Haber

Колумбия университетинин профессору Анна Фрайлих ОшМУда

Нью-Йорктогу Колумбия университетинин профессору, окумуштуу, акын-прозаик, Польша адабияты боюнча чоң адис Анна Фрайлих Ош мамлекеттик университетинде болуп, окутуучулар, студенттер менен жолугушуп, жагымдуу пикир алышты.

Анна Фрайлих 1942-жылы 10-мартта Ош облусунун Кара-Суу районундагы Катта-Талдык (азыркы Баш-Булак) айылында төрөлгөн. Улуу Ата Мекендик согуш мезгилинде эмиграция болуп апасынын боюнда мезгилинде Катта-Талдыкка келип, ушул жерде жарык дүйнөгө келген. Эскермелеринде айтылгандай апасы Амалия ар дайым кызына “сен дүйнөнүн чокусунда төрөлгөнсүң” деп айтып келген.

Жолугушуу мезгилинде “Бир жолу Нью-Йорктогу өзүм эмгектенген Колумбия университетинде поэзия кечеси болуп калды, ошол мезгилде сууроолорго жооп берип жатып, менин туулган жерим Ош шаарындагы Катта-Талдык деген айыл экендигин айттым. Кеченин аягында мага бир кыргыз кызы келип, ушул Кыргызстан тууралуу айтты. Бир жарым жашымда Оштон кеткен болсом да мен апамдын айткан эскерүүлөрүнөн туулган жерим жөнүндө көп нерселерди билчүмүн, ошентип төрөлгөн жериме кызыгып, изилдөөлөрдү баштадым. Бул туулган жериме болгон кызыгуумда көз карандысыз изилдөөчү Ольга Медведева-Натунун да маалыматтары өтө чоң жардам болду.

Бүгүнкү күндө студенттерге билим берүү менен Польша адабияты боюнча илимий изилдөөлөрүмдү жүргүзүп поэзия, проза жанрында окурмандарга арналган чыгармаларымды жазып келем”,- деген Анна Фрайлих орус, англис, поляктилдеринде чыгармаларын жаратып келе жаткандыгын айтуу менен өмүрүндөгү эң бактылуу көз ирмемдердин бири болгон туулган жерине болгон сапарды уюштурууга салым кошкон университеттин жетекчилигине ыраазычылык билдирди. Искусство факультетинде уюштурулган жолугушууда сөз сүйлөгөн ОшМУнун ректору Каныбек Исаков “Университет интеллектуалдардын пикир алыша турган жайы. Анна Фрайлих менен болгон жолугушуу бул бир эле адам менен жолугушуу эмес, бул дүйнөлүк тарыхтагы бир нече адам тагдырларынын окшоштугу, типтүүлүгү менен байланышкан. Себеби бүтүндөй бир муун, бүтүндөй адамдардын тагдыры ошондой кырдаалдарга туш болгондугун”, - айтып өттү.

Туулган айылы менен таанышуу максатында өмүрлүк жолдошу, сиңдиси менен келген Анна Фрайлих окутуучулардын, студенттердин суроолоруна кызыктуу жооп берүү менен университеттин тарыхы камтылган музейи, менен таанышып, окуу процесси, билим алууга түзүлгөн шарттар боюнча маалыматтарды алып, ОшМУ менен Колумбия университетинин кызматташуусу тууралуу сөз болду.

Ошондой эле коноктор таланттуу студенттер тарабынан концерттик программа тартууланып, согуш жылдарында апасы Амалиянын жашоосу тууралуу чагылдырылган инсценировкага күбө болушту.

Сапардын уландысы катары коноктор Кара-Суу районундагы Катта-Талдык айылынан кабар алып, айылда жайгашкан балдар бакчасы, мектеп менен таанышып, айылдын жашоочулары менен пикир алышып кайтты.

9164 16:23 16-06-2014

                 

Haber

|< 1 2 3 4 5 >|