Ассоциация выпускников

Жарыялар

Урматтуу бүтүрүүчүлөр!

QSтин Чыгыш Европа жана Борбордук Азия рейтингинин (QS EECA), QSтин Дүйнөлүк Рейтингинин (QS GR) талаптарына ылайык “Жумуш менен камсыз болуу рейтинги” үчүн Сиздер атайын АНКЕТА аркылуу өзүңүздөр окуп бүтүргөн сүйүктүү Ош мамлекеттик университети жөнүндө сурамжылоого катышып, пикир калтыра аласыздар.

Ошондуктан Google форма катары түзүлгөн төмөнкү анкетага акыркы беш жылдагы башкача айтканда 2017-2018- 2019- 2020- 2021-жылдардагы бүтүрүүчүлөр жооп бере аласыздар:

https://forms.gle/paNC6H4z3tbCpTzA7









Өткөрүлгөн иш чаралар

2019-2020- окуу жылында бүтүрүүчү курстардын ата-энелери жана иш берүүчүлөрдүн ортосунда жолугушуу болуп өттү. Мында адистерди даярдоодогу жана бүтүрүүчүлөрдүн ишке орношуудагы негизги көйгөйлөрү тууралуу маектешүү жана пикир алышуу үчүн уюштурулган тегерек столго факультеттин студенттеринин ата-энелери жана бүтүрүүчүлөрү катышышты.





2016-жылдын 23-ноябрында Математика жана информациялык технологиялар факультетинде билим берүүнүн сапаты, окуу процессинин уюштурулушу, адистерди даярдоодогу жана бүтүрүүчүлөрдүн ишке орношуудагы негизги көйгөйлөрү тууралуу маектешүү жана пикир алышуу үчүн уюштурулган тегерек столго факультеттин студенттеринин ата-энелери жана бүтүрүүчүлөрү катышышты.

Жолугушуу учурунда ата-энелер жана бүтүрүүчүлөр кредиттик технологиялар, билим берүүнүн баскычтары, негизги билим берүүнүн программалары, ОшМУнун сайты, AVN информациялык системасы ж.б. маалыматтар менен тааныштырылды. Ата-энелер жана бүтүрүүчүлөр тарабынан окуу процессине тиешелүү болгон түрдүү сунуштары, ой-пикирлери, ошондой эле мындай иш-чаранын уюштурулушуна карата ыраазычылыктары айтылды.

Факультеттин ата-энелер жана бүтүрүүчүлөр менен болгон байланышты чыңдоо максатында МИТ факультетинин ата-энелер жана бүтүрүүчүлөр ассоциацияларынын башкаруу кеңешинин курамдары түзүлүп, бекитилди. Жолугушуунун жыйынтыгында резолюция кабыл алынып, мындай жолугушуулар регулярдуу түрдө уюштурулушу чечилди.