Haber

ОшМУда тарбия иштерин стимулдаштыруучу конкурстар жыйынтыкталып, мыктылар аныкталды

Ош мамлекеттик университетинде жыл сайын салтка айланып уюштурулуп келе жаткан тарбия иштерин стимулдаштыруучу конкурстардын жыйынтыгы чыгарылып, 6 номинация боюнча жеңүүчүлөр аныкталды. Комиссиянын чечимине ылайык “ОшМУнун мыкты тарбия иштерин жүргүзгөн декандын орун басары” номинациясына медициналык коллежинин директордун тарбиялык иштер боюнча орун басары Кызбурак Маметова, 2-орунга кыргыз филологиясы жана журналистика факультетинин декандын тарбиялык иштер боюнча орун басары Бүсадат Алпаизова, 3-орунга финансы-юридикалык коллежинин директордун тарбиялык иштер боюнча орун басары Жылдыз Ахунжановалар ээ болушту. “ОшМУнун мыкты жаштар комитети” номинациясына медицина факультетинин жаштар комитетинин төрагасы Максатбек Гүлжигитов ээ болсо, 2-орунга бизнес жана менежмент факультетинин жаштар комитетинин төрагасы Мелис Ажикулов, 3-орунга педагогика жана дене тарбия факультетинин жаштар комитетинин төрайымы Анарбек кызы Перизаттар ээ болушту. “ОшМУнун мыкты студенттик тайпасы” номинациясына кыргыз филологиясы жана журналистика факультетинин ЖК- 1-11 тайпасы ээ болду. Бул тайпа КРдин Мамлекеттүүлүктү бекемдөө жылына карата 1-июль күнү "Сулайман тоо - Жалал-Абад - Манас ордо (Талас) - Ата бейит (Бишкек) - Рух ордо (Ысык-Көл)" багыты боюнча ынтымак кербенин уюштуруп, экскурсияга барганы турушат. Ал эми 2-орунду медицина факультетинин 2-ЛБ-4 тайпасы, 3-орунду чет тилдер факультетинин 3-АРБ-А тайпалары ээлешип, алар 26-июнь күнү "Арстанбап" эс алуу жайына экскурсияга аттанганы турушат. «Эң мыкты студент» номинациясын теология факультетинин 3-курсунун студенти Азизилла уулу Иманбек, 2-орунга бизнес жана менежмент факультетинин 3-курсунун студенти Кушбак кызы Үмүтай жеңип алды, эми алар Жобого ылайык келерки окуу жылы Кыргыз Республикасынын Президенттик "Үмүт" стипендиясына сунушталат. Ошондой эле сынакта 3-орунду кыргыз филологиясы жана журналистика факультетинин 3-курсунун студенти Жаныш кызы Гүлпери татыктуу болду. “ОшМУнун мыкты куратору” номинациясына МИТ факультетинин ПИА-1-11 тайпасынын куратору Мурзакматова Зыяда, 1-орунга медицина факультетинин 4-ЛБ-3 тайпасынын куратору Саттаров Абсамат, 2-орунга кыргыз филологиясы жана журналистика факультетинин В-3-11 тайпасынын куратору Тажибаева Жыпаргүл, 3-орунга табият таануу жана география факультетинин ГК-1-12 тайпасынын куратору Калыбек Самиевдер ээ болушту. «Эң мыкты жатакана» номинациясына № 4 “Б” жатакана, студенттик кеңештин төрагасы Муратбек уулу Алымбек, 2-орунга № 6 жатакана студенттик кеңештин төрагасы Токтогулов Тынчтык, 3-орунга № 2 жатакана студенттик кеңештин төрагасы Бекматаев Максат ээ болду деген университеттин тарбия департаментинин директору Замир Божонов: “Мындай иш чаралар студенттердин билим алуусуна жана кызматкерлердин талбай эмгектенүүсүнө стимул боло алат. Ошондой эле конкурсту уюштурууда окуужайдын жетекчилиги да колдоо көрсөтүп, жардам берип келүүдө. Ошондуктан акыркы жылдары конкурска катышууну каалагандардын саны арбып, жеңүүчүлөргө татыктуу сый-урмат көрсөтүлүп жатат”, -деди.

“ОшМУнун мыкты куратору” номинациясына МИТ факультетинин ПИА-1-11 тайпасынын куратору Мурзакматова Зыяда

ылайык “ОшМУнун мыкты тарбия иштерин жүргүзгөн декандын орун басары” номинациясына медициналык коллежинин директордун тарбиялык иштер боюнча орун басары Кызбурак Маметова

“ОшМУнун мыкты жаштар комитети” номинациясына медицина факультетинин жаштар комитетинин төрагасы Максатбек Гүлжигитов

«Эң мыкты студент» номинациясын теология факультетинин 3-курсунун студенти Азизилла уулу Иманбек

10411 11:39 14-06-2014

                 

Haber

|< 1 2 3 4 5 >|