Научные семинары, тренинги

2024-жылдын 11-январында «Алымкуловдук окуулар» семинарында “Комплекстик аймактагы сингулярдык козголгон теңдемелердин чечимдеринин асимптотикасы” деген темада ф.-м.и.д., профессор К.С. Алыбаев илимий баяндама жасады.

Информациялык системалар жана программалоо кафедрасы 2023-жылдын 18-декабрында КРСУнун жогорку математика кафедрасынын улук окутуучу Комарцова Елена Алексеевнанын диссертациялык ишине жетектөөчү мекеме болуп, анын “Достаточные условия устойчивости решений линейных вольтерровых интегро-дифференциальных уравнений высоких порядков” аталышындагы диссертациялык ишин талкуулады. (Илимий жетекчиси: физика-математика илимдеринин доктору, профессор, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын математика институтунун интегро-дифференциалдык теңдемелердин теориясы боюнча лабораториясынын башчысы Искандаров Самандар).




2023-жылдын 26-декабрында профессор, техникалык илимдердин хабилдүү доктору, Германиядагы нанотехнология илимий борборунун координатору Рыспаев Талант Акимжанов “Илимий изидөөнүн Европада жана Германияда каржыло булактары (Нанотехнологияны турмушта колдонуу мисалында)” аталышындагы илимий-методикалык семинар боюнча баяндама жасады. Бул илимий-методикалык семинарга МИТ факультетинин окутуучулары, аспираттары жана магистранттары катышышты.




2023-жылдын 27-октябрь күнү ОШМУ тарабынан “Рейтингдердин контекстинде ОшМУнун Scopus маалымат базасындагы абалы” деген темада семинар өткөрүлдү. Семинарга МИТ факультетинин кафедра башчылары жана окутуучулары катышышты. Бул семинарга ИСП кафедрасынын окутуучулары да катышышып, ОшМУнун QS илимий-метрикалык көрсөткүчтөрү жана Scopus маалымат базасы боюнча маалыматтарды алышты.

Рейтингдердин контекстинде ОшМУнун Scopus маалымат базасындагы абалы




2023-жылдын 25-октябрында К.Алымкулов атындагы «Математиканын актуалдуу маселелери жана аларды колдонуштары» регионалдык илимий семинар болуп, семинарда БИМЭ кафедрасынын улук окутуучусу С. Чоюбеков “Классикалык эмес биринчи түрдөгү айрым интегралдык теңдемелердин чечимдеринин регуляризациясы жана жалгыздыгы” аталышындагы диссертациясы талкууга коюлду.




2023-жылдын 21-октябрда күнү К.Алымкулов атындагы «Математиканын актуалдуу маселелери жана аларды колдонуштары» регионалдык илимий семинар болуп, семинарда төмөнкү окутуучулар:
1. КМИГД кафедрасынын окутуучусу Бекмурза уулу Ыбадылла “Асимптотика решения возмущенной задачи с регулярной особой точкой” аталышындагы илимий доклад жасады.
2. Изденүүчү Мустафаева Нагима “Регуляризационно-численные методы решения интегральных уравнений вольтерра первого рода” аталышындагы илимий доклад жасады.




ОшМУда 2023-жылдын 15-16-август күндөрү Англиянын Оксфорд университетинен келген профессорлор Ariell Ahearn жана Troy Sternberg "Илимий изилдөө жүргүзүү, макалаларды жазуу жана аларды эл аралык журналдарга жарыялоо" деген аталыштагы семинар-тренинг өтүп беришти. Семинарга ИСП кафедрасынын доценти Б.О. Кочконбаева катышып, сертификатка ээ болду.




2023-жылдын 30-июнь күнү К.Алымкулов атындагы«Математиканын актуалдуу маселелери жана аларды колдонуштары» регионалдык илимий семинар болуп, семинарда төмөнкү окутуучулар:
1. БИМЭ кафедрасынын улук окутуучусу С. Чоюбеков “Вольтерранын биринчи түрдөгү классикалык эмес сызыктуу интегралдык теңдемелердин чечимдеринин Липщицтин шарты менен регуляризациясы жана жалгыздыгы” аталышындагы илимий доклад жасады.
2. Изденүүчү Мустафаева Нагима “Регуляризационно-численные методы решения интегральных уравнений вольтерра первого рода” аталышындагы илимий доклад жасады.






2023-жылдын 20-май күнү К.Алымкулов атындагы«Математиканын актуалдуу маселелери жана аларды колдонуштары» регионалдык илимий семинар болуп, семинарда төмөнкү окутуучулар:
1. БИМЭ кафедрасынын улук окутуучусу С. Чоюбеков “Вольтерранын биринчи типтеги классикалык эмес сызыктуу интегралдык теңдемесинин чыгарылышы жөнүндө” аталышындагы илимий доклад жасады.
2. ИСП кафедрасынын улук окутуучусу Г. Омаралиева “Асиптотика решения трех зонных бисингулярных задач” аталышындагы илимий доклад жасады.



Доклад Чоюбекова С.


Доклад Омаралиевой Г.




2023-жылдын 27-февраль күнү физика-математика илимдеринин доктору, профессор, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын математика институтунун интегро-дифференциалдык теңдемелердин теориясы боюнча лабораториясынын башчысы Искандаров Самандар ОшМУнун МИТ факультетинде «Вольтерра тибиндеги интегро-дифференциалдык теңдемелердин чыгарылыштарынын жарым октогу асимптотикалык касиеттерин изилдөөнүн кээ бир методдору» деген темада илимий доклад окуду. Семинарга ОшМУда эмгектенген профессорлор, доценттер, окутуучулар, аспиранттар, магистранттар жана студенттер катышты. Семинардын жүрүшүндө угуучуларды кызыктырган бир топ суроолорго жооп алынып, жаш окумуштуулар өздөрүнө жемиштүү малыматтарды алышты.




Доклад