Haber

ОшМУнун ENACTUS командасы өлкөдө байгелүү 2-орунду камсыз кылды

Ош мамлекеттик университетинин студенттеринен куралган ENACTUS командасы Бишкек шаарындагы ХАЙАТ резиденциясында өткөн Кыргыз Республикасынын ЖОЖдорунун командалары катышкан ENACTUS Кыргызстан – 2014 Улуттук Мелдештеринде байгелүү 2 – орунду, “Жылдын эдвайзери” номинациясын жеңип алды.

Жалпысынан болуп бул мелдештерге Кыргыз Улуттук университетинин Эл аралык билим берүү программаларын интеграциялоо институтутунун (ИИМОП КНУ), Борбордук Азиядагы Америка университетинин (АУЦА), Кыргыз-Россия Славян университетинин (КРСУ), Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясынын (КГЮА), Манас Кыргыз-Түрк университетинин (КТУМ), Ош мамлекеттик университетинин (ОшГУ), Кыргыз Мамлекеттик Медицина Академиясынын (КГМА) жана Экономика жана Ишкерчилик университети (УЭП) командалары катышышты.

Финалга чыккан Кыргыз-Россия Славян университетинин (КРСУ), Ош мамлекеттик университетинин (ОшГУ), Кыргыз Мамлекеттик Юридикалык Академиясынын (КГЮА), Манас Кыргыз-Түрк университетинин (КТУМ) командалары окуу жылы ичинде ишке ашырган бизнес проектилерин Кыргызстандын алдынкы бизнес компанияларынын жетекчилеринен турган калыстардын алдында презентация кылып коргоп беришти. ОшМУнун ENACTUS командасынын жетекчиси (эдвайзери), магистратура департаментинин директору Эрлан Камаловдун айтымында, 2013-2014-окуу жылында ОшМУнун студенттери 5 алдынкы бизнес, социалдык жана экологиялык багыттагы проекттерин алып чыгышкан. Алар: “Кийиз Brand”, “Оп Майда”, “Конок-сервис”, “Тынчтыктын дарагы” жана “Бактын ханышасы” проектилери. Бул проекттер элдин арасында бизнестин коцепцияларын жайылтууга жана жарандарыбыздын ишкерчилик жөндөмдүүлүктөрүн жогорулатууга багытталган.

Эки күндүк мелдештердин жыйынтыгында 1-орунду Кыргыз-Россия Славян университети, 2-орун Ош мамлекеттик унивеситети, 3-орун Кыргыз Мамлекеттик Юридикалык Академиясы, 4-орун Манас Кыргыз-Түрк университети ээледи.

Университеттин административдик кеңешмесинде ректорат жамааты команданын курамын жеңиши менен куттуктап, ийгиликтерди каалады.

Белгилей кетсек, Ош мамлекеттик университетинин ENACTUS командасы ушул Мексиканын Канкун шаарында өткөн ENACTUS-2013 Дүйнөлүк Кубогуна катышып келген.

14947 12:09 04-06-2014

                 

Haber

|< 1 2 3 4 5 >|