Негизги билим берүү программасы
ЖАЛПЫ ЖОБОЛОР I Жалпы жоболор 532000 – “Дене тарбия” бакалаврларды даярдоо багытындагы бул мамлекеттик билим берүү стандарты Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 23 – августундагы №496 токтому менен бекитилген “бакалавр” даярдоо багытындагы Кыргыз Республикасынын жогорку кесиптик билим берүүнүн мамлекеттик билим берүү стандартынын макетинин негизинде иштелип чыккан. Бул мамлекеттик билим берүү стандартына (МБС) өзгөртүүлөр жана кошумчалар мезгилдүүлүгү 4 жылда бир илим жана билим берүү министрлигинин чечими боюнча эмгек жана социалдык коргоо, экономика, каржы министрликтеринин макулдугу менен киргизилет жана Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинде катталат. МБС экспертизасы Кыргыз Республикасынын илим жана билим берүү Министертвосунун алдындагы жогорку кесиптик билим берүү боюнча ведомство аралык эксперттик кеңеш тарабынан жүргүзүлөт. МБС экспертизасын уюштуруу жана өткөрүү илим жана билим берүү Министрлигинин туура келүүчү нормативдик актылары менен аныкталат. Бул МБС аткаруу “Дене тарбия” 532000 багыттагы бакалврды даярдоо боюнча кесиптик билим берүү программаларын ишке ашырып жаткан, уюштуруу – укуктук формаларына көз карандысыз бардык жогорку окуу жайлар үчүн милдетүү болуп эсептелет. Терминдер жана аныктамалар Учурдагы жогорку кесиптик билим берүүнүн МБС (ГОС) Кыргыз Республикасынын “билим берүү” законуна, ошондой эле жогорку билим берүү тармагындагы эл аралык документтердин негизинде терминдер жана аныктамалар көрсөтүлгөн ирээттүүлүктө колдонулат. - негизги билим берүү программасы – бул жогорку кесиптик билим берүүнүн берилген багыттарындагы адистикти даярдоо боюнча билим берүү процессинин максатын, күтүлгөн жыйынтыгын , мазмунун жана жүзөгө ашырууну камтыган окуу – усулдук документтердин жыйындысы (топтому) - даярдоонун багыты – фундаменталдык даярдыктарынын бирдейлигинин окшоштугунун негизинде топтолгон, ар кандай профилдеги адистер, магистрлер, бакалавр үчүн түзүлгөн билим берүү программалардын жыйындысы. - профиль – кесиптик иш аракеттердин белгилүү бир түрү жана обьектине болгон негизги билим берүү программасынын багытталышы. - дисциплиналардын цикли – окутуунун, тарбиялоонун коюлган максатына жана жыйынтыгына карата белгилүү логикалык жыйынтыктоочулукка ээ болгон билим берүүнүн бөлүгү же окуу дисциплиналардын топтому. - компетенция – кесиптик иш – аракеттер менен иштөөгө зарыл болгон жеке ...... , билимдин, тажрыйбанын динамикалык айкалыштары (комбинация) - бакалавр – 4 жылдын кем эмес нормативдүү мөөнөттөгү жогорку кесиптик билим берүүнүн негизги окуу программасын өздөштүргөн, аттестациялоонун жыйынтыгы боюнча бир тарапка берилүүчү академиялык даража жана ал анын ээсине белгилүү кесиптик иш алып барууга же магистрдик программа боюнча белгилүү багыт боюнча “магистр” академиялык даражага ээ болуш үчүн окуусун улантууга укук берет. - магистр – тандаган багыты боюнча бакаларрдын биринчи академиялык даражасына ээ болгон жана эки жылдан кем эмес нормативдик окуу мөөнөтүндө жогорку кеситик билим алуунун негизги окуу программаларын өздөштүршөн жактары аттестациялоонун жыйынтыгынын негизинде берилүүчү академиялык даража жана ал анын ээсине белгилүү кесиптик иш аракетти алып барууга жана аспирантурада окуусун улантууга укук берет. - кредит (зачеттук китепче) – негизги кеситик билим берүү программасынын эмгек сыйымдуулугунун шарттуу өлчөмү. - билим алуунун жыйынтыктары - негизги окуу программалары модуль боюнча окуунун негизинде ээ болгон компотенциялар. Белгилер жана кыскартуулар Бул мамлекеттик билим берүү стандартында төмөндөгүдөй кыскартуулар колдонулат. - МБС – мамлекеттик билим берүү стандарты - ЖКБ – жогорку кесиптик билим - НББП – негизги билим берүү программасы - ОУБ – окутуу - усулдук бирикмелер - НББП ДЦ – негизги билим берүү программасы дисциплиналардын цикли - ЖК - жалпы илимдик компетенциялар - ИК - инструменталдык клмпотенциялар - СЛК - кесиптик – жекелик компотенциялар - ПК - кесиптик компетенциялар Колдонуу аймактары 2.1. Берилген жогорку кесиптик билим берүүнүн мамлекеттик билим берүү стандарты ...... – 532000 “Дене тарбия” багытында бакалаврды даярдоо боюнча негизги билим берүү программаларына болгон талаптардын жана нормалардын, эрежелердин жыйындысы болуп саналат жана Кыргыз Республикасынын территориясында мамлекеттик акредитация (аттестация) лицензиясына ээ болгон, алардын уюштуруу – укуктук формаларына карабастан бардык жогорку билим берүү мекемелери тарабынан окуу жана усулдук – уюштуруу документтерин, негизги билим берүү программаларын өздөштүрүү сапатын баалоо үчүн негиз болуп эсептелинет. 2.2. 532000 “Дене тарбия” багытында багыты боюнча бакалаврды даярдоону ЖКБнүн МБС негизги пайдалануучулары болуп эсептелинет: - жогорку окуу жайларынын администрациясы жана профессордук – окутуучулар коллективи, өздөрүнүн жогорку окуу жайларында билим берүү программаларын илимдин жана техниканын берилген багыт боюнча социалдык чөйрөдөгү жетишкендиктерин эске алуу менен жаңылап турууга, сапаттуу иштеп чыгууга жана эффективдүү жүзөгө ашырууга жооптуу; - студенттер өздөрүнүн окуу – иш аракеттеринде берилген даярдык багыты боюнча билим берүүнүн негизги программасын өздөштүрүү жана эффективдүү жүзөгө ашырууга жооптуу; - берилген кесиптик иш – аракеттер жумуш берүүчүлөр жана адистер бирикмелери; - билим берүү чөйрөсүндөгү аткаруу бийлигинин борбордук мамлекеттик органынын тапшырмасы боюнча негизги билим берүү программаларын иштеп чыгарууну камсыз кылган окуу – методикалык усулдук бирикмелер жана кеңештер; - жогорку билим берүүнү каржылоону камсыз кылган аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдары; - жогорку билим берүү системасында закондуулуктун сакталышын көзөмөлдөөнү, аттестацияларды, аккредациялоону өткөрүүнү жана жогорку билим берүүнүн сапатын көзөмөлдөөнү камсыз кылган аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын өкүлчүлүктөрү; 2.3. Абитуриенттердин даярдык деңгээлине талаптар 2.3.1. “бакалавр” академиялык даражасын ыйгаруу менен жогорку кесиптик билимге ээ болууга ат салышкан абитуриенттердин билим деңгээли – орто жалпы билим же кесиптик орто билим (же жогорку кесиптик) билим. 2.3.2. абитуриент жалпы орто билими же орто кесиптик (же жогорку кесиптик) билими тууралуу мамлекеттик үлгүдөгү документке ээ болуш керек. 2.3.3. дене тарбия чөйрөсүндөгү бакалаврларды даярдоо боюнча кабыл алууда жогорку окуу жайы кесиптик багытта сынакта өткөрүүгө укугу бар. Багыттардын жалпы мүнөздөмөсү Кыргыз Республикасында 532000 “дене тарбия” багытында даярдоодо төмөнкүлөр ишке ашырылат: - бакалаврды даярдоо боюнча ЖКБ ННБП -магистрлерди даярдоо боюнча ЖКБ НББП толугу менен өздөштүрүлгөн жана мамлекеттик жыйынтыктоо атестациясынан берилген катардан ийгиликтүү өткөн бүтүрүүчүлөргө “дене тарбия бакалавры” академиялык даражасы ыйгарылуу менен жогорку билими жөнүндөгү диплом берилет. Магистрди даярдоо боюнча ЖКБ НББП толук өздөштүргөн жана белгиленген талаптагы мамлекеттик аттестациядагы ийгиликтүү өткөн бүтүрүүчүлөргө “дене тарбиянын магистри” академиялык даражасы ыйгарылуу менен жогорку билими тууралуу диплом берилет. 3.2. жалпы орто билим же кесиптик орто билимдин негизинде 532000 “дене тарбия” багыты боюнча окутуунун күндүзгү формасы боюнча бакалаврды даярдоонун ЖКБ НББП өздөштүрүүнүн нормативдүү мөөнөтү 4 жылды түзөт. Бакалаврды даярдоонун ЖКБ НББП өздөштүрүүнүн мөөнөтү окуунун күндүзгү – сырттан окуу формасында, ошондой эле окуунун ар кандай формаларын айкалыштыруу учурунда жана дистанттык - аралык окуу технологияларын пайдаланууда билим алуунун күндүзгү формасындагы мөөнөткө салыштырмалуу жогорку окуу жай тарабынан бир жылгы узартылат. Жогорку кесиптик билими бар студенттер үчүн 532000 “дене тарбия” багытындагы бакалаврларды даярдоо боюнча ЖКБ НББП тездетип өздөштүрүүгө мүмкүнчүлүк берилет. Мында окуунун мөөнөтү жогорку окуу жай тарабынан студенттин мурдагы кесиптик билим алуу этабындагы билиминин, аны пайдалана билүүсүнүн жана жөндөмдүүлүгүнүн негизинде НББПнын ортосундагы коюлган айырмачылыктарды эске алуу менен аныкталат. ЖКБ НББП башка нормативдик мөөнөттөрү Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет. 3.3 бакалврды даярдоо багытындагы ЖКБ НББП өздөштүрүүнүн жалпы эмгек сыйымдуулугу 24 кредитке (зачеттук бирдикке) барабар Окуунун күндүзгү формасы үчүн ЖКБ НББП өздөштүрүүнүн бир окуу жылы үчүн эмгек сыйымдуулук 60 кредитке (зачеттук бирдикке ) барабар. Бул кредит (зачеттук бирдик) студенттин окуу ишинин 30 саатына барабар (анын аудиториялык өз алдынча ишти жана аттестациянын бардык түрүн кошкондо) Окуунун күндүзгү - сырттан окуу (кечки) формаларында , ошондой эле окуунун ар кандай формаларын айкалыштырган учурда жана окуунун дистанттык – аралык технологияларын пайдаланган убакта НББП өздөштүрүүнүн эмгек сыйымдуулугу бир окуу жылы үчүн 48 кем эмес кредитти (зачеттук бирдикти ) түзөт. 3.4. …... тарбиялоодо жана окутууда 532000 дене тарбия багытында бакалаврды даярдоонун ЖКБ НББПнын максаттары: 3.4.1. окутуу тармагында 532000 “дене тарбия” багытында даярдоодо ЖКБ НББПнын максаты болуп: - бүтүрүүчүгө эмгек базарында (рынок труда) туруктуулукту жаш социалдык ыкчамдыкта камсыз кылган, универсалдуу жана кесиптик компетенцияларга ээ болушуна, дене тарбия тармагындагы ийгиликтүү эмгектенишине мүмкүнчүлүк бере алган жогорку профилдик кесиптик билим алуу. 3.4.2. Жеке инсанды тарбиялоо тармагында 532000 “дене тарбия” багытында даярдоодогу ЖКБ НББП нын максаты: Жашоого даярдоо жана активдүү жарандык позицияны калыптандыруу; - койгон максаттарга жетүүгө умтулууга, уюштуруучулукка, эмгекти сүйүүгө, жоопкерчиликке, жарандуулукка, коммуникативдүүлүккө, толеранттуулукка, жалпы маданиятты көтөрүүгө , жеке өнүгүүгө тарбиялоо. 3.5. Бакалаврды даярдоонун 532000 “дене тарбия” багытындагы бүтүрүүчүлөрдүн кесиптик иш – аракеттеринин областы төмөндөгүлөрдү камтыйт; - Дене тарбия тармагында билим берүү, дене тарбия жана спорт, кыймылдын рекреация, дене тарбия каражаттары менен калктын ден соолугун чыңдоо жана оорулардын профилактикасы боюнча иш – аракеттер, тейлөө тармагы, туризм, башкаруу тармагы, илимий – изилдөө иштери. 532000 “дене тарбия” багытындагы бакалаврдын кесиптик иш аракети; - Адамдын физикалык, психикалык жана функционалдык мүмкүнчүлүктөрүн өркүндөтүүгө, сергек мүнөз жашоо жана активдүү жашоо принциптерин калыптандырууга, алардын иш жүзүндө дене тарбия каражаттары менен ишке ашырылышына, жеке инсандын калыптанышынын, анын жалпы инсандык баалуулуктарына жана дене тарбиянын баалуулуктарына биригишине багытталган. 3.6. Бүтүрүүчүлөрдүн кесиптик иш – аракеттеринин обьектилери 532000 “дене тарбия” багытындагы бүтүрүүчүлөрүнүн кесиптик иш аракеттеринин обьектилери; - дене тарбия жана спорт тармагындагы иш – аракеттерге тартылган жактар жана дене тарбия ден соолукту чыңдоо жана спорттук тейлөөлөрдү потенциалдык пайдалануучулар; - дүйнө таануусун, мотивациялык баалуулуктун жана ден соолукту чыңоого жана сактап калууга болгон көрсөтмөлөрдү калыптандыруу процесстери, сергек мүнөз жашоону алып баруу, кишинин психофизикалык абалын жакшыртууну, ар түрдүү кыймыл аракеттерди жана ага байланышкан билимдерди өздөштүрүүсүн, кыймыл жөндөмдөрүн жана жогорку эмгек жөндөмдүүлүгүн өнүктүрүүнү калыптандыруу процесстери. 3.7. Бүтүрүүчүлөрдүн кесиптик иш- аракеттеринин түрлөрү: 532000 “дене тарбия” багытындагы төмөндөгүлөргө даярдалган: - Бардык типтеги билим берүү мекемелеринде, менчиктин ар кандай формасындагы спорттук уюмдарда жана мекемелерде педагогикалык иш алып барууга; - Спорт мектептеринде, клубдарында жана менчиктин ар кандай формасындагы мекемелерде машыктыруучулук иш – аракеттерди алып барууга; - Дене тарбия жана спорт тармагында менчиктин ар кандай формасындагы ишканаларда жеке бизнес алып барууга; - Дене тарбия жана спорт тармагында илимий – изилдөө иштерин алып барууга менчиктин ар кандай формасындагы дене тарбия – спорттук, спорттук – оюн – зооктук, туристтик, дарылоо, реаблитациялык жана профилактикалык мекемелерде дене тарбия каражаттары менен рекреациялык жана реаблитациялык иш аракеттерди аткарууга; - Дене тарбия жана спорт тармагында маданият – агартуу иштерин алып барууга; Негизинен бакалаврды даярдаган кесиптик иш – аракеттердин конкреттүү түрлөрү жогорку окуу жай тарабынан студенттер, илимий – педагогикалык кызматкерлер жана жумуш берүүчү уюмдар менен биргеликте аныкталат. 3.8. Бүтүрүүчүнүн кесиптик иш – аракетинин максаттары; 532000 “Дене тарбия” багытындагы бакалавр иш аракеттеринин жана профилине жараша төмөнкү кесиптик маселелерди чечүүгө даярдалган: 3.8.1. Педагогикалык иш - аракеттерде; - дене тарбия – спорттук окуучуларда дене тарбия каражаттары менен окуучуларда жеке инсандын жалпы маданиятын калыптандырууга көмөктөш болуу, аны жалпы инсандык баалуулуктарга жана сергек мүнөз жашоого айкалыштыруу; - мектептин, жалпы жана кесиптик билим берүү мекемелеринде педагогикалык иш – аракеттерди алып баруу; - окуучулардын контингентин эске алуу менен окуу планынын негизинде окутуунун мазмунун аныктоо; - жыныс жана жаш өзгөчөлүгүнө карата окуу процессинин максаттарын жана мамилелерин аныктоо, коюлган максаттарга адыкваттуу каражаттарды жана окутуунун, тарбиялоонун усулдарын тандоо; - индивиддин физикалык жана функционалдык мүмкүнчүлүгүн баалоо жана индивиддин мүмкүнчүлүгүнө жараша физикалык жүктөмдүн өлчөмүн аныктоо; - окуу процессинде пайдаланылган каражаттарды жана усулдукту баалоо жана өз убагында коррекция киргизүү. (.... - өзгөртүүлөр) - окуучулардын ден соолугун сактоого, чыңдоо жана эмгектенүүсү үчүн жетиштүү деңгээлдеги физикалык даярдыктарын, кыймыл аракеттерди билүүсүн жана машыгуусуна керектүү болгон билим кампасын камсыз кылуу; Машыктыруучулук иш аракеттеринде - окуучуларды тандап алган спорттун түрү боюнча машыктыруу процессинде жеке инсандык калыптанышынын, аны жалпы инсандык баалуулуктарга жана сергек мүнөз жашоого, спорттук конкуренциянын моралдык принциптерине биргелештирүүнү калыптандырууга көмөктөш болуу; - заманбап технологияларды пайдалануу менен спорттун тандап алган түрү боюнча машыгууга тандап алууну жүргүзүү; - жогорку спорттук жыйынтыктарга жетишүүнү камсыздай ала турган максат менен машыгуу процесстерин пландаштыруу; - спорттук жыйынтыкка жетишүүнү максат коюу менен индивиддин мүмкүнчүлүгүнө адекваттуу (төп келген) болгон жүктөмдүн өлчөмүн аныктоо жана алдыга койгон маселелерге адекваттуу болгон каражаттарды жана спорттук машыгуунун усулдуктарын тандап алуу; - машыктыруучулардын эмгек жөндөмдүүлүгүнүн, кыймыл – аракеттеринин техникасынын жетишкен деңгээлин көзөмөлгө алуунун негизинде машыгуу процессин башкаруу жана ага керектүү оңдоп – түзөтүүлөрдү киргизүү; 3.8.3. Дене тарбия жана спорт тармагында илимий – изилдөө иш аракеттеринде: • Дене тарбия жана спорт тармагына тиешеси бар теориялардын, түшүнүктөрдүн негизги фактыларын изилдөө; • Дене тарбия жана спорт тармагындагы актуалдуу проблемаларды бөлүп көрсөтө жана аныктай билүү; • Дене тарбия жана спорт тармагындагы илимий изилдөөлөрдүн логикасын жана усулдуктарын калыптандыруу; • Изилдөөлөрдүн максаттарын жана маселелерин аныктоо; • Дене тарбия жана спорт тармагында илимий изилдөөлөрдү жүргүзүү; • Изилдөөнүн адекваттуу усулдарын жана усулдуктарын пайдалануу; • Информациялык технологияны пайдалануу менен изилдөөлөрдүн жыйынтыгына илимий анализ берүү жана иштеп чыгуу; 3.8.4. Дене тарбия жана спорт тармагында уюштуруу – башкаруу иш аракеттеринде ; • Дене тарбия жана спорт тармагында, билим берүүдө өзүнүн кесиптик иш – аракетин КРнын закондорун жана укуктук – нормативдик актыларды жетекчиликке алуу менен жүргүзүү; • Дене тарбия жана спорт тармагында башкаруучулук (жетекчилик) чечимдерин кабыл алуу; • Дене тарбия жана спорт тармагында мамлекеттик жана коомдук башкаруу уюмдарынын иш – аракеттеринин жыйынтыгын анализдөө; • Дене тарбия – массалык жана спорттук, денени чыңдоо иш – чараларын уюштуруу жана өткөрүү; • Дене тарбия жана тармагындагы каржылоо – чарбалык документтер менен иштөө; • Дене тарбия жана спорт тармагындагы менчиктин аркандай формасындагы мекемелерди эффективдүү башкаруу максатында кесиптик иш аракетинде экономикалык закондорду жана механизмди пайдалануу; • Дене тарбия жана спорт тармагында программаларды, проектилерди жана бизнес пландарды иштеп чыгуу; • Дене тарбия жана спорт тармагында жеке бизнести уюштуруу; • Эмгекти коргоонун, коопсуздук техникасынын эрежелерин жана нормаларын сактоо, машыгуучулардын ден соолугун жана өмүрүн коргоону камсыз кылуу; 3.8.5. Рекреациялык жана реаблитациялык иш – аракеттерде: • Ар кандай категориядагы калктын активдүү эс алуу жана бош убактысы тармагынын шарттарын жана багыттарын маалымдоо; • Регионалдык (аймактык) жана жергиликтүү деңгээлдеги калкты дене кыймылынын рекреациясы жана реаблитациясы үчүн программаларды иштеп чыгуу; • Сергек мүнөз жашоонун фактору катары калкты рекреациялык иш – аракеттерге тартуу; • Рекреациялык иш – аракеттердин коюлган максатына ылайыкталган адекваттуу каражаттарын, усулдарын жана формаларын тандоо; • Машыгуулардын талабына жана абалына дал келген дене кыймыл аракетинин денгээлин камсыз кылуу; • Ден соолукту чыңдоого жана калыбына келтирүүгө каражат катары – дене тарбия каражаттарын аң сезимдүү пайдаланууга жетишүү, сергек мүнөз жашоого биргелештирүү; 3.8.6. Дене тарбия жана спорт тармагындагы маданий – агартуу иш – аракеттеринде • Массалык маалымат каражаттарын пайдалануу менен дене тарбия жана спорттун азыркы мезгилдеги өнүгүүсүнүн орчундуу проблемаларын жалпылоо жана анализдөө; • Дене тарбия жана спорт менен машыгуу; • Активдүү узак өмүр, эмгек – жөндөмдүүлүгүн колдоого, ден соолукту чыңоого тийгизген таасири жөнүндөгү суроолор боюнча агартуу жана жайылтуу иштерин жүргүзүү, жаш өспүрүмдөрдү жана жаштарды спорт менен машыгууга тартуу; 4. Бакалаврияттын НББПнын шарттарына жалпы талаптар. 4.1. НББП ишке ашырууда ЖОЖ милдеттеринин жана укуктарына жалпы талаптар. 4.1.1. 532000 “Дене тарбия” багытындагы бакалаврды даярдоонун НББП ар бир ЖОЖ берилген мамлекеттик билим берүү стандартынын негизинде эмгек регионунун талаптарын эске алуу менен өз алдынча иштеп чыгат жана бекитет. Бакалавриаттын НББП төмөнкүлөрдү камтыйт: окуу планы окуу курстарынын, дисциплиналардын (модулдардын) жумушчу программасы жана студенттерди даярдоонун сапатын жана тарбияны камсыз кылган башка материалдар, ошондой эле окуу жана өндүрүштүк практикалардын программалары, календардык окуу графиги жана белгилүү окуу технологиясын ишке ашырууну камсыздаган усулдук материалдар. Үлгү болгон негизги билим берүү программасына дал келген жогорку кесиптик билим берүүчү жогорку окуу жайлар профилди жана адистешүүнү аныктай алышат. Профилдин жана адистештирүүнүн аталышынын тизмеси жогорку окуу жай тарабынан көрсөтүлөт жана окуу методикалык (усулдук) бирикмелерде катталат. Жаңы адистикти ачуу жогорку окуу жайдын сунушу боюнча окуу – усулдук бирикмелерге адистикти аныктай турган дисциплиналардын тизмеси көрсөтүлүү менен ишке ашырылат. Адистештирүү дене тарбия бакалаврын даярдоо багытынын бөлүгү болуп саналат да, бир кыйла тереңдетилген кесиптик билим алууга, конкретүү багыт боюнча алган билимин колдоно алышана шарттайт. Негизги милдеттүү программаларда, конкреттүү түр боюнча бакалаврда даярдоонун спецификасы адистештирүү дисциплиналардын эсебинен эске алынат. ЖОЖ НББПсын жыл сайын илимдин, маданияттын, экономиканын, техниканын, технологиянын жана социалдык чөйрөнүн өнүгүшүн эсепке алып, жогорку окуу жайда билим берүүнүн сапатына жооп берүүнү камсыз кылуу боюнча сунуштарга таянып, жаңылап турууга милдетүү, билим берүүнүн сапаттулугунун гаранты төмөнкүлөрдү камтыйт: - Бүтүрүүчүлөрдү даярдоонун сапатын камсыз кылган стратегияны иштеп чыгуу; - Мониторинг, билим берүү программаларын мезгил – мезгили менен рецензиялоо; - Студенттердин билим жана практикалык иштөө жөндөмдүүлүгүнүн деңгээлин баалоонун обьективдүү процедураларын даана макулдашылган критерийлердин негизинде бүтүрүүчүлөрдүн компетенцияларын иштеп чыгуу; - Окутуучулар составынын сапаттык жана компетенттүүлүгүн камсыз кылуу; - Бардык ишке ашырылуучу билим берүү программаларын жеткиликтүү ресурстар менен камсыздоо, алардын пайдаланылышынын эффективдүүлүгүн окуучуларды суроо жолу боюнча көзөмөлдөө; - Ар дайым макулдашылган критерийлер боюнча башкы билим берүү мекемелерине салыштырмалуу өзүнүн иш аракеттерин баалоо үчүн өзүн – өзү текшерүүнү жүргүзүү; - Өзүнүн иш – аракеттеринин жыйынтыгы пландар, иновациялар жөнүндө коомчулукка маалымдоо; 4.1.2. Студенттерди жана бүтүрүүчүлөрдү даярдоонун сапатын баалоо алардын жетишүүсүн агымдык көзөмөлдөө, аралык аттестация жана мамлекеттик жыйынтыктоо аттестациясын камтуусу зарыл. Ар бир дисциплина (тартип) үчүн билимди агымдык жана аралык текшерүүнүн конкреттүү формалары жана процедуралары жогорку окуу жай тарабынан өз алдынча иштелип чыгат жана студенттерге окутуунун биринчи айларында маалымдалат. Студенттердин жекече жетишкендиктери НББП этаптары боюнча талаптарына дал келүүсүн аттестациялоо үчүн жетишүүнү агымдык текшерүү жана аралык аттестациялоо үчүн баалоо каражаттарынын базасы түзөлөт, ал алган билимин, практикасын, ээ болгон компетенцияларын деңгээлин баалоого мүмкүнчүлүк бере турган типтүү тапшырмаларды, текшерүү иштерин, тесттерди ж.б. камтыйт. Баалоо каражаттарынын базалары ЖОЖ тарабынан иштелип чыгат жана бекитилет. Бүтүрүүчү квалификациялык иштердин мазмунун, көлөмүнө жана структурасына болгон талаптар жогорку окуу жай тарабынан жогорку окуу жайларынын бүтүрүүчүлөрүн жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестациялоо жөнүндөгү жоболорго ылайыкташтырып аныкталат. 4.1.3. НББПын иштеп чыгууда бүтүрүүчүлөрдүн социалдык- жеке ишкердик компетенцияларын калыптандырууда (Мисалы, социалдык өз ара аракеттешүү компетенциясы, өзүн – өзү уюштуруучулук жана өзүн – өзү башкаруу, системалык - аракет мүнөздөгү компетенциялар) жогорку окуу жайлардын мүмкүнчүлүктөрүн аныктоо керек. - Жогорку окуу жайы жогорку окуу жайдын социалдык- маданияттык чөйрөсүн түзүүгө, инсандык ар тараптуу өнүгүшүнө шарт түзүп берүүгө милдеттүү; - Жогорку окуу жайы студенттердин өзүн – өзү башкаруусунун өнүгүшүн, студенттердин коомдук уюмдардын иштерине катышуусун, спорттук жана чыгармачыл клубдардын иш – аракеттерине, студенттердин илимий уюмдарына катышуусун камтыган окуу процессинин социалдык - тарбиялык компоненттик өнүктүрүүгө милдеттүү. 4.1.4. НББПны иштеп чыгууда жогорку окуу жайлары төмөнкү укуктарга ээ; - Регионалдык, кесиптик өзгөчөлүктөрдү эске алган, жогорку окуу жайдын өзүндө иштелип чыккан программалар боюнча, семинарлар, тапшырмалар, коллективдүү жана жекече практикалык иштер жана автордук лекциялык курстар формасында жалпы билим берүү дисциплиналарын окутууга, ошондой эле квалификациялык айкындоону камсыз кылган илимий – изилдөөлөргө басым көрсөтүүгө; - Кесиптик дисциплинанын профилдик циклине дал келген, жалпы билим берүү дисциплиналарынын циклине кирген дисциплиналардын кээ бир бөлүмдөрүн тереңдетип окутуунун зарылчылдыгын көрсөтүүгө; - Көрсөтүлгөн циклдеги дисциплиналардын мазмуну бүтүрүүчүлөрдү даярдоонун профилин эске алуу менен ксиптик багытта болуш керек жана кесиптик иш – аракеттериндеги маселелерди ишке ашырылышына түрткү болуш керек. - Жогорку кесиптик же орто кесиптик (педагогикалык же медициналык профилде) билими бар жогорку окуу жайдын студенттери үчүн бакалврдын негизги билим берүү программасын тездетилген формада ишке ашырууга; 4.2. Дене тарбия бакалаврынын негизги билим берүү программасын иштеп чыгууга талаптар: 4.2.1. Жогорку окуу жайдын негизги билим берүү программасы студенттин тандоосу боюнча дисциплиналардын циклинин вариативдүү бөлүгүнүн үчтөн бир бөлүгүнөн кем эмес болгон дисциплиналарды камтыш керек. Студенттин тандоосу менен алынган дисциплинаны калыптандыруунун катарын жогорку окуу жайдын окумуштуулар кеңешинде чечет. Студент тандап алган дисциплина студент тарабынан милдеттүү түрдө өздөштүрүлүшү зарыл; 4.2.2. Студенттин жумалык окуу жүктөмүнүн көлөмү 45 сатты түзөт, ал НББПны өздөштүрүү боюнча аудиториялык жана аудиториялык эмес (өз алдынча) иштердин бардык түрлөрүн жана студент үчүн милдеттүү окуу эмес болгон жана НББП кошумча ЖОЖ тарабынан киргизилген факультетивдик дисциплиналарды камтыйт. Көрсөтүлгөн көлөмгө спорттук - педагогикалык дисциплиналар боюнча практикалык сабактар кирбейт. 4.2.3. Окуунун күндүзгү (кечки) сырттан окуу формасында аудиториялык сабактардын көлөмү жумасына 16 сааттан кем эмес болуш керек. 4.2.4. Окуунун сырттан окуу формасында студентке окутуучу менен жылына 160 сааттан кем эмес көлөмдөгү сабак өтүү мүмкүнчүлүгү камсыздандырылыш керек. 4.2.5. Окуунун күндүзгү окуу формасында НББПны өздөштүрүүдө аудиториялык сабактардын көлөмү МБП (мамлекеттик билим берүү программасы) тарабынан даярдоо багытынын өзгөчөлүгүн эске алуу менен аныкталат жана төмөнкүлөрдү камтыйт: окуп – үйрөнүүгө бөлүнгөн ар бир окуу дисциплинасынын жалпы көлөмүнүн 50% чегинде окуу планынын теориялык дисциплинасы үчүн, практикалык дисциплиналар үчүн 80% чегинде. Окуунун күндүзгү формасында “Дене тарбия” бөлүмү практикалык сабактардын 400 сааттык көлөмүндө ишке ашырылат, күндүзгү – сырттан окуу жана сырттан окуу формаларында - бул бөлүм теориялык даярдыкты гана карайт. 4.2.6. Дисциплиналардын окуу программаларында акыркы жыйынтык НББП боюнча бүтүндөй өздөштүргөн билимдери, үйрөнүүлөрү жана ээ болгон компетенциялары менен бирдиктүү байланышта болуу менен даана көрсөтүлүшү керек. Дисциплиналардын жалпы эмгек сыйымдуулугу эки зачеттук бирдиктен кем эмес болуш керек (студенттин тандоосу боюнча алынган дисциплиналардан сырткары) - Жогорку окуу жайынын окуу планына кирген, эмгек сыйымдуулугу үч зачеттук бирдиктен көп болгон дисциплиналар боюнча баа (эң жакшы, жакшы, канааттандыраарлык) коюлушу керек, калган дисциплиналар боюнча - зачет (өттү, өткөн жок) 4.2.7. Бакалавриаттын НББП өзүнө студенттерде төмөнкү областтар боюнча илим – билимди, үйрөнүүнү калыптандыра турган базалык бөлүктөгү дисциплиналар (модулдар) боюнча лабораториялык практикумдарды жана практикалык сабактарды киргизүү керек: тилдер боюнча (кыргыз, орус, чет тилдери); информатика, дене тарбиянын табигый илимий негиздери, кишинин анатомиясы, кишинин физиологиясы, кишинин биохимиясы, дене тарбия – спорттук иш аракеттердин гигиеналык негиздери, кыймыл аракеттин биомеханикасы, психология, дене тарбиянын теориясы жана усулдугу, спорттун базалык түрлөрүн окутуунун теориясы жана усулдугу, тандап алынган спорттун теориясы жана усулдугу. Ошондой эле иш программаларында студенттерде белгилүү үйрөткүчтү жана ыкманы калыптандырууну максат кылып көрсөткөн вариативдүү бөлүктүн дисциплиналары (модулдар) боюнча. 4.2.8. Дене тарбия бакалаврынын НББП ишке ашырып жаткан жогорку окуу жайы студенттерге окуу жана өндүрүштүк практикаларды эффективдүү өтүүгө мүмкүнчүлүктү камсыз кылып бериши керек. Практика – студенттердин кесиптик даярдыгына түздөн түз багытталган окуу иш – аракеттердин бир түрү болуп саналат. Практикалардын конкреттүү түрлөрү жогорку окуу жайдын НББПсы менен аныкталат. Ар бир практиканын түрү боюнча, ЖОЖ тарабынан ар практиканын мөөнөтү, максаты жана маселелери, программалары жана отчетторунун формалары аныкталат. Практикалар түрүнө жараша (педагогикалык, машыктыруучулук, уюштуруучулук ж.б.) Зарыл болгон материалдык – техникалык жабдууларга жана квалификациялуу мугалимдери, машыктыруучулары, инструктор – усулдары, менеджерлери бар жалпы билим берүү мекемелеринде (мектептерде, колледждерде, ЖОЖдо), менчикти ар кандай формасындагы спорттук уюмдарда (ЖБОСМ – жаш балдар, өспүрүмдөр спорт мектептери, спорт клубдарында жана борборлорунда, бассейндерде), ошондой эле ЖОЖдын зарыл болгон илимий – техникалык жана кадрдык патенциалга ээ болгон кафедраларында өткөрүлөт. Практика берилген мекеменин жетекчилери менен түзүлгөн келишимдин негизинде өткөрүлөт. Педагогикалык практиканы окуу усулдук жетектөөнү ЖОЖдын окуу пландардын, практикалардын программаларынын аткарылышын жана алардын жогорку сапатын камсыз кылган кафедралар ишке ашырылат. Практиканын жыйынтыгы боюнча дифферендештирилген баа (эң жакшы, жакшы, канааттандыраарлык, канааттандыраарлык эмес) коюлат. 4.2.9. Окуу жылында каникул (эс алуу) убактысынын жалпы көлөмү 7 – 10 жуманы түзүш керек, ошонун ичинде кыш мезгилинде – эки жумадан кем эмес убакыт. Бүтүрүүчү курста мамлекеттик аттестациядан кийин 8 жумалык эргүү каралат. 4.2.10. ЖОЖ студенттерге өзүнүн билим алуу программасын калыптандырууга катышууга толук мүмкүнчүлүктү камсыздоого милдеттүү. 4.2.11. ЖОЖ НББПнү түзүүдө студенттерди алардын укуктары жана милдеттери менен тааныштырууга, студенттерге тандап алган дисциплиналар алар үчүн милдеттү болоорун, алардын эмгек сыйымдуулугунун суммасы окуу программасында каралган көлөмдөн кем болушу мүмкүн эместигин түшүндүрүүгө милдеттүү. 4.3. НББП ишке ашырууда студенттин укуктарына жана милдеттерине коюлган жалпы талаптар. 4.3.1. Cтуденттер НББП каралган студенттин тандоосу менен алынган окуу дисциплинасын өздөштүрүү боюнча бөлүнгөн убактысынын көлөмүнүн чегинде конкреттүү дисциплиналарды тандап алууга укуктуу; 4.3.2. Өзүнүн индивидуалдык (жекече) билим алуу траекториясын калыптандырууда студент тандап алган дисциплиналар жана алардын келечектеги профилдик даярдыкка (адис издештирүүгө) тийгизген таасири жөнүндө жогорку окуу жайдан консультация (кеңеш алуу) укуктуу. 4.3.3. НББПны КЖКны өстүрүү бөлүмүндө өздөштүрүүдө студенттер студенттик өзүн – өзү башкарууну өнүктүрүүгө, коомдук уюмдардын иштерине катышууга милдеттүү. 5.2. Бакалаврды даярдоодо НББПнын структурасына талаптар. Бакалаврды даярдоонун НББП студент тарабынан төмөнкү окуу циклдерин өздөштүрүлүшүн карайт. (табл -1) Б I – гуманитардык, социалдык жана экономикалык цикл. Б II – математикалык жана табигый илимдер цикли Б III - кесиптик цикл. Жана бөлүмдөр: Б IV – дене тарбия Б V – практикалар Ар бир ЖОЖ тарабынан көрсөтүлгөн базалык милдеттүү жана вариативдүү профилдик бөлүктөн турат. Вариативдүү (профилдик) бөлүк базалык (милдеттүү) мазмуну менен аныкталуулугу билимдерди кеңейтүүгө жана тереңдетүүгө, иштей билүүгө мүмкүнчүлүк берет, мамлекеттик билим берүү стандартында көрсөтүлгөн кесиптик иш – аракеттин мүнөздөмөсүнө дал келген бүтүрүүчүнү даярдоону камсыз кылат, базалык модулдардын мазмуну менен аныкталган компетенцияларды мазмундуу толуктайт жана тереңдетет, бүтүрүүчүнүн кесиптик иш – аракеттери аткарууга жана (же) билимин магистратурада улантууга жолдомо берет. Вариативдүү бөлүк өзү эки бөлүктөн турат: жогорку окуу жайдык компетент жана студент тандап алган дисциплиналар. Мамлекеттик билим берүү стандартында көрсөтүлгөн жогорку окуу жайдык компетенттин дисциплиналары сунуштоочу мүнөзгө ээ. “Гуманитардык, социалдык жана экономикалык” циклинин базалык (милдеттүү) сөзсүз түрдө төмөнкү дисциплиналардын окулушун караш керек: “Ата Мекендик тарыхы” “Кыргыз, орус тили”, “Чет тили”, “Манас таануу” “Математика жана табигый илимдер” циклинде сөзсүз түрдө төмөнкү дисциплиналар окутулуп үйрөтүлүшү керек. “Математика жана информатика”, “Дене тарбиянын табигый илимдик негиздери”, “Экология” Бакалврдын негизги билим берүү программасынын милдеттүү минимумдун мазмунуна коюлган талаптары мамлекеттик билим берүү стандарты тарабынан аныкталат. Билим берүү программасынын бакалаврларды даярдоонун жогорку кесиптик билим берүүсүнүн структурасы. Негизги билим берүү программасынын дисциплинасынын коду Окутуу циклдери жана аларды окуп үйрөнүүнүн натыйжасындагы жыйынтык Кредиттин (зачеттук бирдиктин) эмгек сыйымдуулугу Үлгүдөгү программаларды, китептерди жана окуу китептерин иштеп чыгуу үчүн дисциплиналардын тизмеси Калыптандыруучу компетенциялардын коду БI Гуманитардык , социалдык жана экономикалык 36 Базалык бөлүк Циклдин базалык бөлүгүн окуп үйрөнгөндөн соң студент төмөнкүлөрдү билиши керек. • Тил коммуникациясынын негиздерин, щарттарын жана формаларын • Мамлекеттик тилдин, орус тилинин жана чет тилдердин биринин грамматикасын, лексикасын, сөз кампасында 2000 кем эмес сөз болуш керек. • Кесиптик тилдин жана билдирүүлөрдүн негизги сөздөрүнүн кыргызча (орусча) чет тилдеги эквивалентин. • Философиянын өзгөчөлүгүн, анын маданияттагы ордун элестете билүүнү, дүйнөнүн жаралышынын илимий, философиялык жана диний сүрөттөлүштөрүн , адамдын жаратылышын, анын жашоосунун маңызын. • Аң – сезимдин жаратылышын , аң – сезимдин жана өздүк аң сезимдин жаратылыштагы маанисин, техникалык өнүгүү эпохасындагы карама – каршылыктарды жана кризистер жөнүндөгү түшүнүктөрдү. • Цивилизациянын өнүгүшүндө илимдин мааниси , илимдин техникасы жана алар менен байланышкан азыркы кездеги социалдык жана этикалык проблемалар өз ара таасири жөнүндөгү түшүнүктү; • Кишидеги биолгиялык жана социалдык , тулку бой жана руханий ..........өз ара катнашынын , кишинин жаратылышка болгон мамилеси жана ошол жаратылышта жашаган азыркы кездеги карама – каршылыктарды н маңызы жөнүндө. • Философия илиминин негизги багыттарын жана анын тарыхый өнүгүүсүнүн этаптарын; онтология жана гиосеологиянын негизги проблемаларын; • Коомдун структурасын, тарыхый прогресстин концепцияларын жана азыркы учурдун глобалдуу проблемаларын; • Личносттун калыптанышынын шарттарын , анын эркиндигин, жашоонун, жаратылыштын, маданияттын сакталышына жоопкерчилигин ; тарыхтагы жана адамдын жүрүм – турумундагы зордук зомбулуктун ролун түшүнүүнү , кишинин өзүнө жана өзгөгө карата болгон ыймандык милдеттерин. • Илимий рационалдуулуктун баалуулугун жана анын тарыхый типтерин түшүнүүнү, илимий – таануучу усулдуктарын , алардын эволюциясын билүү • Тарыхты илим катары көрө билүү, анын гуманитардык билимдердин системасындагы ордун билүү тарыхый ой жүгүртүүнүн негиздерине ээ болууну ; • Тарыхый билимдердин булактары жөнүндө жана алар менен иштөөнүн ыкмаларын билүү; • Ата мекен тарыхынын өзгөчөлүгү жана анын өнүгүшүнүн негизги этаптарын; • Кишинин кишиге, коомго, жаратылышка болгон мамилесин жөнгө салуучу этикалык нормаларды ; • Кыргыз коомунун стратификациясынын негизги проблемаларын , жакырчылыктан жана теңсиздиктин себептерин, социалдык топтордун, уюмдуктардын , этностордун өз ара катнаштарын анализдөөнү; • “Манас” эпосунун трилонеясынын сюжетин; • “Манас” эпосунун эпикалык чыгарма катары өзгөчөлүгүн, манас айтуу чеберчилигин, улуу дастанчылардын чыгармачылыгын жана алардын традициялык мектептерин; • Адистиги боюнча оригинал адабият менен иштегенди; • Кесиптик иш – аракет тармагындагы текстин негизги мазмунун түшүнө, негизги ойду бөлө билүүсү; • Сүйлөшүү денгээлинде ар кандай мүнөздөгү (тиричилик, кесиптик) диалогду алып барууну; • Иш кагаздарынын формаларын колдоно билүүсү; • Башкаруучулук иш аракетте тексттүү документтерди даярдоонун ыкмаларын; • Тарыхый мурастарга болгон баалуулук мамилелерге тиешелүү болгон маселелер боюнча өзүнүн позициясын негиздөөнү жана билдирүүнү; • Дүйнө таануучулук , социалдык жана өздүк мааниге ээ болгон философиялык проблемаларды , процесстерди анализдөөнү (иликтөөнү); • Азыркы учурдагы жаратылыштын коомдук жана ой – жүгүртүүнүн абалын анализдөөдө философия боюнча алган теориялык билимдерин пайдалана билүүсү • Өзүнүн кесиптик иш – аракетинде диалектиканын негизги закондору .... билимин колдоно; • Заманбап коомдун реалдуу проблемалары жана өзүнүн көз карашын аргументтештирүүнү ; • Өткөн тарыхка баалуулук мамиле боюнча маселелерде өзүнүн позициясын негиздеп билдире билүүнү; • “Манас” эпосунда кыргыз элинин тарыхынын мамлекеттүүлүгү үчүн болгон күрөштүн тарыхый этаптарынын , улуттук идеологиянын чагылдырылышын таба билүүсү; Ээ болуш керек • Адистик негизги терминологияларда кыргы, орус, чет тилдеринде билүүгө; • Тиричилик жана кеситик сферада сүйлөй билүүгө, эл алдында сүйлөөгө; • Кесиптик иш – аракетинде тексттик документтерди даярдай билүү ыкмасына (официалдуу жазма кагаздары) • Вариативдүү бөлүк (билими, аны колдоно билүү, ыкмасы жана НББП менен аныкталат) • Окуу – методикалык усулдук бирикмелер тарабынан көрсөтүлгөн , ЖОЖ тарабынан тандалган дисциплиналар (2 дисциплинаны тандоо керек) • Жогорку окуу жай сунуштаган жана студент тарабынан тандап алынган дисциплиналар (2 дисциплина) 26 8 4 4 2 10 6 4 Кыргыз, (орус) тили Экономика Педагогика жана психология Социология Маданият таануу Укук таануунун негиздери ОК: 1 – 6 ИК – 2,3,4 СЛК -1 -3 Ата мекен Тарых Философия Манас таануу БII Математикалык жана табигый илимдер цикли 14 Базалык бөлүк Базалык бөлүктү өздөштүргөндөн кийин студент билүүсү керек: • Дене тарбия жана спорт чөйрөсүндө, заманбап дүйнөдө табигый жана фундаменталдык илимдердин ролу жана мааниси жөнүндөгү түшүнүктөрдү; • Негизги математикалык структуралар жана методдор, математикалык моделдештирүү жөнүндөгү түшүнүктөрдү; • Жаратылыштагы жана коомдогу информациялык процесстер, информация түшүнүгү, аны сактоо жана иштеп чыгуу жолдору жөнүндөгү түшүнүктөрдү; • Жаратылышты рационалдуу пайдалануунун экологиялык принциптери, жандуу системанын өнүгүшү жана көбөйүшү, алардын бүтүндүгү жөнүндөгү түшүнүктөрдү; • Материянын түзүлүшүнүн биологиялык формасынын өзгөчөлүгү, тирүү системалардын өсүшүнүн жана калыптанышынын принциптери , биосфера жана анын эволюциясынын багыттары жөнүндөгү түшүнүктөрү; • Математикалык анализдин негиздери, математикалык структураларды жана методдорду; • Ыктымалдуулук теориясынын негиздерин жана математикалык статистиканы; • Информация түшүнүгүн, аны сактоо жана иштетүү ыкмалары; • ЭЭМ негизги мүмкүнчүлүктөрүн жана иштөө принциптерин ЭЭМ локалдуу жана глобалдуу тармактарын; • Алгоритмдердин типтерин, программалоо тилдерин жана өзүнүн кесиптик иш аракетиндеги стандарттык программалык камсыздоону; • Функционалдык жана эсептөө маселелерин эсептөөнүн моделдери; • Информацияны жана билдирүүлөрдү коргоонун негиздерин; • Механиканы, статистиканы, кинематиканын, динамиканын, электростатиканын жана электродинамиканын негиздерин; • Атомдордун жана малекулалардын түзүлүшүн, химиялык байланыштардын типтерин; • Эритмелерди жана тундурмаларды; • Химиялык реакцияларды жана алардын ылдамдыгын аныктоочу факторлорду; • Жандуу системалар, кишинин келип чыгышы жана эволюциясы, экологиясы, экология жана айлана чөйрөнү коргоону; • Биочөйрөнүн жана кишинин биосоциалдык жаратылышынын бирдиктүүлүгүндөгү көз караш боюнча өзүнүн кесиптик иш аракетинин кесепетине; Жасай билиш керек (кыймыл - аракетте) • Математикалык анализдин жана математикалык статистиканын негиздерин пайдаланууну; • Кесиптик иш аракетинде стандарттык программалык камсыздоолорду пайдалануу; • Табигый илимдер дисциплинасынын негизги закондорун жана түшүнүктөрүн практикалык иш аракеттерде максатка ылайык пайдалануу; • Дене тарбия практикасында кишинин өсүшүнүн жана өнүгүшүнүн биологиялык законченемдүүлүктөрүн пайдалануу; • Кесиптик - иш аракеттеги маселелрди чечүүдө компьютерди пайдаланууну; • Маалымат коопсуздугунун негизги талаптарын сактоону; Ээ болуш керек • Иш жана педагогикалык, илимий маалыматтарды топтоонун жана кайра иштетүүнүн негизги методдоруна жана рационалдуу ыкмаларына; • Маалыматтар менен локалдык жана глобалдык компьютердик тармактарда иштөө ыкмаларына; • Вариативдүү бөлүк (билими, аны колдоно билүү, ыкмасы ЖОЖ НББП мн аныкталат) • Окуу усулдук бирикмелер тарабынан көрсөтүлгөн жана ЖОЖ тарабынан тандалган дисциплина (1 дисциплина) • ЖОЖ сунушу менен тандап алган дисциплина; (1 дисциплина) 10 4 2 2 Дене тарбия жана спорт тармагындагы информациялык технологиялар - волеология Б III Кесиптик цикл 167 Базалык бөлүк. Базалык бөлүктү өздөштүргөн соц студент Билүүсү керек: • Цивилизациянын тарыхында дене тарбия жана спорттун ролу жөнүндөгү түшүнүктү; • Дене тарбия жана спорттун маңызын, анын иштөө шартындагы ролун жана формасын; • Кишинин жана коомдук социалдык, психикалык жана функциялык ден соолугунун өз ара байланышы жөнүндөгү билимдердин системасын; • Спорттук педагогдун коллективдин мүчөлөрү жана окуучулар менен болгон сүйлөшүүсүнүн жагымдуу абалын жана атмосферасын түзүүнүн жолдорун жана ыкмаларын; • Массалык дене тарбия денени калыптандыруу машыктыруучулук жана окуу – тарбиялык иштерди уюштуруунун психологиялык – педагогикалык негиздерин; • Калктын ар кандай контингентинде денени тарбиялоонун чет элдик жана мамлекеттик системаларынын принциптерин жана методдорун, законченемдүүлүктөрүн, тарыхын, алардын дене тарбиянын жалпы системаларындагы орду жана ролу; • Массалык дене тарбия денени чыңдоо иштерин мамлекеттик жана чет элдик тажрыйбалары жөнүндө; • Дене тарбия жана спорт тармагында башкаруунун маңызын, функцияларын, ыкмаларын жана уюштуруу проблемаларын; • Социалдык мамилелерге дене тарбия жана спорттун таасири; Билүүсү керек: • Өзүнүн кесибинин маңызын, анын социалдык маанисин , өзүнүн келечектеги кесибинин конкреттүү тармагын аныктаган негизги проблемаларды, алардын билим системасы менен байланышы; • Дене тарбиянын, спорттун олимпиядалык жана улуттук түрлөрүнүн тарыхын, социалдык маңызын, дене тарбиянын структурасын жана функциясын. Дене тарбияда педагогикалык даярдыктын негизги компетенттерин, алардын максаттарын жана маселелерин; • Дене тарбия жана спорттун теориясынын жалпы теориялык негиздерин; • Дене тарбиянын теориясынын жана методдорунун негиздери; • Жалпы усулдук аспектте спорттук машыгуулардын теориясынын жана усулдарынын негиздери жана алардын спорттун тандап алынган түрлөрү боюнча өзгөчөлүктөрү; • Кишинин организминин анатомиялык – физиологиялык, биохимиялык, социалдык – психологиялык мүнөздөмөсү жана анын спорттук мелдештин иш – аракеттердин таасири астында өсүшү; • Кишинин кыймылынын механикасы жана анын СТТгү өзгөчөлүгү ; • Дене тарбиянын жана спорттун таасири астында кишинин организминин өсүшүнүн жаштык динамикасы; • Дене тарбиянын жана спорттун дене чыңдоочулук, эстетикалык жана педагогикалык аспектилерин ; • Республикада дене тарбия жана спорттун уюштуруучулук структурасын закондуулуктун негиздерин , дене тарбия жана спорттун экономикалык мамилелерин; • Дене тарбия жана спорт тармагындагы илимий – изилдөөлөрдүн негизги усулдуктарын; • Дене тарбия жана спорт тармагындагы жана ССТ боюнча илимий жетишкендиктерди; • Республикадагы дене тарбия жана спорт системасынын социалдык башкаруунун методдорун жана принциптерин, спорттук менеджменттин негиздерин; • КР жана башка өлкөлөрдөгү дене тарбия жана спорт системасындагы нормативдүү – укуктук документтерди; • Спортту башкаруунун негиздери; • Спорттогу программаларды жана долбоорлорду иштеп чыгуунун спецификасын (өзгөчөлүгүн); • Психология илиминин негизги категорияларын жана түшүнүктөрүн; • Психикалык, физикалык өсүүнүн жана алардын ар кандай жаш курак мезгилде байкалышынын өзгөчөлүктөрүн; • Социалдык – психологиянын, личносттор аралык мамиленин психологиясынын, чоң жана чакан топтордун психологиясынын негиздерин; • Формалдык жана бейформал мамилелердин өзгөчөлүгүн, ишмерликтин жаратылышын жана жоопкерчилигин; • Машыгуулардын кыймыл – аракет жөндөмүнүн өсүшүнүн медико – биологиялык , социалдык – психологиялык жана психофизиологиялык законченемдүүлүктөрү; • Кишинин организминин системасынын ар кандай физикалык жүктөмдөргө болгон адаптациясынын механизмдерин • Ар кандай жаш курактагы жана жыныстагы адамдардын марфофункциялдык өзгөчөлүктөрүн; • Кишинин кыймыл аракетин башкаруунун теориялык негиздерин; • Кишинин циклдик жана ациклдик ........ биомеханикалык мүнөздөмөсүн, кыймылынын, кыймыл сапаттарынын байкалышын аныктоочу факторлорду; • Жаш курак психологиялык – физиологиялык өзгөчөлүктөрдү эске алуу менен физикалык сапаттарга, тарбиялоонун функциялык көнүгүүлөргө үйрөтүүнүн усулдарынын негиздери; • Спорттун базалык түрлөрүн окутуунун теориясынын жана усулунун негиздери; • Окуучулардын коллективинде тарбия иштеринин жана дене тарбия спорттук иш аракеттин базалык түрлөрү боюнча окуу машыгуу процесстерин жана мелдештерди уюштуруу жана пландаштыруунун усулу, формасын, мазмунун; • Физикалык сапаттарга тарбиялоого, кыймыл – аракетти өстүрүүгө багытталган окуу- тарбиялоо, окуу – машыгуу иштерин, массалык дене тарбиялык жана окуу дене чыңдоо, рекреативдүү гигиеналык, кесиптик тиркеме жана башка формадагы сабактарды уюштуруунун психологиялык – педагогикалык закон ченемдүүлүктөрүнүн негизин; • Дене тарбия жана спорт психологиясынын негизинин, спорт коллективинде личность аралык мамиленин психологиясын, спорт командаларынын психологиясын, лидерликтин жаратылышын жана функционалдык жоопкерчилигин; • Дене тарбия жана спорт тармагындагы адистин өзүнө коюлган негизги талаптардын, адистин кесиптик чеберчилигинин калыптанышынын негиздерин; • Адамдын организминин морфофункционалдык өзгөчөлүктөрүн, дене тарбия жана спорт тармагындагы иш – аракеттин санитардык – гигиеналык негиздерин, врачтык – педагогикалык көзөмөлдү өткөрүүнүн усулун, кокустуктун (травма – жаракат алуунун) алдын алууну, медициналык тез жардам көрсөтүүнү; • дене тарбия жана спорт тандоонун, моделдештирүүнүн жана алдын ала айтуунун негиздерин; • Дене тарбия жана спорт тармагындагы илимий изилдөөлөрдүн усулдуктарын; • Келечек кесиптик иш аракеттеринин мыйзам чегинде жөнгө салуунун негиздерин, кесиптик иш аракетте укуктук жана этикалык нормаларды; • Кыргыз Республикасында дене тарбия жана спорттун өнүгүшүнүн экономикалык негиздерин; • Республикада дене тарбия структурасынын уюштурулушун, дене тарбия тармагындагы мыйзамдарын, экономикалык мамилелердин негиздерин; • Дене тарбия жана спорт тармагында кесиптик иш аракеттин уюштуруу структурасын ; • Дене тарбия жөнүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын негиздерин нормативдүү укуктук документтерди; • Жеке өзүнүн укуктарын жана милдеттерин; • Кыргыз Республикасында дене тарбия жана спорт багытындагы коммерциялык, коомдук, мамлекеттик уюмдардын түзүлүшү жана алардын иш аракетерин жөнгө салууну; • Дене тарбия жана спорттун физиологиялык негиздерин, булчуң иш аракетинин метабомунин; • Кишинин организмине спорттун ар кандай түрлөрүнүн жана дене тарбиянын таасиринин өзгөчөлүктөрүн жана законченемдүүлүктөрүн; • Спорттун тандап алган түрүнүн тарыхынын, спорттук машыгуунун теориясын жана усулдугун, анын өзгөчө багытталышын жана дене тарбия системасындагы ордун; • Окуучулардын контингентин жана адистештирилишинин эске алуу менен физикалык сапаттарга тарбиялоонун усулдугун; • Спорттун түрү боюнча ар кандай уюшулган звенолордо (жалпы билим берүү мекемелерде, колледждерде, гимназияларда, жаштар – өспүрүмдөр, спорт мектептеринде ж.б.) сабактарды уюштуруунун жана өткөрүүнүн өзгөчөлүктөрү; • Саламаттыкты сактоо, маданият, билим берүү системаларынын ар кандай звенолорунда спорттук машыгууларды жана сабактарды уюштуруунун формаларын жана усулдугун; • Окуучулардын абалын псхологиялык, педагогикалык жана медициналык биологиялык медицинанын усулун; • Ар кандай контингенттеги калкты дене тарбиялоонун принциптерин жана усулдугун, дене тарбия – спорттук иш аракетинин базалык түрлөрүнө окутуунун усулдугун жана теориялык негиздерин; • Спорттук машыгуунун башаты жана калыптанышынын эволюциясын, жаштар – өспүрүмдөр спортунда жана спорттун тандап алган түрүндөгү массалык разряддагы спортсмендерде машыгуунун технологиясын жана медициналык биологиялык, психологиялык негиздерин; • Спортто уюштуруу - башкаруу, иш аракеттеринин заманбап формаларын жана усулдуктарын; • Дене тарбия жана спортто программаларды жана долбоорлорду иштеп чыгуунун өзгөчөлүктөрүн; Жасай билиш керек: • Педагогикалык иш – аракетте дене тарбия, спорттук машыгуу тармагында жана аралаш дисциплиналар боюнча алынган билимдерин пайдаланууну; • Кишинин ден соолугун чыңдоочу, гормониялык өсүшүнүн фактору катары дене тарбия - дене чыңдоочу иштердин, спорттук даярдыктын, дене тарбиянын конкреттүү жана жалпы максаттарын, маселелерин аныктай билүүсү; • Окуучулардын улуттук, регионалдык, климаттык, спорттук даярдыктарынын жана дене даярдыктын денгээлин, жаш жана жыныс , физиологиялык өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен дене тарбиялык массалык жана дене чыңдоочу, спорттук, окуу – тарбиялык, педагогикалык иштерди пландаштырууну, уюштурууну жана өткөрүүнү; • Кишинин организминде анын өсүү процессинде жүрүүчү физиологиялык процессттер жөнүндөгү билимдерин практикада пайдаланууну; • Физикалык жүктөмдөрдүн окуучулардын абалына тийгизген таасирин көзөмөлгө алуунун педагогикалык, медициналык - биологиялык усулдарын пайдалануу жана аларды көзөмөлдүн жыйынтыгынын натыйжасында оңдоп түзөөнү пайдаланууну; • Окуучулардын кыймылынын техникасындагы катачылыктардын келип чыгышынын себептерин аныктоону, аларды жоюуунун ыкмаларын жана каражаттарын тандоону, аларды коюунун ыкмаларын жана каражаттарын тандоону, өзүн – өзү анализдөөгө жана өркүндөтүүгө шарттарды түзүп берүүнү; • Дене тарбия спорт сабактарында жабыркагандарга врачка чейинки биринчи жардамды көрсөтүүнү; • Кесиптик иш аракетинин тармагында илимий изилдөөлөрдү уюштурууну жана өткөрүүнү, алынган жыйынтыктарды адекваттык методдор менен анализдөөнү, интерпретациялоону; • Кесиптик иш аракетинде заманбап усулдуктарды, ыкмаларды, техникалык каражаттарды (аудио визуалдык техникаларды, тренажерлорду ж.б.) колдонууну; • Дене тарбия жана спорт тармагындагы топтолгон баалуулуктарды, окуучуларды патриоттуулукка тарбиялоодо, сергек мүнөз жашоону, дене тарбия менен машыгуудагы муктаждыкты калыптандырууда окуучулардын жеке өзгөчөлүгү жөнүндөгү билимдерин пайдаланууну; • Окуучулардын иш аракетин көзөмөлдөөнүн жыйынтыктарынын натыйжасында өзүнүн кесиптик иш – аракетин сын көз менен баалоо жана ага оңдоп түзөөлөрдү киргизүүнү; • Ар түрдүү рангдагы спорттук – массалык , дене тарбия, денени чыңдоочу иш чараларды уюштурууну жана өткөрүүнү билүү; • Кесиптик иш аракетинин тармагында жеткиликтүү формада илимий изилдөөлөрдү уюштуруу жана өткөрүү; • Практикада алган билимдерин пайдаланууну жана өзүнүн дене тарбия жана спорт өкүлдөрүнүн укуктарын коргой алуу; • Жаштардын девиациясы проблемаларын аларды спортко тартуу менен чеге билүү; • Өзүнүн кесиптик иш аракетине сын көз менен кароо жана коррективаларды киргизүү; • Келечектеги кесиптик иш аракетине тиешелүү документтерди түзө алуу; • Дене тарбия жана спорт программаларды жана долбоорлорду иштеп чыгуу; • Дене тарбия жана спорт тармагында жеке бизнести уюштурууну; Ээ болуу керек: • Педагогикалык анализдин жана долбоорлоонун инструментарийлерине, педагогикалык илимдин түшүнүк – категориларык апаратына; • Билим берүү тармагы жөнүндөгү билим берүү процессинин маңызы, мазмуну жана структурасы жөнүндөгү билимдердин системасына; • ЖОЖ студенттерине, колледждердин жана жалпы билим берүүчү мектептердин окуучуларына дене тарбиясын берүү программасынын негизи болгон спорттун базалык түрлөрүнүн техникасына жана тактикасына; • Предметтик билим тармагында кесиптик тилге; • Улуу жаштагы калк, спортсмендер, окуучулар менен иштөөдө спорттук иштердин жана дене - тарбия дене чыңдоочу иштердин усулдуктарына; • Ден соолуктун калыптанышынын, сакталышын жана чыңдалышын камсыз кылган практикалык билимдеринин системасына; • Дене тарбия жана спорт тармагында педагогикалык теорияны колдонууга, заманбап билим берүү технологияларына; • Тандап алган спорттун түрү боюнча спорттук терминологияларды билүүсү; • Тандап алган спорттун түрү боюнча спорттук көнүгүүлөрдүн техникасына жана аны үйрөтүүнүн усулдуктарына; • Спорт боюнча окуу жана машыгуу сабактарын уюштуруунун жана өтүүнүн усулдуктарына; • Тандап алган спорттун түрү боюнча спортсмендерди техникалык, тактикалык, психологиялык, теориялык жана физикалык даярдоонун усулдуктарына; • 100 - Кишинин анатомиясы - Кишинин биохимиясы,дене тарбия жана спорт биохимиясы - Кишинин физиолгиясы, булчуң иш аракетинин физ. - Спорт медицинасы - Кыймыл – аракеттин биомеханикасы - Дене тарбия жана спорт тарыхы - Д.Т. теор жана методикасы - - Дене тарбиянын психологиясы - Дене тар.н педагогикасы - Дене табия жана спорттун экономикасы - Дене тарби я жана спорттун менеджменти - Кесиптик иш аракеттин укуктук негиздери - Спорттун базалык түрлөрүн окутуунун теориясы жана методикасы - Тандап алынган спорттун түрлөрүнүн методикасы - Спорттук педагогикалык өнүгүүсү ж.б. Вариативдүү бөлүк (билими, аны колдоно билүүсү ЖОЖ НББП менен аныкталат) 67 Дисциплинасынын тизмеси бакалаврдын НББПда киргизилген БIV Дене тарбия 400 ОУБ сунуштаган дисциплиналардын тизмеси бакалаврдын НББПда келтирилген БV Практика (практикалык жөндөмдүүлүк жана билими ЖОЖ тарабынан аныкталат) 13 ОК – 2,3,6 ИК – 1 СЛК – 1,5 ПК 1 – 22 ПК – 31,33,35 БVI Мамлекеттик жыйынтыктоочу аттестация (БКИ жактоо жана мамлекеттик сынактар) 10 ОК – 1,5,6 ИК – 2 СЛК - 6 Жалпы эмгек сыйымдуулук НББП 240 1 (*) НББП циклдик дисциплиналарына кирген айрым дисциплиналардын эмгек сыйымдуулугу 10 зачеттук бирдик интервалында берилет. 2. НББП ЦД түзгөн Б1, Б2, Б3 базалык бөлүктөрүнүн эмгек сыйымдуулугунун суммасы, НБП ЦД жалпы эмгек сыйымдуулугунун 50% кем эмес болуш керек. 3 (**) ЦД Б1 аталып , даярдыктын багыты кирген билим берүү тармагынын өзгөчөлүгүн эске алуу менен аныкталат. 4 (***) мамлекеттик жыйынтыктоочу аттестация бакалаврдын бүтүрүүчүлүк квалификациялык иште жактоону жана мамлекеттик аттестацияны (сынактардын тизмеси ЖОЖ тарабынан көрсөтүлөт) камтыйт. 5 Б1, Б2, Б3 циклдердин жана Б4; Б5 бөлүмдөрдүн эмгек сыйымдуулугу аралык жана агымдагы көзөмөлдүн бардык түрлөрүн камтыйт. 5.3. Бакалаврларды даярдоонун НББПда ишке ашыруунун шарттарына коюлган талаптар. 5.3.1. окуу процессинин кадрлар менен камсыз болушу. Бакалаврларды даярдоонун НББП ишке ашыруу, сабак өткөн дисциплинасынын профилине дал келген базалык билими бар жана илимий жана илимий – усулдук ишти систематикалуу алып барган педагогикалык кадрлар менен камсыздалыш керек. Кесиптик циклдеги окутуучулар, эреже катары, илимдин доктору, кандидаты илимий даражага ээ болушу жана дене тарбия жана спорт тармагында иш тажрыйбасы бар (анын ичинде, билим берүүнүн мыктысы, республиканын эмгек сиңирген машыктыруучусу наамдары бар), өзүнүн квалификациялык жана кесиптик денгээлин дайыма өнүктүргөн болушу керек. Илимдин доктору же кандидаты даражага ээ болгон окутуучулардын үлүшү берилген НББПын окутуу процессин камсыз кылган талап окутуучулардан 30% кем эмес болушу керек. 5.3.2. Окуу процессинин окуу – усулдук жана информациялык камсыздалышы. Бакалаврды даярдоонун НББП ишке ашырылышы ар бир студентке жеткиликтүү болгон, негизги билим берүү программасынын дисциплиналарынын толук тизмеси боюнча калыптанган библиотекалык фонд менен камсыздалышы керек. ЖОЖдун библиотекалык фонду төмөнкүлөрдү камтуусу керек: окуу программаларын, окуу китептерин, окуу куралдарын жана усулдук китептерин, лабораториялык практикумдарды. Аталгандар ар бир студентке НББП ЖОЖ жана милдеттүү бөлүктөрүндөгү базалык дисциплиналар 0,5 эгземплярдан кем эмес өлчөмдө болуш керек. Студент тандап алган дисциплиналар жана курстар боюнча бир студентке 0,5 эгземплярдан кем эмес өлчөмдө окуу иш пландары, студентке жеткиликтүү окуу куралдары, лекциялар циклдери жана жеткиликтүү басылма адабияттар (журналдар, жыйнактар) ж.б. окуу жана усулдук материалдар болушу керек. ЖОЖдын китепканасында (окуу залы) багыттын профили боюнча жана жалпы билим берүү, жалпы кесиптик блок жана адистик дисциплиналар блогу боюнча басылмалар болушу керек. Кошумча адабияттар фонду окуу китептеринен сырткары официалдуу, маалымат – библиографиялык жана адистештирилген басылмаларды камтуусу керек. Студенттин тандоосу боюнча жаңы дисциплиналардын киргизилиши окуу программаларынын саны жана студент үчүн жеткиликтүү болгон информациялык булактары (окуу жана усулдук китептер, киргизилүүчү дисциплиналарынын профили боюнча мезгилдүү басылмалардын) болгон учурда гана жүргүзүлүшү мүмкүн. Студенттер китепкананын электрондук ресурстарын эркин пайдалана алышы керек. - Китеп фондунун электрондук каталогун - Статьялардын электрондук каталогун - Мезгилдүү басылмалардын каталогун ЖОЖдын информациялык (маалымат) базасы студенттерди КР ири китепканаларынын маалымат ресурстарына жана эл аралык интернет маалымат тармагына чыгууга мүмкүнчүлүктү камсыз кылуусу керек. Жалпы ЖОЖдын видео класстары (кафедралардын усулдук кааналары) аудио, видео жана мультимедиалык материалдарды, ошондой эле окуу планынын бардык дисциплиналары боюнча көрсөтмө куралдарды камтуусу керек. 5.3.3. Окуу процессинин материалдык – техникалык жабдылышы. 532000 “Дене тарбия” багытында НББП боюнча ЖОЖ санитардык жана өрткө каршы эрежелерге жана нормаларга дал келген, ЖОЖ окуу планында каралган дисциплиналардын жана дисциплиналар аралык лабораториялык, практикалык жана илимий изилдөө иштердин бардык түрлөрүн жүргүзүүнү камсыз кылган материалдык – техникалык базага ээ болушу керек. Спорттук – педагогикалык дисциплиналар боюнча практикалык иштер санитардык жана өрткө каршы эрежелерге жана нормаларга жооп берген жана спортко ынгайлаштырылган спорт залдарында, кааналарда, курулмаларда өтүлүшү керек. Окуу – лабораториялык кааналардын аянты 1 студентке эсептелгенде 20кв.м. кем эмес болушу керек. ЖОЖда милдеттүү түрдө төмөнкү дисциплиналар боюнча студенттер лабораториялык - практикалык иштерди аткаруусу үчүн толук шарттар болушу керек. - Табигый илимдер циклинде: информатика, дене тарбиянын табигый илимдер негизи; - Кесиптик циклинде; кишинин анатомиясы, кишинин физиологиясы, кишинин биохимиясы, кыймыл – аракеттин биохимиясы, дене тарбия – спорттук иш аракеттин гигиеналык негиздери; психология Ошондой эле ЖОЖда кесиптик циклдин профилдик дисциплинанын вариативдүү бөлүгүнүн дисциплиналары (модулдары) боюнча лабораториялык – практикалык иштерди аткаруу үчүн бардык шарттары болушу керек. Электрондук басылмаларды пайдаланууда, ЖОЖ окуучулары үчүн алардын өз алдынча даярдануусунда окулуучу дисциплинанын көлөмүнө жараша интернетке чыгууга мүмкүн болгон компьютердик класста иш орду менен камсыз кылуусу керек. ЖОЖ өзү лицензияланган программалар менен камсыз болушу керек. 5.3.4. Бүтүрүүчүлөрдү даярдоонун сапатын баалоо. Бүтүрүүчүлөрдүн даярдыгынын сапаты дене тарбия бакалврынын Мамлекеттик аттестациясынын жыйынтыгы боюнча аныкталат. Ал бүтүрүүчүлүк квалификациялык ишти жактоону жана жыйынтыктоону Мамлекеттик эгзамендерди камтыйт жана кесиптик маселелерди чечүүдө бүтүрүүчүнүн теориялык даярдыгын аныктоого мүмкүнчүлүк берет. Бүтүрүүчүлүк квалификациялык ишке талаптар Бакалаврдын бүтүрүүчүлүк квалификациялык иши дене тарбия жана спорт тармагы үчүн актуалдуу болгон маселелерди чече турган окуу – усулдук иш – аракеттин долбоору же бүтүрүлгөн илимий – изилдөөнүн иштелмеси болуп эсептелет. Бул ишти бүтүрүүчү дене тарбия жана спорт теориясы жана практикасы үчүн актуалдуу болгон. Максаттарды жана маселелерди, окуу, илимий жана усулдук адабияттардын, дене тарбия жана спорттук иш – аракеттердин практикасын чагылдырган материалдардын анализинин негизинде көрсөтө алышы керек, коюлган маселелерге изилдөөнүн адекваттуу усулдарын тандай билүүнү; эксперименттик изилдөөлөрдү уюштуруу жана ишке ашыра билүүнү; Алынган жыйынтыктарды иштете билүүнү; изилдөөнүн жыйынтыктарын топтоону жана толтурууну, жыйынтык чыгара билүүнү жана практикалык сунуштарды бере алаарын көрсөтүш керек; Дипломдук иш төмөнкү бөлүмдөрдү камтуусу керек: Киришүү – тандалган теманы, анын актуалдуулугун изилдөөгө коюлган максаттар менен; изилдөө темасы боюнча адабияттык талдоо; маселенин анын усулдуктарын жана изилдөөнү уюштуруунун сүрөттөлүшү; изилдөөнүн жыйынтыктарынын талкуусу; жыйынтыктар жана практикалык сунуштамалар; колдонулган адабияттардын тизмеси: Иштин көлөмү, эреже катары, компьютердик текстти 50 беттен көп болбоосу керек. 532000 “Дене тарбия” адистиги боюнча бакалаврдын бүтүрүүчүлүк квалификациялык иши теориялык изилдөө менен жалпы темасы боюнча байланышкан соңку, аз жеткиликтүү илимий иштердин анализи менен болгон жалпыланган илимий реферат формасында болушу мүмкүн. Мындай иштин жыйынтыгы катары илимий жана же практикалык мааниге ээ болгон жалпыланган жыйынтыкта болуш керек. Мамлекеттик стандартка (экзамендерге) талаптар. Мамлекеттик сынактар бүтүрүүчүлөрдүн дене тарбия жана спорт тармагындагы практикалык иш – аракеттерге даярдыгын, анын ичинде медициналык – биологиялык, психология – педагогикалык, гуманитардык, социалдык – экономикалык ж.б. дисциплиналарды окуп үйрөтүүнүн негизинде дене тарбия жана спорт тармагындагы конкреттүү практикалык маселелерди чегүү үчүн алган билимдерин пайдалана алаарын көрсөтүшү керек. Дене тарбия – спорттук, уюштуруу – башкаруучулук иш – аракеттердин теориясы жана практикасы боюнча суролорго жооптор берилген проблема менен байланышкан башка дисциплиналардын позициясы менен терең негиздөөнү камтуусу керек. Бул үчүн суроонун берилишинде жоопто кайсыл дисциплинанын материалдарын пайдаланууну зарыл экендиги көрсөтүлүшү керек. Берилген 532000 “Дене тарбия” багытында бакалаврларды даярдоонун мамлекеттин билим берүү стандарты базалык ЖОЖ Кыргыз Мамлекеттик дене табия жана спорт академиясынын дене тарбия тармагында билим берүү боюнча окуу – усулдук бирикмеси тарабынан иштелип чыккан.