Haber

ОшМУда дагы бир заманбап футбол аянтчасы ачылды

Ош мамлекеттик университети спортту өнүктүрүү, жөндөмдүү балдарга колдоо көрсөтүп эл аралык мелдештерге алып чыгуу жана окуу жайдын окутуучуларынын, студенттеринин ден соолугун чыңдоо, сергек жашоого үндөө максатында заманбап спорт комплекстерин, ден соолукту чыңдоо борборлорун, спорт аянтчаларын куруп, пайдаланууга берүүдө.

Бул иш чаралардын алкагында табият таануу жана география факультетинде заманбап типтеги жаңы футбол талаасын куруп, ишке берди. Аянтчанын ачылуу аземине, спортту өнүктүрүүгө демилгечи болгон окуу жайдын ректору Каныбек Исаков, ректорат жамааты, окутуучулар, студенттер катышышты.

Азыркы тапта Бразилия шаарында өтүп жаткан, дүйнө жүзүндө элдердин кызыгуусун арттырган, футбол боюнча дүйнөлүк чемпионаттын оюндары жүрүп, футбол майрамы болуп жаткан чакта ОшМУда да футбол сүйүүчүлөрдүн маанайын көтөрүп, заманбап футбол аянтчасынын ачылып жаткандыгы кубанарлык окуя болду.

Футбол командалык спорт оюну, бул оюн дүйнөдөгү эң популярдуу оюн болуп саналат. ОшМУда да профессордук-окутуучулук курам, студенттер арасында бул оюнга кызыккандардын саны арбын, андыктан жамааттын ден соолугуна ар дайым кам көрүп келген окуу жай бул саам да спорт-ден соолук булагы экендигин даңазалап, ден солук чың болсо, акылдуу, билимдүү жаштар өсүп чыгары айтылды.

Белгилей кетсек, буга чейин да ОшМУда мындай заманбап типтеги, жасалма газандуу футбол талаасы педагогика жана дене тарбия факультетинде курулуп, иштеп келген, бул мындай заман тибиндеги экинчи футбол аянты болуп калса, медицина факультети жайгашкан студенттик кампусунда да табигый газондуу чоң футбол талаасы футбол сүйүүчүлөрүнө кызмат кылып келүүдө.

.

9160 15:40 17-06-2014

                 

Haber

|< 1 2 3 4 5 >|