Haber

ОшМУнун Ыйман лицейи оңдоп түзөөдөн өткөрүлдү

Ош мамлекеттик университетинин ректорат жамааты бүгүн, 17-июнь күнү ОшМУнун алдындагы Ыйман лиценининде болушту.

Ыйман лицейи бүгүнкү күндө Түрк кызматташтык жана Координация Агенттиги Башкармалыгынын (ТИКА) уюму тарабынан каржыланып, капиталдык оңдоп түзөөдөн өткөрүлдү. Жамаат лицейдин окуу кааналары, жатаканасы, ашканасы менен таанышып чыгып, билимдүү, тарбиялуу жаштар тарбияланган, ак жолтой лицей болсун деген аксакадардын ак батасы берилди.

Белгилей кетсек, Ыйман лицейи ОшМУ менен Түркиянын “Диянет” фонду менен биргеликте балдарга татыктуу билим, тарбия берүү максатында былтыркы окуу ачылган. Бул лицей орто билимге ээ болгон 9-11-класстагы балдарды кабыл алып билим берип жатат. Заманбап, дүйнөдөгү билим берүүнүн эң алдыңкы жетишкендиктерин камсыз кылган билим берүү стандарттары колдонулуп, жалпысынан Кыргызстандын билим берүү стандарттарына негизделип билим берилет.

10994 15:29 17-06-2014

                 

Haber

|< 1 2 3 4 5 >|