Haber

«Зирек» балдар бакчасында майрамдык кече тартууланып, балдардын мыкты билим алуусуна шарт түзүүчү заманбап китептер белекке берилди

Ош мамлекеттик университетинин «Зирек» балдар бакчасында «Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө» арналган майрамдык иш-чара уюштурулду. Майрамга ОшМУнун илимий китепканасынын директору Сайраш Мамбетова жана Ош облустук балдар китепканасынын директору Элмира Дөөлөтова баш болгон китепкана жамаатынан өкүлдөр келип, балдарды майрам менен куттуктады.

Кечеде бакчанын тарбиячылары тарабынан даярдалган концерттик программа тартууланып, балдар жай мезгили тууралуу ырларды ырдашып, көркөм окуп, кыргыздын улуттук бийлерин бийлешти.

Майрамдык салтанатка келген ОшМУнун илимий китепканасынын директору Сайраш Мамбетова жана Ош облустук балдар китепканасынын башчысы Элмира Дөөлөтова баштаган жамааттар балдарды майрамы менен куттуктап өздөрү менен ала келген заманбап окуу ктептерин бакчага белекке беришти. Ошондой эле мындан ары тыгыш байланышта иштеп «Балдарга жылдыздар китеп окушат» долбоорунун алкагында биргеликте иш алып баруу тууралуу макулдашуулар болду.

Коноктор балдардын майрамдык кечеде тартуулаган таланттарына күбө болуу менен, балалыктын алтын дооруна арбалып, балдар менен бий бийлешти. Ошондой эле облустук балдар китепканасынын мыкты окурмандары болгон Ош шаарынын Киров орто мектебинин 5-классынын окуучулары Султан уулу Нурдөөлөт жана Сабиров Айдар да конок катары келип, балдар менен таанышып, комуздун коштоосунда ырларын ырдап беришти.

«Биздин бүгүнкү иш-чарабыз 1-июнь –Балдарды коргоо күнүнө арналган, анткени бизде 3 күндүк семинар болуп майрамдык иш-чарабыз бүгүнкүгө жылдырылган болчу. Бүгүнкү күндө бакчабызда кыргыздын боз үйү тигилип, улуттук баалуулуктарды көрсөтүү, үйрөтүү, балдарга эрте жаштан боз үйдүн маани-маңызы, жасалгасы жөнүндө айтып, жай мезгилинде ден соолукка пайдалуу, бир канча ооруга даба болгон кымыз, айран, сүт азыктары менен тамактандыруу иштери алып барылууда. Максатыбыз балдардын ден соолугун чыңдоо менен улуттук баалуулуктарга тарбиялоо болуп саналат», - дейт «Зирек» балдар бакчасынын директору Токтайым Умурбекова.

10191 14:41 05-06-2014

                 

Haber

|< 1 2 3 4 5 >|