Поступающим

2023-2024-окуу жылында Математика жана информациялык технологиялар факультетинин 1-курсуна эки баскычтуу “Бакалавр - Магистр” системасы боюнча төмөнкү багыттар жана адистиктер боюнча абитуриенттер кабыл алынат.

Факультеттин адистиктери

Күндүзгү окуу бөлүмүндө - 4 жыл, сырттан жана дистанттык окуу бөлүмүндө - 5 жыл. Бакалавриатты аяктаганда "БАКАЛАВР" академиялык даражасы ыйгарылат. Факультеттин бардык багыттарына кабыл алуу Жалпы республикалык тестирлөөнүн сертификаты менен жүргүзүлөт:

1. Негизги тест 2. Кошумча тест: Математика же физика.

     МАК

БАКАЛАВРИАТ
Шифр Багыттар/адистиктер Академиялык даражасы Окуу мөөнөтү Келишимдик акы(Контракт)
1 510100 Математика Бакалавр 4 жыл 26860 сом
2 510200 Колдонмо математика жана информатика Бакалавр 4 жыл 26860 сом
3 510700 Информациялык системаларды математикалык камсыздоо жана администрация- лоо Бакалавр 4 жыл 26860 сом
4 550200 Физика-математикалык билим берүү (Математика, Информатика профилдери) Бакалавр 4 жыл 26860 сом
5 570400 Дизайн (Графикалык дизайн) Бакалавр 4 жыл 28000 сом
6 590100 Информациялык коопсуздук Бакалавр 4 жыл 32640 сом
7 710100 Информатика жана эсептөө техникасы: 1) Эсептөө техникаларын жана автоматташтырылган системаларды программалык жабдуу(ЭТАСПЖ); 2) Информацияларды жана башкарууну кайра иштетүүнүн автоматташтырылган системалары (АСОИУ) профилдери Бакалавр 4 жыл 1) 32640 сом, 2) 31640 сом
8 710200 Информациялык системалар жана технологиялар (Экономикадагы информациялык системалар жана технологиялар профили) Бакалавр 4 жыл 32640 сом
9 710300 Колдонмо информатика: 1) Экономика аймагындагы колдонмо информатика, 2) Архитектурадагы колдонмо информатика 3) Бизнес процесстерди жана финансыны автоматташтырылган башкаруу профилдери Бакалавр 4 жыл 32640 сом
10 710400 Программалык инженерия (Веб-технологиялар жана мобильдик системаларды программалык камсыздоо) Бакалавр 4 жыл 32000 сом
11 «Саламаттыкты сактоодогу информатика жана биомедициналык инженерия (Саламаттыкты сактоодогу информатика профили) Бакалавр 4 жыл 31640 сом

МАГИСТРАТУРА
Шифр Багыттар/адистиктер Академиялык даражасы Окуу мөөнөтү Келишимдик акы (Контракт)
1 510100 Математика Магистр 2 жыл 27160 сом
2 510200 Колдонмо математика жана информатика Магистр 2 жыл 27160 сом
3 550200 Физика-математикалык билим берүү Магистр 2 жыл 27160 сом
4 580200 Билим берүүдөгү менеджмент Магистр 2 жыл 27160 сом
5 710100 Информатика жана эсептөө техникасы Магистр 2 жыл 31640 сом
6 710200 Информациялык системалар жана технологиялар Магистр 2 жыл 31640 сом
7 710300 Колдонмо информатика Магистр 2 жыл 31640 сом

Кесипке багыттоо боюнча суроолор

1. ОшМУнун жогорудагы көрсөтүлгөн адистиктеринин бюджеттик жана контракттык бөлүмдөрүнө кантип тапшырууга болот? Жооп: Жогорудагы көрсөтүлгөн бакалавр багытынын бюджеттик жана контракттык бөлүмдөрүнө тапшыруу үчүн негизги жана кошумча тесттеги баллдары КРнын Билим берүү жана илим министрлиги белгилеген босоголук (пороговый) баллдардан кем эмес б.а. негизги тест: 110 баллдан, кошумча тест: 60 баллдан кем эмес болуш керек.

Эгерде Сиздин билимиңиз босоголук баллга жетпей калса, билимге болгон умтулууңузду өчүрбөстөн колледжди тандаңыз.Себеби, Сиздин билимиңиз (толук эмес – 9-класс, толук – 11-класс) сапаттуу кесиптик орто билим (колледж) менен толукталып, түздөн-түз жогорку билимге (бакалаврга) 2-курстан улантууга жол ачылат.