Об отделе науки и аспирантуры
      Ош МУнун Илим жана аспирантура бөлүмү 1991-жылы 22-августта Кыргыз ССРинин Элге билим берүү министрлигинин №399/1 буйругу менен аспирантура бөлүмү болуп ачылган.
      Аспирантура бөлүмүнүн алгачкы башчысы физика-математика илимдеринин доктору, профессор К.О. Осмоналиев болгон. Бөлүмдү 1993-1995-жылдары филология илимдеринин кандидаты, доцент С.А. Мамытов, 1995-2000-жылдары философия илимдеринин кандидаты Ж.М. Сулайманов жетектеген. 2000-жылдын октябрь айында бөлүм илим жана аспирантура бөлүмү болуп түзүлүп, башчы болуп филология илимдеринин кандидаты, доцент В.К. Сабирова дайындалган. Илим жана аспирантура бөлүмүн 2004-2006-жылдары физика-математика илимдеринин кандидаты, доцент М.Ч. Өскөнбаев, 2006-2008-жылдары ага окутуучу М.М. Садырова, 2008-жылдан 2011-жылга чейин психология илимдеринин кандидаты, доцент А.З. Закировдор жетектешкен. 2011-жылдан бери бөлүмдү физика-математика илимдеринин кандидаты, доцент Г.М. Анарбаева жетектеп келе жатат.

      Учурда ОшМУда 147 аспирант (75 аспирант бюджеттик негизде, 72 аспирант контракттык негизде), 400гө жакын изденүүчү илимий-изилдөө иштерин жүргүзүшүүдө. Аспирантурага өткөндөрдүн курамын ОшМУнун кафедраларынын, Окумуштуулар кеңештеринин жана илимий мекемелердин, ишканалардын сунуштары менен келгендер жана практикалык жумуштан стажы барлар түзөт. Университетте аспиранттардын илимий жетекчилеринин саны 82 окумуштууну түзөт, анын ичинен 70 окумуштуу – илимдин доктору, 12 окумуштуу – илимдин кандидаты. ОшМУдагы 22 илимдин доктору, 7 илимдин кандидаты аспиранттарга илимий жетекчилик кылат.
Илим жана аспирантура бөлүмү тарабынан аспиранттар жана изденүүчүлөр үчүн максатка багытталган ырааттуу иш-аракеттердин системасы жүргүзүлүүдө. Иш-чаралардын бир багыты катарында илимдин жаш талапкерлери үчүн өткөрүлгөн семинарлардын циклин белгилөөгө болот. Аспиранттар жана изденүүчүлөр үчүн “Илимий-изилдөө иштеринин методологиясы”, “Илимий иш-аракеттерди баалоонун жаңы критерийлери” ж.б. темалардагы жана Жаш окумуштуулар мектебинин жайкы 3 күндүк тренинг-семинарларынын цикли ОшМУнун “Ак-Буура” эс алуу борборунда үзгүлтүксүз өткөрүлүп келет. Университетте жыл сайын студенттер жана жаш окумуштуулар үчүн аймактык илимий-практикалык конференция өткөрүү адатка айланган.
ОшМУнун приоритеттик өнүгүү багыттарынын бири – илимий изилдөө-иштерин өнүктүрүү, илимий сунуштарды жана технологияларды өндүрүшкө кийирүү жана эл аралык илимий чөйрөлөр менен байланышты күчөтүү болуп эсептелет. Учурда өнүгүү жолунда бараткан окуу жайыбызда жаңы моделдеги университеттин формасы, мазмуну өздөштүрүлүп, билим берүүнүн жана илимдин дүйнөлүк системасына интеграциялануу иштери жүрүүдө. Ошондуктан, ар бирибиздин алдыбызда максатка багытталган иш-аракеттердин системасын жигердүүлүк менен ишке ашыруу милдети турат.