Наука
 


            ФИЗИКА-ТЕХНИКА ФАКУЛЬТЕТИНИН
                ИЛИМИЙ ИЗИЛДӨӨ БӨЛҮМҮ
            КАДЕНОВА БАТМАКАН АЖЫМАМАТОВНА
      ФТФнин деканынын илимий иштер жана магистратура боюнча орун басары, физика-математика илимдеринин кандидаты

 
    Факультеттин профессордук-окутуучулук курамы төмөндөгүдөй багыттар боюнча илим-изилдөө иштерин жүргүзүшөт.
      Жалпы физика жана физиканы окутуунун усулу кафедрасында эки багытта илим изилдөө иши жүргүзүлөт. Орто мектептердин физика жана университеттердин жалпы физика курстарынын мазмунун, структурасын жана аларды окуп үйрөнүүнүн усулдарын өркүндөтүү багытында. Аткаруучулар: доценттер З.И.Оморалиева, Р.Н. Халиуллин, М.П.Папиев, М.М.Жуманова, ага окутуучулар М.Курбаналиев, А.Эгемназарова, аспиранттар, изденүүчүлөр.
      ЭТФ кафедрасында илим-изилдөө иштери 2 багытта жүргүзүлөт. «Кыргызстандын минералдык-сырьелук ресурстарынын негизинде наноструктуралык жана радиацияга туруктуу материалдарды жаратуу» аттуу тема министрлик тарабынан каржыланат. Илимий жетекчиси ф.-м.и.д., профессор Б.Арапов. Аткаруучулар: доценттер Ж.Эгембердиев, А.С.Усаров, М.Осконбаев, К.Д.Ташкулов ж.б. Проф. Б.Араповдун жетекчилиги менен докторлук (Осмоналиев К.-1999, Таиров М.-2001, Ташполотов Ы.-2004, Кенжаев И.Г.-2009) жана кандидаттык (Өскөнбаев М.-1996, Авилов А.-2000, Алтымышов А.-2003, Арапов Т.-2004, Кадыров К.-2005, Өмүрбекова Г.К.-2008, Садырова М.М.-2009, Кошуев А.-2011, Ташкулов К.-2011, Каденова Б.-2014) диссертациялар корголду. Илимий лабораториянын базасында 4 эл аралык илимий конференция өткөрүлүп, изилдөө иштеринин жыйынтыктары эл аралык союздук, республикалык жана регионалдык илимий конференцияларда талкууланып, чет өлкөлүк жана республикалык илимий журналдарда 350 дөн ашуун илимий макалалар, 8 илимий монография жарыкка чыгып, 3 патент 5 автордук күбөлүк алынган. “Жаратылыш ресурстарынын негизинде электромагниттик жана радиациялык нурлардан экрандоочу наноструктуралык композициялык материалдардын илимий-технологиялык негиздерин түзүү” темасынын илимий жетекчиси ф-м.и.д., профессор Ы.Ташполотов. Аткаруучулар: доценттер Э.Садыков, Т. Матисаков.
             Энергетика жана Автоунаа кафедрасынын кызматкерлери биргеликте «Жаңыланып туруучу энергиянын жана энергияны үнөмдөөчү технологиялардын негизинде иштөөчү автономдук энергетикалык түзүлүштөр». Илимий жетекчиси: т.и.д. профессор И. Кенжаев. Аткаруучулар: доценттер З.Ш.Айдарбеков, Ж.Ж.Турсунбаев, С.К.Султанов ж.б. Азыркы учурда доцент З.Ш.Айдарбеков окутуучулар жана студенттер менен ПРООНдун “Чакан ГЭСтерди өнүктүрүү”, Европалык реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын (ЕБРР) “Бизнес кеңеш кызматтары (БАС)” программаларынын алкагында күн, биогаз орнотмолору, микроГЭСтер жана энергия үнөмдөөчү технологиялары боюнча илимий-изилдөө иштерин жүргүзүп, Кыргызстандын 5 областынын айыл жерлеринде жана тоолуу аймактарында аларды өндүрүшкө киргизип жатышат.

Мамбетакунов Эсенбек Мамбетакунович – педагогика илимдеринин доктору (13.00.01: 13.00.02) 204- окуу лабороториясында өзүнүн окумуштуу изденүүчүлөрү менен.





Физика – техника факультети Ош областтык мугалимдердин билимин өркүндөтүү институтуна келген мугалимдери менен тыгыз байланышта.






Физика – техника факультети Ош областтык мугалимдердин билимин өркүндөтүү институтуна келген мугалимдери менен тыгыз байланышта.