Выполненные работы
2024-жылдын 15-февралында ОшМУнун МИТ факультетинде иш берүүчүлөр менен биргеликте “Практикада студенттердин кесиптик компетенцияларынын калыптануусу” аттуу семинар болуп өттү. Семинарга мамлекетибиздин түштүк региону боюнча кырктан ашуун мекеме-ишканалардын, бизнес уюмдардын жетекчилери жана өкүлдөрү, чет өлкөлүк өнөктөш Ташкент маалымат технологиялар университетинен коноктор катышып, баяндамаларды жасашып, заман талабына зарыл адистерди даярдоого олуттуу сунуштарын беришти. Семинардын жүрүшүндө ОшМУнун окуу иштери боюнча проректору Н.К. Омуров, ОшМУнун инвестиция жана экономикалык өнүгүү боюнча проректору К.К. Токторов, ОшМУнун практика жана карьера борборунун жетекчиси Т.К. Матикеев, доцент А. Батыралиевдер сөз сүйлөштү жана ОшМУнун практика жана карьера борборунун улук инспектору А. Маткалыков, МИТ факультетинин кафедра башчылары А.Ө. Келдибекова, А.Ж. Кудуев, Б.А. Азимов, А.М. Токторбаев, У.З. Эркебаевдер практиканын түрлөрү, өтүлүшү жана максаттары тууралуу баяндамаларды жасашты. Бул иш-чаранын модератору болуп, факультеттин деканынын милдетин аткаруучу, доцент Т.М. Жолдошов иш алып барды. Иш-чаранын жыйынтыгында бир нече ишканалар менен келишимдерге кол коюлуп, меморандум түзүлдү, резолюция кабыл алынды.









ОшМУнун МИТ факультетинин кафедраларынын айымдары (эжекелер) аралык откорулгон ВАЛЕЙБОЛ оюну боюнча мелдештен матанализ кафедрасы мыкты оюн корсотуу менен 2-орунду багындырып 2-даражадагы диплом менен сыйланды. Ошондой эле Мамажанова Кылымгул "Мыкты чабуулчу" деген номинациясына ээ болду.





23-25 ноября 2023 года в городе Ташкент прошло международная конференция, посвещенная 90-летию со дня рождения академика М.С. Салахитдиновича. В мероприятии приняли участие профессорско-преподавательский состав кафедры матанализ, включая профессор А. Сопуева и К.Г. Кожобекова, а также доцентов А. Мурзабаева, А. Камбарова преподаватель А. Акматов.




width="400" height="700"
width="400" height="700"
width="400" height="700"


2-октябрь күнү меморандумдун алкагында, коомдук бирикменин IT адистери студенттер, профессорлор, окутуучулар курам менен жолугушуу болду. Жолугушууда "Интернет Коомунун Кыргыз Бөлүмү" коомдук бирикмесинин ишмердиги, меморандумдун максаты жана компьютердик сабаттуулук, санариптик сабаттуулук боюнча маалыматтар берилди.




Профессор Марат Ахмедов прибыл в ОшГУ по приглашению директора Высшей школы международных образовательных программ ОшГУ, профессор Дилмурат Турсунов и с 21 по 30 сентября проведен гостевые лекции и семинарские занятия для студентов, магистрантов, аспирантов и PhD докторов.


27.05.2023-ж. Ош Мамлекеттик Университетинин Эл аралык медицина факультетинде "Аймактык университеттер аралык X студенттик" олимпиада болуп өттү. Математика дисциплинасы боюнча олимпиаданын жооптуу комиссия мүчөсү А. Абдилазизаова дайындалды.


Техника илимдеринин доктору, Россия Федерациясынын Курск шаарындагы профессору Жусубалиев Жаныбай Турсунбаевич МИТ факультетинин студенттерине жана МОАИС адистигине жаратылыштагы жана техникадагы укмуштуудай кубулуш – синхронизация кубулушу жөнүндө айтып берди.


Ош мамлекеттик унивеситетинин МИТ факультетинде Кыргыз Республикасынын илимине эмгек сиңирген ишмер,КР нын Улуттук илимдер академиясынын м үчө-корреспонденти, физика,метематик илимдеринин доктору,профессор, Улуттук илимдер академиясынын ардактуу академиги Келдибай Алымкулов атындагы илимий изилдөө борбору ачылды. Иш –чара окумуштуу,педагог Келдибай Алымкуловдун 80жылдык эскерүү мааракесине арналган <<Математиканын актуалдуу маселелери жана билим берүү >> аталышындагы эл аралык конференциянын алкагында өттү. Конференцияга ОшМУнун ректору Кудайберди Кожобеков баштаган профессордук-окутуучулук курам, Орусия, Казакстан, Өзбекстандан келген белгилүү окумуштуулар катышты

МИТ факультетинин методикалык кеңеши тарабынан "Заманбап сабакты өтүүгө коюлуучу талаптар" тематикасындагы 72 сааттык методикалык семинарга кесиптештерибиз катышып жатышат . Семинардын программасы. 1. Сабакты пландаштыруу (темасын, максатын, милдеттерин аныктоо);
2. Сабакты уюштуруу (методдорду, каражаттарды тандоо);
3. Студенттин өнүгүү зоналарында окуу ишмердигин уюштуруу;
4. Проблемалык окутуу технологиясы;
5. Кейс-технологиясы;
6. Сынчыл ойломду өнүктүрүү технологиясынын стратегиялары;
7. Билимди баалоо жана текшерүү үчүн компьютердик технолгияларды пайдалануу (Plickers, LearningApps, Pear Deck, Google тиркемелери);
8. Сабактын иштелмесин түзүү;
9. Компетенттүүлүк мамиледе тапшырмаларды иштеп чыгуу;
10. Студенттин өз алдынча иштерин уюштуруу жолдору;
11. Баалоону жүргүзүү. Рефлексия;
12. Баалоо каражаттар фондун (БКФ) түзүү.


2022-жылдын 30-сентябрында Ош мамлекеттик университетинин математика жана информациялык технологиялар факультетинин математикалык анализ кафедрасынын улук окутуучусу Абдилазизова Акбермет Абдижалиловнанын «Туруктуулук шарты бузулган учурдагы сингулярдык козголгон дифференциалдык тендемелер системасынын чечиминин асимптотикасы » деген темада 01.01.02-дифференциалдык тендемелер, динамикалык системалар жана оптималдууу башкаруу адистиги боюнча физика- математика илимдеринин кандидаты илимий даражасын коргоду.


2022-жылдын 12-январында Ош мамлекеттик университетинин математика жана информациялык технологиялар факультетинин математикалык анализ кафедрасынын улук окутуучусу Камбарова Айсалкын Даминовна «Сан огунда вольтеранын биринчи турдогу интегралдык тендемелерин регуляризациялоо жана чыгарылыштарынын жалгыздыгы» деген темада 01.01.02-дифференциалдык тендемелер, динамикалык системалар жана оптималдууу башкаруу адистиги боюнча физика- математика илимдеринин кандидаты илимий даражасын коргоду.


ОшМУнун МИТ факультетинин математикалык анализ кафедрасынын илим жумалыгында баяндоочу баяндамалардын тизмеси 1). Кафедра тарабынан өткөрүлүүчү иш-чара: АиГ кафедрасы менен биргеликте “Брейнг-ринг” оюунун уюштуруу Кафедра тарабынан жооптуу, улук окутуучу Камбарова А. Д. Катышкан студеттер тизмеси.


27.04.2022 С.Абдыкалыков атындагы математика (профиль) IV олимпиада болуп өттү. Олимпиаданын жыйынтыгында комиссиянын чечими менен төмөнкү студенттер II турга өттү деп табылды: Баймаматова Арафаткан Турдалиевна, Абдилазиз кызы Айдана, Талантбек кызы Нуриза. Жеңүүчүлөр IX студенттик регионалдык олимпиадага жолдомо алышты.


Кафедранын профессордук-окутуучулук курамы факультеттеги бакалавриаттын, магистратуранын бардык багыттарында билим алган студенттерге, магистранттарга кесиптик жана математикалык-табигый илимдер циклиндеги дисциплиналарды жогорку илимий-методикалык деңгээлде окутуп, тарбиялоо менен бирге заманбап жогорку квалификациялуу кадрларды даярдоого салым кошуп келишүүдө.

Кафедранын илимий-изилдөө багыттарынын тематикасында кафедранын окутуучулары студенттердин жана магистранттардын квалификациялык жана магистрдик иштерине ийгиликтүү жетекчилик жасап келишүүдө.

Студенттердин илимий-изилдөө иштеринин жыйынтыктары факультеттик денгээлде уюштурулган илим жумалыгында, университеттик денгээлде уюштурулган аймактык студенттик конференцияда студенттер тарабынан баяндалат.

Ага окутуучу А.А.Акматов студенттерди математика боюнча олимпиадага даярдоо ийримин жетектеп келет, анын жетекчилигинин астында студенттер көп жылдар бою аймактык олимпиадалардан байгелүү орундарга жетишүүдө.


2011-жылдан тарта факультеттин студенттерин “Математика” профили боюнча факультеттик, аймактык олимпиадаларга ийгиликтүү даярдап келүүдө. 2013, 2014, 2015, 2016, 2017-жылдары А.Акматов тарабынан даярдалган студенттер аймактык олимпиадаларда 1-чи, 2-чи, 3-чу байгелуу орундарды ээлешип, бул жылдары ОшМУ профиль “Математика” боюнча 1-чи орунга чыккан.

2019-жылдын 11-мартында кафедра тарабынан, математикалык анализ кафедрасында узак жылдар бою иштеп келген физика-математика илимдеринин кандидаты, доцент, маркум Абдыкалыков Сулайман Абдыкалыкович агайдын жаркын элесине арналган, 1-математикалык олимпиада өткөрүлдү.

Олимпиада факультеттин бардык багыттарында окуп жаткан студенттеринин арасында жүргүзүлдү.

Төрайым А.К.Тойгонбаева Абдыкалыков Сулайман Абдыкалыкович агайдын эмгектери тууралуу кыскача баяндап, олимпиаданы ачып берди. А.А.Акматов олимпиаданын жобосу жана тапшырмалары менен тааныштырды. Олимпиаданын тапшырмаларында мисалдар берилип, бланка түрүндө сунушталды. Олимпиада негизинен эки багытта алып барылды: профиль жана профиль эмес. Математика профиль үчүн 5 мисал, профиль эмес үчүн 4 мисал берилип, ар бир мисалга 12,5 баллдан берилди.

Математика боюнча (профиль) олимпиадага МИТ факультетинен 13 студент, математика боюнча (профиль эмес) олимпиадага МИТ факультетинен 9 студент катышты.

Олимпиаданын жыйынтыгы боюнча (профиль эмес)

Ф.А.А.

Тайпасы

Баллы

1

Ирисмаматова Мээрим Алмазбековна

ИСТ(б)-2-18р

22,5

2

Абдижапар кызы Бактыгүл

ПМИ(б)-1-18

13

3

Осмоналиева Мээрим Таирбековна

ПМИ(б)-1-18

12

4

Хасанбай кызы Уулбүбү

ПМИ(б)-1-18

12

Олимпиаданын (профиль багыты боюнча) жыйынтыгынын предметтик комиссиясынын чечими менен төмөнкү студенттер II турга өттү деп табылды:

Ф.А.А.

Тайпасы

Баллы

1

Нурланбеков Тынчтыкбек Нурланбекович

МК(б)-1-17

48

2

Рысбекова Гүлбара Рысбековна

ПМИ(б)-1-17

45,5

3

Болотбек кызы Мираида

МК(б)-1-16

27

4

Ирисмаматова Мээрим Алмазбековна

ИСТ(б)-2-18р

33,5

2019 жылдын март айында математика предмети боюнча профиль жана профиль эмес болуп кафедранын ардактуу окутуучусу Абдыкалков Сулайман агайдын жаркын элесине арналган олимпиада болуп отту. Олимпиада алдынкы орун алган студенттер акчалай сыйлык менен сыйланышты.

МИТ факултетинен топтолгон курама команданын жардамында Тойгонбаева Айзат Куралбековна Кара-Кулжа районуна кесипке багытто иштерин алып барды.

Кафедранын окутуучусу Акматов Абдилазиз Алиевич тарабынан алынып барылган "Эйлер" олимпидалалык кружогунун студенти Гулбайра (фамилиясын тактачы) ЖОЖдор аралык олимпиададан учунчу орунду ээледи.

Мобилдуулук жана тажрыйба алмашуу максатында ОшМУда уюштурулган иш чаранын алкагында Айзат Куралбековна Европа Союзунун Испания олкосуно барып келди.

МИТ факултетинде мобилдуулук боюнча уюштурулган иш чаранын негизинде Айзат Куралбековна кошуна Озбекистан Республикасынын Андижан шаарында жайгашкан Андижан мамлекеттик университетине барып тажрыйба алмашып келди.

ОшМУ тарабынан уюштурулган "Студент жана илимий техникалык прогресс" аттуу VI илимий конференцияга математикалык анализ кафедрасынын окутуучулары Тойгонбаева Айзат, Камбарова Айсалкын жана Акматов Абдилазиздин жетекчилиги астында жалпы бир магистрант жана 8 студент катышып белгиленген темалар боюнча доклад жасашты. Ошону менен бирге алдынкы орундарды ээлешти.