Haber

ОшМУнун Күнү белгиленип, мыктылар сыйланды

Ош малекеттик универиситетинин туулган күнүнө арналган иш-чара уюштурулуп, ага окуу жайдын профессордук-окутуучулук курамы, студенттер катышышты. Алгач кечени ачып берүү үчүн сөзгө чыккан университеттин ректору, профессор Каныбек Исаков жамаатты майрам менен куттуктап ОшМУда аткарылып жаткан иштер, алдыдагы перспективалар тууралуу кеңири баяндады.

ОшМУнун Билим берүүнүн сапаты департаментинин директору Мейликан Алтыбаева окуу жайдын 75 жылдык мааракесинин алкагында өткөрүлгөн “Мыкты окутуучу”, “Мыкты лектор” конкурстарынын жыйынтыгы менен тааныштырды, жеңүүчүлөргө 1-орунга – 12000 сом, 2-орун – 10000 сом, 3-орун – 8000 сом жана дипломдор, конкурстун калган катышуучуларына ОшМУнун ардак грамоталары тапшырылды.

Салтанаттын жүрүшүндө тарбия иштерин стимулдаштыруучу конкурстардын жыйынтыгы боюнча комиссиянын чечимине ылайык “ОшМУнун мыкты тарбия иштерин жүргүзгөн декандын орун басары”, “ОшМУнун мыкты кураторлору” номинацияларын жеңип алгандарга ОшМУнун окуу иштери боюнча проректору Абдыганы Абдувалиев дипломдорду тапшырылып, баары Ысык-Көлгө жолдонмо менен сыйланышты. Ошондой эле ОшМУнун илимий иштер жана сырткы байланыштар боюнча проректору, профессор Тасилкан Жумабаева студенттик аймактык олимпиада 1-орунду алган студенттерди атап өттү, аларга диплом, 1000 сом өлчөмүндөгү акчалай сыйлыктар ыйгарылды.

Майрамдык салтанат концерттик программа менен коштолуп, талантуу окутуучулардын, студенттердин ыр-бийлери тартууланды.

Белгилей кетсек быйыл ОшМУнун жамааты үчүн өзгөчө жыл, анткени окуу жай өзүнүн 75 жылдыгын 17-18-октябрь айларында белгилөө алдында турат. Мааракеге байланыштуу иш-чаралар университетте бай-бай уюштурулуп келүүдө.

9403 16:47 18-06-2014

                 

Haber

|< 1 2 3 4 5 >|