Факультет

Ош МУнунКыргыз-Түрк факультети 2018-жылдын 25-майында Окумуштуулар кеңешинин №7 токтомунда кабыл алынган чечиминин жана университеттин ректору, профессор Каныбек Исаковдун 2018-жылдын 26-майындагы №438 буйругунун негизинде ачылган.

Кыргыз-Түрк факультетинде окутуу Кыргызстандын жана Туркия мамлекеттеринин билим берүү стандарттарынын негизинде жүргүзүлөт. Туркиянын Кастамону университети менен биргеликте окуу планы иштелип чыгып, заманбап университеттердин моделин жана заманбап таалим-тарбия берүү стандарттарын колдонуп, Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайларына үлгү болгудай системаны куруу, дүйнөлүк интеграция процессинде алдыңкы топто жүрүү факультеттин башкы макстаты.

Кыргыз-Түрк факультети адам укугун коргогон, рухий байлыктарга жан тарткан, акылга бай, сезгич, адептүү, жоопкерчиликтүү, тапкыч, заманбап маалымат технологияларын башкара алган,улуттук байлыктарды барктаган, ар кандай маселеге сын көз менен караган, баамчыл, демократиянын шарттарын аздектеген, эркин ойлонгон, искусствого баа берген, Кыргыз Республикасынын демократиялашуу жана базар экономикасына өтүү процесстеринин тездешине өз салымын кошкон жаратман муунду өстүрүү жана адистерди тарбиялап чыгаруу факультеттин миссиясы.

Кыргыз-Түрк факультетинде түрк тилин жана маданиятын окутуу Туркиянын билим берүү министрлигине караштуу Туркиянын Кыргызстандагы элчилигинин алдындагы ТТÖMER мекемеси (Туркиялык түрк тилин үйрөтүү борбору) тарабынан жүргүзүлөт.

Мүмкүнчүлүктөр жана өзгөчөлүктөр:

· Эл аралык (международный) стандарт боюнча окутуу;

· Бүтүрүүчүлөр Кыргыз Республикасынын жана Туркия Республикасынын мамлекеттик дипломдоруна ээ болушат(кош диплом);

· Дипломдун негизинде эки мамлекетте тең адистик боюнча иштөө;

· Түркиядан келген мугалимдер аркылуу түрк тилин мыкты үйрөнүү;

· Түркиялык жана Кыргызстандык жогорку даражадагы мугалимдердин сабак өтүүсү;

· Кыргыз-Түрк факультетин аяктаган студенттер Түркияда магистратура жана докторантурада окуу мүмкүнчүлүктөрүнө ээ болушат;

· Студенттердин өз күчү менен окуусун камсыз кылуу;

· Окууда ийгиликке жетишкен студенттер стипендия менен камсыз болуу мүмкүнчүлүктөрү бар;

· Академиялык мобилдүүлүктүн негизинде эл аралык университеттерде (MEVLANA, ERASMUS MUNDUS+ ж.б.) программалар аркылуу дүйнөнүн булуң-бурчунда билим алып келүү жана практикалардан өтүү;

· Кошумча чет тилдерин (түрк, англис, немец, кытай ж.б.) өздөштөрүү мүмкүнчүлүктөрү;

· Илимий-изилдөө долбоорлоруна колдоо алуу мүмкүнчүлүктөрү;

· Эл аралык түрдүү конкурстарга катышуу мүмкүнчүлүктөрү;

· Коомдук жана маданий иш чараларга катышуу, өзүн ар тараптан өнүктүрүү мүмкүнчүлүктөрү;

· Түрдүү студенттик клубдарды түзүү жана иш алып баруу мүмкүнчүлүктөрү.

· Өз ишин мыкты билген, ачык сүйлөөдөн тайманбаган келечегин көрө билген чыныгы адистерди даярдоо.

Экономика;

PR менеджер (журналистика);

Компьютердик инженерия;

Туризм;

Мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу;

Филологиялык билим берүү (түрк тили жана адабияты)

багытындагы адисттер даярдалат.