Haber

ОшМУда “Студенттер - балдарга" аттуу боорукердик акциясы уюштурулду

Ош мамлекеттик университети 1-июнь балдарды коргоонунун эл аралык күнүнө карата жыл сайын уюштуруп келе жаткан "Студенттер - балдарга" деген аталыштагы боорукердик акциясын да өткөздү.

“Мында Ош шаарындагы Көзү азиз жана көрүүсү начар мектеп-интернатынын балдары менен ОшМУнун таланттуу студенттери табият койнуна экскурсияга чыгышып, студенттер өз колдору менен түрдүү даамдарды даярдашып, спорттук оюндарды ойноп, ырдап, бийлеп, сууга түшүп, бир күн болсо да балдарга агалык-эжелик мээримдерин көрсөтүп келишти”,- дейт ОшМУнун тарбия департаментинин директору З.Божонов.

Иш чара шаардын сыртында табият койнунда жай гашкан ОшМУнун “Ак-Буура” эс алуу зонасында өттү.

Эске сала кетсек, балдарды коргоо күнүнө карата ОшМУнун жаштар комитети баштаган студенттер факультеттерде урналарды коюшуп, андан түшкөн акча каражатын “Алтын уя” балдар үйүнө тапшырып келишикен, ал эми мындай иш чаралар бардык факультеттерде, коледждерде да улантылды.

9093 15:18 02-06-2014

                 

Haber

|< 1 2 3 4 5 >|