Новости Архив

Факультет

Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министрлигинин алдындагы педагогикалык кадрларды даярдоо жана квалификацияны өркүндөтүү боюнча республикалык институттун директору, педагогика илимдеринин кандидиты Токтомаметов Алмазбек Даткабаевич менен педагогика жана психология факультетинин тилчи-окутуучулары жана кийинки семестрде практикага даярданып жаткан 3-курстун студенттери менен жолугушуу өткөрүлдү. Жолугушууда агай өзүнүн педагогикалык, методикалык бай тажрыйбалары менен учурдагы окутууда жаңы ыкма, методикалар жөнүндө кеңири баяндама жасады. Жолугушууда студенттер да кызуу талкууга катышып, кызыктуу суроолорду берип жоопторду ала алышты. Факультеттин деканы Муратбаев Бакыт Бакасович агайга терең ыраазычылык билдирип, мындан аркы иштерине ийгиликтерди каалады. Жолугушуу жогорку деңгээлде өттү.