Бекитемин»
Декан_______________ Мырзаибраимов С.
2018-ж «______» ________________
Көз карандысыз Эднет уюмунун теологиянын бакалавры жана теологиянын магистри программасы боюнча берген сунуштарынын негизинде 2018-2019-окуу жылында аткарылчу иш план
№ |
Иштин мазмуну |
Мөөнөтү |
жооптуу |
эскертүү |
1 |
1-критерий : ЖОЖдун миссиясына туура келе тургандай максатта «Теология» билим берүү программасынын мазмунун диний багыттагы мамлекеттин саясатын эске алып өзгөртүүлөрдү киргизүү |
Сентябрь-октябрь |
Акредитацияга даярдануу боюнча жумушчу топ |
|
2 |
2-критерий : · Диний багыттагы мамлекеттик саясатты эске алып бакалавр программасынын окутуу натыйжаларын карап чыгуу · Эмгек рыногундагы талаптарды эске алып, бакалавр жана магистратура программасынын айрымачылыктарын ачык-айкын аныктап, магистратура программасынын окутуунун натыйжаларын карап чыгуу. · Бакалавр жана магистратура программасынын ОНин окутуучулар тарабынан толук жана терең түшүнүлүүсүн камсыз кылуу · Теологиянын бакалавр программасына тапшыра турган абитуриенттерге адисттик ориентация боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүү · бакалавр жана магистратура программасынын бүтүрүүчүлөрүнүн кесиптик багытын тагыраак көрсөтүү. |
Ноябрь-декабрь, Апрель-май, октябрь |
Деканат, жумушчу топ |
|
3 |
3-критерий : · Педагогика предметин киргизүү · Магистратура программасынын ОНин ББПнын мазмунун жана профилин карап чыгып, бакалавр менен салыштырууда билим менен илимдин деңгээлин так айрымалоо. · Магистратура жана бакалавр окуу пландарындагы дисциплиналардын мазмунун жакшыртуу жана «Диндер тарыхы», дин социологиясы, дин педагогикасы, дин философиясы деген дисциплиналарды окуу планга киргизүү · Эднеттин сунуштарын эске алып окуу пландын мазмунун КРнын диний чөйрөдөгү саясатын эске алып карап чыгуу |
Сентябрь |
Деканат, жумушчу топ |
|
4 |
4-критерий : · Тайпалардын тандоосуна жараша курстардын саатын көбөйтүү аркылуу, дин тутуу мыйзамы, диний билим жана конфессия аралык мамилелер жөнүндө маалымат берүү · Социо-маданий мүнөздөгү ырым-жырымдарды студенттерге практика жүзүндө таанытуу |
Сентябрь, Жыл бою |
Деканат, жумушчу топ |
|
5 |
5-критерий : · Окутулуп жаткан дисциплиналардын ППС профилин карап чыгуу · Ар бир дисциплинаны өз адиси окутуусун камсыз кылуу. Мисалы, педагогика боюнча педагог адис окутуусун камсыздоо. · ППСтин ишмердүүлүгүн баалоо процедурасын карап чыгуу |
Сентябрь, Декабрь, май |
Деканат, жумушчу топ |
|
6 |
6-критерий : · Стейкхолдерлер менен (студенттер жана окутуучулар) өз ара иш алып барууну күчөтүү · Стейкхолдерлердин талаптарына өз учурунда жооп бере тургандай система түзүү |
Февраль |
Деканат, жумушчу топ |
|
7 |
7-критерий: Ашканада күчтүү аба сордургуч орнотуу же ашканадан, коридордон, жатакананын ичинен тамактын жытын сордуруп чыгаруунун башка жолдорун карап чыгуу |
Ноябрь |
Деканат, жумушчу топ |
Бакалавр программасы боюнча жооптуу: З. Ажимаматов
Магистратура программасы боюнча жооптуу: С. Кошубаева