Новости Архив

Мобильность преподавателей
2023-2024-окуу жылындагы ИСП кафедрасынын окутуучулук курамынын академиялык мобилдүүлүгү
2023-жылдын 23-25-ноябрь күндөрү Ташкентте академик М.С.нын 90 жылдыгына арналган эл аралык конференция болуп өттү. Салахитдинович. Иш-чарага ИСП кафедрасынын профессордук-окутуучулар курамы, профессорлор А.Сопуев жана К.Г. Кожобеков, ошондой эле доценттер А.Э. Сатарова, Н.К. Аркабаева, Н.А. Абдирайымова, А.М. Токторбаев, старший окутуучу Г. Омаралиева, жана мугалимдер З.Ж. Мурзакматова, Пакал уулу Долонбек, Ж.Токтомуратова. Конференцияда профессорлор А.Сопуев, К.Г. Кожобеков, доценттер А.М. Токторбаев, А.Э. Сатаров, Н.А. Абдирайымова, старший окутуучу Г. Омаралиева илимий изилдөө тармагына салым кошкон илимий баяндамаларын беришти.
2023-2024-окуу жылындагы ИСП кафедрасынын окутуучулук курамынын академиялык мобилдүүлүгү
ОшМунун МИТ факультетинин «Колдонмо математика жана информатика» багытындагы PhD докторанты Пакал уулу Долонбек ишмердүүлүгүн жогорулатуу максатында кафедра башчы жана программа жетекчи катары Б.Азимов, факультеттин деканынын окуу иштери боюнча орун басары Т.Жолдошов докторанттар менен биргеликте Астана шаарындагы Л.Н. Гумилев атындагы Евразия Улуттук университетине иш сапар менен барды. Докторанттардын сырткы жетекчилери менен жолугуу, илимий иштер боюнча баарлашуу жогорку деңгээлде болду. Scopus, Web of Science, РИНЦтин базасындагы журналдарга биргеликте макалаларды чыгаруу талкууланды. Ошондой эле адистиктер арасында өз ара кызматташуу пландалды.
ОшМУнун ректору К.Кожобековдун буга чейинки ЕНУ менен түзгон оз ара келишимдеринин алкагында ишке ашууда.
04-08.11. 2023


2022-2023-окуу жылындагы ИСП кафедрасынын окутуучулук курамынын академиялык мобилдүүлүгү
2022-жылдын 3-4-ноябрь күндөрү Ош мамлекеттик университети менен Өзбекстан Республикасынын Наманган инженер-курулуш институтунун ортосунда билим жана билим берүү тармагынын бардык чөйрөсүндө кызматташуу максатында, ошондой эле "Курулуш технологиясы" факультетинин студенттерине "Автоматтык башкаруу теориясы" жана "Информациялык системалардын интерфейстерин проектирлөө" дисциплинасы боюнча лекциялык сабак өтүү үчүн Информациялык системалар жана программалоо кафедрасынын башчысы, ф.-м.и.к., доценти Токторбаев Айбек Мамадалиевич, ушул эле кафедранын ф.-м.и.к., доценти Сактанов Улукбек Абдисаматович жана т.и.к., доценти Көчкөнбаева Бүажар Осмоналиевна Наманган шаарына иш сапарына барышты. Иш сапардын негизинде Информациялык системалар жана технологиялар адистигине биргелешкен билим берүү, кош дипломдуулук боюнча программаларды ачуу жана тажрыйба алмашуу боюнча бир топ сөздөр болду жана Эрасмус + менен биргеликте иштеген магистратурага кошулганга мүмкүнчүлүк түзүлдү. Мындан сырткары өтүлгөн лекциялык сабактардан Наманган инженер-курулуш институтунун ректору Ш.Т. Эргашевден сертификаттарга ээ болуп кайтышты.

2021-2022-окуу жылындагы ИСП кафедрасынын окутуучулук курамынын академиялык мобилдүүлүгү
      ИСП кафедранын улук окутуучусу Абдирайимова Н. 2022-жылдын февраль айында Б. Сыдыков атындагы Кыргыз – Өзбек эл аралык университетинин компьютердик технологиялар жана энергетика факультетинде ИЭТ адистигинин 3-курстарына “1С программасы” дисциплинасы боюнча 1-жумалык конок лекция өттү.


      Ош мамлекеттик университетиндеги математика жана информациялык технологиялар факультетинин АССТ кафедрасынын башчысы доцент У.Д.Молдояров, ИСП кафедрасынын башчысы доцент А.М.Токторбаев, КИИК кафедрасынын башчысы доцент У.З.Эркебаев жана немис тили кафедрасынын улук окутуучусу Ж.Ф.Сарыкбаева Германиянын Цвикау Батыш-Саксон колдонмо илимдер университетинде иш сапарда.
      Иш сапардын биринчи күнүндө медициналык информатика факультети менен байланышты жандандыруу, "Саламаттык сактоодогу информатика", "информациялык системалар жана технологиялар" жана "архитектурадагы колдонмо информатика" профилдери үчүн биргелешкен билим берүү программаларын жана студенттер менен окутуучулардын арасында академиялык мобилдүүлүк, илимий сапарларды, стажировкаларды, кесипти жогорулатуу курстарын уюштуруу, конок лекцияларды окуу, тренингдерди өткөрүү ж.б. кызматташуу багыттары профессор Леоноре Хайланд жана факультеттин деканы профессор Анке Хебер менен талкууланды.


      2021-жылдын 3-4-декабрь күндөрү Ош мамлекеттик университети менен Өзбекстан Республикасынын Наманган инженер-курулуш институтунун ортосунда билим жана билим берүү тармагынын бардык чөйрөсүндө кызматташуу максатында Информациялык системалар жана программалоо кафедрасынын башчысы, ф.-м.и.к., доценти Токторбаев Айбек Мамадалиевич, ушул эле кафедранын ф.-м.и.д., проф Сопуев Адахимжан Сопуевич жана окутуучу Абдумиталип уулу Кубат Наманган шаарына иш сапарына барышты жана конок лекция өтүп кайтышты.


Академический мобильность ППС