Практика и связь с предприятиями
                          ФИЗИКА-ТЕХНИКА ФАКУЛЬТЕТИНИН
                        Практика жана карьера боюнча жооптуу
                        ЖУМАКУЛОВ ЖООДАРБЕК АКЫЛБЕКОВИЧ
      Физика-техника факультетинин энергетика кафедрасынын окутуучусу Жалпы физика жана ФОУ кафедрасы «физика» адистигиндеги студенттер шаардын жана райондун мектептеринен окуу жана түрдүү практикалардан өтүшүн уюштурат. Ал үчүн шаардык жана райондук билим берүү мекемелери менен практикадан өтүү боюнча келишимдер түзүлгөн.
      Энергетика кафедрасы "Электр менен камсыздоо" адистиктерин даярдоо максатында ТоктогулГЭСтеринин каскады, Таш-КөмүрГЭСтеринин каскады, ОшПЭС, Жалал-АбадПЭС, Баткен ПЭС, ОшРЭТ, Сулайман-ТооРЭТ, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарындагы бардык райондук электр тармактары, Ош шаардык муниципалдык мекемелер "Ошсвет" жана "Жылуулук менен камсыздоо" жана башка бир топ жеке менчик ишканалар менен келишимдер түзүлүп, студенттер жана магистранттар өндүрүштүк практикаларды өтөп келишүүдө.
      Архитектура профилинде болсо Ош шаарындагы жана райондордогу мамлекеттик каттоо мекемелери, Ош шаарындагы «Долбоор АОО» институту, «Курулуш мекемелери жана компаниялары» менен окуу практикасын, өндүрүштүк практиканы мамлекеттик практиканы өткөрүү жана тиешелеш адистердин лабораториялык жана практикалык сабактарга окуу усулдук жана таркатма, көргөзмө куралдар менен камсыздоо жаатындагы байланыш түзүлгөн. Ошондой эле ОшМУнун бүтүрүүчүлөрүн жогорку аты аталган мекемелерге иш орунга жайгаштыруу маселелери да жолго коюлган.