





МИТФ Программалоо кафедрасы (академиялык мобилдүүлүк)
Ош мамлекеттик университетинин МИТ факультети академиялык мобилдүүлүк боюнча тыгыз иш алып барышууда. Студенттер Казакстанга барып окуп келүүлөрү үчүн төмөнкү шарттарды аткаруу зарыл: 1) Окуу жайларга кат жөнөтүү . 2) Окуу жайлардан чакыруу кат . 3) Үч тараптуу келишим []. 4) Студенттер тарабынан толтурулган анкета .
Ош мамлекеттик университети менен Казакстандын Алматы шаарындагы Жаңы экономика университетинин (ЖЭУ) ортосундагы академиялык мобилдүүлүк боюнча келишиминин негизинде 2015-2016-окуу жылында ИВТ багытынын ПОВТАС профили боюнча 2-курста эң жакшы бааларга окуп жатышкан студенттер: Мирзакамалова Мадина №731/4 буйруктун негизинде (бюджеттик негизде окуйт) жана Шегай Диана 46/4-и буйруктун негизинде (контракттык негизде окуйт) 6 айга (01.09.2015-01.02.2016) Алматы шаарына барып окуп келүүгө макулдук алышып, билим алып келишкен.

2015-2016-окуу жылынын жазгы семестринде МИТ факультетинин ИСТ(бакалавр) багыты боюнча окуган ИСТ(б)-2-14Р группасынын студенттери Турдуматова Жибек жана Элеман кызы Анара №62/4 буйругун негизинде жогоруда аталган унуверситетке барып окуп келишти.
Академиялык мобилдүүлүк келишими боюнча ОшМУда окуган студенттер контракттык акыны ОшМУга төлөйт, ал эми ЖЭУда акысыз окуп келе алат.
2016-2017-окуу жылынын 16-январынан 27-майга чейин ОшМУнун № 154/4 буйругунун негизинде ИСТ(бакалавр) багыты боюнча ИСТ(б)-1-16 группасынын студенттери Тиллаев Бектурсун, ИСТ(б)-3-16Р группасынын студенттери Аскарбеков Бекмырза , Камалов Тилек , ИСТ(б)-1-14 группасынын студенттери Ульмасова Нурзаада, Убайдулла уулу Улугбек Казакстан Республикасынын Алматы шаарындагы Нархоз Университетине барып билим алып келишти.
2017-2018-окуу жылынын (01.09.201-01.02.2018) күзгү семестринде Казакстандын Нархоз университетине ОшМУнун №1358/4 буйругунун негизинде МИТ факультетинин ИСТ(бакалавр) багыты боюнча ИСТ(б)-1-14 группасынан Караева Кенжегүл, Исраилова Рахат, Абдумалик кызы Альбина жана Турсунбаева Назгул, ИСТ(б)-2-14Р группасынан Эламан кызы Анара, Абдиманапова Айзирек барып татыктуу билим алышып, өздөрүнүн ОшМУдан алган билим сапаттарын, Нархоз университетинде көрсөтүшүп, ийгиликтерди жаратып келишти
2017-2018-окуу жылынын 12-октябрдан 26-январга чейин ОшМУнун №1149/4 буйругу менен ОшМУ жана Туркиянын Сулейман Демирел университетинин ортосундагы академиялык мобилдүүлүк боюнча түзүлгөн келишимдин негизинде МИТ факультетинин ИСТ(бакалавр) багыты боюнча ИСТ(б)-1-15 группасынын студенти Кожобекова Мээримгүл жана ИСТ(б)-2-16 группасынын студенти Орозмамат уулу Калысбек Сулейман Демирел университетинде ОшМУдан алган билимдерин ийгиликтүү көрсөтүшүп, маданий иш-чараларга активдүү катышышып айына 200$ стипендиа алып окуп келишти. .



