Устаттарым жөнүндө эскермелер

“МЕКТЕПТЕРИБИЗ ЭСКИ, КЫЯЛДАРЫБЫЗ БИЙИК, МУГАЛИМДЕРИБИЗ КҮЧТҮҮ БОЛГОН ЭКЕН”

Азыр айылдарда заманбап мектептер салынып жатат. Өлкөбүздө жыл сайын жүзгө жакын мектептер жаңыдан курулат. Муну мамлекетибиздин балдарыбыздын татыктуу билим алуусуна карата камкордугу деп билебиз.

Биз өткөн кылымдын 80-жылдары эски, окуу кааналары ар кайсы жерде жайгашкан мектепте билим алдык. Жаңы мектеп эмнеге салынбайт деген ой капарыбызга да келбептир. Советтик империя гүлдөп турган мезгил болчу, компартияга деле доомат артпаптырбыз.

Бирок ошол биз окуган эски мектеп шаңдуу болуп, өзүнө күн сайын магниттей тартып, бизди кучагына чакырып турар эле.

Ар күнү мектепке барып, мектептен кайтуубуз өзүнчө эле майрам болуп, жагымдуу маанай жаратчу.

Азыр ойлосом, ал кездеги мектептер эски болгон менен мугалимдер күчтүү болгон экен. Мектептин аурасын мугалимдер менен окуучулар ачып, көркүнө чыгарып турчу.

Мугалимдерибиз өз билгенин жан дили менен балдарга үйрөтүп, ошондон канаат, рахат алып, окуучу менен камыр-жумур болуп аралашып, кадимкидей окуучулар дүйнөсүнө кирип, ошол аалам менен кошо жашачу тура. Ошондуктан мектепти ыйык сезип, ар бир мугалимдин баскан турганын, сүйлөгөн сөзүн өрнөк жана үлгү тутуп чоңойдук.

Оо, андагы бизди окуткан агай-эжекелер мектепке эле эмес, айылга биринчи жаңылыкты алып келип, айылдын элин суктандырып турушчу. Ата-энелер мектепке иштегени келген татынакай жаш эжекелерди көргөндө, өзүнүн уулуна ушундай келинчек алып берсек деп эңсешчү. Жаш, зыңкыйган, таза кийинген, билимдүүлүгү менен айырмаланган агайларды көрүп балдарыбыз ушундай маданияттуу болсо деп самашаар эле.

Биз, окуучулар, ошол эжекени же агайды издеп, ошолордун сөзүн угуу үчүн мектепке барчубуз.

*****

Биздин чакан айылдагы “ВЛКСМ” деп аталган мектебибизге негизинен сырттан башка айылдан, шаардан, башка райондордон мугалимдер келишер эле. Алардын көпчүлүгү жаңылыктын жарчысы, маданияттуу, интеллектуалдуу мугалимдер болчу. Өзүбүздүн айылдан да Асан агай, Маматкадыр агай, Абдиламит агай, Апсатар агай (географ),Апсатар агай (тарыхчы), Төлөн агай, Ташбай агай, Осмон агай, Аким агайлар, Айзада эжеке, Багдагүл эжеке, Анара эжеке, Сырга эжекелер алардан кем калышпай сабак өтүшүп, бизге үлгү болушкан.

Биз окуган кезде сырттан келген Козубек агай, Эген агай, Шүкүр агай, Ташболот агайлар, Гулай эжеке, Умсунай эжеке, Назира эжеке, Мөтөбар эжеке, Гүлзада эжеке, Чолпон эжеке, Райма эжекелер мектептин да, айылдын да гүлдөрү эле.

*****

Козубек агайдын чачтары узун болуп далысына чейин жетип, багелеги жер чийген модалуу клещ шымы, узун боюна жарашып турчу. Агай бир да окуучуга катуу айтпай, сабакта укпай олтурган окуучуну көйнөгүнүн, же кофтасынын мүрүнөн колунун учу менен акырын чымчый кармап, класстан сыртка чыгарып койгон адаты балдар үчүн урушкандан да катуу жаза болор эле. Орус тилинен сабак берчү. Бизге ал кыргыз тилин такыр билбегендей сезилчү.

*****

Энергиялуу Эген агайыбыз физикадан сабак берчү. “Молекулалар тартышат да, түртүшөт” – деп колун катуу кыймылдатып элестүү, көрсөткөндөрү дале эсте турат.

*****

Жунус агай кыштын күнү спорт залыбыз жок, жер эзилгенге чейин саат 7де тоңголокто баскетбол, волейбол ойнотуп, мектептин курама командасын машыктырчу. Азыр эми спорт зал салынып, балдар жылуу жерде дене тарбия сабагын өтүп жыргап калышты. Жунус агай өз ишинин фанаты болчу. Мектебибиздин командасы дайыма мелдештерде байгелүү орундарга жетишчү.

*****

Осмон агайыбыз болсо мектептин директору болуп, чыныгы интеллигент, мыкты уюштуруучу эле. Азырга чейин биз менен Сиз деп сылык сүйлөшөт. Орус тилинен берген сабактары таасирдүү болчу. Аскерге даярдык сабагында өзүбүздү кадимкидей жоокер сезчүбүз. 10-класста аскердик машыгууга барып, өз теңдүү балдар менен намыс талашып, күч сынашкандарыбызды эстейм.

Осмон агай уюштуруп, 6-класста окуганыбызда орус тили боюнча фестивалга Ч. Айтматовдун “Биринчи мугалимин” сахналаштырып, мен Дүйшөндүн ролун, Маматали Сатымкул Кераяктын ролун орус тилинде райондук борборго барып аткарганыбыз эсимде. Өзгөчө Маматали менен Сатымкул кераяктын мүнөзү окшоп кетээр эле.

*****

Ал кезде 6-класстан жогорку класстар 23-февралга карата Төө-Карын деген тоого чыгып, анын кар баскан тескей тарабына өтүп, “Зарница” аттуу патриоттук оюнга барар элек. Мектеп боюнча экиге бөлүнүп 2 тууну эки дөбөгө илип, анан берки топтун балдарын бирден колго түшүрүп келип, туткунга алып, акырында каршылаш топтун туусун өзүбүз тарапка алып өтчүбүз. Ошондогу сүйүнгөнүбүздү айтпа. Кадимкидей душманды жеңип алгандай кубанчубуз.

“Зарница” оюну өтө кызыктуу болчу. Андан кийин бир нече спорттук таймаштар өтчү. Күрөш, аркан тартыш, чуркоо, эстафета ж.б. мелдештер баарыбызды кызыктырчу.

Эң кызыгы, ошол убакта атом бомба коркунучу жөнүндө күн сайын телерадиолордон тынымсыз маалыматтар берилчү, андан сактануунун жолун айтышчу. Жылына эки жолу тревога болуп, мектеп боюнча граждандык коргонуу машыгуусуна катышаар элек. Бизди болсо мектептен чуркатып барып, тамеки сарайдын алдындагы жер төлөгө, сакталып турган тамекиге кошуп камашчу. Ал жерде жарым саат турганда эле, тамекинин жытына уугуп качып чыкчубуз.

*****

Бир жолу бир агайыбыз биздин класска ачууланып кирип Маматали, Кошмамат, Аширалиларды желкесинен мыкчып кармап, алыста турган парталардан сууруп чыккан. Көрсө, агай Ош пединститутунда сырттан окучу экен, агайдын сессияга даярдаган 7 дептер текшерүү ишин класста турган жеринен балдар барактарын жыртып самолёт, кеме кылып ойношуптур. Агайдын 3 айлык эмгеги күйүп кетиптир ошондо.

*****

Бир агайыбыз сабакка киргенде эле окуучулар агайга: “Америка күчтүүбү, же СССР күчтүүбү?” - деп суроо салышаар эле. Ал эми советтик идеологияга сугарылган агайыбыз СССР Американы кантип таш-талканын чыгара тургандыгын, аларды кантип талкалай тургандыгыбызды айтып жатканда кадимки согуш кинолорун көргөндөй болуп, 45 мүнөт өткөнүн байкабай да калчубуз. Эртеси кийинки сабакта дагы эле ошол суроону кайталап берчүбүз. Агайды кызыгып угуп, анын патриоттуулугуна таң калчубуз. Ал эми Кытай жөнүндө айтып жатканда, Кытайдын эли көп экендигин, жерге батпай, быкпырдай кайнап, үйлөрдүн, тамдардын башына чейин балкондорго да буудай өстүрө тургандыгын, кыйналып жашап жатышкандыктарын айтканда, биз СССРде - ушул өлкөдө төрөлгөнүбүзгө өзүбүздү эң бактылуу сезип кетээр элек.

Азыр Кытайга барган сайын агайыбыздын ошондогу сөздөрүн эстеп, башкаларга айтып берем.

*****

Дагы бир агайыбыз болсо, ар бир сабагын өтүп жатканда тарых окуяларын айылдын элинин тарыхы менен, тагдыры менен байланышты айтып берер эле. Айылдагы кимдин үйүндө биринчи патефон, радио, телевизор, велосипед, мотоцикл, москвич болгонун мисалдар менен айтып берчү. Ар бир үй-бүлөнүн тарыхын, кимдин чоң атасы, атасы, бабасы ким болгонуна чейин сабак учурунда саймедиреп айтаар эле.

Айзада эжекебиз менен адабият дүйнөсүнө кирип, “Акындын мөлү - Алыкул” деген адабий иш чараларды өткөргөнүбүз күнү бүгүнкүдөй эсимде.

Жаңы чыккан адабий китептерди, дүйнөлүк адабият котормолорун классташтар колдон колго алып, талашып окучубуз.

Адабият таануу багытында кандай ийгиликке жетсем, адабиятка болгон мендеги сүйүүнү Айзада эжекем эң алгач ойготкон деп ойлойм. Азыркы адабият илиминде жасап жаткан иштеримди дайыма эжекенин алдында берип жаткан отчётумдай сеземин.

*****

Төлөн агай күчтүү математик болчу. Математикага кызыккан балдар кыздар менен факультатив сабактарын өтүп, математикага андан ары кызыктырып турчу. Биздин класста Мурзабек тубаса математик эле. Ар кандай маселени, эсепти дароо чыгарып салчу.

Төлөн агайдын балдары жакшы чыкты, баары бизнесмен, ишкер чыкты, эмгекчил болушту.

Төлөн агай Ош шаарында атайын келип жолугуп, азырга чейин мага аксакалдык кеңешин айтып, батасын берип турат.

*****

Башка айылдан келген Сырга эжекени биздин Иматали агабыз сүйүп калып, Сырга эжеке ошентип, бизге жеңе болуп, бапырап, үй-бүлө күтүп, уулдарды-кыздарды тарбиялап, неберелерди сүйүп, эжеке менен агабыз бири-бирин азырга чейин урматтап, сыйлашып, бактылуу болуп, бапырап жашап жатышат. 1-класска балдарын бергиси келгендер Сырга эжекенин классына суранышат.

*****

Ошол кезде мектебибиз айылдын Академиясы, мугалимдер айылдын Академиктериндей эле. Ошондой кадыр-барк, ошондой сый-урмат күтүшөр эле.

*****

Биринчи мугалимибиз Жоробаев Маматкадыр агай мектептеги ардагер, кадырлуу агайлардан болчу. Мен мектепке биринчи барган күндөгү окуяларды, классташтардын жана агайдын ошол күндөгү элестерин кадимкидей көз алдымда сактап калганмын. Агай чачын тасырайта кырдырган 50дөн өтүп калган курагы болсо керек. Балдар кыздарды кол кармаштырып класска кантип киришибизди, партага кантип олтурарыбызга чейин үйрөттү.

Биринчи класста “Камчатка” деген 3 бөлмөлүү эски имаратта окудук. Өтө эле эски болгондуктан, классыбыз ыңгайсыз жана суук болчу. Контромарка деген мешке от жагылаар эле. Оң жактагы бир бөлмөдө биздин класс жайгашчу. Сол тарабында кол эмгек сабагы өтчү станоктор коюлган каана болчу. Экөөнүн ортосунда чакан буфет бар эле.

Менин боюм узун болгондуктан, класстын эң артындагы партага олтургузуп, балдарды бирден кыз менен олтургузса, менин эки жагыма эки кызды олтургузуп койгону эсимде. Ал эми мен болсо кыздардан уялып, тердеп-кургап, ыңгайсыз болуп, тартынып олтурчумун. Ошентип Кундуз менен Жанан деген эки кыздын ортосуна отуруп алып “Алипени” үйрөндүм. Маматкадыр агай сүрдүү жана тартипти катуу койгон мугалим эле. Кол жазмасы сулуу болчу. Арабыздан көзү өтүп кеткенине көп болду. Айылга барган сайын, биринчи мугалимимди эстеп, агайымдын арбагына багыштап куран окуймун.

*****

8-класста бир топ айлана-чөйрөгө маани берип калганыбызда 1-сентябрда ага чейинки класс жетекчибиз Кимия эжекебиз Токтогул мектеп санаториясына которулуп кетип, жаңы гана Фрунзедеги Кыз-келиндер институтун бүткөн жаш эжеке бизге класс жетекчи болуп келди.

Райма эжекебиз келген күндөн эле ар бир окуучу менен бир туугандай сырдашып, ар бирибиздин кулк-мүнөзүбүздү өздөштүрүп, ар бирибизге чын жүрөктөн мамиле кылып, күн өткөн сайын биздин аң-сезимибизге таасир этип класс менен ар жума сайын тарбиялык, маданий иш-чараларды уюштурду. Классыбыз да ынтымактуу болуп, бири-бирибизге жакындап, баарыбыз эжекебизди жакшы көрүп калдык.

Өзгөчө мектепте ал кезде кароо-конкурстар, фестивалдар, түрдүү мелдештер көп болчу.

Ушундай иш-чараларга даярдануу үчүн кечке чейин мектепте жүрчүбүз. Сабактан келе жатканда да, ошол иштерди талкуулап балдар-кыздар чогуу келчүбүз. Классыбыз бир үй-бүлөдөй болуп калган эле.

Ал эми Райма эжеке чебелектеп, ар бирибиздин жөндөмүбүзгө жараша иштерди бөлүштүрүп, кароо-сынакка катуу даярдап, күйөрмандык кылып, калыстар туура эмес баалап койсо, кадимкидей ызааланып кетээр эле. Райма эжеке волейболду, баскетболду да мыкты ойночу. Экскурсияларга адырга чыкканыбызда, чөп чапканга барганыбызда, мектепте биз менен чогуу топ ойночу. Көрсө, ушунусу менен да эжеке бизди бириктирген экен.

Өзгөчө пахта теримде мугалимдер өздөрүнчө болуп, бөлүнүп олтурса, эжекебиз ар бирибиз менен сүйлөшүп, биз менен бирге пахта теришип, бизди шыктандырчу, окуяларды, маалыматтарды айтып берчү. Чөп чапканга чыкканыбызда, Райма эжеке бешилик менен чөптү машинага чапчаң ыргытып, классыбызга да жардам бергендери эсимде.

Райма эжекебиз класстагы балдар-кыздарга өтө катуу таасир эткендиктен класста 21 окуучу 10-классты бүтсөк, анын ичинен бешөөбүз мугалимдик кесипти тандадык. Эки классташыбыз мектепти медаль менен бүттү.

Райма эжекебиз үйүбүзгө чейин келип ата-энелерибиз менен сүйлөшчү.

Биз жөнүндө, биздин кызыгууларыбыз жөнүндө аңгемелешчү.

11-класста эжеке турмушка чыгып, бир топ күн келбей калганда классташтар баарыбыз мектепке баргыбыз келбей, жаман болуп жүргөнбүз.

Көрсө, баарыбыз эжекени сүйүп калган экенбиз, азыр ойлосом.

*****

Ошол боюнча мектепти бүтүп кеттик. Аскерге бардык. Университетти бүтүп, кайра эле университетте иштеп калганда, арадан 16 жыл өткөндө, шакирттерибиздин бири Айжаркын Эргешова деген акын кызыбыз Кичи Алайга үйүнө чакырды. Биз бир топ болуп окутуучулар, студенттер жөнөп калдык.

Ош шаарынан 6-7 сааттык жол экен Кашка-Сууга чейин. Тоонун арасы. Папан суу сактагычы, Арал, Кызыл-Туу, Кожокелен, Чөгөм айылдарынан өтүп, Ак-Буураны бойлой жүрдүк. Бир мезгилде бул жерге Султан Ибраимов жол салдырган экен. Студенттер менен көздөгөн Кичи Алайга созолонто ырдап бараттык. Эки кабаттуу мектеп интернатын көрүп, Райма эжекени ошол жерде иштейт дегенден сурап барсак, сабагы бүтүп калыптыр. Анан үйүнө издеп барып жолугуп, канча жылдык сагынган сөздөрүмдү айтып, үй-бүлөсү менен таанышып, андан ары жол улай жөнөп кеттик.

Кичи Алай деген ак кар кетпеген тоолордун ортосунда, алтын балыктар (форелдер) байырлаган, үйдөн чыкканда эле үйүр-үйүр топоздор, жылкылар мекендеген ажайып жер экен.

Эжеке ошол эң четки, тоонун койнундагы мектепте да бир топ таланттуу жаштарды тарбиялаптыр. Акын Айжаркын Эргешова, белгилүү журналист Абдувахап Монуев, мугалим-акын Медер Шакир уулу сыяктуу бир топ жаштарга билим бериптир. Азырга чейин мектепти таштабай эжекебиз мектепте чарчадым, чаалыктым дебестен иштеп келе жатат. Окуучуларына дайыма биз жөнүндө айтып берет экен.

*****

Азыр эски мектептин ордуна 3 кабаттуу мектеп курулган. Апсатар агай бизге ошондо эле жакында мектеп курулат, шарттары мындай болот деп, эргип айтып берчү. Ошол мектептен бүтөсүнөр, силер да жаңы мектепте окуп каласыңар десе кадимкидей ишенип, элестетип кыялга батчубуз. Жаңы мектепте иштейбиз деген агайларыбыздын жашы 80ден ашты. Биз да мектепти эски имараттан бүтүп кеттик. Андан бери Советтик империя кулап, эгемендүү мамлекет болдук. Баягы биз эңсеген жаңы мектеп 25 жылдан кийин курулуп бүттү. Азыр биздин айылдын балдары типтүү, кенен мектепте окушат. Ал эми биз эски мектептен сапаттуу билим алдык. Турмушта, жашообузда бир топ ийгиликтерге жеттик.

Биздин чакан “Кызыл—Тейит” айылыбыздан ошол мезгилдеги билим алгандардын ичинен илимдин докторлору, профессорлор (Каныбек Исаков – ректор, Кубаныч Исаков-проректор болуп иштеген), илимдин кандидаттары (Мавлюда Шакирова-ЖАМУда проректор болуп иштеген, учурда институттун директору), журналисттер (Нуркамил Абдуллаев- “Ноокат таңы” гезитинин башкы редактору), учкучтар (Улан жана Малик Ашимовдор), фантаст жазуучу (Улан Дүйшөналы), дарыгерлер, мугалимдер, бизнесмендер, экономисттер, милиционерлер жана көптөгөн жогорку билимдүү адистер чыгышты. Бул биздин ошол кездеги мугалимдерибиздин күчтүүлүгүнөн кабар берет.

Ар бир кубанычыбыз сайын мен бизге билим, тарбия берген мектептеги агай-эжейлеримди эстейм. Алардын бизге арнаган эмгегине таазим этем.

*****

Бизди окуткан агайлардын саамайлары агарды, эжекелерибиз бизге күлгүндөй курактарын арнашты.

Бул макаламды эски мектебибизде бизге күчтүү билим берген, акылын, жан жигерин, инсандык парасатын бизге арнаган ак дилдүү агай-эжейлериме арнадым.

Сиздерге терең урмат менен, жашооңуздарга жакшылыктарды тилеп окуучуңуздар

Каныбек Исаков

ОшМУнун ректору, филология илимдеринин доктору, профессор. Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнө эмгек сиңирген кызматкер.


               

Устаттарым жөнүндө эскермелер

|< 1 2 >|