкалыштырып калыптандыруу маселелери жана студенттердин практикага чыгуудагы көйгөйлөрдү чечүү маселелери дагы талкууланып өттү. Жыйынтыгында МИТ факултетинин иш берүүчүлөр ассоциациясын башкаруу кеңешинин курамы түзүлүп бекитилди.


Математика жана информациялык технологиялар факультетинде студенттердин ата-энелери менен жолугушуу болуп өттү

2017-жылдын 28-апрелинде Математика жана информациялык технологиялар факультетинде орто кесиптик билим берүү адистиктеринин студенттеринин ата-энелери менен жолугушуу болуп өттү.

Жолугушуунун негизги максаты:

- Ата-энелерди факультеттин окуу-тарбиялык процессинин мазмуну жана методикасы менен тааныштыруу;

- ЖОЖдор менен ата-энелерди тыгыз байланыштыруу.

ЖОЖго чейинки билим берүү департаментинин проректору Тажимамат Эркебаев окуу системасы боюнча жана студент кандай адис болуп, кайсыл ишканаларда иштей ала тургандыгы жөнүндө толук маалымат берип өттү. Ата-энелер түзүлгөн шарттарга ыраазы болушуп жакшы пикирлерин калтырышты.

Уюштуруучу: МИТ факультетинин кыздар кеңешинин төрайымы – Шамшиева Г.


Математика жана информациялык технологиялар факультетинде (МИТФ) студенттерди компетенттүүлүк мамиледе даярдоонун сапатын жогорулатуу, окутуучулар менен студенттердин ортосундагы мамилени чыңдоо, студенттердин окутуу процессинин жүрүшүнө карата «канааттануу деңгээлин» аныктоо максатында жүргүзүлүгөн сурамжылоонун жыйынтыгы