Международные связи
Факультеттин илимий жамааты, аспиранттары өздөрүнүн илимий иштерин аткарууда республиканын жана чет өлкөнүн төмөндөгү окуу жайлары менен тыгыз байланышта болуп келе жатышат: РФ ИАнын Математика институту, КР ИАнын Математика институту, Өзбек Республикасынын ИАнын математика жана IT технология институту, Новосибирск, Томск университеттеринин математика жана механика факультеттери, Томск техникалык университети, Караганда техникалык университети, Ташкент мамлекеттик университети, Урал техникалык университети, Кыргыз улуттук университети, Фергана мамлекеттик университети, Санкт-Петербург мамлекеттик университети, Казакстан улуттук университети, БатМУ, КӨУ, ММУ, ТашМУ, ОшТУ, Гарвард университети, Портленд университети, НМУ ж.б. Факультеттин профессорлору: Кыргыз Республикасынын УИАнын мүчө-корреспонденти, ф.-м.и.д. К.А.Алымкулов, “Алгебра жана геометрия” кафедрасынын башчысы, ф.-м.и.д. Г.М.Матиева жетекчилик кылган 2 багыттагы илимий-изилдөө иштери КРдин Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан республикалык бюджеттен каржыланып ийгиликтүү иштеп келүүдө. Проекттин алкагында агай-эжекелер, аспиранттар жана студенттер Корея, Россия, Казакстанда ж.б. чет мамлекеттерде илимий конференцияларга катышуу максатында илимий сапарларда болуп келишти. 2012-2015-жылдары ТEMPUS EDUCAнын “Модернизация и развитие образовательных программ по педагогике и образовательному менеджменту в странах Центральной Азии” аталыштагы проект боюнча ОшМУнун Сапат департаментинин директору, профессор, п.и.к. М.А.Алтыбаева, “МИОТжББМ” кафедрасынын башчысы, доцент А.Дж.Аттокурова, доцент А.О.Келдибекова иштешти. Натыйжада математика адистиги үчүн жаңы окуу пландары, НББП түзүлдү жана «Агартуу Академиясы» лабораториясы ачылды. “Информатика” кафедрасынын профессору, ф.-м.и.д. А.М.Сайипбекова “EAST Horizont” аттуу проект менен 2015-2017ж.ж. иш алып барып жатат. Проекттин негизинде Греция, Португалия, Грузия, Белоруссия, Азербайжанга илимий иштери менен барып келди. Мевлана программасы боюнча Түркия мамлекети менен студенттердин жана окутуучулардын мобилдүүлүгү ишке ашырылды. Студенттик мобилдүүлүктү уюштуруу боюнча тренинге катышуу1 тренерлер үчүн 2017-2018-окуу жылында Польша шаарына ОИДдин директору, “Информатика” кафедрасынын доценти Арапбаев Р.Н., жана доцент Артыкова Ж.А окутуучуларыбыз тажрыйба алмашуу максатында окуп келишти. Ал эми маалыматтык системалар жана технологиялар адистигинде окуган студенттер:Турдуматова Жибек,Элеман кызы Анара, Асанбекова Таттыгүл,Сүйөркулова Керемет,Султаналы уулу Максат 2017-2018 окуу жылынын 1-жарым жылдыгында Алматы шаарындагы Нархоз университетинде,Кожобекова Мээрим,Орозмамат уулу Калыс Түркия мамлекетинин Сулейман Демирели университетинде ийгиликтүү окуп келишти. Ошондой эле И.Арабаев атындагы КМУ, КТУ, КГУСТА, КРСУ окуу жайлары менен студенттердин мобилдүүлүгү боюнча келишимдер түзүлүп, иштеп жатат. “Информатика” кафедрасынын доценти Ж.А.Артыкова көп тилдүү билим берүү боюнча квалификациясын жогорулатуу программасынын негизинде Шымкент областынын мектеп мугалимдерине семинар өтүп келди. Жакынкы чет мамлекеттердин, тагыраак айтканда Россия, Өзбекстан, Тажикстан, ошондой эле Түркиянын жарандары факультетибизде билим алышууда.