Деятельность диссертационных советов

Диссертациялык кеңештердин иш-аракеттери

2019-жылы КРдин Жогорку аттестациялык комиссиясынын уруксаты менен университетте 8 диссертациялык кеңеш илимдин 20 адистиги боюнча кандидаттык жана доктордук диссертацияларды коргоолорду уюштурушту.

1. ОшМУ, КУИАнын Түштүк бөлүмүнүн жаратылыш ресурстар институту жана ЖАМУнун алдындагы “01.01.02 – дифференциалдык теңдемелер, динамикалык системалар жана оптималдык башкаруулар”, “01.01.04 – геометрия жана топология”, “01.04.07 – конденсирленген абалдын физикасы” адистиктери боюнча К 01.17.554 Диссертациялык кеңеши (төрайым – ф.-м.и.д., профессор Г. Матиева). 2. ОшМУ жана Жалал-Абад эл аралык университетинин алдындагы “08.00.05 – экономика жана эл чарбасын башкаруу”, “08.00.12 – бухгалтердик эсеп, статистика”, “08.00.13 – экономиканын математикалык жана информатикалык методдору” адистиктери боюнча К 08.15.510 Диссертациялык кеңеши. Бул Диссертациялык кеңеште бизнес жана менеджмент факультетинин ага окутуучусу Исманалиев Курманбек Искандерович кандидаттык диссертациясын коргоду.

3 . ОшМУ жана КРдин өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу Мамлекеттик комитетинин алдындагы энергетика жана экономика илимий-изилдөө институтунун алдындагы “05.14.08 – кайрадан калыбына келүүчү энергия түрлөрүнүн негизиндеги энергетикалык курамдар”, “05.14.02 – электростанциялар жана электроэнергетикалык системалар адистиктери боюнча Д 05.17.541 Диссертациялык кеңеши.

4. ОшМУ жана И. Арабаев атындагы КМУнун алдындагы “25.00.24 – экономикалык, социалдык жана саясий география”, “25.00.36 – геоэкология”, “25.00.23 – физикалык география, биогеография, топурактын географиясы жана ландшафттардын геохимиясы” адистиктери боюнча Д 25.15.515 Диссертациялык кеңеши (төрагасы – г.и.д., профессор А.Г. Низамиев).

5. К.И. Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университети жана ОшМУнун алдындагы “06.02.01 – жаныбарлардын оорусунун диагностикасы жана терапиясы, жаныбарлардын патологиясы, онкологиясы, морфологиясы” жана “06.02.05 – ветеринардык санитария, экология, зоогигиена жана ветеринардык санитардык экзпертиза” адистиктери боюнча Д 06.17.546 Диссертациялык кеңеши.

6. Б.Н. Ельцин атындагы Кыргыз-Россия славян университети жана ОшМУнун алдындагы “12.00.08 – кылмыш укугу жана криминология; кылмыш-аткаруу укугу”, “12.00.09 – кылмыш процесси, криминалистика; ыкчам-изилдөө ишмердүүлүгү”, “12.00.11 – сот бийлиги, прокурордук көзөмөл, укук коргоо ишмердүүлүк органы” Д 12.15.516 Диссертациялык кеңеши.

7. КУИАнын химия жана фитотехнологиялар институту жана ОшМУнун алдындагы “02.00.01 – органикалык эмес химия” жана “02.00.03 – органикалык химия”, “02.00.04 – физикалык химия” адистиктери боюнча Д 02.17.561 Диссертациялык кеңеши.

8. КУИАнын биология-топурак таануу институту жана ОшМунун алдындагы “03.02.01 – ботаника”, “03.02.04 – зоология” жана “03.02.08 – экология” адистиктери боюнча Д 03.18.569 Диссертациялык кеңештери иш алып барышты.

Учурда ОшМУнун бир топ окумуштуулары республикада көптөгөн Диссертациялык кеңештерде төрага, төраганын орун басары жана мүчөлөрү катарында тиешелүү илимий адистерди даярдоого өз салымдарын кошуп келишет.

КРдин Жогорку аттестациялык комиссиясы диссертациялык кеңештердин ишмердүүлүгүн оптималдаштыруу жана илимий кадрларды даярдоо механизмдерин координациялоо багыттарында, коррупциялык тобокелчиликтерди азайтуу максатында бир топ иш-чараларды жүргүзүп жатат. Мисалы, азыркы учурда диссертациялык жумушту алдын-ала экспертизадан эксперттик комиссиянын ар бир мүчөсү өз алдынча өткөрүп, корутунду жазып, диссертацияны алдын-ала коргоо учурунда өз ой-пикирлерин айтышат. Ошондуктан диссертациялык кеңештин ишмердүүлүгүндө мындан ары да тактык жана принципиалдуулук болуусу зарыл.

Мисалы, профессорлор К.М. Матикеев, Б.К. Каримова, Д.Т. Алтыбаева, М.Д. Абдуллаева, Б.А. Арапов, Ы.Т. Ташполотов, И.Г. Кенжаев, К.А. Алымкулов, Д. Турсунов, К.А. Исаков, Т.Т. Жумабаева, С.М. Момуналиев, А.С. Сопуев, Д. Эмилбекова, Б.К. Үкүева, С.Т. Шатманов, Ы.Д. Джолдубаев, Ж.Ж. Жеенбаев, И.Т. Тайчиев, А.М. Ешиев, А.Т. Мамасаидов, Г.В. Белов, Ф.А. Юсупов, С.Т. Жолдошев, А.С. Маметова, А.Т. Тажибаев, Ч.Р. Кулуева, Э.К. Шарипова, А.Ы. Курбаналиев, Р.К. Калматов, Г.К. Кулдышева, доценттер О.Т. Бекешов, М.Ч. Өскөнбаев, Э. Садыков, Т.М. Папиева, Т.М. Исраилов ж.б.