Haber

Конфуций институтунда жыл жыйынтыгы чыгарылды

Конфуций институту тарабынан даярдалган майрамдык салтанат ОшМУнун чоң актылар залында уюштурулуп, ага ОшМУнун окуу иштери боюнча проректору А.Абдувалиев баштаган ректорат жамаатынан өкүлдөр, Конфуций институтунун окутуучулар, студенттер жамааты, ата-энелер, Ош шаарындагы башка жогорку окуу жайларында кытай тили адистигинде билим алып жаткан студенттер катышышты.

Алгач кечени окуу иштери боюнча проректор Абдыганы Абдувалиев ачып, институттун алгылыктуу иштерине токтолуу менен студенттердин окууларына ийгилик каалады.

Салтанаттын жүрүшүндө Ош мамлекеттик университети жана Синьцзян педагогикалык университетинин ортосунда студенттик алмашуу боюнча келишимге ылайык учурда Кытайда Конфуций институтунун 10 студенти билим алып жатышса, ал эми Синьцзян педагогикалык университетинен келген 10 студент Zhou Yumeng, Xu weifang, Zhang Guanming, Shi Lichen, Luo Licheng, Zhang Yu, Yu Guanhui, Zhao Li, Wang Hongjiao, Yu Yongsheng Конфуций институтунда 4 ай бою орус тилин, кыргыз маданиятын, улуттук баалуулуктар боюнча билим алып жатышкандыктары айтылып, 4 айлык курсту аяктап жаткандыктарына байланыштуу ОшМУнун сертификаттары тапшырылды. Ошондой эле кытайдан келген студенттер 4 ай бою алган билимдерин көрсөтүп, орус элинин акындарынын ырларынан көркөм окуп, кыргыздын уллуттук аспаптарынын коштоосунда күүлөрдү чертип беришти жана билим берген окутуучуларга ыраазычылык сөздөрүн айтышты.

Бир жыл бою эң жакшы бааларга окуп окуунун мыктылары аталып, коомдук-маданий иштерге активдүү катышкан, таланттуу студенттерге жана кытай тили боюнча HSK тестинин жыйынтыгы боюча эн жогорку балл алган Ош шаарындагы жогорку окуу жайларда кытай тили адистигинде билим алып жаткан бир нече студенттер уюштуруучулар тарабынан ардак грамоталар, акчалай сыйлыктар, кол телефондор менен сыйланышты.

Ал эми Конфуций институтунда салтка айланып жыл бою уюштурулуп келе жаткан “Туулган күн белгилөө” салтанатында июнь айында туулган күнүн белгилеп жаткан бардык студенттер, агай-эжекелерге атайын белектер ыйгарылып, эстелик үчүн сүрөткө түшүштү.

“Биз жыл башынан бери студенттерге кытай искусствосун мыкты өздөштүрүү боюнча конкурс жарыялаганбыз. Бүгүнкү кечеде ал конкурстун жыйынтыгы чыгарылып «Мыкты бийчи» наамы – Турдумаматова Айзирекке, «Музыкалык аспаптардын чебери» наамы - Бакыт уулу Дастанга, «Каллиграфия жана живопис чебери» наамы - Баракова Айткулгө, «Алтын кол» наамы- Заирбек кызы Жазгүлгө, “Кунфу чебери» наамы- Мамасадык уулу Байышка, «Алтын үн» наамы - Темиралиева Мырзайымга ыйгарылып, сыйлоо барактары тапшырып жатат”, -деди Конфуций институтунун директору Токтосун Айтикеев.

Майрамдык кечени таланттуу студенттердин концерттик программасы коштоп, кыргыз, кытай тилиндеги ырлар жаңырып, бийлер бийленин майрамды көркүнө чыгарды.

9693 16:38 09-06-2014

                 

Haber

|< 1 2 3 4 5 >|