Haber

Ош шаардык мэриясы тарабынан ОшМУ "Үлгүлүү билим берүү мекемеси” деп табылды

Ош шаарында өткөрүлгөн жашылдандыруу жана көрктөндүрүүнүн 2 айлыгынын жыйынтыгы менен Ош мамлекеттик университети "Үлгүлүү билим берүү мекемеси” деп табылып, университеттин медициналык колледжи Ош шаарынын аймагын жашылдандыруу, көрктөндүрүү жана санитардык тазалоо боюнча иш-чараларга активдүү катышкандыгы үчүн сертификат, ал эми табият таануу жана география факультетинин жамааты шаардык мэриянын “Ыраазычылык каты” менен сыйланышты. Аталган сыйлык бүгүн, 9-июнь күнү ОшМУнун административдик кеңешмесинде айтылып, медициналык колледждин директору Курсант Аттокуровго жана табият таануу жана география факультетинин деканы Мамытов Табылдыга сертификат, ыраазычылык каттар тапшырылды.

Окуу жай мындай наамга өз имараттарын жана анын айланасын, шаардын аймагындагы ОшМУга бекитилип берген көчөлөрдү, парктарды тазалоодо, жашылдандырууда көрсөткөн активдүүлүгү, демилгелүүлүгү үчүн татып олтурат.

Эске сала кетсек, ОшМУнун жамааты жаз айлары башталаары менен шаарда тазалоо иштерин жүргүзүү менен, демилге көтөрүп шаардын аймагына көчөттөрдү отургузган, ошондой эле окуу жайдын демилгелүү студенттери бир нече жолу ыйык Сулайман Тоону, Токтогул, Навои атындагы эс алуу парктарын тазалоо акцияларын өткөрүшкөн. 2013- жылы да Ош шаардык мэриясы тарабынан ОшМУ «Үлгүлүү окуу жай» наамына татыган.

9462 14:28 09-06-2014

                 

Haber

|< 1 2 3 4 5 >|