Haber

ОшМУда Б.Закированын “Ыр данек” китебинин тушоо кесүү кечеси болду

Ош мамлекеттик университетинин кыргыз филологиясы жана журналистика факультетинде мамлекеттик тил кафедрасынын окутуучусу Бермет Закированын “Ыр данек” аттуу ырлар жыйнагынын тушоо кесүү кечеси болуп өттү.

Кечеге ОшМУнун ректорат жамаатынын өкүлдөр, поэзия сүйүүчүлөрү, кесиптештери, достору, студенттери, тугаан-уруктары катышышышты.

Алгач сөзгө чыккан факультеттин деканы С. Момуналиев чыгармачылык кеченин негизги каарманы Б.Закированы чыгармачылык тушоо кесүүсү менен куттуктап “Ыр данектеги” ырларынан көркөм окуду. Ал эми ыр китепке баш сөз жазган белгилүү акын, КРнын улуттук жазуучулар бирлигинин Ош шаардык жана облустук бөлүмүнүн төрагасы Турабай Жураев “”Ыр данекте” акын кызыбыздын өз окурмандарына өтө аярлап сунуп жаткан алгачкы дагы, чакан дагы, шип-ширин данектей болгон ыр шиңгилдеринин жагымдуу топтому камтылган”, -деп мындан ары да чыгармачылыкта ийгиликтерди багындыра берүүсүн айтты.

“Турмушта сүйүктүү жар, мээримдүү эне болуп, үйгө да, жумушка да жетишип, турмуштун оош-кыйышына кейибей жашап келген аял затынын катарын толуктаган биздин бүгүнкү каарманыбыз Бермет Закирова Ош мамлекеттик университетиндеги эмгек жолун окуу-маалымат департаментинин сырттан окуу бөлүмүндө баштап, бүгүнкү күндө кадрлар башкармалыгында өзүнүн ишке болгон жоопкерчилигин көрсөтүп, ар бир ишке тың, кылдаттык менен мамиле жасап, ошол эле учурда чыгармачылык менен иштеп, поэзияны ардактап келе жатат. Акындардын жүрөгү назик, сезимтал келет дегендей, Бермет да ошондой коомдогу бардык түшүнүктөрдү жүрөгү аркылуу сезип, акылы менен туйган чыгармачыл, иштерман инсан”. – деген ОшМУнун кадрлар башкармалыгынын башчысы Гулсара Турдубаева акындын “Мен Аялмын деген” ырына токтолуп өттү.

Кечени кыргыз филологиясы жана журналистика факультетинин таланттуу студенттери тарабынан даярдалган сахналык көрүнүштөр, көркөм окуу, ыр бийлер коштоду.

Сөзгө чыккан Бермет Закирова өзүнүн мекен, эл-жер, ата-эне, бала, кусалык, сүйүү тууралуу ырларынан окуп, келген конокторго ыраазычылык сөзүн жолдоду.

Бермет Закированын бир ырынан:

Мен Аялмын! Түйшүк басып турса дагы ийинден,

Бир сап ырды таап алып сүйүнгөн.

Үйдөн чыкса дайым орду билинген,

Мен Аялмын, жупжупуну кийинген!

Келин болуп бата алууга жүгүнгөн,

Коломтодон от өчүрбөй үңүлгөн.

Кетпесе деп ырыс кешик үйүмдөн,

Мен Аялмын жакшылыкка сүйүнгөн!

Бала өстүрүп, укум-тукум улаган,

Бак-дөөлөттү бириктирип кураган.

Балдарымдын кубанчына ортоктош,

Аял болуп калганыма кубанам!

10162 17:43 03-06-2014

                 

Haber

|< 1 2 3 4 5 >|