Административдик кеңешмеде чемпионатта байгелүү орундарды камсыз кылган командаларга дипломдор, акчалай сыйлыктар тапшырылды. Оюндун жыйынтыгына ылайык окутуучу аялдар арасындагы валейбол оюнунда 1-орунду алган педагогика жана дене тарбия факультетинин командасына диплом жана 5 миң сом, 2-орунду алган медицина факультетинин командасына диплом жана 3000 миң сом, 3-орунду алган бизнес жана менеджмент факультетинин командасы диплом жана 2000 сом акчалай сыйлык менен сыйланышты.
Агайлар ортосундагы мелдеште 1-орунду медициналык колледждин командасы, 2-орунду педагогика жана дене тарбия факультетинин командалары, 3-орунду администрация командасы камсыз кылышып, жогорудагыдай өлчөмдөгү акчалай сыйлык менен сыйланышты.
Ал эми студент кыздар ортосунда 1-орунду педагогика жана дене тарбия факультети, 2-орунду медициналык колледж, 3-орунду бизнес жана менеджмент факультетинин командалары, студент балдардын ортосунда 1-орунду педагогика жана дене тарбия факультети, 2-орунду тарых-юридика факультети, 3-орунду бизнес жана менеджмент факультетинин командалары ээлешип акчалай сыйлыктар, дипломдор менен сыйланышты.